Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын баяны 2

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 118 119 120 121 122 123 124 125 126 ... 176 >>
На страницу:
122 из 176
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Кербендер келип айланып,

Кебез тоого жол салып,

Тепчип ?т?п кел??ч?,

Те?ир Тоого байыр алып,

С??л?т к?т?п токтоо эле,

С?зг? чечен бай эле.

***

Карыядан укканымы,

Баарын ырга салайын.

Сабалата с?з курап,

Санжыралап таштайын.

Байыркыны улам эстеп,

Торгой ата баянын.

Топ-тобу менен тизмелеп,

Толкунун айта баштайын.

Торгой ата бир жылдары,

?ч жигитти жанына алды,

Алыр менен сапарлап,

Алыскы Ч?йг? аттанды.

Атабаек деген бай бар эле,

Алыстабай куда болуп,

Алыш -бериш катыш эле.

Ч?йд? болуп он беш к?нд?й,

Солто элин б?т кыдырды.

Адыр ашып т?зд? басып,

Аймакты б?т?н сыдырды.

Жыйырмадай к?н ?тк?нд?,

Ата Атабекти карады,

«Сый б?тт? эми кайталы,

Кел демек бар, кет демек жок,

Туулган жерге сапарлайлы.

Убадага турбаса,

Дос деген айрылат.

С??к деген айрылбайт,

Таттуу сыйга чо? урмат

?з??? к?т?п алууга,

Бизде дагы чо? к?ч бар.

Эрте? эле жаз келет,

Эмдиги жылы сапар бар».

К?з?нд? мал нык семиргенде аны айдап барып т?шт?кк? соода кылып келч?. Анын бир келини Торгой атага жакын туугандарынын кызы эле. Ошол ?ч?н аны менен катышып келатпайбы.

Ошол кезде солтолор душманга каршы катуу айбат к?рс?т?п, аябай чы?алып алган эле. Торгой баатыр да алардын жоокердик ?н?р?н ?з к?з? менен к?р?п,?йр?нг?с? келди. Анткени бугу уруусу калмак, жакын турган жылкы чабаар казактарга таланып турган эле. К?ч жыйнап аларга каршы к?р?шм?й болду. Солтолордон к?п ?н?рд? ?йр?н?п, келген жоодон ?з уруусун коргомой болду.

Атабектин байлыгы сан жеткис эле. Ми?ге жакын жылкысы, короо-короро койлору, жайнап жаткан тоодогу топоздручу. Созулуп жаткан жеринде дыйкандар иштеп алардан кампа-кампа т?ш?мд? жыйып алчу.

Атабек баатыр:

– Торгой куда кыргызда дос айрылат, с??к кайрылат деген жакшы с?з бар. Сыйыбыздын кемчилдиги болсо, кечирип кой. Бобу эки к?л?к жоргону жетелеп кет,-деп жакшы маанайда узатып турду.

Ошондо ж?д?? али даакысы т?ш? элек чаар кулун, ?й?рд?н чыгып, Торгой баатырдын артынан ээрчип алган экен. Торгойдун жигиттери кулунду кайра артына айдаса да болбой аны артынан сандалып болбой ж?р?п отурду.

Атабек байдын жигиттери:

– Убара болбой тим койгула, даакысы т?ш? элек, котур кулун бая к?н? ?й?р менен кошо талаадан келген. Кимдир бир??н?н жоготкон жандыгы окшойт. ?з? чарчаганда кайра эле келет. Келбесе талаада ?л?п, карга-кузгун жеп кете берсин,ушул канча мал болмок эле, бул эмес калган малды бага албай шайыбыс ооп отурат -деген экен.

Бирок чаар кулун Торгой баатырдын артынан калбай ээрчип алды.

?ч жолочу аттанышты сапарга,

Алардын бараар жери алыс жак.
<< 1 ... 118 119 120 121 122 123 124 125 126 ... 176 >>
На страницу:
122 из 176

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров