Себебин айтаар чагым бар.
Аркалап тууган аймакты,
Акыры таап алы?дар.
Атадан калган жалгызым,
Агарып ?ск?н жалбызым.
Кумда ?ск?н жалбызым,
Кумсарып ?ск?н жалгызым.
Карааны болсун жалгыздын,
Кайгырып ?з? калбасын,
Жабыктырбай жашоодо,
Жалгызды кудай сактасын.
Жабыркап ушул ?м?рд?,
Жапа тартып калбасын.
Кор болбой жашоодо,
Колдогону бар болсун!
Жолдошу болуп жашоодо,
Жолдо кудай колдосун!
Те? ?ск?н жарым Токтоайым,
Те?ир Тоого барабы ай,
Каадалуу балам Сейитим,
Кара Тоого кайтабы ай,
Курсакта бала кыз болсо,
Куруп калаар анда айлам.
Атадан туяк калбаса,
Анда арманым не кылам?
Андан башка нени айтам.
Учтуу тоодон оболоп,
Учуп ж?р?т кара куш.
Карааны тоодо к?р?нг?н,
Кара кушта айып жок.
Айланы такыр кетирген,
Ата?дын к?р? д?йн? шок.
Кара куш учуп кетти,-деп,
Туугандарга кабар бергиле!
Тек жайдын баарын билдирип,
Тегиз айтып бергиле!
Кара куштан ?н салган,
Калаар бекен балапан.
Эл ичинде береним,
Эркек болсо эрмегим.
Айтканым менин чын чыгаар,
Ата Журтка жол алса,
Айды?ым бир жа?ыраар.
?кс?г?м толуп турмушта,
?чк?н отум жалындаар.
Ж?л?г?м Токтоайым,
Ж?л?п турган башымды.
Табылгыс ушул д?йн?д?,
Таба аламбы бактымды?
Ке?ешке келчи асыл жар,