Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 11 12 13 14 15 16 17 18 19 ... 64 >>
На страницу:
15 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Байкуш Желде?дин к?л?г?н тартып алган тура.

Тагай бий:

– Андай эле кыйын экенси? калмактар басып алган ?ч Кайнар булакты алса? болмок.

Б?р?бай эмне кылаарын билбей эс-мас боло к?з? ала-чакмак тартып, к?йб?г?н жери к?л болуп, ?лб?г?н т?рт шыйрагы калды.

Тагай бий каарданып:

– Карапайым элге карабаса? б?т малы?ды элге талатып тентитем,-деп ары бастырып кетти.

Эл Б?р?байдын ач к?зд?г?н жек к?р?п жатты.

К?п ?тк?н жок алкынган Актуяк к?л?кт?, б?рк?тт? алып Б?р?байдын туугандары Тагай бийге ийлип кечирим сурап келишти. Бий Желде?ди чакыртып:

– Ме к?л?г?? менен б?рк?т??д? алгын, эгер дагы Б?р?бай тийшсе мен анын жазасын мындан дагы катуулатам.

Ал байгенин баардыгын Желде?ге бердирди. Ошентип бул иш калыстык менен чечилди. Анын калыстык баяны эл оозунда тарап, жерден-жерди, элден-элди аралап ж?р?п отурду. Тагай бий ?т? калыс эле ошонусу менен эл-журтка алына баштаган. Ал жаш кезинен эле элдик адам болуп, эзилген адамдарга болушуп, байларга ?т? ырайымсыз болгон, ошол жакшы сапаты элдин канына эчак эле си?ип кеткен эле. Бул к?р?н?шт?н т?м?нд?г?н? баамдоого болот. Калыстык болгон жерде баары о?олуп иш жакшы жагына к?ч?т. Эгер элде калыстык болбой журт бир-бирине к?ч колдонсо, ошол кыргыздар баш ийип турган кандуу Моголстандын оор заманында журт тентип кеткен жатпайбы. Тагай бий муну тере? т?ш?н?п, элди бирдей те? укуктуу тартипте кармаган.

Тагай бий жаштайынан Бермет деген кара торунун сулуусуна ?йл?нд?. Бермет боюу узун, шы?га болйуу ?т? акылдуу бийдин ке?ешчиси болгон. Бийге к?пт?г?н туура акылды берген асыл жар эле. Анын Богорстон, Койлон, Сарбагыш деген балдары болгон. Айрыкча кич?? уулу Сарбагышты кыйналып жатып т?р?д?. Ана т?р?п жатып эне к?рб?г?н азаптарды к?рд?, Аз жерден т?р?тт?н оордугунан ?л?п кала таштады. Ал баарынан ушул кич?? баласын жакшы к?р?п аяган. Баланын мойну бир жагына тартылып кыйшык ?с?п калды. Эне баланын мойнунун кыйшык ?ск?н?н к?р?п аяп аябай жаны кейиген. Ал Тагай бийге ыйлап- сыктап:

– Самаркандык мыкты дарыгерлерге к?рс?т?п баланын мойнун о?дотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.

– Ал кудайдан те?ирим аны ошондой жаратты.

– Бирок ошондой болсо да баланын мойнун к?р?п аны аяй берем.

– Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын к?рг?н адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген т?пк? бабабыздын атынан койгом.

– Ошондой болсун, ошол баатырдын арбагы баланын келечегине жар болоор.

– Болот к?р??рс?? менин ишимди ушул бала улантат. Бул уулуман к?пт? к?т?м.

Ошол иш ошол болду.

***

Айлана небак бозомук ??г? б?л?н?п, асман сургулт тартат. Мезгил жетинин айынын башталышы эле. Бир жумуштар менен Тагай бий беш жолдошун ээрчитип, белде кетип бараткан. Атчандар коктудан т?ш? бергенде ?г?з минип келаткан бир адамга жолукту. Тагай бий аттан т?ш? калып, ?г?зч?н улгайган адамга салам узатты. Тайгай бийди туурап беркилер да аттан т?ш?п, саламдашты. Алар ар дайыма бийди урматтап ж?р??р эле.

– Уулум жол болсун кайда жол улантып баратты? эле?

– Богорстон баламдыкыкнаа бараткам.

– Ал уулу? жакшы турабы, аялы ооруп жатат,-деп эшиттим эле.

– Жакшы болуп калды белдеги конушунан ылдый т?шк?н, саламдашып ал абалын сурап келейин,– дегем.

– Аны? жакшы уулу? менен кабарлашып турганы? ийги иш.

– ?з???з кайда баратасыз?

– Кайда бармак элем ?йг? эле.

– Аты?ыз эмне болду ?г?з минип?

– Каран калгыр ?тк?н кыштагы жуттан жылкы баласы кырылбадыбы.

Тагай бийдин ???н? капалык келип, атынын тизгинин тиги карыяга карматты.

– Бобул атты минип кети?из.

– Койчу балам биздей карыяга ?г?з эле жарашат. Бир бутум к?рд? сала?дап турбайбы, муну балам ?з?? эле мин. Бул ж?з койго же бир айгыр ?йр?н? алмашкыс камбар атанын асыл тукумунан тура.

– Жок ата асты?ызга ат тартып жатам, колду уялтпай минип кети?из баркы?ыздан ушул ат улук беле, мен алдагы ?г?з???зд? минип кетем.

Бийдин жанындагы адамдар жаалап жиберишти:

– Ми?и?из бий тартуулап жатат. Бий атсыз калмак беле.

– Капа болбо?уз, ?г?зд?н т?ш???з.

Жигиттер карыяны ?г?зд?н т?ш?р?рп, бийдин келишкен жорго атына мингизип, ?г?зд?н мурунтугун м?й?з?н? т?р?п, коё беришти.

Карыя ыраазы болуп к?л?п:

– Ырахмат Тагай балам, тим эле койсо? болмок, чо? жорго ат мингенде мен да бий болуп калбадымбы –деп токтоно албай карс-карс ыраазы боло к?лд?.

– Тагай балам, Жар Кыянын этегиндеги Жылуу Булакта кыштоодобуз Ошол жер биздин турагыбыз. Убакты?ыз болсо барып, ?йд?н бир ч??г?н чай иче кет. Сени да ыраазы кылаармын балдар бар эмеспи.

– Жок ата, ошол да болмок беле биз эмне акылашып жатабызбы, чай ичип эле ж?р?б?з, кол бош болуп калса, с?зс?з жолугам.

Тагай бий карыя менен коштошту. Бул карыя Тагай бий он беш жашында, тай ?р?т?п ж?р?п, азоодон жыгылып, буту сынганда аны та?ып кадимки ?з?нд?й кылып айыктырган. Колу эмсек куранды арабча б?т окуган касиетт?? молдо пакиза таза адам эле. Ал кезинде т?шт?кт?г? молдолордон динди тере? окуган адам болчу. Тагай бий сол, о? канатка жана ички кыргыздарга мусулман динин таратып, аны менен элдин жан д?йн?с?н о?доого киришкен адам болчу.

***

Эки к?нд?н биринде к?н к?рк?р?п, айлана текши жа?ы т?рг? ?т?п, жа?ы ч?п ?н?п, касиетт?? жер эне жа?ылана баштады. Айрыкча нымдуу тескей беттерде ?с?мд?кт?рд?н ?с?ш? ?т? тез. Коктуларда, т?з??д?рд? эрте? менен туман калы?дап, к?н суук болсо, ?йд? карай ?рд?п жылат.

Ушул туман каптап турган к?н? Тагай бийдин айлына кочкор мурун кашкар чапан кийген к?з? ачык сынчы келди. Аны бий коноктоп, анан ?ч баласын чакырды. Сынчынын алдына Богорстон, Койлон, Сарбагыш келип отурду. Сынчы ?ч баланы сынап к?пк? ойлонуп отурду.

– Буюрса, булардын ?м?р? узун болуп, ма?дайында жылдыздары жанып турат. Бар болгула балдарым!-деп аларды кетирип жиберди. Улуу бала? Богорстондун тукумунан жортуулчу, баатырлар к?п чыгып, элин коргойт жана элдин тогу болот. Булар жердин жакшы жерин ээлейт деген экен. Койлон бала?ын тукумунан корооздонгон сыпаа кишилер к?п чыгып, ?з?н жогору санаган нымактуу эл болот. Акыры кич?? уулу?ан эл бийлеген адамдар арбын болуп, ошондой эле баатырлар к?п чыгат. Бирок такыр ынтымагы жок журт болот. Тукуму бир-бири менен жоолашып, чабыша берет,– деген экен кайгыланып.

Ошентип сынчы Тагай бийдин ?ч баласын сындады. Тагай бий сынчыга жорго мингизип узатты. Албетте байыркы санжыраларда ушундай баяндар к?п айтылат.

***

Тагай бий балдарына жер б?л?п бере элек эле. Ага жакындары айтты:

– Ардактуу бий балдары?а конуш б?л?п бер, алар ошол жерди мекендеп, душмандан коргоп, элин адилетт?? башкарганга ?йр?нс?н,– дешти.
<< 1 ... 11 12 13 14 15 16 17 18 19 ... 64 >>
На страницу:
15 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров