Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын баяны 2

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 166 167 168 169 170 171 172 173 174 ... 176 >>
На страницу:
170 из 176
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Жармы т?г?н жармы чын,

Жазып калган киши жок.

Улуу китепте ушундай ыр жазылган.

Жазуу буйрук экен М?й?зд?? эненин тагдыры Кылжыр атанын тукумдары менен тыгыз байланышып калбадыбы. Жашоонун жыргалы менен азабын паразаттуу Орозбакты атанын укум-тукумдары менен бирге к?р?п жатты.Турмушта адамдардын башына кандай к?нд?р, кандай тагдыр келип -кетпейт. Жакшылык да жамандык да ?т?п, акыры бу жарыкчылыктан кайтып кетеер мезгил келет турбайбы. Баардыгы к?л?к мезгил менен жамырап кошо келип-кетип жатты.

***

Ата менен эненин башынан биз айткандай ала-сала ар кандай окуялар жылып ?т?п жатты. Эне атактуу Алейит атанын тукумун улап андан кийин жарыша небере-ч?б?р?л?? болду.

Ошол жылы мыйзамдын г?л? учуп, мезгил к?зг? таяп калган маалы эле. Баса жыл маалы баягы м?й?зд?? эне келин болуп келген учуру болучу. Ошол к?нд?рд?н биринде энени денеси салмактанып т?ш?к таянып жатып калды. Жээ карылыкпы, жээ келген оорубу же тагдырдын жазмышыбы ким билет? Сыркоо адамдын айылдын кемпир-чалдары кирип-чыгып, ден соолугун сурап-к?р?п, билип жатышты. Анан кантмек эле журттун тоодой-таштай энеси акыл салаар касиетт?? пендеси ооруп жатса, алар кыйгачтап ?т?п кетмек беле. Анын оорусу улам к?ч?п, к?ч ала берди. Эне Жамангул, Бапа балдарын анан жакын к?рг?н санаалаштарын жанына чакыртып алды. Баардыгы касиетт?? энени аяп,-Эмне дээр,– экен деп анын айткан с?зд?р?н? кулак буруп турушту. Эне боз ?йд?н капшытына т?ш?к таянып жатат. Анын тегерегинде келин, кыздары неберелери отурушат. Т?рд? Алсейит ата сакалын сылап санаада ?т? ойлуу. Эненин оор абалын кайра о?оло албастыгын ушуну менен тиги д?йн?г? узаарын кыраакы карыя сезип жатат. Абышканын к?з алдына эне менен бирге жашаган кайталангыс сонун мезгили жаа тартып келип-кетип турду. Ата унчукпайт анын баарын к?з алдына чубуруп эстеп отурат. Ата ал к?нд?рд? кантип эстебейт. Алсейиттин ке?ешчиси, акыл салаары, кеп айтаары, жардамчысы эмес беле. Эне отургандарды кыдырата карап келип, анын к?з? Алсейитке барып токтоду:

– Байым, эми капа болбо тагдырдын жазмыш иши ушул экен. Жашоонун ачуу-татуусун нике кайып бир болуп ?м?р?б?з кошулуп-шашылып ?тт?… Эмнегендир ичеер суум т?г?н?п аяктап бараткандай болду…мынтип Жамангул, Бапа балдары? чачын ак аралап бой тартып, ?з?? менен жарыша ?м?р с?р?п келатышат. Жаныбыздагы калмактарга жем болбой ?з к?нд?р?н ?з? к?рс? экен. Жанындагы улан, кыздарын бир сыйра к?з ж?г?рт? карап:

– Балдарым, ынтымактуу болгула! Ички ынтымагы?ар бузулса жоо чапкандан да жаман болосу?ар. Мен силерге туу казык боло албайм. Жаратканым пендесин берип, кайра алмагы бар. Менин жаным узап кеткени жатат. Ирегеде калмактар бизге тынчтык бербей келатат. Ата-бабаларыбыз алар менен к?пт?н бери кармашууда. Менин атымы балдарым чакырып калаар. Силердин турагы?ар ушул жер жана берекел?? к?л аймагы болот. Эне кайратынан тайып кеттиби айтаар с?з?н билбей калгансыды. Анын с?з? башкаларга аянычтуу таасир бердиби эненин жанындагы жашык келиндеринин бир?? ?н чыгарып ыйлап жиберди. Эне кайраттана колун к?кк? серпе:

– Кой, каралдым антпе, мен али тир??м?н,-деп мээримд?? карады. Жашык келин ыйык токтотту.

М?й?зд?? эненин жанында суусар тебетейчен тун уулунун баласы отурган эле. Эне анын о? колу менен чекесин сылап:

– Менин ?м?р?м б?тп?йт жашоому бобереги ч?рп?л?р?м улантат,-деп кыркалай отурган неберелерин карап,– Менин атымды касиеттеп ушулардын балдары чакырат,-Алсейит ата бул с?зг? эреркеп кеттиби к?з?н?н бир тамчы жаш кулап кеткенин эч ким байкаган жок. Эненин бир кезде ?н? чыкпай деми кыстыгып кеткендей боду. М?й?зд?? эне бала чакасын жакын к?рг?н адамдары менен коштошуп жаткандай туюм болду. Баардыгы айттырбай ушуну ичтеринен сезип турушту. «Дайынсыз кетпей дайындуу кетейин»– деп алардын ар бирине керез с?з?н айтып жатты. Акыркы элесин калтырып жаткандай болду. Эне демин ичине тартып с?йл??г? алы келбей жатты. Ал к?з?н чо? ачып анан бир с?зд? айтыш ?ч?н камынды. Алсейитке суудан ууртатып койчу деген белги берди. С?йл??г? к?ч? жетпей тамагы кургап кетти окшойт. Эненин жанындагы отурган келини суусу бар чыныны алып кашык менен оозуна тамызды. Оорулуу адам сууну к?рм?п жута баштады да какап-чакап кетти. Тамагын суу аралап абалы кичине жакшырды. Денесин т?з?д? м?й?зд?? эненин жанында касиетт?? кары отурган эле. Энеге дем салды оорулуу к?з?н ачты да, эки жагына акыл токтотуп баардыгын текши карап, анан бир с?зд? с?йл?й?н деди эле аны айтууга дарманы жетпеди. Анан тарамыштуу арыктаган колун ара? к?т?р?п, коштошолу дегендей ишааратты жасады. Арык колу акырындык менен к?к?р?г?н? т?ш?п к?з? да акыркы жолу жумулуп бараткандай туюлду. Отургандар энени карап мемиреп калышты. Эне кыйналып дем алып жатты. Келиндери ?н кошуп ыйлап жиберейин деди эле энени жанында отурган касиетт?? карыя:

– Ш?к,– деп аларды тыйып койду.

Бир аз туруп эне кайра к?з?н ачты. Т?рд?г? ак сакалчан адам кебин улантты:

–Тоодон келген кайып пенде балдары?а берген ак с?т??д? кечти?би?

Эне к?з карашы менен алсыз т?рд?: -Кечтим баарын кечтим,-деген ишааратын жасады.

– Кечсе? чын д?йн?д? жаратканым жаны?ы бейишке чыгарсан. Бизден кеткен пенделик кемчиликти кечиргин.Тагдырдын жазмышы ушул экен.

Анан эненин к?к?р?г?н?н бир нерсе ?з?л?п кеткендей болду, с?н?п кеткендей болду. К?з? с?з?л?п барып акырындык менен жумулду. Анын жан д?йн?с? ту?гуюкка си?ип баратты. К?з алдындагы жаркын элес ?чт?. К?к?р?г?н?н чыккан к?р?нб?с нерсе каалгып учуп, ?йд? к?т?р?л?п кандайдыр бийик бейтааныш ааламга аттанууга сапар алып жол улантып баратты. «Т?р?лд??, ?лд??»– деген ушул экен. Баса ошол кезде боз ?йд?н ары токойдун арасынан бугунун ?н? угулганына та?данышты. Бугу улам-улам маарап, ким бир??н? чакырып жаткандай туюлду. ?йд?г?л?р бул ?нд? угуп та? калышты. Аны карап турган келиндери, неберелери энени жоктоп «Баа» деген бакырыкты таратышты. Боз ?йд?н ичи ый-му?га толуп эненин жанында отурган касиетт?? кары ?н катты:

– Балдарым, ыйы?арды токтоткула, ыйлаганга убакыт жетет,– деди колун жа?сай. Улуу карынын с?з?н угуп боз ?йд?н ичи бир азга токтолуп, тынчтык ?к?м с?рд?. Бирок эненин жанындагы эки кичинекей бала дале ???лд?п ыйлап жатты. Т?рд?г? кары киши с?з?н улантты:

– Балдарым бизге берген жараткандын жазуу буйругу ушундай тура те?ирим берди анысын кайра алды. М?й?зд?? эне?ер мына ушинтип узады. Ыйлган менен пайда жок. Кайра келбейт. Эне?ер бу д?йн?г? келген конок. Келген эми кетип жатат. Алыс жакын жерлерде туугандар турат. Биякта жабалактап душмандар турат. Эне?ердин с??г?н урматтап тиги д?йн?г? узаткыла. С??к жатчу ?йд? тигип алыс жакын элдерге ат мингизип чабандес чаптырып кабар бергиле. Касиетт?? эне?ер менен топурак салып коштошуп калсын кана балдар тургула,– деди ак сакалчан карыя ?з? биринчи туруп, анын артынан калгандары да кыймылга келе баштады.

Катар-катар боз ?йл?р тигилип кызуу камылга к?р?л?п жатты. Энени майрам сууга алышып, оордун белендеп ак ?рг??н?н бир ыптасына кытай килемин т?ш?п жаткырышты. Баардык камылга б?тк?нд?н кийин энени уландары таяк таянып баштарын жерге салып жоктоо белгисин кылып:– Эсил кайран энекем,-деп дуу-дуу эте ?н чыгара ?к?р?п киришти. Жоктоо ?н? ай-ааламга тарап кетти. Жоктоо ?н? аркы адыр баардык жакты аралап кетип жатты…

Армандуу ый ачык абага к?т?р?л?п айылдын аяк-биягына даана угулуп турду. Ал эми боз ?йд?н ичинде кыз-келиндер му?дуу кылып кошок кошуп жатышты:

Алтындан соккон дарбазам

Ачылаар да жабылаар.

Даанышман энем ?тт?б?,

Дарбазамы ким ачаар.

К?м?шт?н соккон дарбазам

К?н нуру тийип чачыраар.

К?л?ст?н энем ?тк?нд?

К?нд?й?м эми табылбаар.

Энекем, ак тактанын буту эле?,

Ак сарай ?йд?н куту эле?.

К?к тактанын буту эле?

К?к сарай ?йд? куту эле?.

Энекем, ак талдан уук коштоткон,

Ак сарай ?й?н окшоткон.

К?к талдан уук коштоткон

К?к сарай ?й?н окшоткон.

Энекем сен ыйык эле?,

Ээнсиреп жалгыз калабыз.

«Бугу энекебиз тир??»– деп

Аты?ы биз чакырабыз.

Баардык камылга к?р?л?п жатты. Алыс жакын жерлерге с??к тамыр аяштарга «М?й?зд?? энебиз жалган д?йн?д?н чын д?йн?г? узады»– деп чабармандар атын чапкылай кара терге т?ш?р?п, кабар айтып ж?р?шт?. Бул суук кабарды уккан пенделер «Адамдын т?р?лм?г? бар экен, адамдын ?лм?г? да бар экен, ?м?р жалган, ?л?м чын»– деп кайгырып топурак салганга даярдык к?р?п, жатышты. Чабандестен жа?ылык угуп эл келип жатты. Эненин ко?шу турган калмактарга да кадыр-баркы бар экен аякка да чапкылап чабаган кетти. Анан кадырман адамдын кемпири ?л?п жатса кабар айтылбай калабы. Энени эрте? коёт деген к?н жакындап келатты. Беленденген малы эчак союлуп, баардыгы шайма-шай болуп, калган. Эненин пейлиндей к?н ачык болуп турду. Бул баягы ал айылга келин болуп келген к?нд?рд?н маалы эле. К?н кеч кирип т?н жакындап келатты. Бийик тоолуу жерде т?н бир топ эле суук болот эмеспи калы? чепкен, тон кийген эркектер ата-бабанын расмиси боюнча с??к к?з?т?п турушту. К?н ачык туруп эле асманды булут басып, анан кичине кыламык кар себелей жаап, жумшак кебез булуттун арсынан ай калкылдап чыга келди. Бул к?з айынын касиетт?? бейшембинин жумага ?тк?н т?н? болчу. Ошол т?н? кернейдин созолонгон ?н?нд?й болуп, калы? токойдун арасынан бугунун ко?ур ?н? угулган экен. Чыккан дабыш кимдир бир??н чакырып жаткандай туюлду. Анан боз ?йд?н арыда д?б?н?н о? капталынан дагы бир бугунун ?н? ага жооп бергендей кошул-ташыл чыкты. Боз ?йд? тегеректеп а?гемелешип отурган карыялар та? калышты. Бул ч?лк?мд? бугу жок эле го. Алар башка жактарга ?й?р тобу менен ооп кетпеди беле. Ошентип бугулардын ?н? чыгып анан алыстап кыламык кар жааган жумшак т?н ?т?п, асмандагы бирин-экин жылдыздар жымы?дап коштошо суюлуп, тараза жылдыз батып, та? кулан ??к сала агарып келатты. К?з т?н? эмеспи, суука чыйрыккан адамдар жылуу кийинип ары-бери басып турушту. Улгайып калган сары тон кийген чокчо сакалчан адам беркилерге акыл салып:

– Балдарым болгула, эненин жоктоп ?н чыгаргыла та? атып кетмей болду,– деди.

Эркектер таяк таянып, с??к коюлган боз ?йд? тегеректей:

– Бир боорум энекем,– деп ?к?р?п жатышты. Жоктоону боз ?йд?н ичиндеги аялдардын кошогу коштоп кетти:

Ак жорго минген энекем,

Алтыным, арманданам сен кетсе?.

Кара жого минген энекем,

Каарманым капаландым сен кетсе?.
<< 1 ... 166 167 168 169 170 171 172 173 174 ... 176 >>
На страницу:
170 из 176

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров