Аркы атабыз Ырыскан,
Тайган эмес ырыстан.
Долонбий менен Домбулбий,
Ырыскандан жаралган.
Мындан аркы кебебиз,
Ошолордон башталган.
Окулялар ташталган.
Т?р?лг?н дешет Долон бий,
Эне Сайдын жеринде.
Аккан дайра жээгинде,
Алкынып аккан чо? дайра,
Арт жагына акпас кайра,
Кылымга кеткен атагы,
Кыргыздын к?зг? басаары,
?зг? жанга чокутпай,
?з журтун коргоп алаары,
Качанкыдан кабар алып,
Калы? элин тактаары.
Санжырада айтылган,
Санат с?з? бир далай.
Эч нерседен тартынбас,
Эст?? жандын укмушу ай.
Бийик бойлуу жайдары,
Б?рк?т тумшук абройлуу,
Акылга бай, так айтат,
Жазы ма?дай айлалуу,
Жаралгандан таалайлуу.
Санжырада айткандар,
Ушул баба ж?н?нд?.
Учкай кепти чубашкан,
Уламаны улашкан.
Ал кездеги окуянын,
Чын т?г?н?н ким билет.
Желип учкан токтобос,
Бийик тоодо жел билет.
Бир билсе жазмышта,
Аны айткан жан билди,
А?гемени ты?шаган,
Аны уккан жан билди,
Абалата кеп кылып,
Жазмачылар чыгарды.
Жазылбай калган баяндар,
Жазмасы жок с?з калды.
Дололонбий к?ч?п ж?р?пт?р,
Аркалап бийик тоолорду.
Арымы кенен созулган
Аралап байтак жолдорду,
«Алдырбайм» деп ант берген,
А?дып келген душманга,
Ак карлуу Ала Тоолорду,