Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын баяны 2

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 5 6 7 8 9 10 11 12 13 ... 176 >>
На страницу:
9 из 176
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

А?геме айтам булардан.

Агуул биздин атабыз,

Алыста калган бабабыз.

Абалкыны жакындатып,

Алардан баян айтабыз.

Ак карлуу тоодо т?р?л?п,

Атак да?ктан чеп курган.

Душманга бербей намысты,

Туу алдында бек турган.

Кооптуу жерде алышып,

Коогала?да чабышып,

Атанын жалгыз баласы,

Сыйлап к?зг? басаары,

Доордун айтып тарыхын,

Долон бий ?тк?н д?йн?д?н.

А?гемемди ары улайм,

Андан аркы атабыз,

Кыргыз-кыргыз болгону,

Кыргыз атка конгону.

Тайган эмес ырыстан,

Аркы атабыз Ырыскан.

Каадалу ?м?р ?т?г?н,

Карабагыш, Акбагыш,

Анан дагы Чо?багыш

Акбагыш биздин атабыз,

Удеге менен кармашкан,

Намысты коргоп калмактан,

Нарктуу жолдон тайбаган.

Эли-жерин коргогон,

Элес айттым ошондон.

Кыргызды кыргыз кылып,

Кылымдар боюу сактаган.

Баян козгойм кайтадан,

Байыркы ата бабамдан.

Аркы атабыз ?р?мч?,

Айды?дуу баян оболойт.

Ата-баба тарыхын,

Айтканым сонун кеп болот.

Мен булардын аттарын,

Санжырадан окугам.

Качанкыны кеп кылган,

Карылардан к?п уккам.

Ушундайбы, башкабы,

Чын баянын ким билет.

Качанкы кеткен тарыхты,

Карылар аны эскерет.

Санжыраны билбеген,

Сай-сайда калып жоголот.

Жети атасын билбеген,

Жетип уул деп кордолот.
<< 1 ... 5 6 7 8 9 10 11 12 13 ... 176 >>
На страницу:
9 из 176

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров