Ошол бойдон тагдырына таарынган бала ?йг? кайтпай, шаардын четиндеги чабылган ч?пт?н арасына кирип т?н?п ?й?н? эртеси келди.
Зулайка:
– Уулум кайда ж?рд?? сени издеп барбаган жерим, сурабаган кишим калбады, санаам санга б?л?н?п капага баттым. Чо?ойгондо мени кууратат экенси? го!?
– Досторум менен ойноп алардын ?й?н? т?н?п калдым.
Бала кеч??г??к? окуяны айтып энесинин к???л?н иренжиткиси келген жок. Бирок кыраакы эне кандайдыр бир о?тойсуз иштин жайын билип турду. Ошол окуя ошол болду.
К?нд?рд?н биринде т?ш ченде Зулайка колуна баштык кармап, базарга бараткан. Сокмо дубалдын артында кандайдыр ?нд?р чыкты:
– Сен кыргызсы?.
– Сени ата? таштап кеткен.
– Кет тоо?о кой кайтар биякта эмне ж?р?с??.
– Биз сени оюнга кошпойбуз, ата? ордодо туткунда болгон. Аны Саид хан керек болсо ?лт?р?п салат. Ушуларды мага энем айтып берген.
Аял акырын дубалдан башын чыгарып караса, Карачоро бир жакта майда балдар бир тарапта болуп айтышып жаткан экен.
– Кет кыргызы?а.
– Бул жерде эмне ж?р?с??.
Майда балдар Карачорого таш ыргытты эле, ал чуркап барып, бир баланы муштаса, тиги жыгылып ыйлап калды.
– Атама айтам кет кыргызы?а, ?з жери?е!
Зулайка каардана кыйкырды:
– Ай, балдар чатагы?арды токтоткула, бул эмне?ер!
– Бала? ?з? тийишип жатат.
Аял ачууланып:
– Менин балама жаман с?з айтпагыла!
Балдар чогулуп алып ары чуркап кетишти.
Карачоро катуу ыза болгон окшойт ?пк?с?-?пк?с?н? батпай солуктап ыйлап энесин кучактап калды. Эк?? ээрчише базарга барып, эне балага ар т?рк?н сонун буюмдарды сатып берди. Алар к?п жерди кыдырып кайра ?й?н? кайтып келишти. Баланын к???л?нд? бир кара так турганын эне туйду. Ал ?й?н?н мейиз жеп, анан уктап калды. Анан к?пт? барып ойгонуп, к???л? дале бейтап болуп турду. Энеси да андан бетер бушайман болду. Аял ойлонду. «Бул бала ичинен тынма экен. Мени менен мамиле т?з?б? же к?к беттенип ойлогон оюун бербейби?»
– Карачоро эмне болду балдар менен урушту?бу?
– Уруштум алар биригип мага каршы чыгып жатат.
– Алар менен элдеш.
– Баары бириксе да мага алдары жетпейт.
«Бул атасын тарткан ?ж?р неме болот го, мени бакпай атасын издеп кетеер бекен» деп санаага батты.
Зулайка:
– Балдар менен эмнеге урушту??
– Аларды мен сабадым, энеке айтчы менин атам кайда?
– Сенин ата? Калимжан.
– Жок ал менин бакма атам, менин атам кыргыз экен, ал эл кайда?
– Алар алыс ыраак жерде.
– Биз жете алабызбы?
– Ат минген киши бир жарым айда же андан к?п учурда жетет экен. Аякта тоолор, шаркырап аккан дарыялар, суулар, к?л? бар экен анда алтын балык с?з?п ж?р?т имиш.
Эне жумуш менен сыртка чыгып кетип калды. Ошондон кийин бала ?з?н?н ата теги ж?н?нд? к?п нерсени энесинен сурап билип алды. Дагы бир к?н? мындай окуя болду. Бала Калимжанга караштуу болуп ж?рб?д? беле. Бир к?н? Карачоро оюн менен алаксып ж?р?п, дарбазанын эшигин ачык таштайт. ?йд?н эки кой чыгып кетип дарексиз жоголот. ?йд?н чо? чатак чыгып, каарданган Калимжан баланы «Конушу?а кет сенин ата? Тагай бий» дейт. Бала ыйлап эки к?н боюу оордунан турбай жатат. Таякеси кечирим сурап жалынат бала ага да болбой коёт. Акыры Калимжан жини келип:
– Ата?а кетсе? кете бер,-дейт.
К???л? суган Карачоро энесин кыйнап:
– Атам ж?н?нд? дагы айтып берчи, мен баарын билип алайын,– дейт.
Ошондо Зулайканын к???л? ч?г??к? тартып баардык болгон окуяны кенен кылып айтып берет. Атасы таштап кеткен баягы ч?п?р?кт? алып чыгып:
– Уулум бобу ч?п?р?кт? ата? берип кеткен нерсе бар, бул к?м?ш бычак, анан бобул болот ?г?? сен ушуларды алып ата?а сапар тарса? болот. Бул буюмдарды ата?а к?рс?тс?? ал ишенет. Энеси баласына Тагай бий айткан сапар баруучу жолду, жол азыгын баарын камдады. Калимжан таякеси «бир чети ?з?м баккан бала эле, жээн эл болбойт, желке тон болбойт» деп, баардык кам чомун белендеп, аны алыс сапарга узатууга даярдады. Бала жеерде атын камчыланып, алыс сапар жолго аттанды. Эне «бул ыраак жерге кантип жетет жолдо адашып кетпесе экен» деп капа болуп турду. Анан эле бир укмуш к?р?н?ш болду. Андай к?р?н?шт? эне бала биринчи жолу к?р?п жаткан эле. Анан бийик к?кт?н Ак калпакчан, акбоз ат минген карыя зор токулуу кара аргымакты жетелеп жерге конот. Кара аргымактын канаты бар сыяктуу эч убакта чарчоочу т?р? жок ??д?н?т.
Карыя:
– Балам каякка сапар алды??
– Атам Тагай бий эле ошону издеп сапар жолго чыктым.
– Ата? каякта ошону билеси?би?
– Билем ал алыскы Те?ир Тоодо мен ошого барышым керек. Ата тегимди ким экенимди билишим керек.
– Сен ошол жакка алдагы начар атты минип качан жетеси?, бобу кара аргымакты мин мен ата?дын жана кыргыздын колдоочусумун сага жолдон к?з салып ж?р?п отурам. Балага т?р?лг?нд? бир касиетт? нерсе ыйгарыш керек эле сага эч нерсе ыйгарылбай калган ошол ?ч?н сага бобу кара аргымакты жаратканым ыйгарып турат. Бул кара аргымак сен т?р?лг?нд? сени менен кошо т?р?лг?н. Же сени колдоп ж?р??ч? шыбага? ырыскы? болот.
Бала атага:
– Мага жардам бергени?из ?ч?н ырахмат ата,-деди.
Акбоз минген карыя к?зд?н кайым болуп жоголду.