Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 53 54 55 56 57 58 59 60 61 ... 64 >>
На страницу:
57 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Чабышып отуруп, бири?ердин к?з???р к?рб?й калды, бири?ердин жаак тиши?ер сынып, эмдигиече айыга албай жатасы?ар, ушул дагы жарайбы.

– Эл эмне дейит, баягы к?зг? чабардын тукуму деп, б?тк?л журтка шерменде болосу?ар,-деп келгендер к?п ке?еш берип кетишет.

Ошентип эки бир тууганды эл элдештирип тарап кетет. Эки бир тууган «мындан ары урушпайлы» деп ынтымакка келишет. Бирок баягы эл айткан «к?зг? чабаардын» тукумдары деген кеп тарап кетет. Ошондон кийин Беккулу атанын тукумдарын айланасындагы эл « К?зг? чабаардын» тукумдары деп атап калышат. Ошондон бери Беккулу атанын тукумдарынын атына «К?зг? чабаардын» тукумдары деген ат жармашып балакет болуп кетпей калыптыр.

Бизди т?р?г?н энелерибиз да, апаларыбыз да, же?елерибиз да, келиндерибиз да «мен к?зг? чабаардын тукумдарын т?р?п жатам» деп сыймыктанышат экен. Анан эмне кылат алар да кан-жаны менен к?зг? чабаардын тукумдары болуп калбадыбы. Алар к?зг? чабаардын тукумдарын арбытыш ?ч?н б?л? болуп келген эмеспи.

Бирок баары?арга айтам урушса?ар к?зг? чабышпай эле ж?н?к?й элдешип ала к?рг?л?. Анан касиетт? ата –бабанын санжырасын унутпай анда-мында кобурашып айта ж?рг?л?.

Жана т?б?л?кт?? к?зг? чабаардалрадын тукуму бактылуу болгула! К?нд?н-к?нг? саны?ар арбып, асты жаманчылык к?рб?г?л?! «Баягы к?зг? чабаарлардын тукуму кыйын чыкты» деп атагы?ар жер-жерге угулуп да?кы?ар чыксын!

АСКАНЫН ЫЙЫ

Мен уулум менен кой кайтарып Тескей тоодо жатам. Бет алдымда нечен кылым жашап, к?пт? к?рг?н карт аска бой керет. Уулум эк??б?зд?н атыбыз к?к ч?пк? тоюп ары жакта ысык к?нг? ?рг?л?п уктоодо. Койлор аркы суунун жээгинде чо?-чо? таштардын т?б?нд? к?нд?н коргонуп жуушап жатат. Ободо каргалар, к?г?чк?нд?р айланып учуп ?т?кт?н ар кайсы жерине конуп жемин таап жеп жатат. Атам замандан бери карт асканын башын булут чалат. Асканын булут менен те? жаткан жерин каардуу б?рк?т айлана ?н салып ша?шыйт. Береги асканын ??к?рч?с?нд? кыраан ар кандай чырпык, бадалдын сыныктарын чогултуп, уя салып алганы к?р?н?п турат. Бул жерге уя салуу кыраан ?ч?н кубаныч анткени ага эч ким жете албайт. Бир жетсе ага булут жетет. Соккон жел жетет жана башындагы куштар жетет. Кышкысын аскага шамал ?йл?п, тынбай зуу-зуу , дуу-дуу деген дабышы жанып, ?з?н?н ырын ай-ааламга да?азалап турат. Ал эми жайкалып таза жел аймалап жамгыр бетин тазалап, ысык к?н какшыта тиет. Бул биздин ата-бабаларыбыздын карт аскалары далай болумуштун к?п тарыхтын к?б?с?. Бизден ары Сорок-Таш андан ары Ат –Жайлоо. Анан Чо? Ашуу андан ары Кара-Каман. Береги суунун аркы ?й?з?нд? соройгон эки таш турат. Т?р?келди атабыз ушул жерге кой кайтарып, ушул жерге эс алып, учтуу таягы менен береги таштарды тык-тык уруп калчу экен. Тээ берегиде биздин балалыгыбыз ?тк?н Ак-Эчки тоосу сороёт. К?п?л?к кууп ж?рг?н балам бир кезде менин жаныма келип отуруп:

– Ата тээ береги аскадан Сулайман ата учканбы.

– Ооба балам, Сулайман аскасы,-деп аталат.

– Сулайман деген ким болот?

– Илгери бир жигит ушул аскадан учуп каза болгон.

–Анан аска ошондон аталып калганбы.

– Ооба балам, ошондой болгон.

– Ошондой болгон балам мунун баарын сен чо?ойгондо билеси?.

Балам бир жерге тура албай кайра к?п?л?к кууп ойноп кетти. Менин эсиме тээ небак жылдарга си?ип кеткен элестер к?з алдыма чубуруп келе берди. Кандай болду эле. Ошондогу элестер улгайып, к?з алдыма закымдап чубуруп келе берди. Келе берди. Мен тиги карт асканы карадым. Карт аска мени карады. Карт аска мени карап томсорот. Карт аска айтты:

– Айланайын балам, мен баардыгын к?рг?м бирок менде тил жок тил болсо баардыгын сага айтып бермекмин.

Андан бери т?з??д? ала-сала к?рк?р?п-шаркырап Чо? Таш суусу менменсинип агып жатат. Ал эмне деп агып жатканы белгил?? ата-бабанын санжырасын айтып агып жатат. Бул шар суу ж?н?нд? мындай ыр чыгаргам.

Мен ойлоном,

Чо? –Таш суусу шар агат.

Суунун ?н?н толкунданып угамын,

Суу да агып мезгил сымал аркырайт,

Баардыгын те? ушул жерден туямын.

– Айтчы тууган шар суу агып жатабы?

– Ооба дайра ага берип к?? курайт.

?к?мд?н?п суудай улап ?з жолун,

?м?р?б?з к?л?к минип жол улайт.

Менин к?з алдыма ?тк?нд?г? элестер закым болуп чубуруп келе берди. Мен бул баянды оюман чыгарган жокмун. Мурункулардан уккам. Ошол баян кеч?? ?тк?нд?й болуп менин жадымда калыптыр.

Беккулунун тукуму Баястан анын тукумдары тарап, Ыстам деген киши болуп, анын Ыбырай жана Сулайман деген эки уулу бар экен. Ата балдарына каниет кылып, «ушул балдарым аман-эсен болсо келечегим алдыда» деп ойлонот. Ыбрай жаш кезинен эле мал бакканга ал эми Сулайман а?чылыкка, тузак салганга жана жан дили менен мергенчиликке кызыгат. Ал тузак тартып, кекилик, чил, улар, коён кармаганга аябай ышкыбоз болот. Кийин ал мылтык саттырып алат. Ал а?чылык кылып ж?р?п, ар бир жаныбардын жашоо шарт тиричилигин ?зд?шт?р?п алат. Бир к?н? ага ата-энеси айтты:

– Балам, жаныбарларды сактачы алардын да убалы болот,– деди. Ал бир к?н? эликтин чаарчыгын кармап алды. Жаныбар дайма аны ээрчип алаар эле. Бала жаралуу жаныбарларды аяган. Бир жолу мындай бир окуя болду. Каргалар, к?г?чк?нд?р чуру- чуу ?н салып, асманга к?т?р?л?п айланып учуп калды. Ошолордун арасында эки ителги пайда болуп к?г?чк?нд?рд? тээп жатты. Анан эле бир к?г?чк?н калдала?дап учуп келип баланын алдына т?шт?.

– Ата, к?г?чк?н кармап алдым буту сынык окшойт

– Балам, аны ?лт?рб?, айыктырып кайра тобуна жибергин.

Бала аны к?пк? бакты анан тобуна кошуп жиберди.

Андан кийин к?п убакыт ?тт?.

Мезгил жаз айы болчу. Небак жер жылып, к?к ч?п ?н?мд?п калган. Бир к?н? эне:

– Уулум бой тартып келатасы?, ?йл?нс?? экен, колум узарып келин жумшайын.

– Энеке, ?й-турмушубузду о?доп алалы, а? уулап тери сатам.

– ?йл?н? бер уулум, куданыкын кудай камдайт.

Ошентип мезгил ?т? берди. Алардын ?й? Иймекте болчу. Саздан ары Жер- ?й суусу казганактап агып жатат. Ошентип Ыстамдар эл менен кошо Арпа-Тектир жайлоосуна к?ч?п келди. Эл бээ байлап кымыз ичип, тирденип калышты. Бир к?н? Сулайман энеси менен кошо К?н-Тийбес жайлоосундагы жылкычынын ?й?н? келди. Анын Айнаг?л деген кызы бар экен. Жигиттин к???л?н?н ошол кыз кетпей койду. Сулайман бир к?н? эрте? менен эрте туруп, Арпа-Тектирдин К?н-Тийбес тарабындагы а? уулап ж?р?п, жылкы айдап келаткан баягы кызды к?рд?. Жылкычы кыз к?л?к ?ст?нд? учуп-к?й?п келатып анын жоолугу шамалга желбирттейт. Жоолугу кызыл, к?йн?г? жашыл, ?т?г? бир укмуш. Кыз кээде адамга, кээде ч?р?кк? окшошот.

Бир к?н? Ыстамдын эки койу тоодон жоголуп кетти. Сулайман койду издеп атчан жылкычынын конушундагы малчыларга келди. Ал кымыз ичем деп жылкычынын ?й?н? кире калды. Кыз кара тоголок тартып, учкул к?зд?р? балбылдап, жигиттин к???л?н ?з?н? буруп алды. Ал г?лг? да окшошот. «Ушундай г?лд? кайдан к?рд?м эле» деп ойлонду.

Эне байкуш баламды к?з?м?н тир??с?нд? ?йл?нтс?м десе эки к?з? т?рт болот. ?йл?н??н? эки тарап ушул к?зд?н аягына болжоп койушту. Жигиттин к???л?н ошол селки ээлеп алды. Ал бир к?н? ?з? к?рг?н аскадан топ г?лд? к?р?п, ошол г?лд?р кыздын элеси болуп к?р?н?п туруп алды. Г?лд?рд?н кыймылы бир укмуш бирде абада назик желбиресе, бирде абада тынч албай баягы жылкычы кыздай жылкы айдап бараткандай сезилет. Кыздын баягы жылкы айдап бараткан элеси анын ж?р?г?нд? к???л?нд? т?б?л?к калып калгандай…

Ал бир к?н? т?ш к?рд?. Ал аскадагы г?лд? к?рд?. Г?л Сулайманды ?з?п алчы деп чакырып туруп алды. Жигиттин к???л? ошол г?лд? ?з?п алышта болгон.

Жакыр ?й-б?л?л?рд?н бирин-экин малдары т?лд?п с?тк? жетип калган. Ыстмадын ?й-б?л?с? тамак аш жактан кичине кыйналып турган чагы эле. Эки уй жакында т?лд?йт. Уй т?лд?с? болду с?т- айранга жетип жакшы жашап калышат.

– Жылкычыныкына барып кымыз ичип туралы.

Сулайман уурутунан жылмайып койду. Ата энелери с?з бекиткен. Буюрса ушул к?зд? эки бала баш кошмок. Куйдай буюрса ал учур деле алыс эмес.

К?н к?пт?н бери ачылбай, ?ст?-?ст?н? суук болуп туруп алды. Айрыкча с??к какшаткан шамал Ат-Жайлоо ашуусу тараптан тынбай байма-бай согуп жатты. Адамдар калы? кийимин к?п?й? кийинишип турмуштарын ?т?п жатышты. Антпегенде эмне кылат бирин-экин тирдик бар эмеспи. Сулайман та? заарынан туруп, ?й?зд?н тезек терип келди. Антпесе болбойт суук кезде т?т?н булатып туруш керек. ?зд?р?н? жеткендей бирин-экин малдары бар. Эне к?й?мд?? баласына жалынып:

– Кагылайын уулум бой тартып келатат. ?йл?н?п алса мени к?р кылчу кебетеси жок.

Чай ичип б?т?п Сулайман энесине:

– Эне мен кекилик чил, уларга тузак тарткам, бир нерсе т?шк?нд?р к?р?п келейин.

– Балам барбачы к?н суук болуп аба-ыйрайы бузулуп турат, суукка урунуп каласы? го.
<< 1 ... 53 54 55 56 57 58 59 60 61 ... 64 >>
На страницу:
57 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров