Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 46 47 48 49 50 51 52 53 54 ... 64 >>
На страницу:
50 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Кичи Жергес, Чо? Жергес,

К?з алдыман т?к кетпес.

Айды?данып эске келет,

Анда ?тк?н ми? элес.

Дартымы менин козгойсу?,

?ск?н жерди ойлойсу?.

Элес си?ип жаштыкка,

Эсимен кетпейт окшойсу?.

Беккулу атанын тукумдары Жергес жерине келип, ?зд?р? ?ск?н жерин к?п?л?к кууган айды?дарын к?р?п кетип турушту. Бирок ал тарапка барууга такыр болбой калган. Эми Жети-?г?з жеринен жер б?лд?р?п алабы. Жок Саруу уруусунун адамдары жана башка уруулар менен мамиле т?з? албай жатышты. Кийинки учурда бул жердин байы Байтейит Беккулу атанын тукумдарына ж?з ?й?рб?й койду. Ошол жердин байлары менен каршылык к?ч?й берди.

Койсойбос:

– Бу биздин жолубуз болбойт го.

Балбак:

– Ата?ын к?р? д?йн? баягы биздин Жергес жерибиз кайда?

Алар ?зд?р?н жаман сезип жылдыздары жерге т?ш?п турду. Ата бабабыз ?ск?н ошондой ыйык жерди кайдан табабыз.

***

К?п жылдык отоо ч?п сары кычан талаага жыш ?ст?. Г?л? майда ак канат кылкан сыяктуу сары баш ?с?мд?кт?р жол жээктеринде, ачык жерлеринде жыш ?с?т. Боз булуттар тоонун башын карай ашыга ж?н?ш?т. К?нд?н жылышы менен келгиндер эрте келип, курт-кумурскалар, жыландар ийнинен эрте эле чыгып, ары-бери сойлоп ?з азыгын издеп ж?р?т. Тээ берегиде ?ч кыраан учуп ж?р?т. Эк?? чо?, бир?? кичинекей. Ата-эне б?рк?т ?з?н?н балапанын а?чылыкка ?йр?т?п ж?рг?н шекилденет.

Ошол к?нд?рд?н биринде Беккулу атанын тукумдары жер чалып, конуш издеп, келиш ?ч?н иш билги Баястандын уулу Т?м?нбай, Балбактын уулу Абадан алыс сапарга аттанмай болушту. Т?м?нбай узун бойлуу чымыр булчу?дуу, кыл мурут койгон алдуу, к?чт?? улан эле. Абадан да ошондой зор денел?? ар бир нерсени баамдап чечкен акылы жетик жигит болчу. Узак сапар жолдо алар ийдиш аягын, башкалардан сактаныш ?ч?н курал жарагын алып, эки бир тууган чо? сапарга аттанды. Тааныш эмес жолго ?зд?р?н? турак издеп чыгыш о?ойбу. Кимдир бир?? кара?гыда союл менен жонго чаап, атын тартып алса ?з?н карышкыр ?тп?с кайчы жолго, т?лк? ?тп?с т?н?к жолго таштап салса, булардын к?н? эмне болот? Бала чакасы туулган туушканы бар эмеспи. Туугандары менен коштошуп эки атчан сербейип кетип баратты. Т?м?нбайдын мингени Чаар айгырдын тукуму Карак?л?к орточо семиздикте, чуркаганда о?ой менен атка жеткире койбос. Теминип койгондо омуроосу менен душмандын атын коюп кетмейи бар. Жакшы багылгандыктан куйрук, жалы, ж?н? к?нг? нурдана жылтылдап, адамдын к?з?н? т?шч? жаныбар. Абадандын мингени Адылдын уулу Томпойдун жеерде аты. Бул менменсинген ?к?м жылкы тукумунан чыккан. Балбак менен Адыл уулу башынан жылкы жаныбарына жакын, кандай чобур ат болсо да таптап отуруп, к?л?к кылып алмай адаты бар. Алар:

– Ат адамдын канаты,– деп к?п айтышат.

Т?м?нбай менен Абадан ат ?ст?нд? желе жорто сапар тартып келатышат. Алар к?п жерди к?р?п, кайсы жерге Беккулу атанын тукумдарын к?ч?р?п кел??г? боло тургандыгын ойлонуп келатышты. Алардын сапары То?, Котмалды, Нарын, Ат-Башы, Ак Талаага жетип кайра кайтмак. Жолочулар ж?н ишти аркалап бараткан жери жок, ушул чачкын учурунда Беккулунун тукумдарын бир жерге жыйнап чогултуп отургузуу ?ч?н баратат. Т?б?л?к конуш турак жай издеп кетип баратат. К?н эрте? менен чыгыштан чыгып, батышка батат. Жолочулар тынбай кетип баратат. Алар бош жерди издеп, жер о?утун издеп кетип баратат. Жакшы ылайыктуу жер болсо, малы жайылып, ?з?н суусу жакын болуп, эл кыйналбагандай болуп, жер сугарып, эгин айдаса, короосуна кайы? –тал ?ст?рс?. Жолочулар кечинде бир жерге т?н?п, к?н уясына батып кетет. Эртеси кайра к?н уясынан чыкканда жолун улантат, жолочулар да жолдо кетип бараткан болот. К?н да, адамдар да ?з?нч? кетип бараткан жолочулар. Ж?рг?нч?л?р ж?р?п отуруп, То? жерине келишти. Бул жерге келген Кыдык атанын тукумдары бар экен. Алар менен а?гемелешип, ж?зд?ш?п, андан ары жолун улантышты. Алар бат эле Котмалдыга Арык туугандарына жете келип, Байболот менен таанышты.

– Ой, Т?р?кочкордун тукуму кайда жол тартып?

– Кайда бармак элем Чыныбай жана оёзной Итбоку Ак Суудан кет,– дейт. Жа?ы конуш издеп жер чалып баратабыз. Кайсы жерден ылыйыктуу конуш табылат ал кудайдын бир барманы келечегибиз эмнегендир б?д?м?кт?н?т.

Байболоттун казан аягы кенен сыйчыл киши экен. Эки жолочуну кондуруп, эртеси аларды аттандырды. Эртеси эк?? берешен кишиге ырахматын айтып, сапар жолго чыгышты. Турак издеп эки жлочу кетип баратат. Сапар тартып ыйык к?н дагы сапарын улантып кетип баратат. Баардыгы те? ?з жолун улантышат. Эгер сапар токтоп калса, анда жашоо токтоп калмак.

Эк?? Кочкордон ?т? бергенде, д?б?н?н артында эки атчан пайда болду. Эки жолочунун к?з?н? эки атчан кандайдыр шект?? туюлду. Эки жолочу те? алдуу к?чт?? экен. Т?м?нбай эк??н карап, булардын колунан эч бир жакшылык келбей турганын сезишти. Алардын к?зд?р? Т?м?нбай менен Абадандын аттарына т?ш?п турду. Биздин жолочулар булардын талаа жеринин каракчысы экенин сезишти. Булардын колуна т?шк?н адам талаа жеринде таланып ж?? калаарын сезишти. Т?м?нбай дагы Абадан дагы узун бойлуу тарамыштуу, о?ой менен башкаларга моюун берип же?дирип ийч? адамдардан эмес. Т?м?нбай куржундагы шылк этмесин алып, ?т?г?н?н кончуна салды. Куржунда таягы, а т?г?л кичинекей кылычы, жаасы да бар эле. Т?м?нбай Абаданга:

– Даярданалы шект?? немелер окшойт, атты б?т баардыгын алдырып, ай талаада ?л?б?з жалгыз калабыз. Булар бизди аёчу т?рл?р? жок.

Эки атчан эки жолочу жакка карай жакындады. Биздин адамдар эки жолочуга салам айтты. Бир?? Т?м?нбайдын колдон алып, аттан оодара тартууга аракет кылды. Ошондо Т?м?нбай аны колго муштап жиберип тездик менен кончундагы шылк этмени алып башка катуу чапты. Ал аттан кулап жерге сулады. Экинчи каракчы Абадан менен алышып жаткан экен. Аны капталынан келип, Т?м?нбай карууга катуу уруп калды. Атчан алы кетип ат ?ст?нд? шалдайып калды, Т?м?нбай шылк этмеси менен моюунга берип калды. Каракчы аттан кулап боз топурактын ?ст?нд? жатып калды. Эки каракчы те? алы кетип боз топурактын ?ст?нд? жатат. Биздин жолочулар эки аттын чылбыр, октосун т?й?п башына байлап, из жашырып тескери жакка к?н батышка карай « чу» коюушту. Ошентип биздин жолочулар ары сапар жолун улантышты. Т?м?нбай да, Абадан да чыныгы баатырлардан эле алар к?р?шк? жана башка мелдештерге катышып денелерин аябай чы?ап алган баатырлар болчу. Кетип бара жатканда каракчылар кыйкырышты:

– Таштагыла аттарды, ай талаада ж?? калабыз.

– Туугандар аттарды таштап кеткиле!

– Иттик бизден кетти.

Бирок биздин жолочулар аттарын катуу желдире к?зд?н кайым болуп жоголушту. Эк?? эчен белди, эчен д?б?н? аралап жол келет. Андан бери ?ч-т?рт к?н ?т?п кетти окшойт. Береги д?б?н?н этегинде кичинекей боз ?й жана жалгыз алачык турат. Алачыктан бериде таруу эгилген жер. Андан ары арпа, буудай ыргалып ?с?п турат. Быйыл жаанчыл болуп ?с?мд?кт?р жакшы ?ск?н экен. Чо? таштан ары шылдырап к?? алып назик булак агып жатат. Анын жээгинде б?р? карагат, жапан тал ыргалат. Тээ арыда созулуп саз жатат. Асманда ары-бери тынч албай учкан карлыгачтар. Алардын жашоосун жаратканым абадан жазап коюуптур, ошол ?ч?н алар азыгын издеп тынымсыз абада сызып калган. Жакын эле жерде к?к?к кушунун сайраган ?н? жа?ырат. Ал бир к??н? кечке эле кайталай берет. Бирок адам баласы анын ?н?н эмне ?ч?н кайра-кайра уккусу келет. Алар бат эле ошол кичинекей боз ?йг? жете келишти. Жолочуларга даакысы жа?ы т?шк?н боз тайган ?р?п каршы чыкты боз ?йд?н бир бала чыгып, тайганды чакырып аны жибине байлады. Анын артынан орто курактан ?т?п калган кара жоолук салынып бир аял чыкты. Жолочулар айымга салам айтышты. Алар ж?н жай отурп учурашты.

– Бар болгуну? айым!

– ?з??зд?р да бар болу?уздар.

– Бул кимдин ?й?й?

– Бул кешиги жок Калдайдын ?й?.

Жолочулар бул с?зд? укканда о?тойсуз абалда калышты.

– Т?шк?л? т?ш?п даам татып кеткиле.

Аял баласына кайрылды:

– Санжы абалары?ын атын ал.

Бала жолочулардын атын мамыга байлады. Алар кичинекей боз ?йг? киришти.

Аял кыргыз расмиси боюнча кошок кошту. Ал бир топко кошок кошту. Жолочулар эмне кылмак эле бир топко т?н?р?п отурушту.

– Касиетт?? айым кудайдын буйругу экен кайрат кылы?ыз.

– Кайрат калбаса? болбойт.

– Жаратканым ага ушунча ?м?р берген тура ага каниет кыбаса? болбойт.

Айым оордунан туруп келген конокторго чай берди.

Бул ?йд? ээси Калдай деген жатакчы экен. Эки жылдан бери ооруп ж?р?п, чукулда каза болгон экен. Бир кара уюу, он коюунан башка малы жок. Кыркылыгына мал соёлу десе эч нерсе табылбай жатыптыр. Дасторкон ?ст?нд? Т?м?нбай арбакка куран окуп бата кылды. Алар к?пк? с?йл?шт?. Эки жолочу арбакка багыштап, бир атты союп, куран окутуп кетмей болду. Эк?? те? жылкы сойгонго камбыл эле, бат эле союп б?т?шт?. ?й ээси аябай ыраазы болуп:

– Абалар силерге ырахмат, байкуш к?й??м?н ?лг?н?н? мына эрте? кырк к?н болот. Колдо болбогондон кийин жарытылуу эч нерсе соё алган жокпуз, эми анча-мынча туугандарды чакырып бата алалы. Абалар шашпай арбакка куран окуп, эт жеп кеткиле!

– Жок кыгылайын карындашым, биз алыс сапар баратабыз, шашып баратабыз.

– Т?м?нбай, Абадан байке силерге ырахмат, силер кайсы уруудан болосу?ар?

– Бугу уруусунанбыз, Жети ?г?зд? турабыз, карындашым жакшы кал! Балким кайтып келе жатканда сага келе кетеербиз.

– Келе кеткиле абалар, каалаган тилеги?ерге жеткиле,-деп кара жоолук салынган аял жолоочуларды жалооруй карап узатты.

Жалгыз атты жетелеп эки жолочу келатты. Алар к?п жерди кыдырды, эч бир жерде отурууга ылайыктуу жер жок экен. Алар т?б?л?к орун алуучу жердин шартын абайлап карап келатышты. Бир жеринде суу жок, суу болсо кыштакка ылайыктуу жери жок. Ошонун баарын байкап келатышты. Кээ бир жер кыштакка ылайыктуу жер экен, ал жердин билермандары аларды кондурганга макулдук бербейт. Алар бирде ар кайсы ?йл?рг? консо, бирде адамдарды кыйнабай, ай талаада жылдыздуу т?нд?н алдында конуп келатышты. Жашынан эк?? те? жаа тартканга ылайыктуу болгон жолдон ар т?рд?? канаттууларды атып алып куйкалап жеп сапар тартып келатышты.
<< 1 ... 46 47 48 49 50 51 52 53 54 ... 64 >>
На страницу:
50 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров