Оценить:
 Рейтинг: 0

Алтын сандыктагы ырлар

Год написания книги
2018
<< 1 ... 47 48 49 50 51 52 53 54 55 ... 75 >>
На страницу:
51 из 75
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

***

Ободо бийик к?кт?,

Ороктой жарты ай турат,

Ай шы?гыры жерге карай эленип.

Айды? к??л?р ылдый карай куланат,

Балалыгым калып калган алыста.

Мемирей чыга келсе алтын ай,

Мен сагынган кыштагымдай му?аят.

***

Тээ арыда адырлар,

Тарам-тарам жолдор бар.

Коктуда атам эк??б?з,

Кой айдаган кыялар.

А баягы аймактар,

Жаш экен го картайбай.

?з?м эмне чал болдум,

Атам кайда кудай ай!?

***

Жыты сонун жалбыздын,

Баласы тура жалгыздын.

Жараткан кудай сактасын,

Жалгыздын жалгыз баласын.

Атанын жалгыз баласын,

Арбак кудай сактасын.

Карааны бар калдайган,

Калкы бата арнасын.

***

Энекем нан жасоочу,

К?нд?й кылып тегерек.

Балалык чак т?г?л?п,

Бактылуу к?н эленет.

Эчен к?нд?р закымдады,

Энекем ?т?п кетти ээ.

К?м?ш нурлуу ак наны,

К?нд?й жанып эсимде…

***

Бактылуу окшойт таш болуу

Топурак болуп быркырабай.

Сапарлап учуп калдактабай,

Сапырылып ча? ызгыбай.

Т?т?п бекем катуулукту,

Т?б?л?кк? сактап келет.

Ошол ?ч?н таш бетине

Ыр бермети чегилет

***

Т?рм?д?н чыккан уулун карап,

Энекеси бакыт арнап:

–Уулум кеч?? эле жаш эле?

Ак чалыптыр чачтары?.

Карыптырсы? бул эмне??
<< 1 ... 47 48 49 50 51 52 53 54 55 ... 75 >>
На страницу:
51 из 75

Другие электронные книги автора КАДЫР АБАКИРОВ