Дагы далай керемет ыр жаратам.
К?нд?р келет убакытты арыткан
К??лд?г?н мезгил менен жарышкам.
К?з к?н?нд?й улам т?г?п жалбырак
К??д?н тайбай к?л?к таптап бараткам.
***
Кузгундар менен куркулдап,
Келе жаттым алышып.
Бирде ?з?м же?ип кетсем,
Бирде коём алдырып.
Кузгундар мене алышуу
Куураган тозок турбайбы.
Кузгун болуп куркулдап,
Ким к?р?пт?р мындайды.
***
Чеберчилик, кайдан келет бул эмне?
Чыгармачылык, улуу шыкты ?нд?р??.
Бай д?йн?н? улам-улам сапырып,
Башкалардын жазгандарын ?йр?н??.
Ачылыштан-ачылышты дегдетип,
Акынды акын кылган чеберчилик.
Жазмачы жашай албайт мейкинсиз,
Жа?ылык такыр келбейт эмгексиз
КЫЗГА
Жакшы к?рг?н жигити?ин,
Ч?нт?г?н такыр караба.
Ч?нт?г? балким калы?дыр,
К???л бургун башкага.
Ч?нт?к жагын карабай,
Байкап к?рч? акылын.
С?й???? таза кармаган,
Ошол чечет баардыгын.
***
Булутсуз асман жактын ээси – к?н,
Кара?ылык айлананын ээси – т?н.
Аскадан-аскага барып согулган,
Айды?дуу жа?ырыктын ээси – ?н.
Торгой деген ээси болот талаанын,
Аркар-кулжа ээси экен шагылдын.
?ж?рл?н?п талант менен жаркыган
?лб?с ырдын ээси болот- улуу акын.
***
Чо? Таш суусу ала салып таш кулап,
Суунун ?н?н толкунданып угамын.
Суудай агып куттуу мезгил аркырап,
Баардыгын те? ушул жерден туямын.
– Айтчы тууган шар суу агып жатабы?
– Ооба дайра ага берип к?? курайт.
?к?мд?н?п суу менен жарышкан,
?т?п жаткан ?м?рд?н ыры угулат.