К?п ?тп?й тээ алыстан ?л- б?л эткен караан к?р?нд?. Эки атчан катуу чаап келатат. Алардын артында эки ат чегилген трашманке зымырай закымдап келатат. Эки атчан бат эле жете келди. Алар кыргыз экен. Кебетеси оёзнойдо жасоолдор шекилденет. Тачанкада ко?гуроо шы?гырап, э? эле салтанаттуу келатат. Баардыгы ошол жакты карап кандайдыр бир жаман сезимге чулганып турду. Тачанканын алдында бир жасоол жол боюнда турган адамдарды камчы менен май куйрукка чаап: -Жолдон ары кет, оёзной шашып келатат,-деп кыйкырат.
Элдин баары тачанканы анын алдында келаткан жасоолду та? кала карашты. Тачанканын алдында эки-?ч жигит аты менен аны ээрчип чаап баратат.
Ошол кезде бир жигит бир нерсени байкабай аты менен жолго чыга калды эле алдыда келаткан жасоол жигит аны аркага камчысы менен чаап:
– Жолдон четте, жолго турба,-деп кыйкырды.
Корккон жигит аты менен жол четине карай качты.
Бир кары адам:
– Оо, кокуй ушундай да болобу,-деп кыйкырынды.
– Кара?г?н булардын к?зд?р? эле оолжуп жыбылжыйт мас немелер го.
– Тачанкада катынпоз, сыйды жакшы к?рг?н паракор ачендик кетип баратат.
– Анын капталында бир нерсе салпактап кетип баратат тапанчасы окшойт.
– Ата?ын к?р? булардын к?ч? ошол капталында салпактаган тапанчада тура.
– Ооба чо? ачендиктердин к?ч? ошол тапанчада. Керек болсо анысы менен атып салышат. Орустарга таянып, кем акыл Чо?боку тырактап жаман к?пт? го дайыма ж?рг?н жеринде б?л?к салып, бир балакетти баштаганы баштаган.
Элдин баары ушул жаман жагымсыз к?р?н?шт? к?р?п ж?р?кт?р? ?ш?п калды. Элге орустар ж?рг?н жерде бир жаман окуя болчудай сезилип кады. Тачанкадагылар узап кетип, алардын артында уюулгуган ча? калды. Ошол топтун арасында б?рк ал десе баш алган Чо?боку сырактап кетип баратат. Тачанка сууну кечип, бурула берип, чо? боз ?йл?рд?н жанына келип токтоду. Меймандарды, билермандар, аксакалдар тосуп алды. Тачанкада оёзной Токарев, анын жардамчысы Михалков, жана тилмеч Нигматуллин, ошону менен аларда иштеген Тилекматтын уулу котормочу Чыныбай келди. Айыл аксакалдары меймандарды кол созуп тосуп алышты. Меймандарга тамак аш к?н мурун даярдалып коюулган. ?ст?лд?н ?ст?нд? эмне деген гана тамак аштар жок. Жылкынын чучугу, казы, карта, койдун куйкаланган эттери, боор, куйрук, май жайнаган жер-жемиштер. Меймандар жай алып, ачка кагансып, тамак аштарды апылдатып жей башташты. Тамак жеп жатып ичкиликти кылкылдата жутуп жатышты. Токарев жылкынын чучугун б?т?нд?й кармап ырахаттана жей баштады ал аракты к?п ичкендиктен с?зд?р? билинбей былдырттап чыкты:
– Ой, конный чочок как вкусный. Жанындагылар чучукту чочок деп айтканына к?л?п калышты.
Нигматуллин
– Василий Акенович это не чочок а чучук.
Токарев о? колу менен чучукту соройто к?т?р?п:
– Это не чучук настоящий чочок, большой чочок, это конный сала -деп айтты ырсалактай к?л?п. Беркилер ого бетер ыкшып к?л?п жатып, этти да аракты да калтырбай аймап жатышты
Анан Токарев, Михалков, Нигматуллин, Чыныбай т?рт?? кумар ойноп киришти. Кумар ойну к???лс?з болуп кетти окшойт бир кезде оюундарын токтотушту. Мас болгон адамдар айылдан кичине ары барып, таш моло коюп мылтыктары менен ата башташты. Орустар аябай кызуу болуп калышкан. Михалков Чо?бокунун артына мине калып, Ну…ну.. ат кылып темине баштады. Чо?боку кызарып, татарып, Михалковду к?л?к ат болуп к?т?р?п ж?рд?. Буларды к?р?п адамдар боору эзилгенче жыргап к?л?п жатышты. Бир кезде оёзнойдун башына бир сезим келдиби, боз ?йд?н ?ст?н?н чыккан т?т?нд? к?р? калып, ошону атам деп оолукту. Дагы кимди атып салат,– деп Чыныбай коркуп кетти. Токаревдин мылтыгын талаага буруп:
– Тетиги аркандалган эшекти ат,– деди. Оёзной эшекти к?р?п кубанып:
Мас адам тантыр-мунтур с?з с?йл?п:
– Ой, горный архар, надо стрелят,– аны к?пк? мээлеп атып калды. Ок анын ?ст?н?н кайып кетти. Эшек такай менен ?рк?п ары качты, бирок арканы аны такыр коё бербеди. Токарев качкан эшекти к?р?п аябай боору эзиле к?лд?. Чыныбай мылтыкты алам деди эле мас адам мылтыкка жулунуп атам деп чыр чыгара баштады. Мас адам мээлеп туруп эшекти атты эле ок такайга тийип жыгылып тыбырап жатып калды. Токарев кубанып:
– Я горный архар стрелял,-деп мастыгы менен дагы к?п нерсени кобуранып жатты. Анын мылтыгын Чыныбай алып боз ?йд? карай басты.
Такайынын ?лг?н?н к?р?п боз ?йд?н бир бала чуркап калды эле, энеси аны кууп жетип кармады. Бала ыйлап эшекке барам деп жулунат.
Энеси элге угузбай:
– Кокуй оёзной атып салат, ал желмогуз, мокочо сени Чо?бокуга берем, анын ажыдаардай тиши бар сени чайнап жеп салат,эне баласын коркутуп ыйлаганын басты.
Т?н ичинде энелер балдарын Чо?боку алып кетет,– деп коркутчу.
Чыныбай оёзнойлорду ээрчитип боз ?йг? алып баратат. Токарев:
– Мне женшина надо я хочу гулай…– ал акыркы с?з?н такыр айта албай калды. Мас адамдын с?з? сандырактап ар кандай чыгып жатты. Бир жагынан Чо?боку мас болуп жанындагылардын тынчын алат. Бирок бул жерде андан ашкан баатыр жок. Ал орустарга таянып, кыргыздарга кылбаганды кылып ж?р?т. Ошол ?ч?н Чо?боку деген атка эл кондурган чынында анын чыныгы атын эч ким билбейт. Ж?н?к?й эл аны «Эшекбоку» деп атап алышкан. Бийлик дегенде ал бир тууганын саткандан да кайра тартпайт. Ал бир топ ичкен окшойт тамак менен ичкиликке тойгондон кийин анын к?з?н? ойноктоп аялдар келе баштады:
Ой, сулуу кыз, сулуу кыз,
Кагылайын нурдуу кыз.
Алтын к?зг? жалынып,
Ашык болдум мен сага.
Эрмек болуп ыр ырдап,
Дайым ж?рч? жанымда.
Т?ш?к салып берейин,
Жата калчы жаныма.
Чыныбайдын жини келип:
– Таламандын тал т?ш?нд? сага кайдагы катын. Кайсы кыргыз сага аялын бере коёт. Мен силер деп ж?р?п атамын атын булгап элге-журтка жек к?р?нд? болуп баратам.
Чыныбай орустарды ичинен с?г?п жатты. Ал орусту жетелеп келатты. Семиз мас неме баспай келжектейт. Ал адам ?з?нч? эле с?йл?п келжектейт. Аны эптеп боз ?йд? ичине жетелеп келип отургузуп, казы картадан сугунтту, таза абага чыгып алкы ачылып калган окшойт, анан аракты удама-удаа ичирди. Бир кезде ал ?з?н кармай албай кулады. Эт менен аракка тойгон пенде ко?урукту кош тартып уйкуга кирди. Буларды арак менен этке тойгузуп, анан Чыныбай элге келди.
– Амансы?арбы эл журт жакшы турасы?арбы?
– Аманчылык акылман Тилекматтын уулу журту? менен учурашканы келди?би,-деди карыялар.
– Оёзной уктап жатабы?
– Ооба уктап жатат Чо?боку да уктап жатат.
–Чыныбай уулубуз булар эмнеге келишиптир.
Чыныбай калпагын алып, чекесиндеги терин ж?з аарчысы менен аарчып, ак чалып келаткан мурутун колу менен сылап койду. Бул пендени эл??д?н ?т?п калган адам деп атоого болот. Семиздигинен с?йл?г?н сайын демигип турду. Ал с?зг? ?тт? турган эл эмне деер экен деп аны жалдырай карап турушту.
– Келген себебим бобереги оёзнойдун кишиси Токарев экенин билеси?ер ал Верныйдагы чо? генерал губернатордун иниси бул киши ичсе ичкендей ичет, с?йл?с? с?йл?г?нд?й с?йл?йт. Анын жанында орус киши Михалков тилмеч Нигматуллин жана эки кыргыз биз келдик. Орус жетекчилеринин айтканы боюнча к?лд?н айланасына айрыкча чагыш ушул биз турган жакта эл толуп кетиптир. Жана тээ Россиянын борбору жактан бул жакка орустар к?ч?п келет экен. Анткени биз орустардын карамагына кошулдук аны билеси?ер да. Ошол ?ч?н бул жердеги кыргыздарды Нарын тарапка Ат Башы, Ак Талаа жана бош жаткан жерлерге к?ч?рг?л? деп жатат. Кыскасы 1000 т?т?нд?н бир болуштук т?з?лм?й болду. К?л башындагы к?п бугулар ошол жакка к?чм?й болушту. Анан дагы бул кара топурактуу жерге орус кристияндары келет имиш.
– Ал кимдин буйругу экен,-деп бир абышка кайрылды.
– Бул жарым паша Иванов менен Колпаковский мырзалардын буйругу окшойт. Тил албагандар буйрук, курал жарактуу солдаттардын жардамы менен к?ч?р?л?т.
Эл арасынан с?зд?р чыкты: