Оценить:
 Рейтинг: 0

Бабалардын баяны 2

Жанр
Год написания книги
2018
<< 1 ... 61 62 63 64 65 66 67 68 69 ... 176 >>
На страницу:
65 из 176
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

Т?р??р чагы жакында.

Хандын кызы ананда,

Аман-эсен т?р?д?,

– Карганда уулду болдум,-деп

Чо? тойду ?тк?рд?.

Баланы к?р?п чо? кемпирдин,

Эмчегинен с?т тамды.

Бешикке салып болпойтуп,

Багып жатты баланы.

Канчасы калп, канчасы чын,

Аны билбейм мен дагы.

Улама сырын билбейси?,

Угуп жаткан сен дагы.

Санжырачы айткан со?,

Сап-сапка тиздим с?йл?мд?.

Менде дагы жазык жок,

Аны угуп отурган,

Сенде дагы жазык жок.

Окуянын чындыгын,

Кудай билет бир гана.

Аны биз да билбейбиз,

Андан башка не айла.

Манап деп ал баланы атады,

Манаптан Сарсейит,

Сарсейиттен ?чк?, Т?лк? баатырлар,

Атагы элге таанылгандар.

Т?лк?д?н Тынай баатыр бар,

Маматкулдан Темир, Болот.

Анан андан Ормон бар.

Ойуй баскан кара жерди,

Ормондон Т?р?келди.

Тынайдан Атаке, Сатыбалды.

Атакеден алты бала,

Абылай, Солтоной, Карабек,

Байш?г?р, Жанкиши, Таштанбек,

Э? кич??с? Карабектен

Салмагы чо? таштай,

Кадимки хан Жантай.

Жантайдан Шабдан хан,

Сарбагыш деп ?н салган,

Байыркынын тарыхы.

Баяндалган санжырага,

К???л бургун баарына.

«Эл айтышкан катуу»– деп,

Д??л?тт?н Надырбек,

Надырбектен Эсенгул,

Баардыгы сегиз бек,

Эсенгулдан Ныязбек,

?з атын ?з? чакырган

А баягы баланын
<< 1 ... 61 62 63 64 65 66 67 68 69 ... 176 >>
На страницу:
65 из 176

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров