Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 41 42 43 44 45 46 47 48 49 ... 64 >>
На страницу:
45 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Алоо акбар, алоо акбар,

Алпейим дайым сактаар.

Те?ирге адам келди,

Ааламга адам келди.

Асан айтып, атын коём,

Те?ир берген затын коём.

Уул экен, уул экен,

Эли болсун т?м?н бай,

Аты болсун Т?м?нбай,

Аты Т?м?нбай, Т?м?нбай, Т?м?нбай,

Оо, жаратканым баланы колдо ай,

Оомийин,-дешти

Отурган адамдар колун жайып, жа?ы т?р?лг?н балага бата жолдошту. Андан кийин Баястан ата Кулет, Медет деген уулдары жана кыздуу болгон экен.

***

Тээ ыраакта улуу тоолор ша?каят. К?лд?н бир жагында Тескей, бир лыптасында К??г?й тоолору бой керет. Эк??н?н ортосунда к?б?к чача шарп-шурп эте толкун серпе кереметт?? Ысык К?л жайкалат. Тескей Ала Тоосунун башынан Жыргала? суусу атам-замандан бери ?з?н?н нугун кубалап ага берет. Мына тарапка жа?ы эле кулжа айы башбакты, айдын башталышы менен тоолордогу ак м??г? карлар эрип, ?з?н сайлар бууракандай кире баштады. Суу дайранын нугунан ашып, жайылманын каптап жатты. Быйылкы суунун кириши бир укмуш анткени быйыл кыштай кар к?п жаабадыбы. Кардын, к?к муздун эришинен суу шыргала? тартып кире берип, ?з?н?н ?лб?с к??с?н чалып Жыргала? суусу агып жатат. Суу к?рг?чт?п кирип, тайдын башындай болгон таштарды окторулта с?рд?кт?р?п, ылдый карай агыза ж?н?йт. Ушул Жыргала? суусунун жакын жериндеги т?з??д? Баястан атанын боз ?йл?р? тигилген. К?н тийип турса да ?тк?н бир топ жаап салды. Айлана таза абага толкуп, ошондон тарап жашара т?шт?. Талаада ойноп ж?рг?н балдар боз ?йд?н эшигин т?р?п салып, сыртты суктануу менен карап турушат. Ушул кезде субай жылкылардын тобу, тору айгыр ?йр? менен сууну кечип аркы ?й?зг? ?т? качты. ?й?р ж?р?п отуруп, Т?пк? андан аркы ачык талаага кетиши м?нк?н эле. Ата Язбек менен бирге жашайт. Ал карызга берген малын ?нд?р?п алуу ?ч?н ко?шу айылга ж?н?п кеткен. Жаны тынбас карыя Тору айгырдын ?йр?н айдап келиш ?ч?н жээрде атты алып келип токуй баштады. Сары тору ат болгондо эмне ал чо? сууну о?ой эле кечип кетмек. Бирок аны Язбек минип кетпеди беле. Карыя мал жанга камбыл эле, уулуна к?п жардам берип, адамдын к?з карашын дайыма туюуп турчу. Ошол ?ч?н балдарына барктуу болуп, ал жада калса небере жасоочу жумуштарды да жасап жиберч?. Ошол ?ч?н келиндери:

– Атаке ж?н эле койчу, муну биз эле кылабыз,– деп аяшкан.

– Койчу балам жумуш колго жугуп калмак беле, силер жетише албай жатпайсы?арбы.

Карыяны балдары жакшы к?рч?, аны дайыма балдары ээрчип ж?р??р эле. Жашынан эле бала жандуу болуп, анын ушул сапатын балдары да жакшы к?рч?. Анын жанында дайма балдар ойноп ж?рч?. Келиндери:

– Атамын жанында периштелер ойноп ж?р?т аны коргоочулары ошолор деч?.

Баса бир окуя адамдардын эсинде калыптыр.

Ал кышта карышкырлар к?ч алып турду. Язбек бир жумуштары менен кайдадыр бир жакка ж?н?п кеткен. Ошондо карыя тору атын минип, жылкы к?з?т?п кел?? ?ч?н ж?н?п калат. Бул кезде жылкыларга сак болбосо болбойт. Кашаба? жылкыга ит болуп жакындап келет да анан тигинин душман экенин билбей жыттагылай берет. Анан кекиртектен алып, жаныбарды шылып кирет. Ушул кезде ата жылкычылар менен ж?рг?н. Ал чо? таштын т?б?н? жылыныш ?ч?н от жагып жаткан. Улуу от алоолонуп к?й?п жатат. Отко к?нд?з атып алган канаттуулардын этин куйкалап жеп алышат. Ошондо карыянын жанында эки эркек баланын ойноп жатканын ?з к?зд?р? менен к?р?ш?пт?р. Жылкы башы Сакыбай айтты: -Баястан атанын колдоочусу эки эркек бала окшойт. Эк?? эгиз экен. Бир жолу жай айында ата д??д? уктап жатканда карасам, эки эркек бала анын тегерегинде ойноп ж?р?т. Буттары жыла?ач, ак к?йн?кч?н балдардын чочогу к?р?н?п турат. Башында ак калпак. Мен балдарга жолугайын деп д??г? чуркап бардым балдар жок ата ко?урукту катуу тартып уктап жатат. Мен аны к?п эле к?д?м бул адам тегин адам эмес. Ар бир пенденин колдоочусу болот. Кээ бир адамды ата бабаларынын бир?? колдосо, дагы бир??н?к? арстан, жолборс же ажыдаары болот.

Эми биз жанагы башталган окуяга кайра келели. Ошентип Тору айгырдын ?йр? аркы ?й?зг? кечип кетпеди беле. Ата атты минип, ?й?рд? айдап келиш ?ч?н аракет кыла баштады. Ошондо ак калпак кийген бала атаны ээрчип алды.

– Ата мени дагы ???р?п алчы мен дагы аркы ?й?зг? барайын.

– Жок балам, суу катуу кирип турат бизди агызып кетет.

Ата атын минип агын сууга келди, бирок ат такыр сууга жолобой туруп алды. Келиндери атаны карап турду. Алардын к?з?н? бир укмуш элес к?р?н?пт?р. Эки эркек кичинеке бала. Атаны сууга жолотпой аны алдынан тосуп туруп алды. Ат дагы кеч??н? каалбады, же такыр кечпей койду. Айласы кеткен ата атынын башын буруп ?й?н? келди. Келиндери атанын колдоочусу эки эркек эгиз бала деч?, алар атанын колдоочусун ?з к?зд?р? менен к?р?шт?.

Дагы бир мындай окуя эсте калыптыр. Ата ?й?н?н ары бир жерге чепкенин чечип коёт. Ата атын алып келип, чепкенин кийип бир тарапка аттанмак болот. Чепкени турган жерге басып келаткан болот. Ошол кезде атанын небереси бир ташты алып, чепкенди уруп калат. Ошол таш тийген жерден чо? кара чаар жылан сойлоп качат. Эгер ата чепкенди кармап кийе баштаганда жылан аны чагып алат беле ким билет.

Биз уламада Баястан атанын аз гана окуяларын айтып ?тт?к. Ал токтоо, чечкинд??, бир нерсени калыбет чечкен адам болуптур. Ал жалпы эле Беккулу атанын балдарынын баарына ке?еш берген айк?л адам болгон дешет. Ал адамдын асыл сапаттарын биз ?т? аз билебиз. Ал жакшы жагы толук айтылбай калбадыбы. Ошол ?ч?н ыр санжырада:

Баардык ишке жол ачкан

Баястан эмес Бай арыстан,-деп ырда ырдалып жатпйбы.

КАРА К?ЙН?К

Бул к?лк?л?? бир четинен армандуу икая Баястан атанын биринчи аялы жарык д?йн? менен коштошуп кеткенден кийин болуп ?тт?. Анын т?рт эркек эки кызы энеден жетим калып, уландары менен ата ?з турмушун ?тк?р?п жатты. Кыргызда бир ?йд?н жарыгы экинчи ?йг? тийбейт деген макалдын чындыгы бар экен. Туугандар аялы ?лг?н ?й-б?л?г? жардам берет, бирок дайыма эле кол кабыш кыла бербейт, анткени анын ?з турмушу ?з жашоосу бар эмеспи.

***

Быйылкы к?з жылуу тартып анан жылымыктап туруп эле куштар т?шт?кк? эрте кетип, дарактар жалбырагын эрте к?б?д?.

К?л?й ата жаратылышка байкоо ж?рг?зг?нд? жакшы к?рч?. Ал жай куунак ?н? менен айтты:

– Жаратылыш ?т? сырдуу к?н жылуу тартып, куштар т?шт?кк? эртелей кетип жатат. Дарактар жалбырагын к?б?д?. Текечер жылдызы быйыл эртелей к?р?н?п туруп алды. Бул белги кыштын суук аяздуу болоорун айтып жатат. Баласынын айтканын Баястан анча этибарга албады. Муну кыялы чапча? Язбек да жактырган жок:

– Анын андай болоорун сен кайдан билеси?, же сага бир?? келип, кыш ызгардуу болот,-деп шыбырадыбы.

Берки балдар боору эзилип к?л?п калышты.

– Менин чо? атам Б?т?бай жаратылышка байкоо ж?рг?зг?н адам эле ал ар бир ч?пт?, ар бир жаныбардын сырын жакшы билген адам болгон. Мен ошол аркылуу билгем.

Берки балдар жооп кайтарбады. Ошол окуя ошол болду.

Баястан ата жаш балдары менен То?го же Кочкорго кантип к?чм?к. Ошентип ал ызгаар кышты Кичи Жергес, Чо? Жергес жеринде тосмой болушту. Айрым ?й-б?л??л?р камдуу болуп То? тарапка к?ч?п кеткен.

Б?т?бай айткандай чын эле кыш эрте келип, жетинин айында кар олчойто жаап салды. Анан кар бештин, ?чт?н айларында кайра-кайра к?з ачырбай жаап жатты. Тоонун, кырдын какыраган денени ?штк?н суугу тынбай согуп, тир?? адамдын сезин алат. Катуу суукка чыдай албай арык-торук малдар четинен ?л? баштады. Анын ?ст?н? камдап алган жем-ч?п да ?т? аз эле. Тоюуттун жоктугунан бодо мал анын артынан майда мал да четинен ?л?п жатты. Жылкы жаныбар т?ш таянып кар тееп оттогон болот. Айрыкча кой, эчки, уйга убал болду. Кой жарыктык ч??п таап береби деп ээсин аянычтуу карап маарап четинен ?л?п жатты. Ошондо Баястан ата айтты:

– Ата?ын к?р? К?л?йд?н айтканы туура чыкпадыбы, То? тарапка к?ч?п кеткенде эмне? Майда малдын баары кырылып калды. Эми чиедей балдарымы кантип багам,-деп ка?ырыгы т?т?п кейиди. Ал кезде ата жа?ы эле ?йл?нг?н болчу.

Анын кыштан семиз багылган ?ч бээси, эки аты, ?ч уюу, анча-мынча коюу аман калды. Баягы бир короо саан койлор, семиз ириктер, шаа м?й?з эчкилер кайда? А т?г?л далай бодо малын дагы ызгаар суукка берип отуруп калбадыбы. Баягы т?зд?кт? каптаган малынан такыр колун жууп кейип ж?р?т. Дагы кудайга тобо! Бирин экин малы бар балдары кымыран ичсе да жашай берет.

Бирок кыш катуу болгон менен жаадырап жаз эрте келди. Жалган куран айынын ортосунда аба жылымык тартып, калы? кар ала-шала эрип, ?з?нд?рд?н нуктары, муз менен карга толуп шарактай, жайылманын баарын тентек сууга толуп кетти. Чын куран айынын башында т?шт?кт?н салам берип, жылкычы чымчык, кара чыйырчык бутттарына жаз байланып, ашыга учуп келишти. Саз жерлерде, а?ыздарда буу к?т?р?л?п, аба нымданып, туман пайда болуп, жылымык тартты. Булут каптап турганда к?н жылуу, ал эми булуту жок ачык кезде чыкылдап караандай сууктун согуп турганын айтпа. Кар алдынан ч?пт?р менен ?ск?н назик г?лд?р к?р?н? калып жатты. К?л ?ст? менен айлана учуп, канат к??л?й, аккулар машыга улуу сапарга даярданып жатты. Алар айланага коштошуу ырын ырдап жаткандай. Бат эле к?к ч?п ?н?мд?п кой, эчкилер к?к ч?п кууп кирди. Баястан атанын ошол кыштан аман калган кара бээ менен кула бээси бар эле. Жылкы тукумуна ынак кыргыз баласы айтты:

– Те?ирим колдоп эки бээм аман калды, ушулардын с?т?н ичип, балдарым ачка болбой, жашоосун улантып кетет,– деп ата с?й?нд?.

Ата бирин-экин малын карап, балдарынын жашоосуна к???л буруп, кечке к?р-тирлик менен алек. Анткени менен балдары бой тартып кыйынчылыкка моюн бербей чы? кайраттуу болуп чо?оюп келатты. Кыздары ийдиш-аякка аралашып, тамак бышырып, ары боорукер, ары кичи пейил эле.

Ошол жылкы жуттан к?п мал кырылып калды. Малы жок эл уурулук кыла баштады. Ата балдарын жокчулукка учурап калбасын деп бирин-экин малына к?з салат. Анын малы уйлары жана эки жылкысы ары сазда жайылып ж?р?т. Ата аларды дайыма карап, боз ?йл?рд?н жанына жакындатып айдап келип к?з салып турат. Ошол бир к?н? саз жакты эрте туруп караса балакет болуп, жылан сыйпагансып, эки бээсинен дарек жок. Ата жеерде быштысын мине сороктотуп, ары чапты, бери чапты кула бээ менен сары бээден кенедей да дабыш билинбейт. Жылга жакка си?ип кеттиби деп, жылганы карай чапты, андан таба албады. Адырга карай си?ип кеттиби деп адырга карай сороктоп чапты, мындан арга болбоду. Кула бээ менен сары бээ табыла койбоду. «Эки бээни к?рд??б?» деп карыдан сурады «жок» деди, жаштардан сурады аларда «жок» деди. Ошентип «к?рд?м» деп эч кимиси айтпады. – Ата?ын к?р? эки бээм кайда си?ип кетти,– деп Элебай ?т?кт?н Элебестин ?т?г?н? чейин жылганы сыдырып, талааны кыдырып баарын карап чыкты. Мында да табыла койбоду. Курган Баястан атаны аяп тааныштары аябай кейип турду. Акыры алар бул ишти ууру колдуу болгонун шекший билип калышты. Алыбек, К?л?й, Язбек из чалып, жер-жерди кыдырды. Балдарынын ичинен Язбек кыраакы эле:

– Кула бээнин изи ж?н?кт?н ары т?з??д? карай кетиптир. Аны денесинен чыккан тезеги айтып турат.

Алыбек:

– Язбек туура айтат эки бээнин изи саяк уруусунан тараган Алдакенин ?й?н? келиптир. Анын короосунун жанында жылкынын жа?ы тезеги бар экен.
<< 1 ... 41 42 43 44 45 46 47 48 49 ... 64 >>
На страницу:
45 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров