Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын баяны 2

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 165 166 167 168 169 170 171 172 173 ... 176 >>
На страницу:
169 из 176
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

***

Ошол ак кар баскан улуу тоодо кайберендердин тобу бар эле. Бул топту Аксак кулжа башкарып ж?рч?. Баардык кайберендер ошого баш ийч?. Аксак кулжа ?т? сак болуп, кароолду абдан мыктап коёр эле. Антпесе болбойт ар бир кайберен ?з алдынча кете берсе ит-кушка же адамдарга жем болгон жатпайбы. Аксак бул жердеги мергендердин баардыгын билч?. Ал ?ч?н ?т? коркунучтуу а?чылардан болуп, ушул Кара мерген аталган. Кайберен «Кара мерген»– деп Карамырзаны атап жатат. Анан дагы «Б?к?р» мерген деген бар ал ар дайым б?к?р?й?п басат. Ошондуктан аны ошондой атап алган. Ал ар дайыма а?чылыкка беш-алты киши жана айдооч тайгандары ээрчитип чыгат. Андан кутулуу о?ой эмес. Ал «Б?к?р» далай кайберендин башын жайлаган. Аксак кулжа ?ч?н ушул мезгил ?т? кооптуу, мергенчилер бул убакытта биринин артынан бири келип, тоонун кайберендерин атып кете беришет. Ошол ?ч?н ?т? сак болуш керек. Аксак кулжа алар келатса, кайберендердин тобун ээрчитип, адамдар жетпеген аскаларга чыгып кете берет. Ал к?п жолу ошондой кылып, ?й?рд? аман сактап калган. Бирок а?чылар да акылдуу алар ?т? жашыруун жол менен келип кайберендерге кол салып ж?р?т. Аксак кулжа ар дайыма эки чебич, же эки улактан кароол дайындайт. Аларга ишенбей ар дайыма ?з? к?з салып турат. Кайберендерде ар бир топ ?з?нч? ж?р?т. Антпей баары чогуу ж?рс? ит-кушка о?ой жем болмок. Аксак кулжанын тобу башкаларга кошулбай ?з?нч? б?л?к жайылат.

Мына сонун жайдын убагы жердин ч?б? жакшы жетилип, к?ч?н? келген чагы. Ар бир жандык «Жаша? ч?пт?н жеп эт алып алайын»– дейт.

Ушул кезде Котур Т?рд?н башындагы тайпа? бетте Аксак кулжанын тобу жаша? ч?пт? оттоп жатты. Эки чебич бийик таштын ?ст?н? чыгып кароолдо турат. Эч нерсе к?р?нб?йт. Алар ?т? сак. Караан болсо эле коркунучтуу маарап кабар берет. Белгини уккан кайберендер качып жоголот.

Ч?пк? тойгон аттарды минип, мылтыктарын асынып, Карамырза мергендин тобу келатты. Ал Котур Т?рд? кайберендердин оттоп жатканын билип, аларды ?рк?тп?й ?ч топко б?л?н?п, туш-туштан курчап мылтыктарын атмай болушту. Кексе мерген ?м?р боюу а?га чыгып, кийиктердин сырын жатка билип алган эле.

Кароолдо эки улак турган эле алар с?з?ш? кетип, алаксып ойноп жатып алды. Ушул кезде мергенчилер чукул ???п, кайберендерге жакындап келди. Эки жигит тайгандарын жетелеп, жыт алдырбай, чыгыш жагынан чыгып, кийиктерди ?рк?тм?к. ?ркк?н кайберендер жардын алдындагы чубамадан ?т?п, бийик аскага карай чыга качмак. Ушул кезде тайгандар кийиктерди кууп калды, алар т?нд?кк? карай тараша карай бой урду. Ал жерде жашынып жаткан мергендер келе жаткан кийиктерди атып кирип, бир топ жаныбар ?л?мг? учурады. Кайберендер ал жерден качып, чыгыштагы аскаларга чыгып кет??г? аракет кылып, чубамага жакындап анан аскага карай жармашып, андан ары кутулуп кетмек. Чубамада бир бала мерген менен Карамырза турган. Кайберендер жакындап келгенде эк?? атып киришти. Баланын мылтыгы от албай койду. Карамырза атып жатып, бир топ кийикти кулатты. Акыры огу т?г?н?п калды окшойт, ата албай калды. Бирок бир огу бар экен жакындап калган Аксак кулжаны к?р?п, аны атууга камынды. Мерген бир ок менен жаныбарды атты. Жаныбар Карамырзаны тике карап кыймылдабай туруп берди. Ок анын о? капталынан терисин каарып ?тт?. Кайберен мергендин огу т?г?н?п калганын сезди окшойт, тике эле адамга карай каршы барып, анын жанынан ?т?п аскага карай чу коймок. Ушул кезде Карамырза м?й?зд?? кулжанын т?з эле ?з?н карай келатканына та? калып, бир эсе сестенип, бир эсе та? калып, мылтык менен кайберенди башка чаап жарадар кылмак болду. Кулжа каркайган м?й?зд?р? менен мергенди качырып барып с?з?п калды. Мергендин к?з?н?н от чагылышып, жаны оозуна келе т?шт?.

Ал ыргып барып жерге жатып калып, к?з?н?н ?т чагыла, бели бир нерсе болгондой сезилди. Мерген к?пт? барып эс алып, эмне болгонун байкабай калды. ?з ичинен та? кала «Ушундай да болобу»-деди. Арыда ?з? аткан кайберендерди карады. Бир эки кийик чала жан болуп, анда санда кыймылдап коёт. Ал кайберендерди аяды. «Же тир?? эмес, же ?л?? эмес жаткан экен. Бул кудайга жакпайт. Мерген турайын»,-деди тура албады. Белин бир?? сындырып кеткендей болду. «Белими ким сындырды?» тура албады. Ал эмгектеп барып, ч?нт?г?н?н курч бычагын алып, бир кийикти мууздап кирди. Мерген аны ара? дегенде мууздады. Курч бычак ж?л?нг? тийгенде жаныбар бутун тыбыратып, жан талаша башы менен мергенди бир канча жолу т?ртт?. А?чынын алы кетип, шайы ооп барып, ара? дегенде жандыкты мууздады. Ал ?з?н? та? калды «Эмне ?ч?н жаныбарга бата кылган жокмун, мен буларды к?п атып каргышына калдым беле ия?»-деди. «Ошондой болду беле? Ошондой болгонго, канча жылдан бери а?чылык кылып келе жатам?. Балалык курактан бери жаныбарларды атып келе жатам. Канча жаныбарды ?лт?рд?м, санаган эмесмин. А канчасын капкан, кылтак менен кармадым. Ошол жаныбарлардын убалы мени уктатпай жатабы? Колума курал тийсе эле жаныбарларды ?лт?р??г? киришем ушул жакшыбы? Эмне ?ч?н аксак кулжа мени с?зд?, анын менде ?ч? бар беле ия? Мен канча кийикти аксак кылдым, к?п эле жаныбарды аксак кылбадым беле? Бул канчанчысы?» Мергендин башына сан ойлор келип-кетип турду. Анын оюу кээде чар жайыт болуп жатты. Турайын деди тура албады. Кулжа мергенди катуу с?зг?н экен. Ошол ?ч?н тура албады. Бирок ыйынып-ышкынып атып ара? турду. Ары-бери басты такыр алы жок. «Ушундай да болобу, жаратканым мага эмне жазаны буйруп жатат». Анын колу, чепкени баары кан болуптур. Ал кан болгон кебетесин к?р?п, ?з? коркуп кетти. Кимдир бир?? менен бычакташкан сыяктуу болуп калыптыр. «Мен ким менен бычакташтым, адам мененби, жок кайберендер менен. Кайберендер ыйык канын мага сыйпап кеткен тура. Бул эмне? Биздин канга забын болду? дегениби ия? Же канга кан деп жатабы? Ошондой болуптур. Белге с?з?п, омурткамы да оордунан козголткон окшойт. Белим к?ч бербесе баса албай адам болбой жетелетип калам го?» Ал кан болгон денесин жууганга сууну карай ара? кадам шилтеп баратты. Аркар с?зг?н жери ачышып ооруп, жаны к?зг? к?р?н?п жатты. Дагы бир жыйырма кадам басса эле, сууга жетип кан болгон жерин жууп, суу ичип ты?ып калмак. Бирок андай болгон жок. Ал иле?-сала? басып баратып, анан чо? эки таштын ортосунда шиберл?? жерди к?р?п, ошол жерге эс алыш ?ч?н отура кетти. Отура кетти да, эс алыш ?ч?н жантая жата кетти. Шиберл?? жерден ары аюу казган ийинди к?р?п, мерген сойлоп отуруп ошого кирип кетти. Эс алыш ?ч?н к?з?н жуумп, ошол бойдон кыйналган неме тере? уйкуга кетти. Берки мергендер ?н салып, Карамырзаны издеп ж?р?шт? бирок эмнегендир аны эч жерден таба алган жок. Анын аткан кийиктерин жана мууздалган жаныбарды баарын жада калса минген атын да тапты, бирок ?з?н таба алган жок. Такыр таба албай койгондо «Карамырза аба кайдасы??» -деп кыйкырып, айлананы жа?ыртып издеп ж?р?шт?. Эч бир дабыш жок кайда житип кеткени билинбейт. Айланадагы таш, коргулдардын баарын тинтип карап чыгышты. Бирок таба алышпады. Эмне болгону белгисиз. Бийик тоону и?ир аралап т?н кирип келатты. Мергенчилер кийик эмес, бир тууган абасын таба албай айлалары кете баштады. « Балким ж?? айылга кетип калдыбы?» деген божомолдо болушту. Бир адамды айылга чаптырып, ?зд?р? айланадан издей башташты. Бирок табылган жок. Айлалары кеткенде чо? таштын т?б?н? отуруп эс алууга ?т?шт?. «Эки жактан Карамырза келип калабы»-деп шыбырт к?т?шт?, бирок эч шыбыш болбоду. Айылга кеткен адам баардыгына айтып чыкты. Бирок т?н кирди, кара?гы т?нд? алар эмне кылмак эле. Ошол т?н? Карамырза мергендин ?й- б?л?с? такыр тынсызданып чыгышты. Мерген кабарсыз эмне болду? Ызгаардуу к?з т?н?нд? катуу суукка учурап калбаса экен? Айыл эрте?ки та?дын атышын к?тт?. Каардуу кыш кирип келаткан к?з убагы болчу. Тарапка небак суук т?ш?п, жер то?о баштап, суунун ?ст?н? катмар-катмар муз каптап калган.

Эртеси жерге жарык т?г?л?п, та? кулан??к атты. Эркектер атчан, ж??л? мергенди изд??г? чыгышты. Ошондо Карамырзанын бой жетип калган баласына М?й?зд?? эне келип айтып турду.

– Абабыз эки жарык таштын ортосундагы аюунун ??к?р?нд? жатат, аны ошол жерден таап аласы?ар,-деген божомолду кобурады.

Адамдар ашыгыша ж?н?п кетти. Алар жолдон дагы мергенди издеп кетип баратышты. Атчандар Котур Т?рг? бат эле жетип а?чыны издеп киришти. Ыйык эне айткандай а?чы чо? жарык таштын ортосундагы аюунун ??к?р?н?н табылды. Карамырзанын денеси ?т? коркунучтуу болуп калган эле. Алды жагы б?т кан. К?рг?н адамдар ойлонушту: «Бир жандык менен кармашкан окшойт»-деп. Денесин чечип к?р?шс? баары аман эч жеринде шек жок. Анан эмне ?ч?н кан? Мууздалган кийикти к?р?п, ошонун каны чачыраганын билишти. Мерген такыр тил оозсуз эле. Аны атка ???р?п айылга алып келишип, чечиндирин башы -колу жууп ысык т?ш?кк? жаткырышты. Эмчи-домчулар мергендин тамырын кармап к?р?п, «Алы кетип калыптыр, к?з?н ачсын»-дешти. Мерген эки к?нд?н кийин ара? к?з?н ачып, ?л-б?лд?г?н жарык д?йн?н? к?р?п, бирок тил-оозсуз жатты. Мерген к?з?н ачканда Эмчи эне айтты:

– Кагылайын Карамыза бизди коркутпай к?з??? ачса?, эмне апаатка кабылды? баарын айтып берсе? боло!

Мерген кубанычтуу эки жакты карап, анан кайра к?з?н жуумп уйкуга кетип жатты. Адамдар «Жакшы эс алсын анан деле эмне болгонун айтып берет»– дешти. Уктап жатып эки жолу: «Аксак кулжа келатат, с?з?т»-деп кыйкырып жиберди. Жанындагы адамдар та? калды. Алар окуя аксак кулжа менен байланыштуу экенин сезишти. Аялдар ыйык М?й?зд?? энеге кайрылышты. Ал айтты: «Жаратканым ата-бабанын арбагы колдоптур же болбосо, зыян болуп калмак экен. Ал мергендин белин сыйпалап кармап к?р?п: Кайберен белге с?з?пт?р, омурткаларга зак кетиптир, жакшылап эс алсын анан дары сыйпап айыктырабыз»,-деди. К?з? ачык эне окуянын эмне болгонун бат эле билип койду.

Карамырза эки к?нд?н кийин эсине толук келип, уйку-соонун ортосунда ?тк?н бир элести эстеп, эмне окуя болгонун баарын сыдыргыга салып жатты.

Анда э? сонун жайдын к?н? болчу. Жээрде атын минип, мылтыгын асынып, Котур Т?рг? а?чылыкка чыккан. Сорок Таштын т?б?н? жашынып, кайберендерди а?дып жатты. Кайберендер эчтекеден капары жок Сорок Ташка жакындап жайыла баштады. Ошондо мерген удама-удаа мылтык атып эки аркарды кулатты. ?ч?нч?с? м?й?зд?? чо? кулжаны атты эле, ага ок бутуна тийип, жарадар болуп акса?дап кетти. Мерген эми эсине толук салып, ошондогу чолок кайберен ушул кулжа экенин эстей койду. « Жарыктык эст?? кекчил жаныбар мени унутпай эстеп калган экен, канча кылса да менден ?ч?н алайын дептир. Алды окшойт»– ооруган жерин эстеп онтоп жиберди.

Ал жанындагыларга эмне окуя болгонун баарын аныктап айтып берди. Аны бугу эне белине кыйтайдын кырма дарысын, т?рк?н ч?пт?рд? жана жаныбарлардын майын сыйпап жатып ара? адам кылды. Мерген жарым ай болот дегенде оордунан туруп басып калды. Аркар с?зг?нд? белине катуу зак кетиптир, омурткалары жылышып кеткенби ким билет. Андан кийин ал чо? а?чылыкка чыга албай калды. Эки жакка к?п баспай ?й?н эле айланып калды. Ошол оорунун залдарыбы ооруп ж?р?п, т?рт-беш жылдан кийин бул жашоону таштап тиги д?йн?г? узап кете берди.

***

К?нд?р тынымсыз ?т?п жатты. Кайберен эненин боюна б?т?п талгак боло баштады. Болгондо да кайберендин с?т?н?. Ал башка жандыктардын с?т?н ичип к?рд? бирок талгагы жазылбады. Ошол ?т?н?ч?н Алсейит бийге кобурады. Бий ары бир ойлонуп, бери бир ойлонуп, «Канча кылса да, кайберендин тукуму эмес беле, ошондуктан жердигин тартып, ?з энесинин с?т?н самап жатса керек» деген тыянакка келди.

Бир к?н? Арыкмырзага байбичеси кайрылды:

Байым биздин м?й?зд?? келинибиз кайберендин с?т?н? талгак болгон шекилд??. Ургаачы кийик атса?, терисин сыйырбай т?ш? менен алып келип бере к?р. С?т?н эмсин байкуштун бир сообуна жара,-дептир.

Арыкмырза кезинде к?зг? атаар мерген болгон экен. Бирок инилери менен мылтык талашып сороктоп жарышпайын,-деп куралды таштап койгон. Ал бекем жерге катып койгон мылтыгын алып, басыгы же?ил Тору атын минип, кичинекей кол чанач кымызды канжыгага байлап, эки жигит менен к?л?к тайганды ээрчитип улуу тоого ж?н?п калды. Убакыт к?п ?тк?н жок, сала?даган карды жарык асканын о? жагындагы кара корумда топ кийик жуушап жаткан экен. Мергендер шамалы жок тарап менен эч шыбыш бидирбей, кайберендерге ???п жакындайт. Айдоочу болуп тайганды ээрчитип эки жигит кеткен эле. Алар кийиктерге улам жакындап ?рк?т? шыбыш берди. Адамдын шыбыртын алган кайберендер дыр коюп Асанмырза тарапка ?рк?й качты. Мерген эчак эле мылтыгын белендеп кайберендерди атканга даярданып турган. Эч нерседен капары жок жаныбарлар мойноктон чубуруп ?т? баштады. А?чы а?дып отуруп улагы чо?оюп калган кийикти атты. Ок жаныбардын т?ш?н? тийген окшойт о?ко-чо?косунан барып кулап жыгылды. Улагы жыгылган энесин карап бир-эки жолу маарап алды да, качкан кийиктердин артынан узай ж?н?д?. Арыкмырза кайберендин тулкусун атка артып ж?н?п, аны б?т?нд?й Алсейиттин ?й?н? т?ш?рг?н экен.

Эне чын к???л?н?н ыраазы болуп:

–Тукуму?ар к?б?й?п, конушу?ар к?кт?с?н ылайым жамандыкты к?рб?с?н,-деп жакшы батасын берген экен.

М?й?зд?? эне кийиктин т?ш?н боз ?йд?г? ала баканга илип, эшикти бекитип алды. М?й?зд?? эненин бир арамзаа келини бар эле, ?йд?н тешигинен «Эмне кылаар экен» деп ошол энени а?дып карап турду. Эне т?шт? илип коюп эмчекти эм??г? киришти. Эмчек ийип, с?т кадимкидей чыгып жатты. Келин бул ж?р?лг?н? жакшылыкка жоруп, «Биздин т?б?б?з кайберенден жалгашкан турбайбы»– деди. Анткени эмчектен кадимкидей с?т чыгып жатпайбы. Эне с?тт? ээмп болду. Кебетеси анан талгагы канды окшойт. Ошондо энени а?дып турган келин боз ?йг? жакын жердеги токойдон бугунун ичке ?н? чыкканын кадикидей уккан экен. Бул ?нд? Алсейит атанын уккан ж?н? да бар дешет. Анда-санда ошол токойдон кайберендин жылаажындуу назик ?н? адамдарга угулуп турчу экен. Ата тукуму кайберендин тукумунан жалгашканбы. Анын эсине ошондой укмуш кыял элестер келип-кетип турду. Андан бери биз жашап ?м?р с?рг?н тоонун койнунда далай жаз келип, далай кыш чапкан аттай узап кетти.

Уламада ошол тээ байыркы заманда «Кыргыздар алсыз болуп, калмактар ?ст?мд?к ж?рг?з?п турган убак экен»– деп баяндалат. Андан бери далай кылым учуп ?т?п кетпедиби.

Бир жолу калмак тайшысы менен Алсейит бий жолугуп калды. Ошондо калмак башкаруучу:

–Силер бизге алык-салык т?л?п тургула анан дагы айткандарды аткаргыла эки эл болуп ирегелеш ко?шу амандыкта жашайлы,-деди.

Тайшы Бадман ары митаам, ары жоокер чалыш адам эмеспи, кыргыздар менен касташып турууну туура к?рг?н жок. Алардын деле тынчын алган душмандары к?п эмеспи. Т?шт?г?нд? карай курттай быжылдап кара кытайлар тубайбы. Андан бериде аттарын удургутуп уйгурлар ж?р?ш?т. Эмне болсо да кыргыздар менен ынтымакта турууну каалады. Бирок калмак тайшысы кыргыздардын чы?далып эл болуп кетишин да каалабайт. Ким эле душманын кайраттанып кетишин кааласын.

«Элди согуш балээден аман сактап ко?шулар менен жакшы мамиледе турайын»– деп Алсейит бий калмактын тайшысы Бадмин менен алыш-бериш кылып жакшы катышта болду. К?нд?рд?н биринде тайшы Алсейит бийди аялы менен чакыртты. Анткени алык-салык жакшы келип, Алсейит бийге анча-мынча сый к?рс?тк?с? келген эле. Андан башка Бадмин м?й?зд?? эненин адамдан башка сапаттарын угуп, ыйык адамдын сапаттарын байкап к?рг?с? келген. Бий тайшыга ар кандай тартуу менен барат. Бадмин адмдын сырын байкап, к?пт? к?рг?н кексе адам эле. Ал м?й?зд?? энеге к?з? т?ш?п, шылтоо менен «К?й??с?н жок кылып ушул ургаачыга ?йл?нс?мб?»– деп кыялданат. Бирок к?з? ачык м?й?зд?? эне тайшынын ичиндеги удургуган арамп??ш ойлорун айттырбай билип алды. Эне тымызын баардык ишти б?тк?р?п бул коркунучтан чыгып кет??н?н жолдорун ойлоп жатты. Тайшынын чакыруусун Алсейит аргасыздан кабыл алды. Антпесе болбойт эле кыргыздар ар жылына эки жолу калмак т?б?лд?р?н? салык т?л?п турган, Алсейит бий чукулда бир жаман нерсе боло турганын астын ала сезди. Ата чакан ?рг??с?н жоош аттарына ж?кт?п камбыл к?чт?? т?рт-беш жигити менен белек камдап калмактарга ж?н?п калган. Бийдин келишин мартабалуу калмак тайшысы жакшы кабыл алган болду. Ак жалдуу к?л?к аргымагын минип алардын алдынан тосуп, ?й?н?н арыда шамалдан ыктоо д??д?н т?б?н?н конуш берип ж?кт? т?ш?р?п кондурган. Меймандардын урматына деп семиз жылкы союлду. Тайшынын ?й?нд? конок ?ч?н камылга к?р?л?п жатты. Ары-бери чапкылаган жигиттер сууга чуркап ?йд?н тегерегиндеги адамдар ар кандай жумуштарды иштеп жатты. Бир тобу тайшынын ?й?н? мейманга ж?н?п калды. Алар бир топ к?н жакшы конок болушту. Кантсе да кетеерге убакыт жетип калгандай. Сый ?ст?н? жакшы кептер айтылып отургандар эки журттун санжырасынан баян козголуп, а?геме токтобой ж?р?п жатты. Бадмин кыргысча с?йл?б?с? да, э? жакшы т?ш?нч?. Ал эми Алсейит бий калмакча, кыргызча аралаштырып корулдаган ?н? менен маек курганга жараган. Анын кул-кутандары калмак болчу ошондон улам башка тил ага ??н болбой калган. Бадмин ко?таажы бийдин с?з?н берил?? менен угуп жатты. Акыры Алсейит бий калмак тайшыга ыраазылык билдирип, «Кел демек бар, кет демек жок» деп туулган жерге кайтуу ж?н?нд? ойун билдирди. Калмак бийл??ч?с? анча жактыра бербегендей кыязда:

– Буюрса эки-?ч к?нд? кайтасы?ар,– дегендей ишааратын айтты. Кетеерде дагы эт салып конок каадасы к?р?л?п, меймандар семиз жылкынын казы, картасын жегенден кийин г?лд?? кытай чынысына мелт-калт эткен чыныга кымыз сунуп, тайшы Алсейитке кайрылды:

– Эми кымызга кез келди муну ичели.

М?й?зд?? эне ал чыныны алып:

– Ардактуу Тайшы биздин элдин салты боюнча биринчи тамакты ?й ээси ичиш керек,-деп мелт-калт кымыз куюлган ийдишти калмакка кайра берди.

Тайшынын ??? бузулуп кетип эч нерсени сезмексен болуп ийдишти аялына кайра берди. Чыны ирегеге барып жай алды. ?йд? жаман окуя болбогондой бирок алардын жан-д?йн?с?нд? уйгу-туйгу абал учуп турду. Чыныгы уу куюлган эне ?йг? киргенде эле бир жаман окуя болоорун баамдаган. Кыргыз бийи каза болсо, м?й?зд?? энени тайшы к?чк? салып ?з? алмак. Бирок окуя ал ойлогондой болбой такыр башкача ???тт? болуп кетпедиби. Олуя эне бул к?р?н?шт? алдын ала сезген. Тамак ичилип б?тк?нд?н кийин Алсейит Ко?таажыга ыраазылык билдирип ?й?н? кетти. М?й?зд?? эненин ички д?йн?с?нд? оюу б?д?м?кт?н?п удургуп турду. Чын эле Ко?таажы ушундай кылабы? Биз эмне кылабыз, астыбызда кандай к?нд?р к?т?п жатат? Калмактар турганда алакандай элибиздин тагдыры эмне болот? Аз ?м?р?б?з Бадмин желмогуздун че?гелинде калабы?

Убакыт к?п ?тп?д?.

Т?р тараптан жел катуулай согуп, ?тк?н ?т?п, к?н ачылды. Кечки к?н кызылын чачып, балбылдап уясына улуу тоолордун артына карай ашыга батты. Айланага ашып-шашып к??г?м келатты. Желедеги кулундар небак агытылып, калмактын жигиттери иш менен аттарын ары-бери чапкылап ж?р?шт?. Ошол кезде м?й?зд?? эненин ?й?н? ашып-шашыла тайшынын кызы Чежемен кирип келет. Кыз киреерин- кирип эшиктин алдына бозоруп туруп калды. Эне кызды жакшы маанай менен кабыл алып, «Т?рг? ?тк?н»– деди. «Алсейит бийди б?г?н т?н? жок кылганы жатышат»,-деди калтаарый.

Чежемен кыз мурун Алсейит бийдин колунда к?пк? ж?р?п калган. Анын бул ?й-б?л? менен башынан жакшы мамилеси болгон. Кыз баарынан м?й?зд?? эненин жакшы к?р?п аны берилип сыйлоочу.

– Анын баары бизге белгил??,– деп бойго жеткен кыздын чекесинен сылап бетинен ??п койду. Чежемен м?й?зд?? энеге ?й?р алып жылдыздары бири-бирине дал келип калган эле. М?й?зд?? эне ага акыл айтып жана сыйлоочу. Ошондон уламбы алардын жан д?йн??с? жакшылыктан кезигишкен. Эне башын жууганда дайыма сууну Чежемен куюп берч?. Жана ар кандай жашыруун сырларды ичине сактап, эненин олуя заадалыгын кыз билген шекилд??. Бул кезде кыз бой тартып турмушка чыгууга даяр болуп калган.

Акырындык менен батыштан жайдын жели согуп тоонун башына булут т?н?п, т?н кирди. Асманда жылдыздар жымы?дап шыбырт чачып сырдуу жылмайышат. Ажаан иттердин ?рг?н? баса?ча болуп айыл тынч. Эч шект?? нерсе байкалбайт. Айыл аралай эки калмак жигит кандайдыр бир жакка чаап кетти. Кой кайтарган калмактын кул-кутандары короо четиндеги алачыгында уйкуга алда качан кирген. Ошол к?н? к??г?м келеери менен м?й?зд?? эненин санаасы санга б?л?н?п, к?з?н? бирдемелер к?р?н?п, ар деме бирдемелерди ойлоп, к???л? чар-жайыт, удургуп турду. Катуу санаага батпаганда кантмек эле эшигинде желмогуз-кара ой, сагалап турбайбы. Кара к???л калмактар адамды аямак беле. Канына кастык си?ип калган адамдар эч кимди аямак эмес. Эне Алсейит жана берки жигиттер менен эчак эле а?гемелешкен. Б?г?н т?н? Тайшынын кан ичеер жигиттери бийди к?м-жам кылаары билинген. Алардын башында ушул жаман ой сагалай-удургуп турду. Бий тараптагылар астын ала качуунун жолдорун ойлоп жатышты. Антпесе алар ?л?м че?гелине калган жатпайбы. Эки жигит барып тоонун т?б?нд?г? жашыруун жерге аттарды эчак байлап койгон. Эл тынч уйкунун кучагына термелип кирип, Алсейиттин ?рг??с? чечилбей турат. Эне иш билги адам эмеспи. Бийдин ?й?н эки калмак кайтарууга алган. М?й?зд?? эне аларды этке, кымыздан тартылган аракка аябай сыйлап ичирип, мас кылып таштаган. Тамакка жана ичкиликке тойгон кароолчу жигиттер тез эле ко?урук тартып уйкунун кучагына кирип, Алсейит даяр турган аттарды минип билинбей т?н жамына кара?гыга жым-жым кирип жок болушту. Ар кайсы жерден айылдын иттери ?р?п басылды. Конушта эч нерсе болбогондой жымжырттык ?к?м с?р?т. Т?н ортосу ченде Тайшы алты жигитин чакыртты. Алар бийл??ч?н?н с?з?н угуп, кара?гыда эч кимге байкалбай бийди жигиттери менен жок кылып, улуу дайрага ыргытып, тайшы м?й?зд?? энеге ?йл?нм?к. Каардуу калмактар кыргызга дагы бир зомбулугун к?рс?тм?к. Тайшынын аялы бул кара ойго каршы болуп:

– Кой, андай кылба, ал сага зайып болуп бербейт. Буруттун аялы акыр т?б??? жетет. Кыргыздын колунда кылычы бар. Алар менен ирегелеш турабыз. Ак калпакчандар кек кууп, кайра ?ч?н алат. Демек жакшы санаа менен туралы,– деди ар нерсени баамдаган акылдуу бетинде чо? ме?и бар зайып.

Тайшы жини келе орой ко?к этти:

– Кой катын, сен к?п с?йл?п башыма чыкпа, катыны? бийлик кылбасын. Мен сага к?? жумшап берген жатам. Болгондо да кыргыз бийинин катыны,– деп тамашалагансып карс-карс этип к?л?п басылды. Ал к?лг?нд? семиз курсагы болк-болк этип термелип турду.

Айсыз кара?гыда шамшарларын жала?даткан калмактар бийди ?й?н?н таппай калышты. Жигиттер кароолчулардын мас болуп жатканын Бадминге айтып келишти. Ошондо жорудай болгон тайшы капаланып:

– Ш?мш?к бурут Алсейит мени сызга отургузуп, качып кеткен экен ээ м?й?зд?? катын колума тийбей калган окшойт,– деп катуу ?к?нд?. Мас болуп жаткан кароолчуларды с?йр?п барып эс алсын деп тере? орго салдырып таштатты. Жини келген тайшы к?л?к аттарды мингизип жигиттерди куугунчу кылып жибеди. Колго тийсе к?к ала кылбай аман алып келгиле, алардын жазасын ?з?м берем,– деди. Куугунчулар к?л?к аттарды мине иттерди абалата, туяктар д?б?рт таштай тапырата чаап кетишти. Ал эми эки жакка к?п чыгып ж?рг?н жол о?утун билген куугунчу келеерине шекшинген кексе Алсейит бий т?з жолго салбай тескери багытка баштап аларды амал менен буйтай эчак эле алыстап кеткен.

Калмак жигиттери буруттарды издеп ашуунун белине чейин чапкындап келип, кайра таппай ?йл?р?н? кайтышты. Алар болгон абалды тайшыга айтты. Кымызга тойгон тайшы:

– Ата?дын к?р? ит бурут т?лк?д?й к?з жазгырып, алдап кетти ээ,– деп эчтеке болбогондой жоон курсагын сылап карс-карс к?л?п кала берди.

Ошондон кийин ала-сала к?п убакыт ?тт?. Дайралар далай ирет ташкындап, далай ирет суу ?ст?н муз басып, бошоно керемет ?н?н алыска угузуп жатты.Т?лк?л?р ийнинен чыгып эчен жолу т?л?п, далай жолу кар басышты.

Чагылгандар жарк-журк эте асманды жара аскаларды к?з?п жатышты.

Жамандыр-жакшыдыр Те?ир Тоонун кыргыздары ?з турмушун ?тк?р??д?. Албетте калмак менен кыргыздардын ортосунда кабала?дуу к???л ч?г?рг?н к?п эле окуялар болду дечи. Аларды биз кийинки санжыраларда баян кылып айтаарбыз. Бул баянда бугу эненин кайып болуп кетиши ж?н?нд? уламада айтылган кептерге кайрылалы. Албетте бул улама ушундай болду беле, же башкачабы ким билет? Андан бери оболоп учкан куштай далай кылым ?т?пт?р. Жээ к?рг?н киши жок же кагазга калем менен чийип жазган адам жок. Ата?дын к?р? д?йн? бок. Бирок эл оозунда ушундай болгон деп улама болуп айтылып келатат. Эгерде эл арасында айтылса анын чындык жагы деле бардыр.

К?б? т?г?н к?б? чын

К?р?п келген киши жок.
<< 1 ... 165 166 167 168 169 170 171 172 173 ... 176 >>
На страницу:
169 из 176

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров