Тоонун этегиндеги шар аккан суунун жээгинде бугу уруусунун баатыры Белектин ?йл?р?. Аялдар бээ саап, май сызгырып, курут жаят. Балдар козу кайтарып, энелер кийиз бышырып, т?ш?к каптайт. Байбичелер ийик ийрип бошошпойт. Кыскасы ар бир киши ?з?н?н иши менен алек. Ошол к?нд?рд?н биринде чептен боз ?йл?рг? ала топу, сары чапан кийген белине жоолук курчанган ?ч сарбыз келди. Жана дагы байланган канжарлары салпактап ж?р?т. Белек баатырдын элинен салык алып кетмек болуп келишти. Белек баатыр:
– Салык бербейбиз силер биз ?ч?н эмне кылып жатасы?ар. Жада калса тирек болуп, калмактардан да коргой албай жатасы?ар,-десе, Ала топучандар: – Анда биз силерден к?чк? салып барымтага ак ?йг? адам алып кетебиз,-деп чыр чыгарды.
– Силер менен биз алыша албайбыз уулубуз Т?р?кочкор эмне болду,-деп аксакалдар кайрылат. Ошондон кийин Кокон хандыгына элдин ж?р?г? сууп калган эле. Ал кезде кокон хандыгы бир-бирине каршы болуп ?з айласын таппай жаткан учур болчу. Алардын негизги максаты элден салык жыйнап алуу болгон. Куржун атасынын куну ?ч?н ?ч сарбазды садага чаап жок кылгысы келди. Анын ж?р?г?нд? Кундуз сулуунун элеси уялап алган эле. Кыздын жаркын элеси ж?р?г?нд? т?б?л?к кетпей калгандай болгон.
Салык жыйноочулар саруу уруусуна карай жол тарткан. К?н так т?б?г? келип, мезгил чак т?ш болуп калган. Алар эч кимге к?р?нб?г?н бадал чердин арасындагы булактын жээгине отуруп, тамак ичкенге киришип, баштыгынан нан, эт, жер жемиш алып чыгып тамактанууга отурушту. Куржун атасынын кунун кууш ?ч?н аларды а?дып келатат. Колунда учкул жа?ы жасалган жаа, кылыч, канжар. Сарбаздар аттарын тушап, тамакта тоё ичип, уктап эс алганга киришти. Куржун да ушул маалды к?тт?. Ушул кезде Куржун жаасын октоп, алардын ичиндеги э? чо?ун меелеп атып калды. Ок тийгенде алиги адам чалкасынан кетип жыгылып калды. Эк?? аны тегеректеп кармалап жатты. Куржун дагы мээлеп туруп, бир??н атты ал дагы алы кетип сендиректеп барып жерге жыгылды. ?ч?нч? сарт кылычын алып атты карай чуркады. Куржун дагы аны атты эле, ал ичин кармап жерге карай ?б?кт?п жыгылды. Куржун ага жетип барып, кылыч менен кежигеге тартып-тартып жиберди. Ал жерге жыгылып к?м-жам болду. Берки эк??н? келсе, бир?? кыймылдап жаткан экен. Аны кылыч менен моюнга чаап бир жолу тындым жасады. Ал отуруп демин ичине тартып эс алууга ?тт?. Бул окуя к?з ачып жумганча болуп ?тт?.
Ал эс- учун жыя албай отуруп калды. Анан бир аздан кийин эсине келди. «Бул окуяны бир?? к?р?п айтып коюушу м?мк?н»– деди да адамдардын с??г?н бир жерге жашырыш керек экендигин т?ш?нд?. Ал суунун жээгинен чу?кур жерди издеп, андай жерди тапты. Жаны жок денелерди ошол жерге с?йр?п келип чу?кур жерге жаткырып, жардын топурагын уратып к??мп салды. Сарбыздардын денелер ??р экен аны с?йр?г?нд? чарчап калды. Атардын ээрин алып калы? чердин арасындагы адам барбас жерге катты.
Жылкыларды адам барбас коктуга айдап барып салды. Куржун шашып- бушуп энесине болгон ишти айтып берди. Токтоайым калтаарып коркуп,-«Кокуй билип калса анык балакет болот,– деп болгон ишти Белекке баяндады. Белек жанына бир сырдаш досун ээрчитип, эки к?р?кт? алып, Куржун ?ч?? баягы суунун жеегине келе жатышты.
?ч?? суунун жээгине келип сарттардын денесин адам тапкыс чу?курга к??мп, ?ст?н? ача алгыс кылып таш бастырып салды. Ал эми аттарды т?н ичинде айдап келип союуп алышты. Булар калмактардан айдап келген жылкылар болчу дешти. Ч?йд?н беш сарбыз келип, жок болгон береги ?ч адамды таба албай ж?р?шт?. Кайдан табылат. Кекенген бала атасынын кунун кууду.
Эми ошол окуя болгондон бери бар канча кылым ?тт?. Бирок бабалардын санжырасы унутулбай айтыла берет. Бир гана аны унутулуп калбас ?ч?н кагазга т?ш?р?п коюуш керек. Ошол иш ошол болду. Мезгил болсо закымдап ?т?п жатат. Бирок кагазга т?шк?н санжыра эч убакта унутулбайт. Аны кийинки муун кагаздан окуп аны санжыра-жомок кылып айта берет.
ТОРГОЙ БААТЫР
Берен Торгой атанын
Баатырдыгы дакталган
Аты болуп улама,
Артында ?лб?с ыр калган.
Куржун атанын улуу баласы Торгой Жараткан Алаанын ырайымы менен беш уул, ?ч кыздуу болду. Алар Беккулу, Майназар, Бектемир, Муса жана Бекназар эле. Торгой кудайга жалынып «Ушул капсала?дуу заманда элди эр жигиттер коргоп, журт жоонун колуна т?ш?п калып, кор болбосо экен»– деп келечекке ?й ж?г?рт?т. Жер айланып, убакыт жылып, Торгой атанын беш баласы бат эле чо?оюуп, бой тарта келишти. Алар Чо? Нарын, Кичи Нарын, к?л ?р??н?нд? бир жерден экинчи жерге мал менен к?ч?п-конуп ж?р?шк?н.
Жашы ?т?п калган Торгой ата к?п нерсени ойлонот, анын калмак чапкынында т?шк?н он кулу болуп, баардыгы жан-этин жеген иштемчил жандар эле. Атанын ?й-б?л?с? да ошону каалаган.
Тоо капталындагы булуттар улам ?йд?л?й жылып, аскаларга илинип, анан калы? катмарды пайда кылып, далай жолу кара н?ш?р жамгырды сабалата т?г?п кирет. Жаандан таштын бетине жайнап т?рк?н г?л ?с?п, алар караган, пенденин к?з жоосун алып турду. Адамдар быйылкы жай ?т? жаанчыл болгонун кеп кылып айтып калышат.
Биз эми ?тк?н бир уламаларга кайрылалы. Куржун ата алты балалуу болду дебедикпи. Анда Торгой атанын бешиктеги чагы экен.
Бул убак беш оона айынын орто чени эле. Айлана салкындап, бат эле к?н улуу тоолордун артына жашынып кеч келди. Анан жыбыт-жылгага к??г?м т?ш?п, кара?гылык акырындап аралай баштады. Андан кийин алоо жана балбылдап алтын табактай болуп, жер бетине текши нур тарата т?н сулуусу калкылдап ай чыгып турду. Айлуу т?нд? жалгыз ат кишенеп кайсыдыр бир тарапка кетти окшойт. Алыстан т?н жырткычы ?к? шект?? ?н берди, жамангабы, жакшылыкабы ким билет? Арыдан кой мекиренип козусун чакырып жатты. Козу маарай чуркап келип энесинин эмчегин какшыта эмген шекилденет. Бобереги келишкен боз ?й Куржун атаныкы. Ата аялы эк?? жылуу т?ш?кт? жатат. Т?рд?н ары бешик, бешикте Торгой мемиреп уктап жатат. Бир кезде кандайдыр шект?? дабыштар чыкты. Ошол ?нд?н эк?? ойгонуп кетип, чыккан ?нг? кулак т?ш?п калышты. Сак жаткан адамдардын уйкусу эрте эле канып калат эмеспи. Т?нд?к жабуу чала тартылып калыптыр, айдын ?ч бурч шооласы жердеги к?лд?л??г? чачыла т?г?л?п турду. Ошол алакандай нур ?йд?н ичин жарык таратып турат. А бешикте бала мемиреп уктап жатканда к?т?лб?г?н окуялар башталып кирди. Эшик аяр ачылып, чаар ала к?рс?йг?н чо? жолборс к?рк?р?п кирип келди. Жаныбар кирип келатканда боз ?й ала салып кетч?д?й болуп, карс-курс эте ?н чыгарып ж?н турбай кыймылдап турду. Катуу шамал башталып жаткандай элес сезилет. Т?шк?н ай жарыгынан баардыгы даана к?р?н?п жатат. Жолборстун к?р?лд?г?н ?н?н? чыдай албай, ?з?к, туурдук, уук, кереге, шамал соккондой ?ч к?т?р?л? делпилдейт. Эне коркконунан кыйкырып ийгиси келет. Ата аны колу менен катуу басып тынчтандырып ?ч жолу келме келтирди: « Кул хувал-лоху ахад, бисмиллахи вассалоту вассаламу ахад. Ш?к жат, бул касиетт?? жаныбар баланын коргоочусу,-деди аялына Куржун ата эскерте шыбырап.
Касиетт?? айбаттуу жаныбар бешиктин жабуусун ачып баланы тили менен сылап жаткандай туюулду. Анан коломтодогу к?й?п б?т? элек отту алды?кы буттары менен асман-айга чапчып чача баштады. Ча?дан ?йд?н ичи буду? ча? алай-д?л?й тартып, эч нерсе к?р?нб?й калды. От учкундары боз ?й ичине жылдыз болуп учуп жатты. Жолборс баарын кыйратып сыртка чыгып кеткендей болду. Бирок кетип баратканда жолборстун к?р?лд?г?н ?н? кадимкидей угулуп турду. Короодогу кой кыймыл салып ары ?ркк?нд?й сезилди. Иттер бир тарапты карай чуркап ажылдап ?р?п жатты.
Эненин денесин токтобой калтырак аралап турду. Куржун ата аялына:
– ?н чыгарбаганы? жакшы болду, арбак жардам берди. Добуш берип кыйкырса?, баланын коргоочусу карматпай качып кетмек. Кудайым чо? колдоду, колдоочу келгенде, бир нече жолу келме келтирип, тынч туруу керек. Ал адам баласынын тынчтыгын с?й?т. Эк?? ?йд?н ичин карады. Чын эле коломтодогу к?л эшиктен бери айланасына чачылып калыптыр. Коломтодогу к?лд? кадимкидей жолборстун бадырайган изи калыптыр. Боз ?йд?н эшиги бир ыптасына кыйшайып ачылып жатат. Жолборстун боз ?йг? киргени чын эле белгил?? болду. Эк?? туруп бешикти ачып баланы карады, ал эч нерседен капары жок наристе тердеп-кургап пейпил уктап жатыптыр.
– Баланын коргоочусу жолборс тура,– деди ата.
– Болсун ден соолугу сак арбак колдоп, аман-эсен чо?ойсун, быйыл жолборс жылы эмеспи, айбаттуу жаныбар биздин ?йг? кирип, ырыскысын чачып кетти,– деп эне жаадырай беш энеси т?г?л? кубана жылмайды.
Алар бул сырдуу аянды к?з тиет деп эч кимге айтпады. Эртеси эне тогуз токоч бабеедин жасап, жараткандан жардам сурады. Касиетт? Куржун ата ак боз бээ чалып, журтту чакырып бата алды.
Ошол иш ощол болду.
Андан кийин далай убакыт зымарап ?т?п, келгиндер учуп келип, кайра учуп кетип далай кыш, далай жаз бири-бири менен алмашты.
***
Ошентип Торгой атанын колдоочусу эч нерседен кайра тартпас баатырлыгы ашкан жолборс болду. Чын эле ошондой болду. Бир четинен душмандарына ?т? с?рд??, элге ?т? к?й?мд?? болду. Ал учурда к?ч алып турган калмактарга Торгой кадимкидей баатыр жигиттерди курап нечен жолу чабуулдарды коюп, калмактардын эсин оодарып мизин катарып таштады. Далай жолу калмактар к?ч к?ч?р?п баратканда к?ч?н ашуунун белинен чечебиз деп чабуул коюуга камынды. Айласы кеткен калмактар Торгой атага тизесин б?г?п, ылдый ж?г?н?п, «бизге ырайым кылып кой» деди. Калмактар кандай эл эле Жунгарлар деген чо? ?лк?н? т?з?п, айланасындагы кытайларга, уйгурларга, кыргыздарга, монголдорго чо? эз??с?н ж?рг?з?п жаткан журт эмес беле. Алардын каардуу эз??с?н кыргыздар, казактар эч убакта унутпайт.
Уламада «Кыргыз кайы? саап» деген с?з бар эмеспи. Калмактардын эз??с? улама, санжырада арман болуп кала берген. Алар биздин к?лд?, Ала Тоону ээлеп алып, калкыбызды башка жакка с?рг?с? келген. Ошондой эле болгон. Кыргыздын баатырлары калмактарды башка жакка айдаган, айласы кеткен калмактар Россияга кайрылып, азыркы Калмакстан деген жерди алып бизден такыр башка жакка с?р?лг?н. Манастагы Ко?урбай менен хан Жолойдун баянын эсте эмеспи.
***
Ошол мезгил токтобой ?т?п жатканда касиетт?? Торгой ата Ч?й жерине барып келгиси келет. Ошол жакта анын Атабек деген белгил?? бай кудасы бар эле. Ал кенен Ч?йд?н атактуу бай кишиси эле анын ми?ге жакын жылкысы, короо-короо койлору, тоодо тооздору, созулуп жаткан талаасында ж?зд?г?н адамдар ишт??ч? экен. Кудасы атайын Торгойду бир канча к?нг? конок болуп эс алып кет деп чакырган. Ошол кезде Ч?йл?к баатырлар жигиттерин топтоп ?з?нч? кошуун курап, басып алуучуларга каршы к?р?ш?п биринин артынан бирин с?р?п чыгарып жаткан учурлары эле. Торгой да ошолордун кошуунун тартибин ?йр?н?п, жигиттерин алардай кылып уюуштургусу келген.
Атабек атаны к?п жерге ээрчитип барды, ал эл – жерди коргоп уюштуруп жаткан жигиттерин к?рс?тт?. Алар Талас жерине чейин барып, далай аймакты кыдырып к?р?п, акыры ата к?лг? кайтаар учуру келди. Торгой дагы Атабекти орум-жыйым б?тк?н эмки к?з мезгилинде сый конокко кел» деп чакырды. Алар бир-бирине ыраазы болуп коштошту. Торгой ата конокко ?ч кишиси менен барган эле. ?ч??н? келишкен ?ч жорго мингизип, келишиимд?? ичиктерди кийгизип ыраазы кылып узатты. Алар бир топ к?н болуп, эс алып, кайра кайтып келатышты. Негизи Атабек куданын сыйына ушунчалык ыраазы болушту. Алдыда созулуп жол жатат. К?н аябай ысык. Аларды жолдон бир чаар кулун болбой ээрчип алды. Кулунду жигиттер айдап отуруп, ?йг? желенин жанына айдап келди. Муну к?р?п Атабаек:
– Ой, котур болгон немеге карабай эле кете бергиле, бул ?з? талаадан биздин жылкыларыбызды ээрчип келди. Бул эмнеге жарамак эле маа десе талаада калып, карга –кузгун жеп ?лс?н, ансыз деле ушунча малды бага албай эзибиз ооп отурат.-деди.
Жолочулар аттарын желдирип жол ж?р?п келатышты.
К?пт?н бери жаан басылбай жаап кара таштын бетине да г?л ?ск?н. Жол боюнда жалбыз, кызыл г?лд?р, жоогазын г?л? к?зг? жугумдуу к?р?н?т. Ары жакта коко тикенд?? аймак созулат ал жерде беш-алты т?? жайылып жатат. Саздуу жээктерде бой керип ?с?п келаткан камыштар. Тигинде торгой куш к?кк? к?т?р?л?п сайраса, калы? бактуу жерде к?к?к бир ырын токтобой т?г?п жатат. Ал эми бобу карагайлуу черде кол башындай жапан куштар ?з?нч? бир керемет ыр т?г?п жатат.
Жолочулар токтобой жол келатат. К?н ысыгына ымшып тердеп кетишти. Алар артын караса, баягы чаар кулун дале токтобой ээрчип келатат. Жолочулар:
– Ой, бобу чаар кулун эмнеге бизди токтобой ээрчип келатат.
– Тим кой, ага биздин эмнебиз кетип жатты эле бир кезде баса албай артта калып ?л?п, карга кузгунга жем болот.
– Биз эмне ушуга карамак белек, алыска жол ж?р?п айлыбызга ылдам жетишибиз керек.
– ?лс? ?л? берсин ага биздин эмнебиз кетип жатты эле.
– Кой ылдам кетели жол ж?рб?с?к болбой калды.
Алар тынбай кетип баратты.
Баягы кулун артынан калбай ээрчип келатат.
?ч жолочу жол ж?р?п келатат. ?ч?? те? элдик санжырага жакын эле айрыкча Торгой ата санжыра дегенде жантыгынан жата калчу. Ал кишинин ?н? ?т? ко?ур келип, кепти ма?ыздуу баштап, анан улап ж?р?п отурчу. Эч убакта бир с?зд? кечке кайталап адамды чарчатчу эмес. Анын санжырасын укканкиши «дагы айта берсе» деп самоочу. Ырас Атабек куда да, санжыраны арбын билип кебин ушунча уккулуктуу айтат экен. Торгой ата ал кишиден солто, кушчу, найман, черик, нойгут урууларынын санжырасын кызыгып угуп алды. Айрыкча ал Солто, Курманбек, Кыз Сайкал, Жа?ыл Мырза, ?чк?, Т?лк?л?рд?н санжырасын сай медиреп айтса ж?н эле бир укмуш ширин. Атабек менен Торгой далай т?нд? уктабай санжыра айтып чыгышты. Эк?? кээ бир жеринен талышып да кетип жатты. Торгой ата бул жактан дагы к?п санжыраны ?йр?н?п алды. Атага Атабек куданын с?з с?йл?г?нд? чечендиги укмуштуудай жагып калды. Ал куйма кулак бир с?з?н кайта кайталабаган кепти мааниси менен айткан чо? санжырачы болчу.
?ч?? сапар улап кетип баратат, асмандагы к?н да кетип баратат. Булардын баардыгы ?з ?м?р?н ?т?п жаткан жолочу болчу. Ал ?ч жолочуну чаар кулун да ээрчип келатат. Сапардагылар жолдон калбай ашыгып самаган жерге батыраак жетели деп аттарын текире? таскакка салып, жолду бир топ арбытып алышат. Канчалык ылдам жол ж?рс? да баягы даакысы т?ш? элек чаар кулун болбой эле ээрчип келатат. Жолочулар кулунду баса албай жолдо калып ?л?т деп ойлошкон, бирок жаныбар ?лб?й, карга кузгунга жем болбой басыгы ты? аттар менен те? келатпайбы. Алар жолдо келатып, эл жок жерге т?н?п калышат жолдо тулга асып чай ичип, тердигин жая салып, ээрин башына жазданып, к?рп?ч?, чепкенин жамынып, чарчаган адамдар тере? уйкуга кирет. Чаар кулун аларга жете келип, айланада оттоп эс алат. Эртеси кайра та? агарып, жолочулар сапар арбытканга камынат. Антпесе ?м?р токтоп калган жатпайбы. Эми жолочулардын к???л? чаар кулунга т?ш? баштады. Ар бири «Артыбыздан чаар кулун калбай ээрчип келе берсин»– деп самап калышты. Баардыгы кулунда бир касиет бар экенин билишти. Жолочулардын минген аттары артын карап кулунга карай кишенеп дабыш берет, кулун да ичке назик ?н? менен кайра кайрылып жооп берет. Жаныбарлар бири-бири менен ?н алышып ж?р?п отурду. Эгер кулун артта калса, анда жолочулардын минген аттары артына кайрылып ?н берип чакырат. «Ылдам бас, артта калба, бизге жете келгин», деп добуш берип жаткансыйт.
Жолочулар тынымсыз жол ж?р?п отурду. Торгой атанын жанында Карбоз деген жигит келаткан, анын колунда жаасы бар эле, жолдон чер камыштын арасынан бырпырап кыргоол учуп калат ал аны атып алып, токтогондо ошону шишкебек кылып бышырып жеп ырахаттанышат.
Алар ?т? кеч калып бир чо? боз ?йг? келишти. ?йд?н адамдары ?т? боорукер жакшы адам экен: «Жол ж?р?п келаткан кудай конок экенси?ер т?н?п кеткиле» деп бир козу союуп коноктойт. Жолочулар ырахмат айтып, ал ?йг? конуп, эртеси жолго чыгат. Ошол ?йд? жети жашар эркек бир баласы бар экен. Ошол бала кечке эле кулунду карай берет. Торгой ата:
– Эмне сага кулун керекпи ушул кулунду кармап байлап ал,– дейт.
Ошентип ошол кулун ал жерде калып калат. Эс алган жолочулар эртеси жол улантып чыгышат. Алар бир к?н боюу тынбай сабалата жол ж?р?п келаткан болот. Баары бир демеси калгансып эмнегендир артын карап келе жатышты. Анысы аз келгенсип алардын минген аттары да артын карап кишенеген болот. Баары артынан бир нерсе келеби деп к?т?шк?нд?й болушат. Сапар тартып кетип баратышты, асмандагы ыйык к?н да сапар тартып жол улантып келатат. Баардыгы тынымсыз жол улантып калган. Алар сапар улабаса ?м?р токтоп калган жатпайбы. ?м?р уланбаса анда жер бетинде жашоо токтоп калган турат. Жолочулар эмнегендир бир нерсесинен айрылгандай болду, алар артын карап калышат. Эмнени карап, эмнени к?т?п жатышат. Б?г?нк? жол анча уланган жок, жол т?з болсо да аттар чарчап адамдар да чаалыгып калгансыды. Алар сапар ж?р?п отуруп, бир чо? таштын т?б?н? т?н?п эс алып эртеси ж?н?м?й болушту. Тамактанышып, чарчаган адамдар бат эле уйкуга киришти.
Т?н ортосу болуп, тарапка айран т?г?п салгансып ай с?тт?й жарык, жердеги ?ск?н ?с?мд?кт?р адамдын к?з?н? даана к?р?н?т. Жолочулар дагы эс алмакка камынып кызуу уйкуга киришти. Бир кезде эле карышкыр, ч??л?рд?н улуп-у?шуган ?нд?р?н угушту. Жапайы жырткычтар бир нерсени жеп жаткандай болду. Адамдардын ?нд?р?, кыйкырыктар угулду. Анан эле баягы кулундун ичке сызылып чыккан ?н? жа?ырды. Ал дабыш басылып, анан к?л?кт?рд?н чуркап келаткан жер жарган ?нд?р чыкты. Бир топко адамдардын к?л?кт? с?р?г?н ?нд?р? басылбай турду. Анан кулундун кишенеген ?н? угулуп, Торгой ата Карбоз жигитине санын укуп кайрылды: