Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын жанырыгы

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 34 35 36 37 38 39 40 41 42 ... 64 >>
На страницу:
38 из 64
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

– Балага жетеби алар малдын ээси болот да.

Ошол к?н? к?н б?рк?л?п, чагылган уйгу-туйгу т?ш?п, айлана да?гыр-д??г?р болуп, жаан тынымсыз чакалап келип куйгандай болду.

Чарчап келген ата тамакты чала-була ичип, « чарчадым» деп тынч уйкуга к?ш?лд?. Уктап жатып ошол т?н? бир кызык т?ш к?рд?. Бой керген ?т? бийик эки тоо анын ортосунда, созулган к?з жоосун алган кооз ?р??н. ?р??нд?н ичинде алмабы, алчабы, анарбы иши кылып бир сыйкырдуу дарак ?с?п турат. Т?ш?м? ж?н эле т?г?л?т адамдын к?з жоосун алат. Жердин баарында м?м?-жемиш ж?н эле жайнайт. Дарактын айланасында ак калпакчан аталар, ак элечекчен энелер, ат минип к?л?к чапкан жигиттер, келишимд?? келиндер, сулуу кыздар ж?р?т. К?н жаадырай тийип, кандайдыр бир ?лб?ст?кт?н элеси келип тургансыйт.

Ата аларды карап та? калып:

– Булар кимдер эмнеге ж?р?т,-дейт.

Анан эле жеерде ат минген бир киши чыга келип салам берет. Ата андан:

– Кадырлуу мейманым бул эл ким болот?-деп сурайт.

– Бул сенин тукумдары? болот ошону билбей турасы?бы,-алиги киши кет??г? камынат.

Ата тиги кишиге кайрылат:

– Сен ким болосу??-дейт.

– Мен Кыдыр алейсаламмын,-деп к?зд?н кайым болуп жоголот.

Ата касиетт?? Кыдыр алейсаламды сыйлап конок кыла албаганына катуу ?к?н?т. Бирок аны к?р?п, жолукканына жана с?йл?шк?н?н? аябай с?й?н?т.

Ошол к?рг?н т?ш?н энеге айтат эне турмуш менен алышып ж?р?п к?рг?н т?шк? анча маани бербейт. Бирок ошол к?рг?н т?ш?н ата ?м?р боюу унутпай эсинде эстеп ж?р?т.

***

Акылман Торгой ата тиги д?н?г? узады. Нааразы кылбай балдарына ?з энчисин б?л?п-б?л?п берди. Балдары атанын калыстыгын баалашып энчилерин б?л?п алышты. «Балдарымын ?й-б?л?л?к жумушуна кулдарым жардам берсин» деп аларды да б?л?п берди. Чо? калмак Каабын кул Беккулу атанын энчисине тийди. Каабын ?т? к?чт??, сом билек, узун бойлуу, колдору шадылуу, денеси тарамыштуу, бир беттешкенин бербеген кара ?зг?й адам болчу. Адам менен алышканда бир адамдын алы такыр жетч? эмес, аны менен к?чт?? эки-?ч киши кармашканда ошондо ара? алы жетч?. Анын ойлогон оюунан кайра тартпаган кара бет ак санабаган э? жаман м?н?з? бар эле. Ал ойлочу «кыргыздар мени кул кылып жумшап жатат»– деп элдешпеген жаман жактары болгон. Анын мээсинде кыргыздарга шакардай кайнаган кастыгы кетпей туруп алды. Адам ?з?н чебердеп, жакшы ж?р?ш-туруш менен алып ж?рб?с? андай жаман сапат аны ?л?мг? алып келиши м?мк?н эле. Анын акыл эсинде кыргыздарга элдешпес сезим пайда болду. Беккулу ата да Каабындан чочуп «бир нерсе кылбаса экен»– деп ойлонот. Каабынды а?дыш ?ч?н Майназардын кич?? уулун ты?чы кылып койду. Бир к?н? Каабын берки жолдоштору менен биригип «кыргыздарга бир балакет шойкомдуу иш кылып, калмактарга качалы» -деп ке?ешип жатты. Бирок калмак балдар анын оюуна к?н? турган эмес.

– Беккулу ата жакшы качып кайда барабыз.

– Калмактар бизди такыр карабайт.

– Тир?? болсок ушул эл менен бирге эле бололу.

– Мени менен качпаса?ар силерди жок кылып коём ?з???р билгиле-деди Каабын т?н?р?п.

Алар Каабын к?чт?? болгондуктан, андан коркушуп, унчугушкан жок.

Айланага к?зд?н кабары жакындап, мезгил ?т?п булуттар ката баштады. Ч?пт?р саргыч тартып, баягы алтын жай артта кала ?т?п кетип, к?з ата келатты. Эрте? менен тарапты кыроо басып, т?нк?с?н бир топ эле суук боло баштап, суунун ?ст? кичинеден айнектей болуп то?о баштады. Быйылкы жай жакшы эле болду, малдын жонунан жылуулук ?т?п, жаанда ?ск?н ч?пт?р жетишт?? эле болду. Т?рт т?л?к мал нык семирип, жаз менен жай берекел?? тартып, эл журтка жугуму тийчидей болду. Байртадан бери ата-бабаларыбыз мал менен жашап, мал менен келатпайбы.

Эми биз санжыра жомок баяныбызды уланта берели. Адамдардын турмушу жай ?т?п, ал эми санжыра жомок баян бат айтылып ылдам эле б?т?п, турмуш ?зг?р?л? берет эмеспи.

Беккулу атанын балдары ке?ешип, ?ч жумадан кийин суук т?ш? электе кой айдап, т?шт?кк? барып соода кылып келмей болушту. Т?шт?кк? Каабын кул да кой айдамай болду. Ал кескин каршылык к?рс?т?п, калмактарга качып кет??н?н жолун ойлоп жатты. Каабындын ойун баардыгы айттырбай шекшимел болду. Айрыкча Майназар мунун баарын байкоого алды. «Баардык аттарды айдап кетип ж?? калабызбы»-деп жылкыга мыктап кароол койду. Анын кыймылын Майназардын кич?? баласы а?дууга алды.

Малчылар ж?н??рд? ата катуу эскертти

– Бул калмак д?б?тк? ар дайыма сак болгула, бир балакет иш кылбасын,-деп табыштады.

Каабындын мээсине шакардай кайнап катуу кастык туруп алды. Ал д??г?рс?п к?ч?н? таянды. Акылы жок к?ч баары бир эмне кылат. Андай кем акыл ой адамды ?л?мг? алып келиши ыктымал.

К?зг? к?н ысып, малчылар тердеп-кургап кетти. Бирок жылыш керек, малды сатып, суук т?ш? электе, Ысык-К?лг? ?з жерине барыш керек. Жолдо анда-мында сапар улаган салт атчан жолочулар. Ар кандай чо?дуктагы ко?улдан чыгып алып, томура?дап чуркаган кемир??ч? жаныбарлар. Малчылар малын жай айдап кетип баратат. Малды катуу с?рд?кт?р?п айдаса кызыл эт болуп калаары белгил?? эле. Тээ ободо жай каалгып сызган булуттар. Алар ?з жашоосун ?тк?р?ш ?ч?н кайсыдыр бир жакка ашыгып жаткансыйт. Алар ошентип шашпаса турмушу ?тп?й калчудай.

Торгой атанын тукумдары кулдары болуп он бештей киши баратат. Бирин-экин каракчылар жолугуп калабы деп, кылыч, жаа, а т?г?л бир атма мылтыктары да бар. Аларды коштоп к?чт?? сак ажаан иттери келатат. Соодагерлер малын сатып пулдап кайра ?йл?р?н? кайтышмак. Мал айдоочулар Жалгыз Булак деген жерге келип конуп калышты. Жалгыз Булак атына окшош жер экен. Булак жайкалып агып жатат. Жээгинде тал, жийде ар кандай бак дарактар. Жайкалып ?ск?н шибер ч?пт?р.

***

Турмуш, жашоо ?т? жай жылат, ал эми жашоо жомок бат айтылып бат жылат эмеспи.

Т?н ичинде бир?? аттарды кайтарса, бир?? уктап жаткан кишилерди кайтарат. Алар бири-бирин кайтарат. Ошол он беш киши кайсыдыр бир адамдан шектенет. Алар кимден шектенет. Эмне ?ч?н шектенет. Ушундай улуу жолдо, баратып баардыгы бир жаманчылыкты к?т?п жаткансыйт. Алар эмнени к?т?п жатат. Булардын арасында кимдир бир?? баарысынын душманы болуп жаткансыйт. Ошол душмандын элеси кайсы тараптан келет? Эмне ?ч?н келет? Ошол табышмак болуп жатпайбы. Баарынын элесинде буларга каршы бир душман келаткансыйт. Ал душман ким?

Т?н ортосу болуп калган. Алыстагы улуу тоолор с?рд?? болуп к?р?н?т. Ай жарыгы жерге к?м?шт? чачып ийгенсип кереметт?? к?р?н?п жатат. Анын нуру жердеги ч?пт?, г?лд?рд? чачыла ша? таратып ж?р?т. Бир караан туруп акырын эки жакты карап, баарына к?з ж?г?ртт?. Эмнеге к?з ж?г?рт? экен. Акырын туруп, ал аттарга карай уурдана басып баратты. Ат кайтаруучунун оюуна бир жаман нерселер келип, балакет болуп, аттарды айдап кетеби деди. Жылкыларды ылдам айдап, уктап жаткан адамдарга жакындатты. Калмак акырын келип, атын кармап аны токуп, ошондо Майназардын уулу бир балакет болоорун билип, уктап жаткан кишилерди карай чапты. Ал ?н?н бийик чыгарып ашыга айтты:

– Жолчоро, Каабын кул атын токуп жатат.

Баардыгы оорундарынан жапырт турушту да аттарын карай чуркады. Майназардын уулу арыда турду эле Каабын кул атчан чаап келип аны шылк этме менен аттан оодара чапты. Ушул кезде жигиттер бат атма мылтык менен Каабынды атып калды. Ок калмактын ?ст?н?н кайып учуп ?тт?. Сестенген калмак атчан ары карай качты. Жигиттер шашып-буша калмакты карай чабуул коюп калышты.

– Каабын куралы?ы ташта, биз сени эчтеке кылбайбыз. Сен биз мененси?, кара?гы т?нд? кайда барасы?? Качпа! Атам сени дайым сыйлоочу, ?з баласындай к?рч? эле, атанын ?м?т?н жерге таштаба! А кишиге шек келтирбе капа болуп калат.

Каабын с?з укпады, курал жарактарын шалдырата, т?н аралй качып, анын артынан куугун калбай баратты. Торгой атанын тукумдары Каабындан такыр эч нерсени ?мт?т? албай калды. Калмак Желгара аргымагы камчылана ж?р?п кетти. Эки жигит чапкылап отуруп ?ч к?нд? айылга келип, Каабындын жоругун айтышты. Жигиттер ат минип сак болуп калышты. Кара?гы т?н келип, айдын шооласы жерге ара? т?г?л?т. Жолчоро баатыр эки жакты карап, айылды к?з?т?п турат.

Адамдардын баардыгы бир жаманчылыкты к?т?п жакткансыйт. Каабынга керек болсо, т?рт жигиттин да алы жетпейт, ошол ?ч?н сактаныш керек болуп калды. Айрыкча Каабынды багып чо?ойткон Беккулу ата шектенип турду.

Атанын ар бир тукуму Каабындан жаманчылык к?т?т. Ал кимди жок кылат, кимге азап келет ушуларды ойлоп ар бири ойго батат. Кара?гы т?н келди, ай асманда жок, баардык тарап кара?гы. Жел соккондо бадалдар гана шект?? шыбырт берет. Анда – мында уйкусунан ойгонгон куштар ?н салат.

Жолчоро жакын жигитине:

– Алыста бир атчан келатат ким болду экен.

Жигиттер чуркап барып аттарын миништи. Тиги келаткан атчан бир нерседен шек алып калды. Атчан атын тык токтотуп, эки жакты абайлай карады. Ал аяр берилей боз ?йг? карай жакындады. Ошол кезде Каабындын аты тык токтоп кишенеп жиберди. Жаныбардын ?н? жай чыгып сызыла, анан басылды. Анын ?н? Каабындын кара атынын ?н?н? окшоду. Баардыгы ошол атчандын Каабын экенин билишти. Т?н жарымында келип, боз ?йл?рд? чаап, аттарды айдап, каалаганын иштеп кетмек болгон. К?п ?тп?й жигиттердин аты кошкуруп, аны а?дып жаткан адамдар бар экенин сезип, жылкынын башын шарт артка буруп качып ж?н?д?. Куугун анын артынан калбай баратат. Бир калмактын артынан беш жигит т?шт?. Качкын кара?гыда из жазгырып, кетти. Ал бул аймакты коёндун жатагына чейин билч?. Негизги максат кандай да болсо аны жок кылуу болчу. Же болбосо кекенген калмак кыргыздарга дагы к?п кырсыктарды алып келмек. Т?н ?т?п, жерге жарык т?г?л? баштады. Чыгыш жактан кашкайып к?н чыгып кел??г? камынды. Чаначка с?зм? жана эт алып алыптыр, аттан т?ш?п, тамактанышып анан качкынды издей башташты. Качкын дагы артынан куугун келатканын билди. Эч жакта шыбаа билинбейт, куйту калмак к?нд?з изин жашырып, т?н ичинде акырын билинбей качып кет??н? ойлогон окшойт. Каабындын артынан Жолчоро, Абат, Кичимолдо, ?с?нкул жана Шыгай келатат.

– Бул Байкалмак карай тарапка кетти,– деди Шыгай.

– Анда кайсы тарап менен ?т?т.

– Саяк Айрык тарап менен кетеер,– деди ?с?нкул колун жа?сап ошол жакты к?рс?т?.

– Балким Таш Кыядагы чо? таштардын т?б?н? жашынып жатпасын.

– Ай ким билет кыйды калмакты кантип колго т?ш?р?б?з.

– Аны колго т?ш?р?ш керек эмес, атын атып, ?з?н жарадар кылыш керек.

– Ал б?г?н болбосо да эрте? келип бизден ?ч алам деп келет, ошол ?ч?н ал эч бирибизди аябайт.

– Аны эмне жок кылышыбыз керекпи, ошондой кылыш керек го.

– Анда аны чо? ашуунун т?б?н?н а?дып жатып колго т?ш?р?ш керек.
<< 1 ... 34 35 36 37 38 39 40 41 42 ... 64 >>
На страницу:
38 из 64

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров