Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 39 40 41 42 43 44 45 46 47 ... 64 >>
На страницу:
43 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Ой, сен Шо?кодон улуусу? аны чаап жибербейси?би десе, ыйлап, -?з? эле тийишип жатат,-деч? экен.

Эне Б?т?бай уулун боштугун к?р?п:

– Байкушум кантип оокат кылаар экен э? эле бош ара? эле жаны бар, буга ты? аял алып бербесе, оокат кыла албайт,– деп кейип калчу.

– Ой, эмнени айтасы? баарынан ушул ты? болот,– деп кеп салчу экен ата.

Ошентип кой десе болбой убакыт ?т?п жатты.

Бир к?н? Б?т?бай энесине тыры?дай баштады:

– Мага атам комуз жасатып берсин мен комуз чертем.

Анан эле бир жактан Курумшу тыра?дай баштады:

– Мага атам, жоокер киймин жаа, кылыч, калкан, мылтык сатып берсин,-деп катуу добушу чыкты.

Ата жини келип «Балакет эми башталды ушул Шо?конун шойко?у эмне кылаар экен чыгарбаганды чыгарып турат,– деп ичинен кеий берди. Ал эки баласына каалаганын таап бербесе болбой алды. Эртеси ата Акбозун жорголото минип Т?пк? ж?н?д? ал жакта Барак деген белгил?? комузчу бар эле. Ата Баракка жолугуп, ?з?н?н келген максатын айта баштады:

– Оо Баке, кандай жакшы турасы?бы?

– Жакшы, жакшы комузуму кылдыратып, мал-салды багып жашоому ?тк?р?п жатам.

– Ошону? жакшы, ?н?рл?? ?лб?йт деген кеп бар эмеспи, ?н?р??? уланта бер, ал да болсо кудай берген ырыскы.

– Менин сенде жумушум бар эле ошого жардам сурап келгем.

– Келгени? жакшы колдон келген иш болсо мен эмнеге аянмак элем.

– Балдар чо?оюп ар ?н?рг? талпына баштады, бир?? жорго таап бер десе, бир?? комуз жасатып бер дейт, дагы бир?? кылыч калкан таап бер,-деп кыйнайт да турат.

Барак ?н?н чыгарып катуу к?лд?.

– Балакет башталган тура Бекеми улгайып калганда кыйнап, деги мен эмне?е жардам берем, жогу?у табышып берейин,– деп каткырды.

– Ортончу уулум комуз чертем дейт, ошол ?ч?н ага комуз керек болуп жатат.

– Анча-мынча черте алабы?

– Жок жа?ыдан эле кызыгып ж?р?т, ?йр?тс? ?йр?н?п кетч?д?й.

– Канча кылса да, белд?? куда эмеспизби, мен ?р?кт?н ?ч комуз жасаган жатам, буюрса, тоодогу малымы карап келип анан толугу менен киришем. Бат эле жазап б?т?м.

– Ошентсе? жакшы болот эле айланайын куда, эмгеги?и деле билем.

– Бирок комузду бир?? ?йр?т?ш керек комузу болуп аны чертпесе. Анын кимге кереги бар.

– Анда ырас болбодубу, аны сен ?йр?т.

– Мейли шыгы болсо бат эле ?йр?н?п кетет.

– Эми кандай кыласы? комуз жасап б?тк?нд? мен келейинби?

– Силер жакта менин жумушум бар, ошондо аны ала барайын.

– Ырас болду анда мен кетейин.

Ошол иш ошол болду.

Эми улуу баласы тыра?дай баштады. –Мен эл коргойм, мага курал жарак жасап бер,– деп.

Ата Акбоз жоргосун жорголотуп Каркыра жайлоосундагы темир уста Сыдыктыкына барып баласына калкан, кылыч, найза, жаа жана башка куралдарды жасатып жатты. Курал да, комуз да жасалып б?т?п, ата буюмдарды балдарына таратып берди. Ошентип Беккулу атанын балдары бири жорго таптап чапса, бири созолонуп комуз черте баштады. Дагы бири кылыч калканын алып, ?с?п жаткан дарактарды чаап, найза сайышты ?йр?н?п мекенин коргоого аттанды.

Андан бери далай-далай убакыт зымырап ?тт?. Атанын ишинин баардыгы жакшы болду. Атанын байлыгы к?нд?н к?нг? артып к?б?й? баштады. Беккулу ата бул кезде токсонго чукулдап калган эле. Суук тийдиби иши кылып бир к?н? катуу ооруп жыгылды. Ошондон баштап касиетт?? адам о?оло албай койду. Анан к?зд?н акыркы к?н?нд? ата балдарына бактырып кор болбой бир к?н? таза туруп эле жалган д?н?д?н чын д?йн?г? акырын аттанып кете берди.

БАЯСТАН АТА

Ойлогонун ишке ашырган,

Б?т?байдын уулу Баястан.

Баардык иште жол тапкан,

Баястан эмес Бай арыстан

Турмуш жай ?т?т, ал эми жомок ?т? бат айтылып ылдам ?т?т. Ал к?з ачып жумганча, ар кандай болуп ?зг?р?л?п, ж?р?п отурат. Эмесе биз токтоп турбай баянды андан ары улап кете берели. Касиетт? Чо? Жергес Жери, Кичи Жергес Жери биринин артынан бири уланып жайкалат. Аскасы бар бийик тоолордун башына булут т?н?п, ал бат эле жогору к?т?р?л?п жаанга айланат. Кыргыз калкы башынан мал менен киндиктеш болуп, бир жерден экинчи жерге к?ч?п ж?рм?й адаты бар эмеспи. Быйылкы кар жетинин айында т?ш?п, анан бештин айында кайта-кайта жаап туруп алды. Жылкылар кыйналбайт. Кар тээп оттойт, баарынан койго жаман ал ч?п карап ачык жерди издейт. Колдо тоют жок бирдин айында денени калтыраткан ызгаар суук согуп жут башталды. Бирин-экин малды суук жалмап кетти. Баястандын малы анча чыгымга учурабады. Ал башынан камдуу эле анын ?ст?н? Б?т?бай аба ырайынын ?зг?р?ш?н жакшы билет жана т?нк? жылдыздардын ?зг?р?ш?н да байкай алат. Эмне ?ч?н куштар т?шт?кк? эрте кетип, эмне ?ч?н жалбырактар эрте т?ш?т? Демек кыш эрте келет. Эмне ?ч?н булуттар топтолот? ?с?мд?кт?рд?н г?лд?ш?н?н, ачылышынан ал к?п нерсени баамдай турган. Баястан То? тараптын жери кардан курган болот деп ошол тарапка ооп кеткен. Ошол аймакта солто элинен Дандаке деген орто чарбалуу адамы бар эле. Анын ?т? акылдуу кеп десе кеби бар, ?? десе ??? бар, Б?б?айым деген кызы болгон. Аны Баястанга ?йл?нд?р?п, калы?ына мал берип, Б?т?бай ата мындан к?п жыл мурун эле карызынан кутулган. Б?б?айым берекел?? жердин кызы эмеспи к???л? ток, бир айткан с?з?н аткарган башы оор токтоо ургаачы эле. Баястан ушундай колуктуга туш келгенине с?й?н?п турду.

Б?б?айымдын бактысы ачылып, бир-биринен кем калбаган жети эркекти т?р?п салды. Анын андан башка дагы кыздары бар эле.

Андан бери зымырап, далай кыш, далай жай ?т?п, жаадыраган жай келди. Малдын кара эти толуп семире баштаган. Ошол к?нд?рд?н биринде Беккулу атанын уулдары жер которуп, бийик тоолуу тарапка к?ч к?ч?р?п калды. Тоолуу жердин жайы суук керек болсо жайында деле кар т?ш?п калат эмеспи. Кар токтобой лапылдап жаап, к?н суук болуп туруп алды. Ошол с??к какшаткан ызгаарда Б?б?айым эне суукка урунуп, Баястан ата аябай кейип, семиз койду союуп, к?чт??л?п тамак бердирди. Ата кейип аялын карап:

– Суук катуу тийиптир кыймылдабай жатып ты?ып кет, балдары?а ?з?? ээлик болсо? экен,– деп сабылды. Аялы капаланып:

– Мен ?лс?м эчтеке эмес бобу балдарды бага албай кыйналасы? го, же бул балдар башка аялга т?рк?нч?к болот,– деп кейиди.

Суук ургаачыга катуу тийген окшойт эне кыймылдай албай тунжурап ойго батат. Бул тунжуроодо катуу сана бар эле. Жаман айтпай, жакшы жок, кокус Б?б?айым жаза тайып, кетсе, балдардын тагдыры эмне болот. Баястан байбичесин «о?олуп кеткей эле» деп кудайдан жакшы тилек тилейт. Ал жылгадан ары Молосу бар кыядагы Абаат деген табып бар эле ошого айтып, к?р?й?н деп жээрде атын минип эпе?дете желдирип баратты. Алыбек, К?л?й, Язбек чо?оюп, балдардын баары бой тартып келаткан. ?ч кыздын эк?? турмуштанып, бир?? жетилип келатат. Жээрде атчан кетип баратат. Санаасы жайында болбой к?п нерсени ойлоп кетип баратат. Ал бийик тоодон т?зг? т?шк?н. Убакыт жайдын капортосу болуп бараткан. Бышкан т?ш?м талаада, сулуу кыздай ыр ырдап, анын ?ст?н? бытпылдык учуп турган заман болуп, ?ск?н эгинден токчулуктун элеси закымдап урат. Ар кайсы жерде жалбырактары майда жылгындар кездешип, алардын т?б?нд? ар кандай кескелдирик, арыс чычкандар уялашып, чыйк-чуйк этип ?н салыша ары-бери чуркашат. Жолдон ары боюу бийик дан ?с?мд?г? буудайык, жалбыз жана башкалар кездешип соккон желге секин термелет. Суурдун ийнинде чакчыгайлар чакылдап кирип-чыгып турат. Баястан ата кетип баратып, ?м?р?н? к?з к?н?н?н жакындаганын ойлонуп кичине арманга батты. Ал к?п нерсени ойлонгон адам болчу. Ал жашоого эмне бердим, эмне калтырдым, же к?ч?п-конуп ж?р?п эле ?м?р?м ?т?п кеттиби? Баардык кыргыздардын турмушу ушундайбы. Ал бийик тийип турган к?нд? карады. К?н жалган т?шт?н ?т?п, чак т?ш болуп калыптыр. Жолочу калы? ч?пт?? жерге атты тушап коё берип, чепкенин жая салып, намаз окууга ?тт?. К?н ободо жылып баратат. Жээрде ат нымдуу ?ск?н ч?пт? к?рт-к?рт чайнаган дабышы кулакка даана угулуп турду. Тээ арыда даракка сагызган конуп шакылыктаган ырын ырдап жатат. Баястан намазын окуп б?т?п, чепкенин к?б?п, ?ст?н? кийип, жеерде атынын ооздугун салып, басмайлын бек тартып, жолочу жолун улантты. Агын суудан ?т?п, молосу бар кыядагы молдонун ?й?н? карай баратты. Т?з?? жерде эки боз ?й тиглип турган экен. Чо? боз ?й Абаат молдонуку экенин биздин адамыбыз даана баамдады. Короону кайтарган даакы ж?н? т?ш? элек сарала д?б?т оордунан туруп ?р?п чыга басылды. Боз ?йд?н бир бала чыгып, биздин адамыбызга салам берип, аттан т?ш?р?п, ?йд?н эшигин ачып, ?йг? киргизди. ?йд? Абаат кемпири жана кичинекей неберлери менен чай ичип отурган экен.

– Амансы?бы, Молдоке!

– Аманчылык балам, кел т?рг? ?т!

Биздин адамыбыз т?рд?г? к?лд?л??д?н ?ст?н? к?ч?к басты.

– Уулум кандай аман-эсен ж?р?с???рб?, эмне шашып бушуп.

– Аманчылык Молдоке ?з???з кудай деп жакшы ж?р?с?зб??

– Баягы балдары? жерден боорун к?т?р?п келатабы?
<< 1 ... 39 40 41 42 43 44 45 46 47 ... 64 >>
На страницу:
43 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров