Эртеси эле эски ж?н?н жулуп салды.
Котуруна кымбат дары сыйпады,
Ал жаныбар ылдам эле ты?ып калды.
Бара-бара боюу чыгып келишкен,
Жаныбарым бир асылга айланды.
Бакал «Чаар кулунга к?з тиет»-деп,
Эл к?рб?с бир ??к?рг? таптады.
Эки жыл ?тт? закым салып арадан,
Убакыт ушунчалык бат жылган.
Чаар кулун жал куйругу келишкен
Тоодой болгон жаныбарга айланган.
К?п жолу ал т?шт? алыс жарышка,
Адамдай эст?? акылдуу жаныбар
Ар дайыма жарап берген намыска,
Чекесинде к?й?п турган шамы бар.
Чаар бууданга б?т калайык к?з салган,
Баатыр жанга кайыбынан кабылган.
Эл чаар атка « Закым» деген ат койду.
Ошол бойдон «Закым» болуп аталды.
Закым к?л?к кайып болгон жаныбар,
Анын эки капталында канат бар,
Канат жайса ак булутту аралар.
Каалаган жерге закымдап тез бараар.
Анын да?кы б?т ааламды аралаар.
Закым деген чындыгында закымбы,
Т?пт?н чыкса К?тмалдыга тез бараар.
Боом жерин ылдам ?т?п аралап,
Керек болсо Ч?й аймагын аралаар.
Алыс жерге чарчабаган жаныбар.
Атына окшош арыбаган да?кы бар.
Бакал ат сырын билген саяпкер,
Жаш чагынан жылкы затын караган.
Атасы да чо? саяпкер аталган,
?лб?с ?н?р ошентип жаралган.
Ал адамдын да?азасы таралган.
Закым деген закым болуп турганда,
Казак ханы, калмак тайшы келген,– дейт
Алар мага «бергини?»– деп айткан дейт
Атты аларга такыр эле бербеди,
Ардактууну к?р?нг?нг? бере береби.
Казактар к?ч к?рс?т? камынды,
Торгой баатыр ал дагы тапты амалды,
Жигит топтоп ?ч ж?з баатыр курады,
Кыргыз кошуун улам-улам чы?алды.
Темирди казып алып кайкыдан
Усталар кылыч, калкан жасаган.
Куралдарын чогултушуп шайма-шай,
Кыргыз журту курала берди кайрадан.
Жигиттери ?йр?н?п жаа атканды,
Башка элден мылтык сатып алышты.