С?зд? Арыкмырза алып:
– Эми мергенчилер алып келген кызды кимге ыроолойбуз, кыз экен бойго жетип калыптыр. Биздин Кылжыр атанын тукумунун бир??н? ыйгаралы тоодон табылган пенде умай эне колдоп, ак элечект?? элге-журтка байымдуу эне, бала-чакалуу болсо болду.
Ал бир аз тыным алды да:
– Ырахматы болгур, Мырзакул иним ?м?рд?н ырахатын к?рб?й тиги д?йн?г? жаш кетти. Анын эрте кеткени менин дагы азаптуу к?й?т?м болуп саналат. Анын уулдары Алсейит менен Тынымсейит жерден боорун к?т?р?п ты? чыгып, келатат. Жаратканым ошол оюмду бекемдесин. Алсейиттин ?йл?нг?н теги анчейин болуп, чекебизди жылыта албады, айланайын туугандар мен десе?ер Те?ир тоолук кайыптан табылган кызды Алсейитке ыйгаралы. Ошонун башына баш, малына мал кошулсун, с?йл?п жаткан адам к?з?н?н кыйыгы менен а?чы инилери Асанмырза менен Карамырзаны карады. Алар эмнегендир жактырышпаган таризде турганын сезди. Таап алган олжосун Алсейитке ыйгаргысы келбей турушкан эле. Арыкмырза эки инисинин к?з?н тике карап, силердин олжо тапкан акы?арга мен карышкырга алдырбас, камчы салдырбас айгыр Ак желгени ?йр? менен кармап берем,– деди.
Эки мерген бул с?зд? угуп, ???н?н кубанычтары жана т?шт?. А?чылык менен алышып ж?р?п, аларда камбар ата тукуму такыр эле аз болчу. Суусар тебетейин башынан алып о?дой кийип Асанмырза с?йл?д? анын тоо суугунун ысылы суугунда ж?рг?нд?кт?н кашка тиштери т?ш?п, суук тийип ж?д?п ж?рг?н эле:
– Мейли агабыз эле айткандай болсун. Алсейит биздин да уулубуз болот. Ошол кургурдун бактысы ачылсын,-деди чын ыкласынан Арыкмырза Алсеитке:
– Алсейит балам бакты? ачылсын кайберендин кызына ?йл?н?п жатасы? эми оорду?дан туруп ата салты боюнча камылга?ды к?р?п, бобу карыялардан эл – журттан бата ал,-деди ырайымдуу карап Мырзакулдун баласы Алсейит жаштайынан атасынан эрте ажырап, жок- барга кабылып, анын ?ст?н? алган жары анчейин чыгып, ысылы- суукту к?р?п, бир топ чырак ?с?п келаткан эле. Байыркы бабалардын каада салтын билип, адамдын ички сырын к?з карашын айттырбай туюп турчу. Журт башкараарга да ж?нд?мд?? жактары бар болчу. Мындай кезде жоо ирегеде турганда эл башкаруу деле азаптуу иш эмеспи Алсейит оордунан туруп:
– Ырахмат аталар айтканы?ар келсин, мен силер менен болоюн,-деп ийиле ?й?н к?зд?й шашыла басып ж?н?д?. Ошентип Арыкмырзанын айлында Алсейит кайберендин кызына ?йл?н?п, той шаанисин кылып жатты. Шамдагай чабандеске к?л?к аттарды мингизип алыс-жакын орун алган туугандарга, элдин урматтуу адамдарына кабар айттырып жатты. Паразаттуу эл башкарган адамдар келип, тамак жеп бата берип, кетип жатышты. Алсейит кайберен кызга ?йл?нг?нд?н кийин анын ?й?нд? адамдар ?з?лг?н жок. Ошондон баштап Алсейиттин башына- баш, малына-мал кошула баштады. Акылман ургаачы Алсейиттин ишин астыга жылдырып жатты. Аял эркектин оюу бир жерден чыкса иш о?олот эмеспи. Эл тынч жашап калмактар менен алака т?з?п, эки журттун ортосунда аз да болсо ынтымак куралып, кооптуу д?рб?л?? азая баштады. Анан иштин баары жайында болуп, убакыт к?зг? илешпей зымырай закым жасап ?т?п жатты.Те?ир Тоолук кыргыздар Алсейитти бий кылып шайлап алды. Ал акыл билги адамдын ич койнуна тез кирип кетип, пенденин ички сырын айттырбай т?ш?нч?. Кылжыр ата сыяктуу боюу бийик денеси тарамыштуу келип, тулкусуна кут уютуп койгондой баатыр сымал адам болгон. Байыртадан бери кыргыз эли баатырдык менен сыймыктанып келген эл эмеспи. Жоо капталдан к?ч алып турганда ?зд?р?н-?зд?р? коргобосо ким коргомок эле. Мындай кезде элди башкарганга акылман адам керек болот турбайбы. Бирок кыргыздын аягы тиги Алай тоолорунда, т?нд?г? казак ч?л?н? чейин чачкын болуп, бири-бирине ыраак катташпай биримдиги жок болуп жатпайбы. Келечекти ойлогон Алсейит бий калмактар менен эриш аркак чатагы жок жашоону самады. Жээ элдин ынтымакка бириктирип к?чт?нт?п алууну каалады. «Кара курттай жайнаган кытайлар менен калмактар каптап кетсе элибиз чо? б?лг?нг? т?ш?п тагдырыбыз эмне болот. Тукумсуз калабызбы – деп санаа чегет. Ошол ?ч?н калмактын тайшысы эмнени буюрса ошону аткарып турабыз. Анан элибиздин амандыгын сактайбыз, жоо болуп эч кимге катылбайбыз -дейт. Абалтадан бери Те?ир Тоону мекендеп келген элибиз бир-бирибизге те? ата журтпуз»– деп ?н?н к?т?р? с?йл?п калмак тайшысынын алдына сыпайлыгын салып анча башын ийген эмес. Калмак тайшысы да атам замандан бери кыргыздар менен ко?шу келгенин эстеп, буруттар аттарын куюндата шамдагай баатыр чалыш келеерин жана мыкты эркекери бар экенин сезч?. Алар менен кармашуу жакшы натыйжа бербестигин туюп кыргыз журту менен тынчтыкта жашоону алар да самады.
Кайберенден келген кыз к?з? ачык пенде болуп, ал адамдын келечегин жана алды да боло турган иштерин акыл сезими менен туюп турчу. Ошондой эле адамдын оюн илгерлетпей сезген сезимтал пенде эле. Береги жакшы сапатынан анын айыл арасында т?б?с? к?р?н?п келаткан. Алсейит менен эненин ортосунда бири-бирин сыйлоо сезими жаралып, алар ?йл?нг?нд?н кийин бир т?н? жылдыздуу маалда сонун ойлорго бактылуу келечекти ойлоп жатышты. Алсейит э? сонун жарлуу болгонуна кубанып, анын бактысынан дагы бир жылдыз чачырагандай болду. Бейшембиден жумага ?тк?н т?н?нд? ата кайберен эне жаткан т?ш?кт? караса, анын к?к?р?г?нд? шоолалуу нур ойноп,т?г?л?п жаткан экен. Шооланы та? калып карап калды. Шооланын ??? кызыл келип, бир чети жашылга ?т?п кетип турду. Алсейит нурду кармалады эле колуна кут конгондой ж?р?г? опколжуп кетти. Балкм бул шоола боз ?йд?н тешигинен келбесин деп ойлоду. Бирок ?йд?н т?нд?к жабуусунда, туурдуктун бир жеринде да жыртык жок эле. Ал эми эшикте жымы?дап жылдыздар даана к?р?н?п, ай улуу тоого эчак эле отуруп, кара?гы болуп, тарап к?зг? сайса к?р?нг?с. Бирок м?й?зд?? энени к?к?р?г?н?н кызгылтым жашыл шоола т?г?л?п жатпайбы. Ата жанып турган нур бекер эместигин т?ш?нд?. Алсейит нурду кармалап к?рд?. Энеден жакшылыктын элеси жанып нурдан жылуулук менен бакыттын илеби т?г?лг?нд?й. Тере? уйкуда жаткан м?й?зд?? эне атанын деминен ойгонуп кетти да, к?з?н ушалап атага саналуу кайрылды:
– Эмнеге уктабай турасы?? Менин сага айтаар ?ч ?т?н?ч?м бар эле.
– Ал эмне ?т?н?ч?
– ?ч ?т?н?ч?м бар аны аткарса? айтам, аткарбаса? кереги жок.
– Деги колдон келе турган нерсеби?
– Колдон келбей турган нерсени эмнеге айтмак элем.
– Анда аткарайын сеникин аткарбаганда кимдикин орундатам.
– Байым аны ошентип атоочу сага ички сырымды айтайын, денеми жууп жатканда ?йд?н чыгып кеткени? жакшы. Жыла?ач тулкумду кароого болбойт. Экинчи ?т?н?ч?м мен киммин? Кайдан келдим? Аны такыр сурабагын, иши кылып улуу тоонун кудай жараткан пендесимин. Анан айта турган ?ч?нч? талабым турмуш ми? кырдуу, к?п сырдуу келет эмеспи, эрди катын болгондон кийин урушпай койбойбуз. Ошол кезде мени башка чаппа, пенденин башы ыйык касиетт?? болот. Башка чаап кор кылба! Биздин касиет башкага ооп кетет. М?й?зд?? эне менен Алсейит ошентип ?йл?н?п к?нд?р билинбей ?т?п жатты. Эк?? бири-бирине м?н?з? дал келишип, мамилеси суу кечип кеткени жакшы болду. Алсейиттин жашы да эр ортонуна жакындап калган эле. Эркекти эркек кылган зайып заты эмеспи. Алсейиттинн эл арасында салмагы арта баштады.
Ошондон кийин бир топ мезгил ала салып ?тт?. Далай суулар жээк кемирип акты. Ушул кезде жайдын сонун к?нд?р?н?н бири эле. М?й?зд?? эне боз ?йд? денесин жууп жаткан маалы болчу. Алсейит ата сыртта ж?р?п эркектик кумары кармап кеттиби берген убадасын унутуп боз ?йд?н тешигинен ич жакты карап жатты. Аял кадимкидей эле жуунуп жаткан экен. Анын сырткы кебетеси бир эсе м?й?зд?? кайберенге бир эсе аялга окшоп кетип турду. Мурун даана байкабаган эле эми аныгын билди. Ургаачынын башында эки м?й?зд?н оорду бар экен. Муну башын жууганда келиндери да к?р?п калган эле. Ошондон кийин кайыптан б?тк?н м?й?зд?? эне болуп аталып кетти. Аял жуунуп б?т?п эшикке чыкты. Эне Алсейит атага жакындап ?з?н?н таарынычын айтты:
– Бекер кылды? байым, мени байкаган жок дейси?би, менин к?з?м? боз ?йд?н ичинен сырт даана алаканга салгандай к?р?н?п турду.Тукумубуз саал азыраак болуп, эл журттун керегине жараган таанымал болчу балдарыбыз арбын болбойт беле. Арман к?н ай, менин тулку боюм жашыруун сыр боюнча кала берсе болбойт беле. Жаратканда канча жашыруун сыр бар, деги алардын аягына качан билип чыгууга болот. Бирок жаратканым колдоп, тукумубуз арбый берет. К?н эгем, жер энемдин мейкининде учугубуз б?кс?рб?йт,-деди с?й?н? ыраазыланып.
Ыйык эне менен адамдардын ортосунда жалгашкын кайберен эненин биз билбеген касиетт?? жактары арбын эмес беле. Ошондо Алсейит ата бул с?зг? анчейин маани берген эмес. ?м?р?н?н акырына чейин ошол жа?ылыштыгын к?п эстеп далай арманданчу, балким энеге сук артпаса алардын тукуму мындан дагы арбын болуп, акылман уул кыздары к?п чыгып, эл башкарып, калы? журттун эгеси болчу аалымдары да арбын болот беле ким билет? Кыргыздардын бири-бирине к?р? албастыгы тээ алмустактан бери келаткан илеешчек дарт эмеспи. Эки мерген таап келген кайып кыз Алсейитке турмушка чыгып ошону менен анын зоболосу к?т?р?л?п кеткен экен. Эки а?чы дайыма ошого к?р? албастык, ач к?зд?к кылып келген. Алсейит ата бул абалды билип турса да, айк?лд?к кылып аларга эч жамандык кылган эмес.
Мезгил ?т? кыш артта калып, к?н жылымыктап улуу тоолордун кары кетип, жаадыраган жаз жылмайды. Тоонун жылуулугу менен текеден чыккан Те?ир Тоонун эчкилери улактап, жан-жаныбарлар кыштан аман-эсен чыгып, жазгы жашоого кам ура башташты. Ал мезгилде деле Асанмырза менен Арыкмырза баягы а?чылык ?н?р?н улантып жатышты. Текелерин атса бир ж?н эле курсагындагы улагы бар эчкилерди атып жатышты. Алардын к?т?р?м болгон этин майга аралаштырып куурдак кылып жеп жатышты.
Кайыптан б?тк?н эне мергенчилерди карап:
– Абалар, эчкилер улактаар мезгилде байкуштарды атпагыла, силерге да, аларга да убал болот,-деди сылыктык менен.
–Бизге буйрук бергендей сен ким эле?, тентип таштардын арасында ж?рг?н кези?де адам кылалы ,– деп сени быякка алып келбедик беле,– деп акырая карады. Кыяр мергенчилерди эне сыйлоочу байкап к?рс?, алардын ичинде ж?рг?н кастыгы бар экен. «Т?ш?нб?г?н кем акылдарга кайдан да айттым эле»– деп ойлоду. Бирок эркин тоонун кайберендерин к?н??с?з ?лт?р?п жатпайбы. Ургаачы бул с?зд? угуп денесин калтырак басты:
– Мейли?ер ?з???р билгиле силерди урматтоочу элек бирок мага акараат келтирбегиле. Анын ?з? жаман болот,– деп эскерт?? иретинде айтты.
Эки бир тууган энени карап сен ким эле? дегендей мазактап к?л?шт?. Бул к?лк? эненин ж?р?г?н аралап замансы куурулуп турду.
***
Тоонун адамдары ?з турмушун ?т?п жатты. Алар бийик тоодон т?з??д?п, шамал тийбеген ыктоо жерге кыштамай болушту. Баягыдай эле эки мерген жапайы кайберендерди ылгабай ата берди. А?чылар к?п кол салып ийгендиктен Те?ир Тоонун эркин малы башка жактарга ооп кетип жатышты. М?й?зд?? эне к?нд? чыккан мылтык ?н?н угуп айыпсыз атылган кайберендердин тукумун аяды. Кээде жаш т?г?п ыйлап да алчу эле. Жаратылыш эне менен адам эненин жаралган жери бир эмеспи.
Эки бир тууган м?й?зд?? энеге атаандаштыбы, а?чылыкты такыр токтоткон жок. Ала-шала кайберенди атып келе беришти. Алардын жоругу башка адамдардын иренжите баштады. Бирок а?чыларга «Бул жаман иштерди токтоткула, кайберендердин каргыш-илкиши болот жана кудайы колдоочусу бар» деп, эч ким айта албады. Анткени эки мерген те? кырс улуу-кич??г? карабай адам задисинин к???л?н калтырып койчу. Бир к?н? м?й?зд?? эне Карамырза менен Асанмырза отурган ?рг??г? баратса боз ?йд?н бери т?ш? калышында, аркар-кулжа кийиктердин баштары, м?й?зд?р? аркайып-каркайып жаткан экен. Алар от жаккан к?л менен аралашып калыптыр. Ошондо м?й?зд?? эне катуу иренжип каргаган
экен. Бул каргыш Карамырза менен Асанмырзага карай айтылыптыр дешет. «Тукуму? ж?зг? жетпесин, ж?зг? жетсе, к?зг? жетпесин» деген экен. Эненин оозунан айтылган с?з жаза кетпейт эмеспи, санжырада бул эки бир туугандын беркилерге караганда тукуму аз болуп калган дешет.
Тоого к?п чыгып, ден соолгунун бузулганынанбы кийинки учурда Карамырзанын башы айланып мурдунан кан к?п кетч? болду. Ал эмес суук тийип, Асанмырзанын буту оорулуу болуп калды.
***
Бийик аскасы бар Нарын тоолору. Тоо башындагы карлар эрип ?з?н-сайлар ташкындап кирип жаткан учурлары эле. Катуу кирген суудан ээрдей болгон кара таштар ала-сала агып кетип жатты.
Ушул к?нд?рд?н биринде тээ К?тур Т?рд?н т?ш? калышындагы конгон айылдардан алты мерген а?га чыкмай болушту.
Мерген башчысы Карамырза айтып калды:
– Буюрса тоонун аркар-кулжа, кийиктери кара эти толуп майы алып калышты, атып келип, куурдак кууруп жей берели.
Анын с?з?н берки мергендер жиреп кетишти:
– Анда эмесе ошондой кылалы, ансыз деле бекер отуруп, кымызды иче берип зеригип кеттик.
– Баса чын эле ?й кайтаргандай биз бала белек, эрте? эле а?чылыкка чыгабыз.
– Карамырза агабыз бизди баштап чыкса эле жолубуз болот.
– Ал биздин атактуу мергенибиз, ал эмнелерди гана атпады.
–Абабыз кийиктин оттогун жакшы билет. Ар бир мезгилде кийиктердин кайда кеткенин жа?ылбай айтып берет.
– Анын алдынан эч бир кийик аман качып кутулган эмес.
– Ал бир атканда жыйырмага жакын кийикти аткан к?нд?р? болгон.
– Карамырза агабыз ылгабай эле ата берет. Бир жолу жаш он улакты атып келиптир.
– Атса эмне экен улактын эти жумшак болот, куурдак кууруп, артынан кымыз ичип алса? жыргап эле калбайсы?бы.
Анын с?з?н? баардык мергендер жыргап к?л?п калышты.
Ошонун эртеси эле т?з??д?г? адамдар ок дары мылтыгын белендеп, а?чылыкка даярдана башташты. А?чылыкты Карамырза мерген баштап чыкмай болду.
Анчылыкка чыгаар т?н? мерген бир жаман т?ш к?рд?. Ошол т?шт? аялына айтты эле:
– А?чылыкты таштаса?чы, тоого баса албай карып деле калды?,-деди.
Бирок мерген аялынын айткан с?з?н? мойнобой койду. Аны бийик тоонун семиз аркар, кулжалары чакырып туруп алды. Алардан мурун кайберендердин куурдагын жеп, артынан кымыз ичкиси келип туруп алган эле…