Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 15 16 17 18 19 20 21 22 23 ... 64 >>
На страницу:
19 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Эне та? калды. Баламын ата-теги касиетт?? жерден экен. Ал каалаган жерине аман-эсен жетет окшойт. Карачоро кара аргымакты минип каргадай болуп к?р?н?п калды. Кара аргымактын эки капталында канаты бар эле. Эгерде балага коркунуч келсе, бала аргымакка катуу камчы салса ал абага к?т?р?л?п учуп к?зд?н кайым болуп жоголот.

Эне менен бала коштошуп турду:

– Уулум эми жакшы бар. Менден ата?а салам айт. М?мк?нч?л?г? болсо, бир келип кетсин. Ушунча жылдан бери энем сени унута элек к?т?п ж?р?т,– деп айт.

Ата?а алпарып бергин деп сонун тигилген к?йн?к, ж?з аарчы жана башка толгон буюмдарды баланын артмагына салып табыштады.

– Эне мен ошол жакта калайынбы, же кайра келейинби?

– Жайсыз болсо кайра кел,

– Кош бол кагылайын берекем, ата-баба?ын жерине аман жет, эсен болуп мени эстей ж?р,– деп жашыды. К?з?н?н томолок жаштар арман болуп ылдый карай кулап жатты.

Каргадай бала жол улап кетип баратты. Эне кургур «баламын тагдыры татаал болбосо экен»– деп самады. Эне бир кезде Тагай бийди узатты эле эми анын оордуна бой тарттырып уулун ата журтуна узатып жатат. «Кайран ?м?р тагдырым мага эмне шыбага ыйгарды экен». Байкуш эне ?з?н аяп « тагдырда баары ойдогудай болсо» деп келечекти жакшылыкка жоруп турду. Тагай бийди аяп турду, атасын, ата журтун издеп бараткан каргадай баланы да аяп турду. «Мели к?р?нг?н жерде ж?рб?й ата конушун таап, ?з элине жарыгы тийсе экен» деп эне кургур балага жакшылыкты самап турду.

Кара жол, кара аргымактын ?ст?нд? каргадай бала.

Бала канаты бар кара аргымактын оозун коё берди. Жарыктык кара аргымак ара? эле турган экен сызып ж?н?д?. Ал кетип баратып артын бурулуп карады. Энеси жалгыз бактын т?б?нд? жоолугун булгап турган экен. Энесин аяп кайра келгиси келди. Бирок кара тулпар бир арыш алып алган со? кайра артына бурулаар эмес. Аргымак арыш кере учуп к?й?п баратат. Аял кетип бараткан баласынын карааны ?з?лг?нч? карап турду. «Жаратканым мен узаткан адамдарды коргой ж?р!».

Баланы к?р?п турган адамдар айтты:

– Кыргыз баласы Карачоро ата тегин издеп Ала Тоого баратат.

– Туура кылат ?з жерин таап алсын.

– Ата конуш ар бир адамга ыйык болот.

– Булар касиетт?? кыргыз элдин тукуму.

Ал жол менен жалгыз кетип баратат. Жалгызга эч ким тийген жок. Алдыда жол да жалгыз, каргадай бала да жалгыз, асманда тийип турган к?н да жалгыз. Баары жалгыз. Бир гана келечекти самап турган адамдын ?м?т? жалгыз эмес. Аны б?тп?с ой кыял жетелеп ж?р?п отурат.

Зулайка кыргыз жери анын кайда экенин ?т? жакшы билч?. Балага ошонун баарын жакшы т?ш?нд?р?п берген. Жарыктык касиетт?? кара аргымак жолдун нугун жакшы билет окшойт Каргадай баланы ?ст?н? кондуруп алып, бирде кара жолдо басып, бирде аба да канат кере учуп ж?р?п отурду. Ал ж?р?п отуруп, ж?р?п отуруп т?шт?к жеринде кетип баратты. Тарапта куштардын сайраган ?н?, жыш ?ск?н карагайлуу жылгалар. Береги жапан талдын башында к?к?к конуп сайрап жатат. Балага анын ?н? ыргактуу да армандуу да сезилди. Бул аймак балага жакты шагы ийлип ар т?рк?н м?м?л?р бышып турат. Айлана ж?н эле бейишитин жериндей ыргалат. Бир жерде арстан жолборс кетип баратса, бир жерде бугу улагын ээрчитип баратат. Дагы бир жерде балага бейтааныш жаныбарлар жолукту. Бала ойлоду «Менин атам бейиш т?г?лг?н жерден го» деп с?й?нд?. Карачоро аттан т?ш?п эс алып жерге отурду. Арыдан адамдын баскан шыбырты угулду. Бала ошол жакты башын к?т?р?п карады. Кийми суу болуп, арып-ачып, чачы ?ск?н сап-сары бир бала келатат. Чоочун бала Карачородон айбыгып, анын жанына келип колун сунуп:

– Салам алекум.

– Алеки салам. Эмне суу болуп кайдан келатасы??

Берки бала к???лс?з:

– Биздин жердин байы атамы жигиттерине сабаткан. Атам жини келип анын жакын туугандарын жок кылып таштаган. Каарданган бай ?лс?н деп энеми, атамы, мени жип менен ташка байлатып, сууга ч?кт?р?шк?н. Атам энем сууга ч?г?п ?лд?. Аларды таппайм, кайрандарыман т?б?л?к ажырадым, менин жибим ?з?л?п кетип, суудан калкып чыгып тир?? калып, жашоо ?ч?н жай издеп баратам,-деп бала ыйлап жиберди. Ал жонуна асынган баштыгын к?рс?т?п, азыгым ?т? аз калды. Жегенге азык издеп жер кыдырып баратам. Азыгым т?г?нч? ачкадан ?лч?д?йм?н.

Карачоро балага к???л айтып сооротуп, – Мен атамы издеп бараткан баламын ж?р? мени менен кошо. атыма учкаш.

Ошентип эки бала атты минип андан ары жол тартты. Бирок Карачоронун к???л?нд? б?д?м?к бир нерсе бар эле. Атам мени эмне кылаар экен. Аны мурун к?р? элек элем. Аны менен мамилем келишеер бекен же кайра келемби, кандай к?нд?р болот. Каргадай       эки бала кара аттын ?ст?нд? келатат.

Алгачкы к?нд?р? к?н ачык болуп, айлана жылуу тартып мээримд?? мемиреп турду. Жаратылыш эне эчак эле жанданып, куштар ырын т?г?т. Жандыктар небак т?лд?п, эл небак жайлоого к?чк?н убак болчу. Эки баланын сапары кээде т?з, кээде д??д?, кээде тоону аралап ж?р?п отурду. Карачоро ата тегин, жети атасынын жолдорун издеп кетип баратат. ?з?н жараткан бабаларына барып кошулгусу келет. Алар баратып шаркырап иримдеп агып жаткан сууга келди. Атынын ооздугун чыгарып, жылкы жаныбарга суу ичирип, ч?п чалдырды. Эк?? ч?пт?н арасына барып азыгын жайып тамактанышат. Ошол жерге эс алып укташты. Эртеси та? агарды, куландан соо болуп жаткан жеринен турушту. Алар жолдон калбайлы деп камынып кайра сапарга аттанышты. Эки бала канаты бар кара аргымакты минип, бирде булутка кирсе, бирде ачык асманда шамал менен жарышып, касиетт?? кыргыз жерине келатты. Эки баланын жаадыраган келечеги канаттуу кара аттай, асманда сызгысы келет. Балалык к?н ошонусу менен бакытка жетет эмеспи. Асманда уча берип дулдул кара аргымак чарчаган окшойт жерге келип конду да, эс алды. Балдар да буту колун жайып аларда эс алып, тамагын ичип таттуу уйкуга киришти. Эртеси э? сонун абалда ойгонушту. Алар тамак ичип жатканда, аларга кийген кийми айрылып, чач, тырмагы ?ск?н ж?д?г?н бир бала жолугуп Карачоро ага:

– Эй, бала сен кайда баратасы??

– Чукулда биздин жерде ынтымагы жок туугандар бийлик талашып согуш болду. Азаптуу ошол согушта адамдар таланып тентишти. Ата-энемен айрылып жалгыз ?з?м калып, тентип селсаяк болуп келатам.

– Кел селсаяк болбой бизге кошул,-деди Карачоро.

– Айтчы деги силер кайда кетип баратасы?ар?

– Атам Тагай бий деген киши болот ал алыскы Ала Тоодо мен ошол атамы издеп баратам.

– Андай болсо, жакшы менин атамы ?з?м?н к?з алдымда душмандары жок кылды. Мындан ары менин атам жок. Мен да ата?ы издешем, балким ал менин атам болуп калаар. Ошентип кара жолдо ?ч жолочу кетип баратат. Мурда эк?? эле эми ?ч?? болду.

Алар жолдо келатса, ак сакалчан карыя турган экен. Ал ээр токулган кара аргымакты жетелеп турат. Кебетеси ал жомоктогу чабандес болуш керек. Жолочулар карыяга салам беришти. Чабандес эки баланы башка бир кара аргымакка мингизди.

– Мен силердин ата-баба?ардын колдоочусумун. Силер туулган жери?ерге жете албай кыйналып каласы?ар, бобул аргымакты минип алгыла,-деп бат эле к?зд?н кайым болуп жоголду. Ошентип ?ч бала эки окшош кара аргымакты минип алып бирде му?дуу ч?пт?н ?ст?нд?, бирде булуттуу к?кт?н алдында сызып кетип баратышты. Аларды к?рг?нд?р «касиетт?? Тагай бийдин балдары ?з мекенин издеп кетип баратат»– дешти. Алар асман менен бир топко учуп анан жерде кара жол менен кетип баратышты.

Тээ береги саздуу жерде булут т?н?п, алар суу ичип жаткан сыяктанат. Жол боюнда ала бата, мээр ч?пт?н анын ??? агыш боз саргыч тамыры жоон келип, сабагы тик тартат. Г?л? майда агыш жашыл т?ст? соккон желге жалбырагы назик се?селет. Айрыкча шыбактын жыты мурунду жарып к???лд? к?т?р?т. Улуу тоонун башына булуттар турук алып турат. К?н б?рк?л?п алар бир аздан кийин ылдыйлап жаан-чачынды пайда кылат. Эми мына шыбактуу талаа аяктары менен жол ?рг? таяна койнун ачып, берекел?? Ч?й жери боюун керип жайкалып чыга келет. Карачоро «менин атамын жери кенен ырыскысы т?г?л?п, чачылган жерден экен» деп с?й?нд?. Кара аргымактар жол нугунан адашпай кетип баратат. Тескей беттерге жаан-чачын к?п жаайт экен. Тоонун этегинен тоонун башына чейин токой жыш каптап жатат. Пенденин к???л?н к?т?р?п жапалак арчанын жыты а?кыйт. Баардык жерде т?рк?н куштардын ?н? чыгып, эрг?? чачып жа?ырат. Андан ары бийик тоону аюу, аркар, каман мекендеп жолочулар ысык к?нд? токойду к?р?п к???лд?р? ачылып кетти. Алар токойдун ичине кирип булактын жанына токтоп, тамагын ичип жаткан. Капыстан ат кошкуруп, аркы тараптан сербе?деген караан к?р?нд?. «Бул ким болду?» деп балдар та? кала карады. Анан к?йн?к шымы тытылып айрылган бир бала келатат. ?ч?? те? та?дана тиктешти.

Карачоро:

– Эй, бала бери кел, жалгыз токойдо эмне кылып ж?р?с???

Тиги бала чоочуркай басып келип, ?ч??н? салам берди. Анын оозу казыл болуп боёлуп турат. Ачка болгон т?р?? бар жер жемишти аябай жеген окшойт. Боюу кыска бечаранын курсагы чедирейип чыгып турат.

Карачоро:

– Жол болсун кайдан токой аралап?

– Айлыбыз бобул токойдон ары тоонун т?б?нд?г? т?з??д? болчу. Калмак чапкынына учурадык. Атам, энеми туткун катары калмактар айдап кетти. Адамдар жарадар болду, мал-жан таланып калды. Беркилер качып келген баланы к?р?п аябай боору ооруду.

– Эми кайда баратасы?,-дешти.

– Ата-энем жок кайда бараарымы да билбейм.

– Анда биз менен бол мен Тагай бий атамы издеп баратам, ошол кишиге жолуксак, анан калган иштерди к?р? жатабыз.

Чедирейген бала к???лд?н?п, алар менен кетмей болду.

?ч?? эле т?рт жолочу болду эми,

Тагай бийди издеп барат т?рт?? те?.

Бири ?м?т, бири с?й??, достук анан да

Эрдик деген т?рт жолочу жол келген.

Кара аргымактарга эки-экиден бала минип сапар кетип баратышты. К?н чыкты аскаларга булуттар илинип турат. Бийик тоого жакындаган сайын салкындыктын илеби даана байкалат. Ал эми арт жактан ч?лд?н илеби уруп турат. Алар бийик тоого жакындап келди. Т?рт баланы кара аргымактардын ?ст?нд? келатты. Алар жандай учуп бараткан кузгундарга кайрылды:

– Кузгундар кайда баратасы?ар?

– Тарп издеп кетип баратабыз.
<< 1 ... 15 16 17 18 19 20 21 22 23 ... 64 >>
На страницу:
19 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров