Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 >>
На страницу:
59 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Биз эми с?з?б?зд?н маанисин башка нукка буралы. Атыгай атанын ошол ?рк?нд?г? тагдырын айта кетели.

Мамайдын уулу Атыгай К??д?й жеринде ?з?н?н акыркы ?м?р?н ?т?п ал чо? байлыкка жетет. Акыры адамдын башына карылык келет экен Атыгай атага да айттырбай буту, колун, кайрат к?ч?н алып карылык келди.

Карыянын к???л? ачык, ж?р?г? тунук бир гана буту колдо кайрат жок. Ал с?й?п, таяп басуу менен алек. Т?н ичинде уктай албайт. Т?ш?кт? жатты эле бир шект?? ?н чыкты. Ушул ч?лк?мд? ?к?, бабырган, байлуу ?к? учуп ж?рд? эле, ошол ?н берип жатабы? Т?нд?н канаттуу жырткычы ошол тамак издеп ж?р?б?. Карт адам боз ?йд? жатып ошонун ?н?н эшитти. Булардын к?з? т?н ичинде жакшы к?р?т. Эркеги экен ургаачысын чакырып жаткан шекилд??. Тоолуу жерде жашагандыктан куштардын сырын жакшы билч?. ?з? деле далай жылы куш салып, тайган агытып а?чылыкты жакшы к?рч?. «Жарыктык ?к? жаныбардын т?нд?н кырааны. Ал эми б?рк?т к?нд?зг? баатыр эмеспи. ?к? менен б?рк?т башынан бир-бирине каршы, ?к? б?рк?тт?н жемс??с?н жарып салса, б?рк?т ?к?н?н мойнун жулуп алат. ?к?н? т?н ичинде а?чылыкка ?йр?тс? болот. Бирок бутуна кичинекей ко?гуроону байлап коюш керек адам анын каякта ж?рг?н?н ошол дабыш менен билсе болот. ?к?н? коёнго салса болот.

Байлуу ?к? дале дабыш берип жатат. Дабыш ?т? кооптуу жана с?рд?? туюулду. Карыя ойлонду, « Бул эмне менин ?л?м?мд? кабарлап жатабы?» Ал ?з ?м?р?н эстедеи «Эмнени к?рд?м, эмнени к?рг?н жокмун. Эмнеге жеттим, эмнеге жетпедим? Дос к?тт?м, тууган к?тт?м. Баарын к?тт?м. Тагдырым экен бала чакалуу болдум. Эл орустардан ?рк?п кытайга качып жатат ушундай оор кезде менин тагдырым эмне болот. Мени кантип эми Кытайга алып кетет. Балдардын кыйнабай эле алардын алдына кетип с??г?м ушул жерде калса гана? Артымда эмне арманым калды. Балдары, неберелери уктап жатат. Байлуу ?к? дале тынбай ?н салып жатат. Анын ?н? ?т? кооптуу, ?т? ?к?н?чт?? сезилет. Ушул оор кезде балдарга ж?к болуп, кытайга карай кетемби? ?к?н?н шект?? дабышы дале чыга берип, оорулуу карыяны ми? сан ойлорго жетелеп турду. –Каапыр балапанын жоготконго, же т?г?й?н?н ажырап калганбы, мынчалык ?н салбайт эле го?

– Г??…г??…??? …г??…

Карыяга анын ?н? ажал сыяктанды. Бир кезде ?к?н?н ?н? чыкпай калды алыс учуп кеткен шекилденет.

– Башы?ы жегир куш эмнеге ?н салат же ажалдын кабарыбы.

Анан эле ит улуду. Ал к?п ойлорду ойлоп анан ?рг?л?п уктап кетти. Боз ?йд?н т?нд?г?н?н жылдыздар жымы?дайт. Анан карыя ?с?л-кесил ?рг?л?п кетип, т?ш к?рд?. Т?ш?нд? боз ?йл?рд? семиз букалар с?зг?л?п ?ртт?п жатыптыр. Карыя ойгонуп кетти. Аябай тердеп суусап калыптыр. Жатаарда жылкынын этин жеди эле ошондонбу!

– Т?нд?г? т?ш?м т?лк?н?н богу болсун. Эл журттун башына к?р?нб?с? экен. Анын оюунан жанагы т?ш кетпей турду. Бул эмне деген т?ш бала болсо унутуп калат эле. Улгайган адамдар т?ш?н кантип унутат. Карыя т?ш?н балдарына айтып берди.

К?н суук асман ала б?рк?к. Тоонун суугу калтырата денеден ?т?т. Ылдыйкы т?? к?р?нг?с калы? чий анда ар кандай илбеесиндер к?п. Жер –?й жактан бир атчан катуу чаап келатат. Карыялар Кызыл-Д?б?н?н башында жай баракат маек куруп отурган эле. Атчан катуу келатат деги журтка тынчылык берсе экен.

– Бул кимдин баласы болду эмне мынча катуу келатат. Журтка тынччылык берсе экен.

– Ж?н келаткан жок бир катуу кабарды айтканы келаткан адам окшойт.

– Ушундай учурда журт тынч жашаса экен.

– Арбак колдой к?р атчандын ж?р?ш? э? эле катуу.

– Жакшыгабы, жамангабы?

– Берилеп келсин эмне кабар болсо дагы уга жатабыз.

Бир атчан анын артынан дагы бир атчан чаап келатат. Эк?? те? кара атчан экен. Отурган карыялар о? даалаттан кетип эмне кылаарын билбей калды. Журт чайпалчудай болду. Эмне кабар болду экен? Эки кара атчан элге жакындай берди. Кара атчандардын артында кузгун куркулдап, карга каркылдап кошо учуп келатат. Аларды карга менен кузгун узатып келатты. Атчандар д?б?н?н этегине келип ыргып т?ш?шт?. Шайдоот жигиттер чуркап барып аны тосуп алышты.

– Орустар, казак-орустар кыргыздарды кырып жок кылып келатат. Кокуй журт кытайга карай жаны?арды сактап качкыла, алар эч кимди аябай кырып келатат. Кокуй журт кытайга карай качкыла, же болбосо кырылып каласы?ар. Баскынчылар Ко?ур ?л?? тушта келатат. Жакындап калышты. Чабаган эс алып, суусундук ичип, андан ары жол улантты. К?п ?тп?й мал айдаган арбын к?ч чо? ашууга карай баратты. Бул жердеги Беккулу атанын тукуму ?г?з, аттарын белендеп алар да к?ч?п ж?н?шт?. Ошентип чо? башаламан азап к?н башталды.

Атыгай атанын абалы аяба начар болуп турду. Узак жашка келип, ушундай оорусуна карыя аябай ?к?нд?.

– Т?ш т?ш болбой калсын жанагы боз ?йл?рд? с?зг?н ?г?зд?р кирди эле, эл чайпалып азапка батат экен ээ. Кара? катыг?н. Балдарым мени алачыкка калтырып ушул эле жерге таштап кеткиле узак жолдо силерди кыйнабайын. ?з?м да кыйналам го. ?лс?м тынч ?л?п калаармын.

– Жок ата, биз аман турганда сизди талаага кантип таштайбыз.

– Эл журт эмне,– дейт.

– Ушунча бай киши эмне талаада калмак беле. Кыргыздар орустар эмес кара кытай, калмактардын чапкынында деле калбады беле.

Атыгай атанын: Тына, Тынай, Акун, Акмат, Асылбек деген балдары бар эле ата балдарын колдон суурулма ты? кылып ?йр?тк?н. Мал сал, жылкыларын айдап к?ч?п ж?н?ншт?. Тынайдын кабелте? жоош тору аты бар эле ошого мингизип ж?н?п калышты. Алар к?ч?п, конуп отуруп к?п жолду арытышты. Жолдо калмактар менен кагылышуу болду. К?ч?п бараткандар алар менен кагылышып кээ бирлери шейит кетишти. Алар адам к?рб?г?н тозокту к?р?шт?. Атыгайдын балдарынын к?ч? Балгарт суусун кечип, аркайган Ак- ?г?з ашуусын ашып, Туура- Суу, Шибел??н? ?рд?п, Тарбагатай тоолоруна келгенде карыянын абалы ?т? оордоп калды.

– О?оло албай калдым, К??д?йг? да с??г?м буюрбады, ата бабам к?рб?г?н жерде с??г?м калат го.

Балдарга оордук кылбай эле кете берсем дейит. Бирок тагдыр деген тагдыр да. Каралдыларымы оордук кылып ж?д?тт?м го. Бай ата ат ?ст?нд? баратып ?рг?л?п кетет.

Башкалар Атыгай атанын балдарына:

– Ата?арды кор кылбай талаада таштабагыла, силердин эмгеги?ерди кудайым к?р?п турат. Жараткандын буйругу бар эмеспи. Ата-энесин мекеге деле к?т?р?п баргандар деле бар эмеспи.

Канча кылса да карыянын балдары эст?? эмеспи атасын балдары абышканы кор кылып талаага таштабай алып кетип баратышты. Карыя ат ?ст?нд? ???рт?п, уйку соонун ортосунда кетип баратты. Кээде ?рг?л?п, кээде соо болуп эки жакты карайт. Кээде эс-учун жоготуп ж??л?п кетип жатты. Алар Тарагай тоолоруна келишти. Бул тоодо арча, кайы?, карагай т?рк?н ?с?мд?кт?р ?с??р эле. Тоодон башталып ?з?н суулар агып жатат. Атыгайдын к?ч? ушул берекел?? жерде орун алып калды. Атыгай ата ошол жерде бир кызык т?ш к?рд?. Ата жер жайнаган жылкыларын Арпа -Тектир, Ат- Жайлоодо жайып ж?р?пт?р. Ал баягы Тору кашка к?л?кт? минип ж?р?пт?р, эртеси к???л? ачык жайдары ойгонду да балдарын жанына чакырды.

– Балдарым, быякка к?ч?рд? э? жаман т?ш к?рд?м эле, т?нд? жакшы т?ш к?рд?м мен Арпа -Тектир жайлоодо Тору кашка атымы минип ж?р?пт?рд?м. Анан эле Б?т?бай атам «кыйналып кетти? келгин» деп чакырып жатыптыр. Мен ушул жерден кетет окшойм, силер кайра аман –эсен жери?ерге барат окшойсу?ар,– деди карыя демигип, анан кашын бир сылап алды да, кайра кебин улантты: – Башымдагы бир арманым, с??г?м касиетт?? Кара К??д?йг? коюулса болот эле, андай болбой калды. Эмне кылам тагдыр ушул экен. Ичеер суум к?р??р к?н?м т?г?нг?н экен. Эми ушул оор капсала? б?т?п, туулган жерге кайра барса?ар экен. Эл журт бириксе экен. Менин каалаганым ошол. Карыя демигип кетип айтаар с?з?н токтотту. Алар кудай арбакка жалынып бир тай союушту. Ошол эле к?н? та? эрте?де с?йл?п эле отуруп Атыгай ата жол салып чын д?н?г? кете берди. Балдары Тарагай тоону жа?ыртып ?к?р?п, келиндери кошок кошуп киришти. Ошол жерде чо? дарактын т?б?н? бир жалгыз м?рз? пайда болду. К?п ?тп?й жакшы кабар келди. Ак падыша тактан т?ш?п оордуна башка жа?ы падыша келиптир деген кабар келди.

Азап- тозокту к?рг?н качкындар кайра ?з мекенине кайтып келатышты. Ошентип улуу тоолордун арасында бир м?рз? кала берди. Ал м?рз?д? жаткан адамды тукумдары кантип унутмак эле. Алардын тукумдары деле ата-бабанын санжырасын унутпай айтып келатышкан эле. Атыгай атанын тукумдарынан белгил?? элге-журтка тирек болоор тукумдары чыкты. Ошол К??д?й жеринде Атыгай ата турак кылган Атыгайдын колоту деген колот бар ошол колот менен басып бараткан урпактар ошол атанын элесин ар-дайыма эстешет. Беккулу атанын тукумдары анын атын унутпай айтып келет.

АК БАТА

Ко?ур –?л?? деген жерде, саяк деген элде бир чо? бай аш берет деген с?з эки айдан бери То? элинин аяк-быягына тарап кетти. Ашта ат чабыш, жорго жарыш, кыргыздын ар т?рк?н оюндары болот деген а?ыз к??д?йд?г? кара к?йн?к тукумдарына да келип жетти. Кара к?йн?к элинде ат таптап, жорго салдырган бай адамдар бар эле. Чабандестер аттарын таптап, жоргосун суутуп байлап, ашка катышканга кам уруп жатышты. Шо?ко атанын тукуму С?й?рд?н уулу Эсенгул ары чабандес, ары м?н?шк?р адам эле. Анын ат таптаган саяпкерлик ?н?р? к?п жерге белгил?? болгон. Ушул эле к??д?й айлынын белсемд?? адамы Т?м?нбай эки к?л?г?н камдап жатты. Анын Тору аргымагы кетмен туяк ке? сору, к?к?л?н к?кк? серпип, калы? жалдуу куйруктуу жаныбар болчу. Экинчиси Акжелек кулжа моюн т?г?р?к, бул жылкынын к?к?л жалы узун, мойну боёп койгондой аппак ал эми к?к?р?г? жону буттары чаар ала, сом туяк келген чо? жаныбар эле. Башы ак желекке окшош ыйык жаныбар марага чуркап келе жатканда бир?? желек булгап келаткандай шекилденип к?р?нч?. Анын чуркап келатканы бир керемет укмуш. Ошол ?ч?н « Акжелек» деген ат ага ылайыктуу коюлган. Дагы бир к??д?йд?н байы Атыгай анын к?п жылкысы болуп, алардын ичинен Куларгымак бар эле. Жаныбар Манастын Аккуласына окшошуп турчу. Анын карааны алыстан к?р?н?п, бир караган адамды мыкты тулпар экен деп улам-улам суктанта карап турчу. Элде мындай бир имиштер айтылган. Ошол ат кулун чагында мындай бир окуя болуптур. Атыгай орто курак кезинде Кочкор жерине бир иштер менен Элебес байдын ?й?н? барып калат. Бай менен жакшы ыкласта алыш-бериш соода кылат. Кетеерде ошол Элебес бай Атыгайга:

– Атыгай ?й?м? келип, эки-?ч жолу даам татып жакын болуп калды?, эми бобереги жайнаган жылкыдан бир жакшысын тандап жетелей кет, ж?н кетпей,-дейт.

Анын жылкылары к?п эле Атыгай ?й?рд? ар жагына бир чыгып, бери жагына бир чыгып, ылайыктуу жаныбарды карап жатты. Анын кыраакы к?з? ары-бери тынбай ойноп турган бир тайды к?рд?. Атыгай бирге ж?рг?н жигити менен ?й?рд? жыйра айдап тайды кармап:

– Касиетт?? байым, сизден анча деле к?п нерсени сурабайм, болгону бобу жабаганы мага ыйгарып койсо?уз болду,– деди сылык т?рд?.

Бай к?п жылкы к?тк?н менен жылкы к?л?г?н? анча сынчы эмес эле, «с?лп?йг?н бир тайды алды, мынча болду керилген эле жылкыны албайбы» деп ичинен аяп турду.

– Ой, Атыгай башкасын эле алса?чы, бул жолдо баспай сени м?шк?л чектирет го,-деп аяп.

– Жок байым, жылкы?дын ичинен ырым кылып, ушуну эле ала кетейин,-деди о? колу менен кара мурутун сылап.

Бирок кыраакы байдын атасы бул тайдын да?азалуу к?л?к болоорун ошондо эле билип койгон. Байдын атасы ичинен ?к?н?п:

– Ай болбостур мейли эми байкоостук кылдык ушунча жылкынын ичинен касиетт?? адамдан бир жаман тайды талашканда болбойт. Бирок бул кулундун куну ушунча жылкыга барабар,– деп ?к?нг?н экен.

Ошол иш ошол болду.

Ошентип Атыгай Элебес байдын Кула кулунун менен айлына карай жол арбытып ж?р?п отурду. Кула тай жолдо баспай кержейип азапка салып ж?р?п отурду. Алар ара? деген айлына жеткен экен. Андан бери токтобой жер к?нд? айланып, далай мезгил артта калып, ошол кержейген тай Кула аргымакка айланды. Анан дагы бир мындай аян болуп ?т?пт?р. Атыгай ошол к?л?кт? таптап ж?рг?н чагы экен. Бир т?н? т?н ортосунда ээси эшикке чыкса, ак калпакчан бир карыя к?л?кт?н жал-куйругун сылап жатыптыр. Ээси аны та? кала карап турду. Анын карыя жумшак колу менен жылкынын ашказанын жай акырын сылады. Аргымак кыйналып-керилип чоюулуп, аянычтуу ?н чыгарып каткан кыгын таштап жиберди. Ээси «эмне кылаар экен» деп карап турду. Ошондо к?л?к тегин эмес колдоочу саяпкери бар экенин билди.

Эми кайрылып ошол ашка келели. Береги саяктардын ашына к??д?йд?н Эсенгул Кара торуну, Т?м?нбай Акжелек менен Тору аргымакты, Жантай Карагер к?л?кт?, Атыгай Кула аргымагын алып чыкмай болушту. Балбан к?р?ш, улак тартмай жана башка оюндарга катышабыз деп жыйырмадай киши шатыра-шатман ж?н?п калышты. К?л?к аттар менен бат эле аш берил??ч? жерге жете келишти.

Аш шааниси жакшы ?т?п жаткан экен. Ак жуураттай болгон боз ?йл?р. Эт бышырып ары-бери чуркап ж?рг?н жигиттер. ?н? за?кылдаган жар чакырып ж?рг?н пенделер. Бир аздан кийин аксакалдар кудайдан бата тилеп аргымактар коё берилди. Алыска талыбас куштай закымдап учкан аргымактар. Ээрге бекем минип, башына ак жоолук байланган ты? чыкма чабандестер. К?л?кт?р закымдап учкан куштай кетип баратат. Ал арада балбан к?р?ш, ордо атыш, т?? чечмей, кыз куумай, улак тартмай дагы, дагы толгон оюндар болуп ?тт?. К?л?кт?р эмне болду деп тынчы жок жер ты?шаар маамыттар жата калып, тура калып жерди ты?шап жатышты. А?гыча жер д??г?р?й к?ч?п, бир топ убакыт ?т?п, туяктар тапырата жерди сабаган тулпарлардын дабышы жакындап келатты. Жер ты?шаар маамыттар айтып жатты:

– Аргымактар келатат, буудандар келатат,– деп жарыя айта башташты.

Д?рб? салган адамдар д?рб?с? менен о? имерип бир карап, сол имерип бир байкап жатты. Алдыда Баатыркандын Кара аты кеалатат. Жарыктыктын буту жерге тийбей асмандап учуп к?й?п келаткандай сезилет. Анын артында Байсейиттин Актуягы куйрук улаш келатат. Анан биринин артынан бири болуп ээрчише келаткан к?л?кт?р. Ча? уюулгуп улам жакындап аш берген жакка келаткандай. К?л?кт?рд?н дабышынан жер д??г?р?п тынбай к?ч?т. Жер ты?шаар Маамыт бутун тыбырчалатып, жата калып жерди ты?шап « Бирде кара ат алдыга чыкты десе, бирде Кула аргымак алдыга чыкты» деп жарыя кылып жатты. Чабандестер кызыган аттарын эми накта камчылап, жер ?лч?м?н так аныктап, кээ бири атынын тизгинин тартса, кээ бири акырын солгундата тартып келатат. Кара к?йн?кт?кт?р д?рб?с?н алып караса эч дарек жок. Алардын жан д?н?с?н кубаныч аралабай шаабайлары сууп калды. « Ушундай да болобу, жок дегенде бир атыбыз чыгып келбей калабы» деп, дендароо болуп турушту.

Баамчыл Т?м?нбай менен Эсенгул:

– Балдар ат тизгинин коё береер чак келе элек экен.

– Ошондой кылсын азыр коё бергенде болбойт. Алар чарчап марада башкаларга алдырып жибериши м?мк?н.
<< 1 ... 55 56 57 58 59 60 61 62 63 64 >>
На страницу:
59 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров