Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 17 18 19 20 21 22 23 24 25 ... 64 >>
На страницу:
21 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Бала колу менен жашын аарчып ыйлаганын токтотту. Баланын арманын угуп беркилер да кайгырышты. Отургандар ?ч баланын кайгысын угуп к???лд?р? ч?г?п капага батышты. Бу жарыкчылыкта кубанычтан арман к?пп? деп ойлонушту.

Бий кубанычтуу:

– Алыста ж?рг?н балам Карачоро ?з турагы ата мекени Ала Тоого аман-эсен келиптир. Ал ж?н келбей ?з? менен кошо бир туугандарын ээрчите келиптир. Бир балам Карачоронун азыгын к?т?р?п жардам берип келиптир, бу уулумдун аты Азык болсун,– деди кубана. Ал эми экинчи балам, ата-энеси ?л?п к?рб?г?н кордукту к?р?п турмуштун айынан тоо-талаада тентип селсаяк болуптур. Бу уулумдун аты Саяк болсун,– деди ата жылмайып. Карыялар башын ийке?детип кубаттап жатышты.

Тагай ?ч?нч? баланы к?рс?т?п:

– Бу балам калмак чапкынына кабылып, ата-энесинен ажырап, оорулуу болуп курсагы чедирейип, к?рб?г?н кордукту к?р?пт?р. Чертип койсо эле жыгылып кетч?д?й абалга келиптир. Атын « Чертике» коёлубу?

– Коёлу,-дешти аксакалдар бир ??зд?н кубаттап.

Бий жарпы жазылып кубанып айтты:

– Карыялар ушул к?н? мен т?рт балалуу болдум, менин балдарым силердин да балдары?ар. Силердики эмес жылпы кыргыз элдики. Менин Богорстон, Койлон, Кылжыр деген уулдарым бар эле, эми аларга Карачоро, Саяк, Азык, Чертике, Черик, Ко?урат келип кошулду. Жаадырап к?л?п кубанганынан ыйлап жиберди. – айланайын журт жоо жакадан алып турганда кыргыздын саны арбып, б?т?н элге айбат к?рс?тс? экен. Атабыз Манастын арбагы колдоп, элибиз эл журт болуп сакталса экен.

Т?рд? отурган э? улуу аксакал карыя:

– Айланайын журт калкыбыздын саны арбып, т?нд?г?б?з бийик к?т?р?лс?н! Тагай балам балдары? менен аман-эсен бол! Бул балдарыбыздын тукумдары ?з жерин коргогон кыраан баатырлардан болсун! Аксакалдардын ???н?н нур т?г?л?п баардыгы бата кылышты.

– Оомийин!

– Оомийин!

– Оомийин!

– Жаратканым ?з? жар болсун!

– Кыргыз элибиз аман болсун!

Тагай бий кубанганынан к?п боз ?й тиктирип, ак боз бээ чалдырып чо? той берген экен.

– Оомийин!

– Оомийин элибиз аман-эсен болуп, кыргыздын кыйры узарсын!

– Элибиздин саны арбысын, башка чоочун элдин алдында айбаттуу болсун!

– Касиетт?? Манас атабыздын арбагы колдосун!

Тагай бийдин биринчи аялы ай жаркын Бермет эне болгон экен. Кудайым шыбаа айтып койгонбу кыргызда аял заттын акылдуусу, алган жары эр жигиттин бактысын ачат дейт. Бермет Улуу Каныкей энедей ары сулуу, ары акылман бийге жарашыктуу жар болуптур. Ал кыргыз элинин ички му?ун, келечек тагдырын бий сыяктуу билип, ага э? сонун акылман ке?ешин берип турчу экен. Тагай бийдин иши ошол эненин багыты боюнча ?н?г?п, астыга жылганын санжырачылар к?п эскерет.

Ошондо ак элечек кийген к?п бабиче бешикти к?т?р?п, элдин алдына келип, отуруп, Бермет эне ак эмчегин чыгарган экен. Тагай бийдин тондуу балдары Саяк, Азык, Черик, Ко?урат, Чертике бирден эмп кириптир жаратканым жардам бердиби, же эненин энелик жан д?йн?с? козголдубу ким билет касиетт?? эненин эмчеги ийип кадимкидей ак с?т чыгып, балдары аныноозанып эмген экен дешет. Касиетт?? ата Тагай бий чо? той берген экен. Ошол Тагай ата той берген к?н? к?н ачык жаадырап тийиптир. Жайдын сонун учуру экен. К?н ачык туруп эле анан сонун ?тк?н ?т?п, асмандан касиетт?? к?н желеси « Асан-?с?н» к?р?п адамдар кудайга жалынган экен.

Чабалакей канаттуу куштар асман менен сызат. Бийик к?кт? кыраан куш каардуу ?н салат. Ал кыргыз жерине кыраандыкты да?аза кылат. К?к?к, к?к?кт?п, булбул тээ алыскы бакта сайрайт.

К?н ачык. Улуу тоолор ша?каят.

***

Ала-сала мезгил ?тт?. Жер-жемиштер толук бышып, айланада э? сонун к?з к?н? болуп турган. Ошол к?н? т?шт?кт?н Г?лч?д?н «Адигене бий катуу ооруп жатат»– деп Тагай бийге чабаган келди. Бул кабарды угуп Тагай бий жолдоштору менен даярданып, абыр-шабыр ж?н?п калды. Тагай бий сезимтал адам эле ?з? дагы бир нерсесин жоготконсуп ж?рг?н, агасынын бекер чакыртпасын ал билди. Атчандар к?н?-т?н? тынбай жол ж?р?п келе жатышты. Салт атчандар бат эле Г?лч?г? жете келишти. Адигене бийдин тигип койгон боз ?йл?р? алыстан даана к?р?нд?. Кермеде аттар байланып турат. Эки жакка чабагандар чапкылап кетип жатышат. Бир кырсыктуу окуя болгонун Тагай бий сезип Акбозуна камчы уруп бат эле абыр-шабыр жетип келди. Боз ?йд? Адигене бий тил оозсуз жаткан экен. Тагай бий ылдам кирип келип, улуулар менен саламдашып, алсыз жаткан агасын карап, чекесинен ??п саламдашты. Адигене бий к?ч?н жыйып, инисин к?р?п алсыз жылмая анын саламын алик алган болду.

Адигене акыркы к?ч?н жайып инисине керез осуят с?з?н узатты:

– Келди?би иним, келгени? жакшы, менден кемчилдик кетсе кечиргин, мындан кийинки бийликти эми ?з?? алгын. Элди жакшы башкар,-деп тил ооздон калгансып баратты.

Тагай баатыр менен Адигене бийдин ортосунда жакшы мамиле болбой келген эле. Адигене бий Могол бийл??ч?л?р?н?н таламын жактап келген. Ал эми Тагай бий ар дайыма эркиндикти каалап Моголдорго каршы болгон. Адигене бутпарас динин жактаган адам эле. Ал эми Тагай бий чыныгы мусулманчылыкка берилген адам эмеспи. Эл ?ч?н Адигене бийге караганда Тагай бийдин кадыр-баркы кичине жогору болгон.

Ошентип Адигене бий тиги д?йн?г? узады. Бийди койгону ар бир уруулардан белгил?? бийл??ч?л?р келишти. Ал учурда кыргыздар бутпарас динине сыйыншчу. Мусулман дини жа?ы тарап анча к?ч?н? кирбей жаткан эле. Адигене бийдин кээ бир туугандары «анын с??г?н бутпарасча ?ртт?п салабыз жасаган к?н??с? тазарсын» дешти. Бирок ага Тагай баатыр к???лд?нб?д?. Акыр ал же?ди. Ошол учурда кыргыз жеринин ичинен Арсланбап токойлору кереметт?? ыйык жер деп эсептелип келген. Тагай бий ошол айланадагы ысык, муздак булак агып, ыйык куштар сайрап жаткан э? бир сонун жерди тапкан. Ошентип Адигене бийдин с??г? Арсланбап токойуна коюулду. Бий мусулманчылыкты кыргыздардын арасына таратуунун жолунда болгон. Ал курандын с?р??л?р?н жана аяттарын жакшы т?ш?нг?н адам эле. Ошол ?ч?н аны «Мухаммед Кыргыз» деп аталгандыгы тууралы негиз бар. Андан кийин жалпы кыргыздарга Тагай бий шайланып жалпы элдин бийи болуп калды. Тагай кыргыздардын жалпы бийи болгондон кийин Ал кыргыздардын эркиндигин Моголдордон талаша баштады. Анткени эл алык-салыктан эзилип журт аябай начарлап бараткан эле. Бий аскер ишин абдан жакшы ?зд?шт?рг?н адам болгон. Ал ?з?нч? аскер курап аны Аксак Темирдин тактикасы менен ?зд?шт?р?п бат эле чы?ап жиберген. Бий кийинки учурда Могол бийл??ч?л?р?н? баш ийбей салык т?л??н? токтоткон. Могол ханы Султан Саид 12 ми? кол курап келип Барскон суусунун жанында катуу салгылаш болот. Кыргыз жоокерлери ?т? аз болуп, ошонун натыйжасында же?илип калган. Тагай бийди колго т?ш?р?п аны Кашкарга алып кетип ал жактан ?йл?нг?н? ж?н?нд? кабар берген болчубуз.

САРБАГЫШ ЖЕ КЫЛЖЫР АТА

?з аты экен Сарбагыш,

Кы?ая басып мойну ийри

«Кылжыр» деп аты аталган,

Ошентип бул ат таралган.

***

Тарыхта аты катталган,

Кылжыр деген ата бар,

Ми? жылдары айтылган,

Мындай баатыр кайда бар.

К?н суук болуп, айлана бозомук тартат. Улуу тоонун башына боз булут уюп т?н?к алды. Бобереги к?р?нг?н т?з??д?р анан тээ береги д??с??л?р бир кезде жашыл эле эми ?м?р к?з? келип, бозомук ??г? айланды. Куштар да, адамдар да «к?з келди, к?з келди» деп айтып жатат. Куштар турак издеп алыскы жактарга шашылат. Шаркырап аккан суунун ?ст? муз болот бирок анын астындагы суу ?з?н?н ?м?р жолун улап, шылдырт чачып агып жатат. Мындан какшып калбай «?м?р ?лб?йт, ?м?р ?лб?йт» деген кабар келет. Тоо жактан шамал согуп, бозоргон булуттар кайсы бир жакка айдалат. К?н ачык болгондо ?р??н суук тартат. Ал эми б?рк?лг?н кезде жерде жылуулуктун илеби топтолот. Тээ береги имерилиш т?з?? ылымта жерде Тагай бийдин кыштоосу. Кой жаныбар кыштоодо жайылып, ?з турагына кайтып келет. Ал эми жылкы жаныбардыкы такыр башкача, ушул кабала?дуу учурда анын жоосу ?т? к?п. Алар билинбей т?н жамына келип, малды айдай качып, таптырбай кетет. Ээси карайлап таппай калат. Анан дагы кашаба? бар эмеспи, ал ит болуп билинбей эркелеп келип, курч тиштерин хылкынын кекиртекке матырып жара тартат. Жарадар мал бутун ара? солбуп айкарасынан жыгылып, тыбырчалап жан берет. Топ-топ болуп ?йг?шк?н кашабалар туш-туштан тиш салып, майкандап киришет. Анан жору, каргалардын тоюу башталып, бат эле кан-жининен ?йд? жеп жылан сыйпагансып жок болушат. Кышында жылкы жаныбар кар тээп оттойт. Аяз суук к?нд?рд? ылымта т?з?п бир-бирине ыктоолойт. Эч нерсе к?р?нб?й бороон башталса, ал кезде жылкы тоо капталына шамалы жок жерге ыктоолойт. Бобу к?т?р?п жаткан жылкы Тагай бийдин жылкылары.

Тээ береги Кара тоонун этегинде шамалы жок ыктоо аймак Тагай бийдин кыштоосу. Анын аялы Берметтин боюнда болуп т?р??р маалы жакындап калганбы т?н боюу уйку баласын к?рб?й кыйналып чыкты.

Кылжыр ата т?р?л??рд? Тагай бий бир кызык т?ш к?р?т. Т?ш?нд? к?л?к акбоз атын минип, тоо аралап капталдай кетип бараткан экен. Бийик ашуудан ашып алды жагын караса, к?з жеткис чо? ?р??н ачылат. ?р??н э? кооз карап эле тургу? келет. ?р??н аркылуу ээ-жаа бербей эки дайра алкына агып жатат. Дайралардын киргени же агып жатканы билинбейт, к?рг?чт?й токтобой агып эле жатат. Дайранын башында чо? таштын ?ст?нд? Чо? жолборс ?р??нд? карап жатат. Асмандан сандаган б?рк?тт?р айланып ж?р?т. Алардын с?р?н?н жердеги жаныбарлар жазганып коркот. Бий ушул т?ш?н бир карыяга айтты. Карыя бийдин э? жакын ысык к?рг?н курдашы эле:

– Кокуй, бул т?шт? эч кимге айтпа, к?з тийет,– деди чочуй. Буюрса бул т?р?л??ч? бала? ж?н тегин бала болбойт экен. Суу ?лб?с т?б?л?к жоголбоочу элес. Буюрса ал уулу?дан жер бетине эки уруу эл тараар, агып жаткан дайрадай болуп, ал эми асманда учуп ж?рг?н б?рк?тт?рд?й кыраан уулдар ошол элден чыгаар. Бий т?ш?н эч кимге такыр айтпады, т?шт?н урматына акбоз бээ чалып, элге тамак берди. Ал эми т?шт? жоруган жанагы карыяга акбоз к?л?к жана ?ст?н? тон жапты. Ошол иш ошол болду.

Жылкычылар жылкы кайтарган суук к?з к?нд?р ?т?п жатты. Тагай бийдин ?й б?л?с?нд? кандайдыр бир нерсе болчудай болуп турду. Бий да бул к?нд?р? ошол болуучу ишти жакшылыкка жоруп, жаратканга, арбактарга жалынып, «Деги ишим жакшылыкка жорулса экен», деп ?т? ойлуу ж?рд?. Бермет эненин т?р??р к?н? жакындап кирип келди. ?йг? колу эмсек ?ч кемпир келип эненин т?р?т?н? кам к?р? баштады. Эне байкуш мурун эки бала т?р?д? эле анда мынча кыйналган эмес. Ал ичинен « Каапыр бул бала менин башымы жейт го» деп шект?? ойлорду ойлонуп жатты. Ошол бала т?р?л??рд? бир апта к?н к?р?нб?й айлана алай-д?л?й болуп, кар аралаш жаан жаап турду. Адамдар та? калып. «Бул эмне балакет болгон жатат» деп т?кш?м?л тартышты.

Акыры ?ч кемпир алышып жатып, энени та? маалында эптеп жатып т?р?тт?. Кудай буйруп т?р?лг?н бала эркек экен. Баланын ?н? тай чабым жерге угулуп турду. Аны уккан карыялар «Бул бала тегин бала болбойт, келечекте ата журтту коргогон мекенге чеп болгон бала т?р?лг?н экен»– деп жорушту.

***

Тагай бий ислам динин ыйык дин катары баалаган. Ошондой эле байыркы бабаларынын санжырасын билген айк?л кепкор адам эле. Басса-турса ыйык санжырадан башкаларга кеп сала берген пенде болгон. Ал кыргыздын кырк уруусун бириктирип, эз??ч? Моголдорго каршы к?ч топтоп аларды мекенден алыс с?р?п салгысы келген. Анын негизги баа жеткис оюу ушул болгон. Ал жа?ы т?р?лг?н баласына ат коюуну самады. Тагай бий Манас чыгармасын т?п нускасына жакшы билген адам эмеспи. Улуу касиетт?? Манас баатырдын э? жакшы жакын к?рг?н адамы Элтабар болгон, ошонун элди коргоор Сарбагыш деген уулу бар экен. Ата т?р?лг?н баланын атын Сарбагыш койгусу келген.

Балага ат коюучу карыя сурады:

– Тагай уулум баланын атын эмне деп атайлы?
<< 1 ... 17 18 19 20 21 22 23 24 25 ... 64 >>
На страницу:
21 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров