«Жараткандан жакшылык,
Жалгыз туяк аман»– деп,
Карыялар чуркурап,
Калы? журт ыйлап буркурап.
Улуу тоонун адамдары,
Урматтап тосту буларды.
Куржунга салып ташылган,
Куржун деген атты алган.
Улама ушул калган дейт,
Уланып кеп кеткен дейт.
Укпай койсо? ?з?? бил.
Ишенбесе? не деймин.
Жол колот менен берилейм,
Жоргому чаап желдирем.
Жондотуп айтып тарыхты,
Жомокчу болуп мен келем.
Сайды кечип берилейм,
Сары атымы желдирем.
Сабалата тарыхты,
Санжыра айтып мен келем.
Т?р?кочкордон айрылып,
Токто эне жаш калды.
Кайгы тартып зарланып,
Кара к?з?н жаштады.
Кыдык ата ошондо,
Он жетиде чагы экен.
Боконо с??г? болкулдап,
Болуп калган чагы экен.
Токтоо энени ошого,
Бата берип, баш байлайт.
Турмуш болсо токтобой,
Туурунан учуп айланат.
Булуттар к?ч?п салпылдап,
Андан ары ?т?пт?р,
Арбын-арбын замана.
Ат к?т?рг?с б?т алтын,
Айтып жаткан уламам.
Ата-баба тарыхын,
Таап алды?бы ушундан.
Аталуудай ??д?н?п,
Ата-текти айта ж?р!
Энел??д?й к?р?н?п,
Эл-жери?и эстей ж?р!
«Куу турмуш эми ушул»– деп,
Курбу менен курдашка,
Кужулдаган кургурга,
Куржундан кабар айта ж?р!
Эл дегенде элди с?й,
Жер дегенде жерди с?й!
Алды?да жатат жаркын жол