Баян кылып с?з козгоп,
Башкаларга айта бар!
Жетч? жерге аман бар,
Жете алгыс жерлер бар,
Билинбей ?т?п жок болду,
Биз билбеген баяндар.
***
Ыстамдын уулу Сулайман
А?чылыкка берилип,
Аскадан улар улаган,
Катуу шамал болгондо,
Карайлап жардан кулаган.
Туйгун кетти сапарлап,
Тутунарга туяк жок,
Карманаарга караан жок,
Атакелеер бала жок,
Арман к?н деп ?н созоор,
Артында калган зайып жок,
Каран к?н деп ?н созоор,
Кара кийген жары жок.
Антсе дагы ысымы?,
Калып калды аска?да.
Качандыр аты? айтылат,
Баян болуп калкы?да.
Алыска таптап учурган,
Ак булутка умтулган,
Туягы? жок болсо да,
Тукумубуз эле деп,
Туугандары? эскерет,
Жарыгыбыз эле деп,
Жакындары? эстешет.
Бирок сенин атагы?,
Калып алды аска?да.
«Сулайман ушчу аска»,– деп,
Биз карайбыз дайыма.
***
Кара куш деген кырааным,
Карагай черди мекендейт.
Уясын салды зоокага,
Уямда тынчтык болсо,– дейт,
Кара куш салган уяга,
Каргалар учуп к?п келди.
Куркулдап учуп айланып,
Кузгундар тынчтык бербеди.
Уясын таштап куш кетти,
Уяга шамал карды ?й?т.
Кара куштан кабар жок,
Каргалар учуп ж?р?ш?т.
Асканы таштап куш кетти,
Албуут шамал чамынат.