Жаратканым жар болсун!
Бек атанын тукуму,
Берешен болсун, бай болсун!
Эгерим кор болбосун,
Эли-жери бар болсун!
Э?сегени шай болсун,
Эсен-аман соо болсун!
Бул дастан санжыра жомок 1991 жылы 12-октябрда башталып,
1992-жылы 21- мартында жазылып б?тк?н. Бирок ушуга
чейи кайра-кайра алда нечен жолу о?долду.
БУГУ ЭНЕ Ж?Н?НД? УЛАМЫШ
Санжыра боюнча кеп баштасак ошол Кылжыр атанын эки уулу болгон Орозбакты жана Д??л?сбакты. Орозбактыдан: Болотмырза, Асанмырза, Карамырза,Токочмырза, Мырзакулмырза деген беш уул т?р?л?т. Алар атак-дактуу Орозбакты бийидин балдары эмеспи, кебетеси уулдарым сылык, сыпаа, кербез жана бай болсун деп ар бир баласынын атына «Мырза» деген атты улап койсо керек.
Уландарынын э? улуусу Болотмырза эле, ал узун бойлуу, арыкчырай болгондуктан келиндери аны «Арык» аке деп тергешч? экен. Асан чакырганда Болот аты унутулуп, Арык аке же Арыкмырза болуп аталды. Тагдырдын жазмышыбы туугандардын кичи??с? Мырзакулмырза жаш кезинен эле айыкпас дартка чалдыгып, жакындарын убайга салып, «Оо» д?йн?г? сапар алып кете берди. Каза болгон адамдын балдарын асырап алаар ж?л?к таягы Арыкмырза бар экен. Ал жаратылышынан ар нерсени туура баамдаган эст?? адам эле. Инисинин балдарын канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай кор кылбады. Мырзакул мырзанын уулдары Алсейит менен Тынымсейит атасы менен бир туугандарынын к?з кырында турмуштун оош-кыйышын жаман-жакшыны к?р?п кагыла, согула карышкырдын к?ч?кт?р?нд?й кайраттуу чо?оюп келатышты. Арыкмырза калыс, ары акылман, ары бир айткан с?з?н?н ?т??с?н? чыккан адам болуучу. Анын жетим жесирлерге эл журтка кайрымдуулугу ошол учурдагы к?чм?нд?рд?н арасындагы кадыр-баркын бир топ арттырып салды. Анан Алсейитке Арыкмырзанын таасири тийдиби ары чечкинд??,ары баатыр чалыш тартып, жакшы деген атакты алып, жакшы-жаманды к?р?п, жашынан эл башкарганга к?н?п, кийин бий боду. Жанындагы к?чм?н калмактар менен тынч жашап, карым-катнаш дегенди билип, ар-бир нерсени орду менен чечип, иш билгилерче ?м?р с?р?п келатты.Элде байыркы «Вазир жакшы,хан жакшы. Аял жакшы эр жакшы» деген кеп тегин жерден чыккан эмес экен.
Алсейит бийидин баш кошкон жары кайберен кызы бугу эне болгон дешет. Эмесе с?з оролу келип турганда, бул уламабызда ошол ата менен эненин санжырасын анча-мынча болсо да баяндап, кеп сала кетели. Алар окуучубузга дайын болсун.
***
Улуу тоо кичкисин суук тартып, аяк оона айы жылып,ай жа?ырып жаткан убак болчу. Эл очокко ыктап, отсуз отура албай калга маал эле. Кол араага жарап калган балдар ?г?з, ат минип, кышкыга отун камдай башташкан. Адамдар алыскы жайыттан ылдыйлай суугу жок далдаа жерлерге т?ш?п, шамалдан ыктоо жылуу ч?лк?мг? байыр ала башташкан. Эркин аймактын ч?б?н оттогон улуу тоонун кайберен аркар, кулжа, текелери кышкыга май камдап нык семирип калган учуру болчу. К?зд?г? бийик тоолордун сары сойгок ч?б? баягы жайдын маалындагыдай болбой жашыл ??? небак бозоргон. Ушул к?нд?рд?н биринде Орозбактынын ?ч?нч? уулу Асанмырза иниси Карамырзанын ?й?н? кирип келди. Карамырза т?рд? к?зг? кымыздан ичип кийиктин кабырга этин курч бычагы менен ырахаттана жеп отурган эле. Сырттан агасынын кирип келгенин к?р?п:
–Кели?из аба,– деп т?р жактан орун бошото ылдый отурду. Карамырза аялына белги берди эле ал ч??г?н? к?т?р?п, улуу кишинин колуна суу куюп, суу жоолукту карматты. Кайнагасы келинин алкай:
–Кагылайын балам, те?ирим тилеги?ди берсин, башы?ы бакыт жылоолосун,-деди.
Аял дасторконду ке?ейтип, кийиктин эти бар табакты эки бир туугандын алдына койду. Чарада жайлы-жайлай семирген кайберендин эти бар эле. Ага-ини тамакты ырахаттанып жеп, жай с?йл?ш?п отурушту. Алар аба ырайы, калмактардын келип-кеткенин, Нарын суусунун тартылганын, жырткыч б?р?л?рд?н айылга жакын келгенин а?гемелешти. Оттоок издеген кийиктер кайда ооганын, азыр кайсы жерде ч?п калы? экенин жоромолдошту. Жакшы эттен кийин бир чыныдай чай ичишип анан к?зг? кымыздан жутушту. С?зд?н аягында Карамырза жоон ?н? менен т?м?нд?г?д?й ойду баяндады:
– Ала Мышык тоосуна баралы ал жактын ч?б? калы? к?з мезгилинде кийиктер ошол жакка ооп кетти. Кайберендер бара-бара Кум Белди ашып Ак Кайкыны ?рд?п Ичке Т?рг? жыла электе бир нерсе атып алалы деп ке?ешти.
Асанмырза кара мурутун сылай башындагы тебетейин жерге коюп:
– Мейли ошол жакка баралы, кудайга жалынып ак бара?га окту уралы,– деп жай с?йл?п жооп берди.
Эки бир тууган с?зд? б?т?р?п эртеси а?га чыкмай болушту. Мергенчилер эч жакка чыкпай ?йл?р?нд? отуруп жумуштарына камылга к?р?п жатышты. Эк?? те? жаштайынан чечекейди жара аткан атактуу а?чылардан эле. Алардын таякелери а?чылыкка шыктуу болгон. Кебетесм бул ж?нд?мд??л?к аларга ошол тараптан оошкон шекилденет. Эртеси эрте туруп, аттарды токуй артмагына азык салып, та? агарып кулан ??к тартканда а?чылар тоого ж?н?п калышты. Эки атчан жолдо сербейишип, Ала Мышык тоосуна карай кетип баратышкан. Алар бул жерге далай мертебе келген. Ошол жолдо олжолуу к?нд?р?н бактылуулук менен эскерип баратышты. Ушул тоонун кайберендери булардан чочулашып башка жактарга кетебиз деп д?б?рт таштап турушту. Эл арасында мындай деген с?зд?р тарап кетти «А?чылар улуу тоонун кайберендерин дайны жок к?п атып, жиберишти. Аларды кысталыш кезде атса болбойбу, дайны жок жогото берсе, Те?ир Тоолорубуз кайберенсиз калбайбы» деп кайгырышты. Алар баратышкан тарап итабар ?р эле. Жайлы-жайлай эркин тоонун ч?б?н жеп семирген жылкылар ?рг? карай братып бат эле к?ш?лд?п-бышылдап калышты.
Тоонун ийри-муйру жолу таштак келип, ?р, бурулуштар алдыдан жолуга берди. Мергенчилер бийикке к?т?р?л?п тоонун ?ст?ндг? тектирге чыга келишти.Эрте? менентен эле к?н б?рк?? болуп, ала булут калы?дап тоо жактан ылдый карай жылып, бат эле к?зг? жамгырдын сабалай т?г?п келиши, мергенчилерди шаштырып салды. Алардын кийими жети кабатынан бери суу болуп, чыдай албай калышты. К?з к?н?н?н жамгыры эк??н?н шайын кетирип, Карамырза агасына:
– Аба, бир жерге жашынбасак болбой калды. Киймибиз суу болуп ш?мт?р?д?к.
Алар тоодо ?с?п ысылы-суука чыдамдуу адамдардан эле. Ат тизгинин бош коё берип абай-сабай катуу келатышты.
Асанмырза Карамырзага жакка э?кейе:
– Кудай буюрса, Ала Мышык тоосуна жакындадык. Тетиги бадалы аркайган таштын ар жагында чо? кара ??к?р бар. Ошого баралы,-деди. Суу болгон ага-ини аттарын ш?м?р??д?т? желдире ??к?рд? к?зд?й чаап баратышты. Эк?? унааларынын чылбырын бадалга байлап, шашып-буша ??к?рд?н ичине кирип келишти. ??к?рд?н ичи отуз-кырк кой батчудай кенен экен. Киргендер ??к?рд?н т?р жагын элейе карап калышты. Ошол жакта к???л?н ?з?н? бурдуруп бир кыз отурат. ??к?рд?н ичи ачык жашыл нурга толуп, жашоонун, ?лб?ст?кт?н элесин берип тургансыйт. Тээ арыда кайберендин улактары кепшеп, айрамдары уктап жатат. Улактардан бери кичинекей ысык булак шылдырт чачып агып жатат. Ошонун илебиби ??к?рд?н ичи к?к?рт жыттанып ?т? жылуу. Периште жылмая эки бир тууганды карап: «Келгиле дегендей»– башын ийкеп койду. Андан берде кайберендин, бирде кыздын бирде элечекчен эненин элеси тартылып турду. Элес бирде к?р?нс?, бирде к?р?нб?й калып жатты. Кыз туруп кийиктин туягына жолочуларга айран куйуп берди. Аш ?т? ширин укмуш даамдуу эле. Алар берилип ичип жатты бирок т?г?н??р эмес. Мергенчилер кызга ыраазылык билдирди.
Асанмырза ?тк?н байыркы санжыраны, болумуштарды жатка билген куйма кулак адам болчу. Орозбакты карыя байыркы ата-бабанын уламасын ар дайыма айтып береер эле. Ал балдарына кайрылып калчу:
– Менин силерге калтыраар эч текем жок, болгону ата-бабанын санжырасын айтып берем, аны силер эси?ерге бекем тутуп калгыла,– деп анан улуу с?зд?н баян козгоочу.
Мергенчилер улуу тоонун кайберени ж?н?нд? сырдуу жомок уламыштарды к?п эле уккан. «Бул перизат ошолордун тукумунан экен го»– деп даана баамдап турушту. Кыз керек болсо кайберенге, андан кайра кызга айланып, кетеери белгил?? болчу. Эки бир тууган бул кубулуштун кереметт?? экендигин бу кызды таштап кет??г? болбой тургандыгын дароо сезди. Бул к?р?н?шт?н артында сырдуу элестер жашынып жатканын баамдашты. «Алар кайберенди к?п аттык эле же ошолордун элеси бир балее кылыш ?ч?н к?р?н?п жатпасын»– деп ойлошту. Эк?? а? уулап келгенин унутуп калышты. Улуу эмеспи с?зд? Асанмырза алды:
– Перизат сен биз менен кет, бул жерге ?з??д? жалгыз таштабайбыз.
– Абалар, мен силерсиз эле улуу тоолордо жашап келгем, Те?ир тоолор менин конушум кайберен менин жек жаатым болот.
– Аны билебиз биз деле Те?ир Тоонун кайберендерин сыйлайбыз. Бул жерлер ата-бабабыздын ?ск?н турагы ,– дешти а?чылар.
– Абалар, айтканы?арды кубаттайм тоолордогу кайберендерге кастык кылбагыла, к?п атса?ар каргышка каласы?ар, жаман болот,-деди кайберен кыз.
С?йл?ш?п отуруп перизат кыз алар менен кет??г? макулдугун берди. Мергендер бул кызды жаратканым берген белек экенин эгерде муну албай таштап кетсе, бир жаман иш болоорун сезишти. Кыз кетеерде тоо жакты эки-?ч жолу карап алды. Анан эле кыз кетеерде кайдан-жайдан кайберендердин тобу пайда болду. Алар кызды армандуу узатып жаткансыйт. Тигинде улактар кулжа, аркарлар, таш ?ст?нд? тизилип кызды аянычтуу карап турушат. Кичинекей улактар чуркап келип, кызды тегеректеп аны узата баштады. Кыз аларды колу менен баштарын аяр сылап коюп жатты. А?чылардын кулагына кайберендин маараган жылаажындуу назик ?нд?р? далайга угулуп турду.
Эк?? сапарлай айылга карай аттанышып, Асанмырза ?йг? эртереек келип, Те?ир Тоодон перизат кыз таап алганын тааныштарына кабарлады.
Карыялар жалпы эле айылдын эркектери Арыкмырзанын боз ?й?н?н жанындагы бийик д?б?д? ?тк?н-кеткен бабалардын санжырасын кеп уруп отурушкан эле.
Асанмырза д?б?г? чыгып аттан т?ш?п ийиле:
–Улуу урматтуу аксакалдар биздин башыбызга баш, малыбызга мал кошулуп, Те?ир Тоодон кайберен энени тукумунан перизат ургаачы таап келатабыз.
Карылардын ичнен сакалын толук ак чалган э? улуусу мурутун сылай мергендерди к?лм??д?г?н к?з? менен карап:
– Болсун, болсун баатырлар салбырынга барып, кудайым шыбаа айтып сапары?ар олжолуу келиптир, улуу тоонун перизаты тегин пенде эмес. Ал к?р?нг?нг? жолукпайт. Кайберен эне колдогон кайып силерге буюрган тура,– деп акылман карыя сакалын бажактата элге жакшы с?з?н агылып-т?г?л?п кабарлап турду.
Арыкмырза:
– А?чы инилерибиз улуу тоодон олжолуу болуп кайберен эненин кыз баласына туш болуптур, акылман карыялар алакандай элибиздин душмандары аз эмес, бирин-бири к?р? албас кастар бар, андан сырткары чыгышта кара курттай быжырап калмактар турат. Дагы т?шт?кт? к?л?к аттары менен удургутуп уйгурлар ж?р?ш?т. Алар дини-тили бир болгон менен кээде душмандыгын салып кетет. Кытайлардын биздин жерге к?з артканы тээ байыркы замандан бери келатат. Баары бизди басып алганы жутунуп турушат. Аз элибиздин айласы кетпесин. Алиги Манас баатырды Манас кылган Каныкей энебиз эмеспи. Курманбек баатырды алга с?р?г?н Айганыш зайып. Умай энелер берген акыл менен баарын же?ип алабыз. Отургандардын арасынан бир?? с?зд? ары жиреп кетти:
– Ооба жаш болсо да Арыкмырза инибиз туура айтат. Акыл баарынан тунук жана айк?л. Калмактын даанышман байбичеси Бапик Чатху Ко?таажыны киши кылып ж?рб?йб?. Ал эки карыш басса да, акылман кемпири менен акылдашат экен. Чачылган калмактарды ошол кемпир эл кылып ж?рб?йб?.
С?зд? кайра Асанмырза алыды:
– Кыргыз кыргыз болгону к?п эле акылман аталар менен энелер ?тт?. С?зд? башка жакка бурбай Наалы эжени эле алалычы. Ал элди журтту бириктирген акылман заада таза адам эмес беле. Каныкей энебиз болбосо, Манас, Манас болбойт эле го. Кыргызды кыргыз кылган ошол энелерибиздин салымы к?п эмеспи. Инилерим Асанмырза менен Карамырза таап келген кайберен кызы бизге буйруп, журтубузга акыл шыбаа айткан ыйык ургаачылардан болоор. Анын жарыгы биздин ыйык журтубузга тиеер.
Бир жигит чуркап барып боз ?йд?н кол чаначка кымыз алып келди. Суусундукту сыр аякка куюп улуулата суна баштады. Арыкмырза бир жигитти чакырып, ага акырын с?йл?п, колун жа?сап, буйрук берди эле, ал ?йг? чуркап барып, аркан ала Ак Желе айгырдын ?йр?н?н, ак боз бээни кармап, ?йд?н жанынан жетелеп келди. Арыкмырза д??д? отурган ак сакалдарга:
– Айланайын карыялар! Асанмырза менен Карамырза Те?ирдин Ала Мышык тоосунан ж?н келбей кайберен эненин кызын ала келиптир. Башыбызга баш, малыбызга мал кошулганы жатат. Ошого т?л?? кылып мал союп, бата кылалы,– карыялар кепке макул болуп баштарын ийке?детти. Отургандар ээрчише боз ?йд?н жанына келди. ?т? узак жашка барган карыя алаканын жайып, жараткан арбак те?ирге бата жолдоп турду:
– Кагылайын Те?ирим! Улуу жаратканым! Кыргыз алакандай эле элбиз, айлнабызды душмандар курчап турат. Ушундай капсала?дуу к?нд? журтубуз аман-эсен болгой эле. Душман колунан жок болуп, дайынсыз чачылып кетпесек экен. Акыл салаар, эл башкараар адамдарыбыз к?п болсо экен. Башыбызга баш кошулуп, алыскы журттар менен дос болуп, элибиз азап тартып, кыргын с?рг?нд? калбаса экен. Мекен туткан Те?ир Тообуздан кетпесек экен. Байыркы бабалардын алтындай с?з? бар: «Бата менен эл к?г?р?т, жамгыр менен жер к?г?р?т»,-дейт.– Кагылайын туугандар мына ошону эске алып бата кылып койгула!– деди карыянын с?з?н угуп, баардыгы кол жайып бата кылышты. Отургандар кайта д??г? келишти. Алар ата-бабалардын ?т?п кеткен санжырасынан кеп козгоп узак а?геме д?к?нг? киришти. Баарынын оюу чогулуп, бир б?д?м?кт?? нерсеге такалды, бир даары ошону с?йл?й албай тунжурашты. Те?ир Тоодон келген кызды кимге ыйгарабыз?