Жакын эле жердешимдин,
Жадымда жок аттары.
Эчаакы ?т?п кеткендердин,
Атын билбей чаташтым.
Жазбайын деп дастанды,
Жаратпай айрып таштадым.
Жан д?йн?м тынчтык бербеди,
Жабыгып кайра баштадым.
Ошентсе да акыры,
Жашып кээде кайгырып,
Жазып б?тт?м дастанды.
Издегеним не болду,
Ийгиликтер болдубу?
Дайындуу нерсе таптымбы?
Дастанга нелер катталды,
Эмнелер унут калды,
А эмнелер кирбей калды,
Анын баары такталаар.
Акыры ж?р?п отуруп,
Биз иштеген ишибиз,
Жараткан кут кондуруп,
Жакшы жакка айланаар.
Ушуну менен силерге,
Айтаар с?з?м токтолоор.
Кайран ?м?р бир кезде,
Кайып сызып жоголоор.
Бирок дагы жаштар бар,
Арткы жакта бакыт бар,
Жараткан деп дастанды,
Жазылды деп баардыгы,
Жайнаган ушул убактар,
Улама кез учурлар,
Айтылып далай кеп болоор
Унутулуп жоголбоор.
Канат кагып кыраан куш.
Бийиктикке оболоор.
«КЫРГЫЗ» ДЕГЕН АТ КАЙДАН КЕЛГЕН»
Калайманчыл башынан
Кара курттай жайнаган.
Кара кытай, калмакка,
Кайраты менен те? болгон.
Чамасы кетип, чарк кетип,
Чабышкан о? болбогон,
Кырларда атчан ойногон.
Кыргыз деген эл болгон.
Кыр кезип жерди жойлогон.
Кырды кезсе ушул эл,
«Кыргыз» деген ыйык ат,
Чыккандыр балким ошондон.
***