Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 10 11 12 13 14 15 16 17 18 ... 64 >>
На страницу:
14 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Келин эмне деп алкаарын билбей калды.

Кетип баратканда:

– Бий ага ырахмат жетим балдарга берген жакшылыгы?ызды эки д?н?д? унутпайм.

– Капа болбо карындашым, бардыгы оордунда болот,-деп аттарын таскактатып желдирип баратышты.

Жанагы созулган жол, топ атчандарды ?р таянтып, жайлоодогу Бекназар байдын ?й?н? карай алпаратат. Бабалар баскан ыйык жол.

Ошондон к?п ?тп?й эле: «Тагай бий к?й??с? ?лг?н келинге эл?? кой, беш жылкы, т?рт уй, б?лд?р?п, берип, аны камсыз жерге к?ч?р?п барып, чо? жакшылык кылыптыр» деген кеп тарап кетти. Бийдин калыстыгы элге тарай баштады. Ага арызданып келип, каалаган максатына жеткендер ?т? к?п болгон. Эч бир адамдын тагдырынан кыйгач ?тк?н эмес. Тагай бийдин бир канча жардамчылары болгон. Ал ошолор аркылуу адамдардын тагдырынын о?олушуна дайыма к?з салып турган. Мугамыр киши баласы жер ?ст?нд? жакшылыкты к?п жаратса, бактылуу адамдар к?п болоорун ушул санжыранын ?з? эле айгинелеп жатпайбы. Бийдин кан-жанына ошондой жакшы элес си?ип калган. Ал баардык эл бай-жарды дебей бактылуу турмушта жашасын дегени эле.

***

ЧО? ашка алыс-жакындагы паразаттуу адамдар келишти. Ал жерде ат чабыш, жорго жарыш, улак тартмай, т?? чечмей иши кылып, кыргыз оюндарынын к?п т?р?н? байге берилди. Эл казганактап, к?л?кт?р эрте? менен эле коё берилип, «эми кимдин к?л?г? келеер экен» деп к?т?п жатышты. К?л?к чапкан ар бир кишинин жылдызы асманга к?к?л?п учат. Ал арада к?п оюндар болуп ?т?п, к?л?кт?рд?н келеер маалы чукулдады.

Адамдар:

– Астыда Желде?дин Актуягы келатат.

– Ал Желде?дики эмес Б?р?байдыкы.

– Б?р?бай аны Желде?ден тартып алган.

– Б?р?бай о?босун ал Желде?ди сыздатты.

– Анын ?ст?н? кудалары алдуу-к?чт?? эмеспи.

Желдей сызган жаныбарлар учуп-к?й?п марага жакындап келишти. Ак жоолук байланган чабандестер да ат ?ст?нд? к?л?кт?рг? олбуй-солбуй камчы уруп келатышты. Алар шамал менен жарышып, аттын кулагы менен те? ойноп келатышты. Кыргыз баласы нечен кылымдардан бери жылкы жаныбар менен сыймыктанат. Алды?кы чабандес атына камчыны удама-удаа уруп, жылкы жаныбар марага ?т? жакындап келди. Аны буюрса, чо? байге к?т?п жатат. Тагай бий чо? акбоз аттын ?ст?нд? к?л?кт?рд? суктануу менен карап турду. ?з?н?н Керкашка к?л?г? ?ч?нч? болуп келатат. Ал аттын сырын ?т? жакшы билч? эле. «Эмнеге мындай болуп калды» деп ойго батып турду. Ат туягы жараткан ча? улам берилеп келатат. Ча? менен кошо к?л?кт?р да берилеп келатышты. Адамдардын к?з? к?л?кт?рг? тигилет. Бий алдыда сызып келаткан Актуяк жаныбарды кызыга карады. Желдей сызган жаныбарды адамдар келиштирип жакшы таптаган экен. К?л?кт?р марага тарсылдата туяк эше учуп-к?й?п кирип келишти. Чакырымдар артта калып, жер ?ст? д??г?р?п токтобой к?ч?п турду. Биринчи болуп Актуяк, экинчи Алкожонун Карагери, ?ч?нч? бийдин Керкашкасы чыгып келди. ?з?н?н Керкашкасынын таптоосу кичине начар болуп калганын бий сезип турду. Б?р?бай келип Актуяктын чылбырын кармаганда Тагай бий та? калды. Бул Актуяк Желде?дин аты эмес беле. Эмне ?ч?н Б?р?бай ээ болгон же сатып жибергенби? –деп ойлоду. Ошол Актуяктан бериде ак калпакчан, кара чепкенчен Желде? Актуякты армандуу карап турат. Тагай бий чабандестин к?р?н?ш?н? боору ооруду. Бий жигити аркылуу Желде?ди чакыртты. Эриндери шамалга туурулуп, ж?д?г?н ч??д?й сары, ындыны ?чк?н чабандес Тагай бийге басып келип:

– Ассаломалекум бий, жакшы турасы?бы, чакыртыпсыз келдим,-деди башын жерге салып.

– Ва алейкума ассалом саяпкерим кандай кут болсун к?л?г?? Актуягы? биринчи келбедиби эмнеге сабыры? суз с?й?нб?йс??б?, ж?д?г?н т?р?? бар.

– Ал меники эмес.

– Кандайча Актуяк сеники эмес беле.

– Аны менден Б?р?бай тартып алган.

– Эмне Б?р?байга карыз беле??

– Жок к?л?к менин бээмин тукуму болчу,-деп тартып алды. К?л?кт?н энесин бир кезде мен ага иштеген акыма алгам.

– Ошол элеби.

– Ал эмес кыраан б?рк?т?м? да тартып алды.

– Эмне ?ч?н?

– Менин аталарым жайлаган аскалардан кармапсы?,-дейт. Ошол да болмок беле ал аскалар элдики, биздин ата-бабалардыкы эмеспи.

– Ошол элеби.

– Ошол к?чк? салып тартып алды- деп саяпкер аянычтуу башын жерге салып, жерди карап жалдырап, ындыны ?ч?п турду.

Тагай бий жигитине жини келе кайрылды:

– Чакыр тетиги билерманды береги таз, соку баш Б?р?байды.

К?п ?тп?й д??д? турган топ атчандар бийдин жанына бастырып келишти. Арасында келишимд?? кундуз тебетей кийген Б?р?бай да бар.

– Б?р?бай к?л?г?? чыгып келиптир,-деди Тагай бий ачылуу.

– Ырахмат эл атасы Тагай бий мен аны чегине жеткире таптагам.

Тагай бий каарданды. Анын каарданганын к?р?п, Б?р?бай боз ала боло т?ш?п салбырап калды.

– Ал к?л?к кимдики?

– Меники.

– Желде?дики эмес беле.

– Желде? мага берген анын ?ст?н? к?л?кт? менин бээм тууган болчу.

– Сага калмактардын чабуулунан т?шк?н к?п жылкыны ким берди эле?

– Сиз бергенсиз Тагай бий.

– Мен берсем сен эмне ?ч?н аны элге те? б?л?п берген эмесси??

Желде?дин б?рк?т?н эмнеге тартып алды??

– Менин аскама тууган б?рк?тт?н балапаны болчу.

– Сен кудайдын аскасын менчиктеп алды? беле, ушул с?зд? кантип айтып турасы?.

– Жок Тагай бий       ал атамын жайлоосу болчу.

– Мына сага к?л?к, мына сага б?рк?т,-деп тагай бий Б?р?байды чоку талаштыра эки-?ч жолу тартып-тартып жиберди. Б?р?байдын баш кийми учуп барып, аттардын буту турган жерге т?ш?п тапталгансып калды.

Билермандар эки ортого т?ш?п арачалап киришти.

– Ардактуу бий бизге бир ачуу?узду бери?из.

– Бий кечирип кою?уз.

– Иттик Б?р?байдан кетиптир, элдин таламын жактабай калган тура.
<< 1 ... 10 11 12 13 14 15 16 17 18 ... 64 >>
На страницу:
14 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров