Калкылдап учат асманда,
Кайып сызган канаттуу.
Калкымда ат табылбас,
Караандуу ушу сыяктуу.
Арыбай чуркап отурса,
Ат да болоор ардактуу.
Туурумда ат табылбас,
Тулпар ушу сыяктуу.
Жетик чуркап алганда,
Жетим тоого ал бараар.
Желмаян менен жарышса,
Желмаянды калтыраар.
Ал к?л?кт? билдирбей
Тоо т?б?нд? байлаган.
«Башкалар сезип калат»-деп,
Баш аламан барбаган.
?ч саяпкер кезинде,
?й?рм?н?н жеринде,
Желжетпести таптаган,
Белгил?? ишти аткарган.
Жаадай сызган бул к?л?к,
«Жалгашыптыр кайыптан.
Т?р? суук бир кулунду,
Таап алышкан талаадан.
Саяпкерлер байкаган,
Санжыра кепте айтылган.
Улама кептер айтылган,
Уланып келет байыртан.
Кайып ат Камбар ата,
Андан б?тс? б?тк?нд?р.
Акылдуу жылкы пиринин
Айды?ы колдоп ж?рг?нд?р.
Да?кын угуп к?л?кт?н,
Сурап келди калмактар.
Душманга ат берб??г?,
Кара тоодо жашаган,
Каршы турду кыргыздар.
Бошотуп ийсе эгерде
Ж?рс? эгер чет жерде.
Башкаларга кайрылбайт,
Душманга жакындабайт.
Артынан ээрчин ээсинин.
Байкатпай гана ?н берип,
Анын к?т?т белгисин.
Ышкырып койсо тез келет.
Окуранып кабар берет.
Жоосун к?рс? к?р?нб?й,
Чер токойго жашынат.
Канатын жайып улам сызып,
Караандатып карматпайт.