– Эми Рысты хан к?т?р?п, Рысхан атайлы.
– Жаштар дуулдап кыйкырып жатышты.
– Биздин ханыбыз Рысхан!
– Рысхан!
– Рысхан!
– Рысхан!
Рысхан деген ат тээ обого теребелге бобу ачык ай-талаага тиги аркы карагай жыш ?ск?н жылгага чакырык болуп таралып жатты.
Ошентип журт Рысты хан к?т?р?п, Рысхан деп, аташты. Жараткандын буйругу экен Рыс элге хан болуп калды. Кыргыздын кырк уруусу биригип баягы баскынчы кара кытай, калмак, манжуларга те? ата болуп, аларга эркиндигин алдырбады. Рысхан жа?ы алтымыштан ашкан. Ал ары акылман, ары аяр, ары чечен к?р?н?кт?? аскер башы эле. Кыргыз элинин биримдигин чы?ап, башка элдер менен те? ата жашап турду.
Карыя улама-санжырасын э? жакшы аяктады. Бул уламаны ал бир??д?н укса керек ошол ?ч?н бизге жакшы айтып бербедиби. Мен аны толуктап туруп башкалар окусун деп кагазга т?ш?р?п койгом.
ЧЫНГЫЗ ХАНДЫН УЧУРУ
Айланасы ?т? бийик эмес жапыз тоолор, чычкан ж?рг?л?п ?т? алгыс калы? токой, к?пч?л?г? кызыл карагай, эмен алардын арасында ар кандай бадалдар жер жемиштер. Тээ арыда улуу дайра алтын казык жылдызына карай, суусун жарга уруп, атам замандан бери агып жатат. Касиетт?? ата-бабабыз мекендеген дайранын жээгинде улуу токой соккон шамалга бой керип, се?селе кыймылдайт. Токойдун арасы ар кандай илбеесин жан-жаныбарларга жык толгон. Бул жерге кышкысын кар калы? жаап, жайкысын бир топ эле салкын тартат. Кечке чейин сайраган канаттуулардын ?н? басылбай, кереметт?? кайрыктары кайра эленет. Ал эми к?к?кт?н, булбулдун андан башка т?рк?н канаттуулардын ?н? бирде бул жерден, бирде тигил жерден чыгып, жашоонун ?лб?с элесин тартуулайт. Бул жердин адамдарынын бойлору узун келбетт??, сары чачтуу, кызыл ж?зд??, к?зд?р? к?г?ш эле. Ошол ?ч?н аларды «Кызыл ж?зд??л?р» деп атап алышкан. Алар токойдун арасында бир жерден экинчи жерге малын айдап, к?ч?п ж?р?ш?т жана токойдун арасына кирип кас элден коргонушат. Жана токойго жашынып душмандарына кол салып, чабуул коюп, бат эле майкандап жок кылып, качып кетишч? экен. Курч балта, араалары менен келиштирип жыгачтан ?й салып алышат,
Тээ тетиги токойлуу тоонун бери жагындагы аймак ушул жердин бийл??ч?с? Олобектин андан ары Единал, Алдиер жана башкалардыкы. Ал жердеги кыргыздар ушул мекен коргоор баатырлары менен сыймыктанышат.
Береги жайыктан бир топ атчандар чыгышты. Алар буудандарын камчылана катуу таскак менен алгалайт. Жолочулардын минген аргымактары ?т? чымыр жана к?л?к эле. Жаныбарлар кеминде он к?н жол ж?рс? да арыбас-чарчас т?рл?р? бар сыяктанат. Тээ ары жакта бай Олобектин т??л?р?, уйлары, койлору жайылып жатат. Т?шт? оттоп жаткан кара куйруктуу текелерди ак калпакчан бир бала т?м?нг? карай айдап келатат. Токойдун бери жагындагы ?з?нд?н баш-алты бала жаны тынбай балык кармоодо. Балыктардын ооз-муруну башынын асты жагында болуп, денеси кылкандуу тартып ?т? майлуу эле. Балдар аттын куйругунан, жалынан жасалган торлорду иримге салып, бир тобу таяк менен балыктарды ылдый карай айдап жатат. Ылдый кайыган балыктар торго т?ш?п жатты. ?сп?р?мд?рд?н ???нд? кубанычтын элеси чачырап, бай жээктен алар к?нд? ушинтип балык кармашат.
Береги топ атчандар кайрат чачкан к?к асабасы желпилдеген Олобектин ?й?н? жете келип, унааларынан т?ш?п боз ?йг? киришти. Алар дагы бир тараптан атчандарды к?т?п жатышты. К?п ?тп?й тээ береги чо? сайдын жанындагы бурулуштан беш атчан к?р?н?т. Аларды акбозчон баатыр баштап келатат.
– Ырыспек келатат. Жардамчысы Асаат, Маатай да бар экен.
Ырыспектин атчандары бат эле боз ?йг? жете келип, улуулата т?рд?н орун алышты. Отургандар кымыз ичип, анын артынан эт жеп, ортодо кызуу с?з ж?рд?. С?зд? аягы монголдорго барып келген Д??л?с алды:
– Мен Тем?ч?нд?н ата конушуна барып к?п жерди кыдырып келдим.
Отургандар:
– Деги Тем?ч?н деген ким экен ошону айтып берчи?
– Тем?ч?н ошол к?чм?н монголдордун Тайшит уруусунан чыгыптыр.
– Ата теги энеси ким монголдордо к?п уруу бар эмеспи?
– Анын энеси Оолун бизче «булут» дегенди билдирет. Атасы Есугей баатыр, чо? атасы Бартан, дагы Хабул хан.
– Мен кимдир бир??н?н уктум эле анын жетинчи атасы кыргыз экен,– деп
– Ошондой шекилденет ??? саргыч тартып, кыргызга окшоштурушат экен.
Дагы бир?? чыйылдап с?йл?п калды:
– Балким ал биздин чо? аталарыбыздын бир??с?н?н баласы болуп ж?рб?с?н.
Баардыгы кыраан каткырыкты салышып, с?з андан ары уланды.
–Тайшиттер ?з?н? каршы урууларды каратып алып, баш к?т?рг?нд?рд? талкалап жок кылышты.
– Алар татарларды, наймандарды, меркиттерди, ?з?н? багындырып, бийликти Тем?ч?нд?н колуна топтошту.
Баардыгы с?йл?б?й ойго батышат. Олебек монголдорго барып келген адамдан сурады:
– Баарын тактап чачпай баяндап берчи Тем?ч?н ж?н?нд? эмнени билеси??
Тигил киши ?н?н жай чыгарып акырын с?йл?й баштады:
– Тем?ч?нд?н баяны арбын анын атасы Эс?г?й ал баатыр адам болгон экен. Анын атасы Бартан баатыр, Хабул хан, Тумбинай чечен, Байшинкар, Хайду, Бодончар анан Кул Малик, анан Алангоо деген аял Кул Малик менен кошулуп, Бодончар т?р?л?пт?р. Уламада айтылган ошол Кул Маликти кыргыз экен дешет. Аланго деген аял к?й??с? ?л?п калып. Береги Кул Малик менен ж?р?п, Чынгыз хандын т?пк? аталары Бодончар т?р?л?п жатпайбы. Дагы Тем?ч?н ж?н?нд? бир уламаны айтып берейинчи. Бир к?н? монголдордун меркит уруусунан Эскиледу деген мыкты жигит Оолун деген кызга ?йл?н?п аны арабага салып ?й?н? бараткан экен. Ошондо те?сиздик менен кызды Есугей тартып алып ?й?н? алып келип ?йл?н?п алат. Оолун акылман аял болуптур. Укканга караганда Жочу, Угедей, Чагатай, Тулуй деген балдарды т?р?пт?р. Тем?ч?н т?р?лг?нд? о? алаканына кан уучтап т?шк?н?н к?рг?н кемпирлер болуптур. Алар ошондо аябай та? калышат. Бала т?р?лг?н к?н? ачык эле туруп к?н тутулуп, жети к?н катары аба ырайы ачылбай бороон согуп, кадимкидей кыш кычырап аяз т?ш?п турат. Т?н?нд? ат кишенеп, айбалта шы?гырап, кылыч кы?гырап, согушкан баатырлардын ?н? угулуп, бала ыйлап, эне боздогон ка?шаар сезилип турган экен. Ара? дегенде сегизинчи к?н? асман ачылып, калы? тумандын арасынан к?нд?н к?з? агылыптыр. Булуттар тарап, айлана жылымык тартат. Ошондо таягын такылдатып улуу бакшы айтыптыр:
– Айланайын эл журт бир балакет болбосо экен, бул тозок адам пендесине к?р?н?п, жер ?ст?нд? киши задиси кызыл кыргын, кара с?рг?нг? кабалып азап тартпсын. Жер бетиндеги жазыксыз адамдарды тир?? койсо экен. К?з? ачык бакшы жаны тынбай секирип баардык жерге ушул с?з?н айтып чыгыптыр. Кыраакы бакшы туура эле айткан окшойт. Ошол бала т?р?л??рд? энеси бир кызык т?ш к?р?пт?р. Бала ж?рм?л?п отуруп туу чокуга чыгат. Тоонун этегинде эл быкпырдай кайнап, журт балага ийлип таазим кылат. Тоонун башында ак кар к?к муз эрип суу ташкындап кыян агып жаткан имиш. Бала сууга кылыч, найза, жаа салып агызып жатат. Суу элге жетип, алиги куралдар калы? журтту ?з?н?н-?з? эле ?лт?р?п кирет. ?лг?н адамдарды быкпырдай кылып суу агызып жаткан экен. Агып жаткан суу суу эмес эле, кандуу дарыяга окшошот. Азаптуу сууда адамдын баштары, буту, колу, денеси агып жаткан болот. Чынгыз хандын энеси Оолун суу башында туруп, баласына карап:
– Тем?ч?н бул эмне кылганы?, адамдар тынч ?м?р с?рс?н!
– Жок эне мен ааламга ча? чыгарыш ?ч?н т?р?лг?м, ошол бойдон калам. Ааламдагы элдер мага баш ийиш керек эгерде баш ийбесе суу кан болот.
– Антпе балам, адамдарга тынчтык керек, алар тынч жашасын. Алар тынч жашап жакшы ?м?р ?тк?р?ш ?ч?н т?р?лг?н. Жараткан эгем да ошону каалайт!
– Жок мен туу чокуга жетем, мен кан агызып отуруп бийликке барам. Мен ааламды башкарып анын эгеси болом!
– Кой, уулум антпе, биз тынч жашайлы, сенин ата?, анын атасы да кийинки аталар да тынч жашап келген. Сен тоодон т?ш?п кел,кан акпасын!
Ушул кезде Оолун ойгонду аябай тердеп кетиптир.
Жанагы к?з? ачык бакшы боло турган окуяны чын эле болжолдогон окшойт.
Тем?ч?н желмогуз ошентип эр жетип чо?оёт. Чо?ойгондо эле ал аскер курап, баш ийбеген журтка кан агызып, тынч жаткан тайпаларды багындырып кырып келатты.
Отургандардын баардыгы катуу санаага чырмалат. Алардын бул ойлонуусунда «Эми биздин тагдырыбыз эмне болот?»– деген божомолдор бар эле. Улуу Кемжет кем (Жогорку Эне Сай) Кичи кем ( Кичи Эне Сай) дарыяларына, Ми? Суу ?з?н?н мекендеген туягы курч, шамал эшкен басканда арыбас, к?л?к аттарын минип курч кылыч, калкандарын колуна кармаган журт, ааламды басып алууга аракет кылган Тем?ч?нд?н ж?з ми?деген жоокерлеринин келишин билгенде тымтырс болуп ойлонуп жатышты…
Дагы бир абышка кайталап сурады:
– Анын жети атасы каргыз деди?би, кайталап айтчы, т?ш?нб?й калдым?
– Ооба анын ата теги санжыра боюнча кыргыз дешет.Биздин ушул эле Ми? Суу ?з?н?н жердеген Маалик деген адам бир себеп менен туткунга т?ш?п, монголдорго кетет. Ал ошол жерде жашап, чыныбы, калпыбы алиги аял менен байланышат. Ургаачы улама боюнча ал кишиден ?ч бала т?р?п алат. Баарысы те? азырка Тем?ч?нг? окшош чачы сары, к?к к?з Тем?ч?н ошол жети атасын тартып калса керек. ???н? караганда аны биздин тукум деп эсепт??г? болот,– бул с?зд? укканда баарынын ???нд? кубанычтын элеси чачырай т?шт?.
Дагы бир?? к?л?п:
– Биздин тукум болсо, эмне бизге каршы кол аттантып жатат. Эми биз менен каршы к?р?ш?б?.
Баары к?л?п калышты.
– Кыргыз каны менен монголдун каны бириксе, к?к бет болуп, б?тк?л ааламды ча?ызгытып бушайман кылбайбы.