Оценить:
 Рейтинг: 0

Адамдын Асыл ойлору

Год написания книги
2020
<< 1 ... 10 11 12 13 14 15 16 17 18 ... 135 >>
На страницу:
14 из 135
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

* * *

Жалкоолук бекерчиликти чакырат, бекерчилик жакырчылыкты чакырат.

* * *

?йд?г? кайгы- капа т?з эле эшикке чыгып кетпейт. Ал ?й-б?л?н?н ж?р?г?н аралап кеткен кара так.

* * *

Эски, ?з?мч?л бийлик кетет, жа?ы адилет бийлик келет. Демек, жаманчылык кетип, жакшылык келет.

* * *

К?й??с? жок аял балта менен отун жарат.

Аялы жок эркек казан-аягын калдыратып башкарат.

* * *

Та? агарып жылдыздар суюла баштады, жылдар ?т?п кайрат кача баштады. Мезгил денедеги асыл жаштыктын жылдыздарын бир жакка алып кете баштады…

* * *

«Мен иштеп жатам, бош кетпей артыма бир нерсени калтырайын», – деп жатам. Демек, мен жашап жатам.

* * *

Ж?р?кт?г? с?й??н? акыл жана к?з жаратат. Анын жашоо жолун ?з???р жана жашоо турмушу?ар таразалайт.

* * *

Бир??н? «с?й?м» деп айтыш ?т? оор. Ошол ?ч?н ага бе-рилгени? ?з???н адеп-ахылагы?ан жана жан-д?йн??д?н к?р?н?п турсун.

* * *

Кызганчаактык бул жаман к?р?н?ш, ошону бел туткан жаштар к?п нерседен кур жалак калат.

* * *

Жакшы т?г?йл?р о? кол менен сол кол сыяктуу. Эк?? бири-бирин колдоп ж?р?п отуруп, бул ?м?рд? бактылуу жашоого жолугат.

* * *

Кимди с?йс?? ошого бакыт алып кел, аны ошол ?ч?н с?йг?нс??.

* * *

?йл?нг?н жаштардын жашоосунда кулчулук жана эз?? болсо, ал жерден с?й?? качып, арман башталат.

* * *

Адамдагы асыл нерсе-бул с?й??. Ал пенденин жашоосуна к?рк жана ырахат чачып, жашыл ?р??н мейкиндикти аралатып ?т?т..

* * *

Бир??л?р айтат: «Биз кырк жыл бирге жашап, ошондон кийин гана с?й??н?н асыл экенин билдик».

* * *

С?й??д? эреже жок, ал ж?р?кт? эрежесине баш ийген к?р?н?ш.

* * *

Бактысыз ?й-б?л?н?н адамдары с?й?? эмес, уруп согуу, ушак-айы? жана башка жаман к?р?н?шт?рд? аралап ж?р?п отурат.

* * *

Ке? талааны мээримд?? к?н жылытат, суукта ?йд? к?м?р менен отун жылытат, «Айткылачы, менин карып калган к???л?мд? жана ж?р?г?мд? ким жылытат?»

* * *

Сулуулук кайда болсо, адамдар аны к?р?б?з деп ашыгат, алар ?зд?р? деле сулуулукту т?з??р?н билишпейт.

* * *

Жакшы окуя т?шт?й бат ?т?т, анын баалуулук жагы эле ошол.

* * *

Акылсыз адамддын алдында унчукпай коюу – бул дагы чо? чатактан коргонуунун ?лг?с?.

* * *

Чыныгы поэзия к???лд?н жаралып, акын ага ээр токуп, канаттуу ырларды акбоз атка мингизип, алыскы элдерге аттантат.

* * *

Суу к?рб?г?н жемиштин даамы башка, тарбия к?рб?г?н пенденин айтканы башка.

* * *

К?н кеткенде ай-жылдыздардын жарыгы жалгыз к?нг? окшобойт. Жетим калган балага башкалар ата-энеге окшобойт.

* * *

Ак буюмду карага боёсо болот. Эмне ?ч?н кара акка боёлбойт? Турмуш кандай болсо, баары эле ошондой. Анткени каралык такыр акка боёлбойт.

* * *
<< 1 ... 10 11 12 13 14 15 16 17 18 ... 135 >>
На страницу:
14 из 135

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров