Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын баяны 2

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 74 75 76 77 78 79 80 81 82 ... 176 >>
На страницу:
78 из 176
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Узун к?чт?н арасында,

Улуулардын саясында,

Урматтуу ошол энеге,

Уландары эркелеп,

Карегинен айланат,

Караанына жалбарат.

Мемиреп учуп токтобой,

Мезгилдер сызып оболой.

Узап кетсе энеке,

Уулдары не болот.

Убакыт жылып к?чк?нд?,

Унутулаар жетимдик,

Ч?рп?л?р ?с?п жетилип.

Туу белде аккан суулардай,

Турмуштун ?з? закымдаар.

Тектирден ?рд?п кеткен к?ч,

Те?ир Тоого жайгашаар.

Айтылуу ошол эненин,

Артында калаар тукуму.

Ысык К?лд? жайлаган.

Ылоолотуп жылкы айдаган.

Ырыстуу эл бугубу,

М?й?зд?? эне ?л??рд?,

А д?йн?г? к?ч??рд?,

Уулду болду Жамангул,

Жар Кыяга канат кагып,

Жапан куш келип конду.

Жар Кыяга куш конгону,

Жакшынакай иш болду.

Асыл эне кайтаарында,

Атадан уул т?р?л?ш?,

Абдан сонун иш болду.

Бугу эне ошол кушту,

Кондуруп алып колуна

??п койду бетинен.

Улам-улам сылады,

Ошол уулду чекесинен.

Анан мындай с?з айтты:

– К?ч менен узап алып,

К?з жуумп эгер мен кетсем.

Сан жол менен коштошуп,

Сапарым арып мен кетсем,

Менден белек болсун,-деп,

Небереми Белек койдум.

Не бир сонун ой ойлодум.

Эмчектеги ал бала,

Энеден калган Белек болду.

Тукумдан туяк кагып,

Туягын ташка жанып,

Тууруна келип куш конду.
<< 1 ... 74 75 76 77 78 79 80 81 82 ... 176 >>
На страницу:
78 из 176

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров