Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 45 46 47 48 49 50 51 52 53 ... 64 >>
На страницу:
49 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

М?н?шк?р карыя шибеге, к?г?н алып б?рк?тт?н томогосун жамап отурган экен. ?йд? ат алчу бала жок экен эк?? аттан т?ш?п чылбырды казыкбош чалып мамыга байлап, карыяга сылыктык менен салам беришти.

Келгендер боз ?йг? киришип чай ичишип, ар кайсы к?р?н?шт?, аба ырайын, элдеги окуяларды с?йл?ш?п отурушту.

Бир кезде Карач:

– Солтонкелди аба балдар, кыздар чо?оюп колубуз узарып келатат го.

– Ал жагы жакшы кудайым ушулардын жаманчылыгын эле к?рс?тп?с? болду.

С?зг? Жаамбай жатакчы аралаша баштады:

– Аба тамакты даамдуу кылган туз, алысты жакын кылган кыз,– дейт.

– Касиетт?? аба сиздин Шак?л деген ай чырайлуу кызы?ыз бар экен ошону биз б?л? кылып алалы дедик эле,– деди Карач жайдары кубана тигил кишинин к???л?н алып.

– Аны эми ?зд?р? билсин эки баланы жолуктуруп к?р?л? мамилеси келсе, ?йл?нс?н к?й??г? бербей мен аны жигит кылып алмак белем. Атанын оюу кызым бактылуу болсо эле,– дейт да.

Булар бир четинен с?з бектип, экинчи четинен балдардын каалосуна коюушту. Ошол иш ошол болуп, андан башкача болгон жок.

Эртеси Карач атанын аялы Т?р?келдини ээрчитип алып, Солтонкелдинин ?й?н? келди. Кан куда Карач атанын аялынын жакын тайлары экен. Алар туугандык жол менен жакшы а?гемелешти. Кыз дагы Т?р?келдини жактырып калды, эми калы?ы ?ч?н Карач кудага мал айдатып, анан бара-бара алыш-бериш б?т?п, кыз узатуу иши гана калмак. Убакыт жылып, он к?н ?тт?. Т?р?келдини к?й??л?т?п, кайнатасынын ?й?н? жибермей болушту. К?й?? баланын кийминин баарын жа?ылап, чакчайта кийиндирип, минген атынан ?йд? жараштырып, башына чакчырылта калпак кийгизип даярдашты. Бир гана жаман жери к?й?? бала ?т? жоош с?д? с?йл??н?н да ж?н?н билбейт. Бирдеме десе эле кой, уй, жылкы кайтарганын эле с?йл?п туруп алат андан башка с?зд?н ж?н?н билбегендиги жаман болуп жатпайбы. Ата-эне ойлонуп, буга тамаш?к?й к?й?? жолдош тапкысы келди. Антпесе Т?р?келди кызга кайындарына эмнени с?йл?п бермек, «С?зг? с?лт?к, кепке кемтик жагы билинип калбаса экен» деп эне байкуш кабатыр болуп турду. «Эптеп келин кылып алсам эк??н ?з?м тарбиялап алаармын» деп жакшы ойго термелет. Эк?? ойлонуп-ойлонуп ?туруп к?й?? жолдош да тапты. Ал Талканбайдын жакындары Шакенди табышты. Шакен ары с?з билги, ары куудул, ары тамаш?к?й, ары элди бириктирип с?йл?г?н элчилик жайы да бар эле. Т?р?келдиге энеси:

– Балам сага к?й?? жолдош табылды.

– Ал ким экен.

– Талканбайдын кайнагасы Шакен.

– Ал мени менен барып эмне кылат. Андан к?р? ?з?м эле барсам эмне болот. Мен аяктан эмне иш кылам.

Ата менен эне боору эзилип к?л?п калышты:

– Сен эмне кылмак эле?, к?й?? бала болуп созолонуп ж?р?с??.

Ата менен эне дагы к?л?шт?.

Ошентип эртеси к?й?? жана к?й?? жолдош жолго чыкты.

Алар Солтонкелдинин ?й?н? кечкурун келишти. К?й?? жолдош менен к?й??н? кичинекей боз ?йг? киргизишти. Кыз келиндер к?й?? баланы к?р?б?з деп келип жатышты. К?й?? жолдош к?з?н ирмеп шыпылдап с?йл?с? ж?н эле тилинен ча? чыгат. Ал эми к?й?? бала кыз келиндерди карап эси ооп калгансып, улам-улам эстеп оозун ачып а?ырая отурат. Ошол кыздардын арасында бир шумпай кыз бар эле:

– Жездеке, кулагы?ы бери тосчу мен жездемин кулагын кызарта чойгум келет,– деди бир шумдукту баштап.

Т?р?келди эч нерседен капарсыз башындагы калпакты ары коюуп, кызга башын тосту. Баардыгы кыраан каткы к?л?п калышты. Кыз жездесинин о? кулагын кармап чоё баштады. Ал кулакты катуу чоюп жиберди окшойт:

– Кокуй акырын чойгун, кулагым катуу ооруп жатат. Баардыгы кыраан каткы к?л?шт?. К?лб?г?н киши жок. Кыз жездесинин кулагын коё бербей дагы катуу чоё баштады.

– Ий, ооруп кетти акырын чойгун дебедим беле,-деди жезде баардыгы дагы к?л?п жатышты.

Кыз кулакты чойгонду акырындатып калат, ал кезде Т?р?келди кыйкырбай токтоп калат. Кайтадан катуулатат к?й? бала кыйкырып кирет.

Ошентип жезде менен шум кыз элдин к?з?нч? мышык-чычкан ойношту. Шаак?л к?й? баланын абалын к?р?п жылдызы жерге т?ш? баштады. Муну билген кыраакы же?е: – Кызыке эмнеге капалуусу?, к?й?? бала кол бала экен ичинде такыр арам кири жок жаш баладай экен муну ?з??? тушташтык кылып тарбиялап ал. К?й??? кызыл камчы болсо эмне кылат эле?, жаман болмок. Анын ?ст?н? кудагый атамын жакын жээни экен, ал сени эч убакта кор кылбайт. Сага ошол эле керек. Келиндин акылдуу кебин угуп, Шаак?л тынчып кайра жайдарылана баштады.

Кыздар, келиндер к?й? баланын сырын билип ошол т?н? т?н ортосунда тарашты. Эртеси болду. Эртеси ?йд? эки-?ч эле киши калды ага менен же?е бээ сааганга кетти эле ошол кезде шум Шакен дагы бир жорукту ойлоп таба койду. Ал Т?р?келдиге арыдагы илинип турган к?н?ч?кт? алдырып келип, – Кел каймак жейли, курсак ачты,– деди. Эч нерседен капары жок бала кыял Т?р?келди колу менен уучтап каймакты жеп жатты. Бир кезде Шакен –тиги бычакты алып кел,-деди да – К?н?ч?кт? оозун кесип жибер,-деди. – Ой, кокуй ээси урушпайбы,– деди. –Жок урушпайт, к?й?? бала салт боюнча ушундай кылыш керек,– деди. Эк?? кесилген к?н?ч?кт?н каймакты аябай жешип аны чыктандын т?б?н? коюуп койушту.

Же?е бээни саап келип чыгдан жакты караса эле кесилген к?н?ч?к. Жердин баары каймак. Эмне балакет болду, ит кирдиби,– деп ойлоду.

Же?е Шакенден сурады:

– Ой, к?й? жолдош к?н?ч?кт?г? каймакты жепси?ер аны кеспей эле жебейси?ерби, ошол дагы болмок беле,-деди жылмая к?л?п.

– К?й?? бала?ар ачка болуп к?н?ч?кт?г? каймакты жеп жатып, к?н?ч?кт?н колу чыкпай калганда мен ара? дегенде бычак менен к?н?ч?кт? тилип чыгардым,– дейт. Келин чочуп кетип:

– Койчу к?й?? жолдош ошол дагы болмок беле.

– Чо? киши калп айтмак беле, муну же?еке эч кимге айта к?рб? к?й? бала?ар ж?н?нд? лакап тарап кетет,-дейт куудулдана.

Шум Шакен баарын жасап коюуп билмексен болуп калат.

Ошентип к?й?? жолдош менен к?й?? кайра ?з ?й?н? кетишет.

Кыз менен жигит ?йл?н?т. Чо? той болот. Ал тойго к?п эл катышат. ?йл?нг?нд?р бактылуу ?м?р ?тк?р?т. Кыз жоош к?й??н? ?з?н? жаккандай кылып тарбиялап алат. Алар узак жыл бактылуу жашаган экен.

Бирок баягы окуя ж?н?нд? же?е элге айтып жиберет. Ошондон улам к?й?? баланы «к?н?ч?к к?й?? бала» деп аташат. «К?н?ч?к» деген ат жалпы Беккулу атанын тукумуна тарап кеткен экен. Мурун « Кара к?йн?к» деген атыбыз болсо, эми балакет болуп, ага « К?н?ч?к» деген ат жармашты да кетпей калды ошол бойдон такыр кеткен жок. Мейлм эмне десе да ошол ыйык ат бизге жармашып келе берсин. Жалпы элибиз аманчылыкта ден соолукта, журт аман-эсен эле болсо болду. Андан башка эмне демек элек. Малыбыз к?п болуп, к?н?ч?кт? каймагыбыз толо болсун биз аны кол менен эле жыргап жей беребиз. К?н?ч?кт?н колубуз чыкпай калса аны тилип туруп чыгарып алабыз.

Жесе? ширин татыган,

К?н?ч?кт? каймак бар.

Мээрим чачкан Беккулу эл,

Меймандостук жагы бар.

К?п элге эчак таанылган,

«К?н?ч?к» деген аты бар.

Ушундай ыйык заты бар.

Башка элдер биз кургурду,

«К?н?ч?к» деп чакыраар

САПАР ЖОЛ

Ошентип падышачылык Россиядагы жер реформасы ж?р?п, кыргыздар Россия империясынын карамагына кошулуп, алардын с?з?н угууга аргабыз калбай калды. Ал кезде т?нд?к кыргыздардын душманы ?т? к?п болду. Жакын эле жерде калмактар кыргыз жерин басып алып ?зд?р?н башка жакка с?р?п айдап жибер??г? аракет кыла баштады. ?з?б?зд?н туугандарыбыз казактар да тынч жатпай койду. Союл ала калып т?н ичинде жылкыны айдап кетип, «Ысык К?лд? ээлеп алабыз» деп ыдык к?рс?т?п кирди. Ал эми кытайларды айтпай эле коёлу алар «согушпай эле элибизди жайгаштырып койсок, кыргыз жери биздики болот» дешти. Т?шт?кт? ?збектер Кокон хандыгы чыкты «баардык кыргыз алык-салык т?л?с?н хан ордого сулуу кыздарын берсин» деп, ала топусун кийип чыгышты. Ошентип эки ортодо ынтымагы жок кыргыздар ары-бир, бери-бир с?р?л?п кайда бараарын, ким менен бирдикт?? болоорун билбей калды. Ошол кезде биринчи жолу кыргызда Боромбай тарап орус губернаторлугуна кайрылды: Бизди карамагы?арга кошуп алгыла, силер к?пс???р, биз силер менен бололу деген ойлорун билдиришти. Россия ?з?н?н аянтын чо?ойтуш ?ч?н аракет кылып жатты эле, бул сунушту кабыл алып, орустар к?лд?н айланасына кирип келип, ?ст?мд?г?н ж?рг?з? баштады. Анан алакандай ынтымагы жок кыргыз эмне кылмак эле.

***

Эми калган с?зд? коё туруп ?з?б?зд?н бабаларыбыздын баянына ?т?л?. Ошентип Беккулу атанын тукумдары Ак Суу жеринен с?р?л?п, Жети ?г?зг? келди. Ошол Жети ?г?зг? келгенде биздин туугандар ?зд?р? ?ск?н Чо? Жергес, Кичи Жергес жерин сагынып куса болушту. Анын ?ст?н? ал жер койнун ачып кенен аймак эмеспи. Алар чыгыш тарапты каранып, арманданып ыр чыгарышат.
<< 1 ... 45 46 47 48 49 50 51 52 53 ... 64 >>
На страницу:
49 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров