Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 13 14 15 16 17 18 19 20 21 ... 64 >>
На страницу:
17 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Ага кошуп болот ?г??н? берем. Т?шт?к ?г?? ?ч?н жердин жети т?б?н? т?ш?п кеткен.

Зулайка ойлонуп калды да:

– Мели?из эк??н те? ташта?ыз.

Ошентип алар т?н боюу с?йл?ш?п эскер?? т?н?н ?тк?р?п жатышты. Анан эртеси та? агарды. Куштар сайрап, назик ?н салды. Жакын жерден молдонун азан чакырган керемет ?н? теребелге дааны угулуп турду. Кайра жашоо башталып, кайра ?м?р уланып кирди.

Алар эрте? менен саал кечиреек ойгонушту. Жана т?нд?г? б?тп?й калган маекти кайра баштап киришти.

– Атын ким,-деп коём? Бул баланын атасы ким болот?

– Атынбы, Айк?л Манастын кырк чоросу бар эле Карачоро деп, коёбуз.

– Бул бала Манаска чоро болобу?

Тагай бий к?л?п жиберди да:

– Манас баатыр кыргыздын эгеси бийик к?н? ал бизден мурун эле жашап ?тк?н чоро деген баатырдыктын элесин берет. Менин балам баатыр болсун же, улуу баатырга чоро болсун. Сен баланы ага? Калимжандын баласы деп атай бер анан мезгили келгенде ал т?ш?н??р.

Зулайка Тагайды аянычтуу карап турду да:

– Мейли ошондой эле дей берейин. Ал агамын баласы болуп менин тарбиямда ?с? берсин. Анан сиз бат эле келесизби?

– Кеткен бойдон келбей калмак белем, с?зс?з келем балким, сени да Ала Тоого ала кетеермин

– Аны байкайлы,-деди Зулайка Тагай бийге.

Зулайка бийге белекке деп сонун канжар, бат атма мылтыкты, ошондой эле аябай сонун келиштире сайылган бир нече ж?з аарчы, жана башка майда барат оокаттарды берди. Мунун баары эст?? аял мени дайыма унутпай ж?рс?н деген белги эле. Бийдин ???н?н ыраазы болгон жылуулук т?г?л?п кубанычка батып турду.

Айланага к?зд?н айы жа?ы башталган эле. Келгиндер асмандан му?дуу ?н салып т?шт?к тарапка сапар тартып учуп ?т?п жаткан. Алардын коштошуу ?н? чар тарапка угулуп, пенделер дагы бир сонун жайдын кеткенин арман менен эскерип турушту. Т?шт?кт?н ысыгы башталып, али к?ч?н?н кайтпай турду.

Баш кошкондор ажырашмай болду. Тагай бий улуу ?к?мдар жана ордонун адамдары менен коштошуп жатты:

Алар:

– Дагы келип турса?ыз экен.

– Биздин кыргыз туугандарга салам айты?ыз.

– Сапары?ыз байсалдуу болсун! Эли?изди ордого каршы алып чыкпа?ыз, антсе?из ?м?р???з опурталдуу болуп калат.

– Жакшы бары?ыз.

– ?з???р да жакшы калгыла силердин сыйы?арга ырахмат.

Дарбазадан ары Тагай бийди ээрчип Зулайка кошо барды. Аял чыдай албай айтты:

– Кайра келесизби?

– С?зс?з келем сени таштасам да баланы кантип таштайм.

– Анда жолу?уз болсун!

– ?з??? кара аман-эсен т?р?п ал. Дене?е зыян болот оор нерсе к?т?рб?! Ар дайыма жылуу ж?р. Биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм, кыргызда Манас баатыр болгон. Эл чабылып, Каныкей эне т?рк?н?н? качып барып, анын уулу Семетей ошол таякелеринде ?ск?н. Качан он экиге келгенде ал ата конушун билип, ошол тарапка аттанган. Дагы айтам баланын атын Карачоро койгун. Кыз болсо ?з?? бил. Сенин ата-теги? кыргыз, болгондо да бийдин уулусу? деп айт!

– Макул айтам,-деп Зулайка Тагай бийди аянычтуу карады. Аялдын к?з?н?н эки мончок жаш сыгыла агылып жерге т?шт?.

Тагай бий жана анын жигиттери аттарын камчылап, чо? сапарга аттанышты. Аттардын туягынын д?б?рт? айланага угулуп турду. Зулайка атчан кетип бараткандарды телмирип карап турат. Атчандардын арасында Тагай бий бурулуп артын карады; бактын т?б?нд? ак жоолук салынып, бир аял турат. Ал жоолугун алып булгалады. Бул тир??л?кт? жолугабызбы же, жолукпайбызбы деген жышаана болчу. Эк?? те? бири-бирин карап аянычка батып турат.

Ошентип бий кеткенине эки айдан ашканда ажарлуу Зулайка к?з жармай болду. Ургаачы тынсызданат деги эмне т?р?йм, кызбы же эркекпи? Эркек болсо баласын чо?ойтуп Ала Тоого ата-журтуна кеткиси келди. Ушул жерде ысыкта какталып, тургусу келбеди. Андан к?р? балдарын багып, боз ?й?н?н ж?г?н ат, ?г?зг? ж?кт?п, тоо-талаада бир жерден экинчи жерге к?ч?п, к?чм?н турмушта жашай бергиси келди. Зулайканы эки аял т?р?тт?. Т?р?т? бир аз оор болду анткени менен аман-эсен т?р?п алды. Атасы айткандай эркек экен. Кудайга тобо! Артыбызда аталар атын унуттурбай тукум улаар бала калат. Баланын атын Тагай бий айткандай кудайга жалынып Карачоро деп койду. Ошентип бала бирде ыйлап, бирде к?л?п, мезгилдин ?т?ш? менен чо?оё берди.

Андан бери он эки ай кезек менен алмашып, он эки жыл ?тк?н экен. Ошончо жолу жаз келип, ошончо жолу кыш кетти. Карачоро ордодо иштеген Зулайканын агасы Калимжандын баласы болуп, ошолордун ?й-б?л?с? менен кошо чо?ойду. Ал Зулайканы «эже» деп чакырчу. Ал кечке кошуна балдар менен ойнойт. ?з? те?д?? уландарга караганда боюу бийик, атасын тартып жотолуу эле. Ошондонбу ?з к?ч?н? ишенип, башкаларга кордук к?рс?т? койчу. Береги майда балдар биригип, Карачорону оюндан четтете баштады. Анысы аз келгенсип:

– Эй, атасы жок бала.

– Таштанды.

– Ата? сени таштап мал бакканы тоого кеткен.

– Сен ата?ы таап албайсы?бы?

– Атасы жок селсаяк.

Карачоро ушул с?зд?рд? угуп балдарды сабап кирди. Кичинекей балдар жеткирбей качып:

– Таштанды.

– Эй, атасы жок таштанды.

– Кыргыз баласы койчунун баласы.

– Ата? сени «бакпайм» деп ?з жерине кеткен.

Кичнекей балдардын ата-энеси Карачоро менен урушуп:

– Эй, дардагай кичинекей балдарга эмне тийишеси?.

– Таштанды,-деп жатат.

– Таштанды эмей эмнеси? ата? кайда?

– Таштанды эмесмин.

– Таштандысы? Ала Тоого качып кеткен ата?ы таап ал!

Айлана ымырт болуп, к?н кечтеп калган. К?ч?н?н ызы-чуусу небак эле басылып, базарга барган соодагерлер эбак эле ч?нт?кт?р?н? пулду шыкап, ?йл?р?н? кайтып келишкен.

Аялдардан катуу с?з угуп, Карачоро ?й?н? барбай кечке шаарды аралап ка?гып ж?рд?. А?гыча асмандан алсыз нур таратып жымы?дап жылдыздар чыкты. Бир аздан со? тегерек ай суйкайып, чыгыштан жаадырай калкып чыга келип, тарапка балбылдай нурун таратат. Касиетт?? айдын шооласын баардыгы оронуп жатты. К?нд?з кечке сайраган куштар т?н ичинде эс алууга киришти. Бир гана б?д?н?н?н «бытпылдык» деп сайраганы кайдадыр бир тараптан чыккан дабышы токтолбой турду. Сер??н жел адырдан т?з??д? карай кыймылын токтотпой желип жортот.
<< 1 ... 13 14 15 16 17 18 19 20 21 ... 64 >>
На страницу:
17 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров