
Бабалардын баяны 2
Күнгө күйүп баратты.
Бирде тоюуп курсагы,
Биринде ачка жол тартты.
Көл боюнда тоолу жерге,
Акыры жетип бугу элге,
Туугандарга кат берди,
Карарган кара шамалды,
Кара башта кайгыны,
Баарын айтып таштады,
«Айрылдык» деп кайрандан,
Карыялар жашып ыйлашты.
Энелер жана жеңелер,
Тартып жатты азапты.
Келиндери кошок кошуп,
Кеткендерди кошо кошуп,
«Кем дүйнө»-деп ыйлады,
Кеп сөзгө келе албай,
Келиндер жаман кыйналды.
Арбакка багышталып,
Ай туяк бээ чалынды.
«Жакшы тилек колдо» деп,
Жаратканга жалбарды.
Акыры туугандар,
Кеп-кеңешке келишти.
Алдыдагы болоор ишти,
Акыл менен чечишти.
Дагы эмне болгонун
Алдыда айтаар жомогум,
Түн кирсе ай чыкмак,
Бизге келди эс алмак.
Жолдо жортуп келаткан
Жомок дагы чарчады.
Түн кирип, ай чыкты.
Шаңкайып тоолор алыскы
Эс алышат баардыгы.
Эс алалы биз дагы.
КУРЖУН АТА БАЯНЫ
Баштап алдык баш жагын,
Баяндайлы ар жагын.
Анан анан не болду,
Айталы эми ошону.
Чын төгүнүн ким билет,
Жомокчу аны эскерет.
Бабалар жолу бу болду,
Ушундай болгон окшоду.
Таң калтырып жараткан,
Тагдырдын ошол жолубу.
.
Белектин уулу Ыстам бар,
Дубанда жок бай эле.
Жаратып койгон пендеде,
Жан дүйнөсү шай эле.
Ыстам байдын жылкысы,
Жылгаларда жайылган.
Жыламыштан кайырган.
Жылкычылар шаңданган.
Желип учкан жылкыдан,
Тоодой болгон даңкы бар,
Тобурчак аттын тукуму,
Тоо торунун улугу,
Жети жолу байге алган
Жергебиз бүт шаңданган.
Желгенине жел жетпес,
Жел жетпес күлүк жаралган.
Басканына мал жетпес,
Башкача күлүк жаралган.
Тоодой болгон тулпарга,
Тоолук элдер толкундап,
Толгон ырды чыгарган.
Белектин жаккан адамы,
Бежиреп акыл салаары.
Акүптүн уулу Акүчү,
Желжетпести минди эми,
Желбегей тонду кийди эми,
Бурулбай жолдо камынып,
Булдурсунду колго алып,
Кайсы бир эл жашаган,
«Кайыптын жери кайда»– деп,
Камына чыкты аттанып,
Азыгын баарын колго алып
Арбын, арбын жол басып,
Кыргыздын ушул элинен,
Бугунун ыйык жеринен,
Учуп күйүп жол алып,
Узаган дейт камданып.
Акүчү деген берен бар,
Атка жеңил тайга чак.
Арбын жолду так байкап.
Жети өзөн суу кечкен,
Жердин атын так билген.
Жекелешип сүйлөшсө,
Жети буру тил билген.
Кужулдап топту жиреген
Куран окуп, дин билген.
Байыркыны бат тактап,
Кагаз жазып, ыр чийген.
Көзү небак ачылып,
Көрбөгөндү көп көргөн.
Көп окуя оор турмуштун,
Көбүн баштан өткөргөн.
Дубанга бүт белгилүү,
Асыл ыйык жаны бар.
Кулагында шамы бар,
Кулайым деп көз салган,
Кодогону дагы бар.
Жергемде күлүк Желжетпес,
Жел жетеер бирок ат жетпес.
Жылкы ичинен атактуу,
Жылып учкан канаттуу.
Жеримде ат табылбас,
Желжетпес ушул сыяктуу.
Шашып учкан канаттуу,
Шардана ушул сыяктуу.
Урумда ат табылбас,
Учкаяк куш сыяктуу.
Калкылдап учат асманда,
Кайып сызган канаттуу.
Калкымда ат табылбас,
Караандуу ушу сыяктуу.
Арыбай чуркап отурса,
Ат да болоор ардактуу.
Туурумда ат табылбас,
Тулпар ушу сыяктуу.
Жетик чуркап алганда,
Жетим тоого ал бараар.
Желмаян менен жарышса,
Желмаянды калтыраар.
Ал күлүктү билдирбей
Тоо түбүндө байлаган.
«Башкалар сезип калат»-деп,
Баш аламан барбаган.
Үч саяпкер кезинде,
Үйүрмөнүн жеринде,
Желжетпести таптаган,
Белгилүү ишти аткарган.
Жаадай сызган бул күлүк,
«Жалгашыптыр кайыптан.
Түрү суук бир кулунду,
Таап алышкан талаадан.
Саяпкерлер байкаган,
Санжыра кепте айтылган.
Улама кептер айтылган,
Уланып келет байыртан.
Кайып ат Камбар ата,
Андан бүтсө бүткөндүр.
Акылдуу жылкы пиринин
Айдыңы колдоп жүргөндүр.
Даңкын угуп күлүктүн,
Сурап келди калмактар.
Душманга ат бербөөгө,
Кара тоодо жашаган,
Каршы турду кыргыздар.
Бошотуп ийсе эгерде
Жүрсө эгер чет жерде.
Башкаларга кайрылбайт,
Душманга жакындабайт.
Артынан ээрчин ээсинин.
Байкатпай гана үн берип,
Анын күтөт белгисин.
Ышкырып койсо тез келет.
Окуранып кабар берет.
Жоосун көрсө көрүнбөй,
Чер токойго жашынат.
Канатын жайып улам сызып,
Караандатып карматпайт.
Бир жерге коюп койсо,
Көпкө күтүп өз ээсин.
Эки жакты карап коюп,
Зарыга күтөт келеерин.
Акыл эстүү жаныбар,
Капталында канат бар.
Ушундай ыйык жаныбар,
Көрүнгөнгө туш келбейт.
Эгер кимге туш келсе,
Аны таалай мекендейт.
Желжетпести ала албай,
Эңсеген ой ишке ашпай,
Калмак байы кайгырган.
Тыңчыларга шектүү ишти,
Тымызын гана тапшырган.
Эр канаты ат болот,
Аттан кийин жат болот.
Жолдун алыс учуна,
Жолго чыгат күлүк ат.
Алыс жолдун башына,
Кең мекенди коргогон,
Ата журтту ойлогон,
Аттанаар эр табылат.
Кыргызда жолго чыгуучу,
Желжетпестей күлүк бар.
Алыс жолго узоочу,
Акүчүдөй баатыр бар.
Кыргызды кыдыр даарытчу,
Арт жагынжа арбак бар.
Чубаша чаап бараткан,
Чубак, Сыргак дагы бар.
Алга журтту сүрөөчү,
Алманбет, Кошой шери бар.
Байыртадан келаткан,
Бакай аттуу акылман
Марыбай колдо талпынткан,
Манас деген шери бар.
Кылымга аты таанылган,
Кыргыз ата өзү бар.
Буйгат тоону аралап,
Булуттуу көктүн асты менен
Муңдуу чөптүн үстү менен
Акүчү жүрүп отурат.
Жел менен жарышып,
Жети белди арытып,
Желжетпес учуп отурат,
Желдей сызып оолугат.
Куш менен жарышып,
Учуп жолду арбытып.
Акүчү келет сапарда,
Айрылыш жолдун башында.
Адыр, адыр бел ашып,
Аркайган эчен тоо басып,
Желгенине жел жетпейт,
Желген менен ат жетпейт.
Бурулбай чуркап келатат,
Булутту артка калтырат.
Акүчү менен жаныбар,
Алдыга карай шашылып.
Баарын артка калтырып,
Муңдуу чөптүн үстү бар
Булуттуу көктүн асты бар.
Жаалы келип калганда,
Жалгыз күлүк аркыраар.
Өзөн кечип арылап,
Өзүнчө эле шаң тарап.
Үзөнгү бутта жаркылдап.
Арбын жолду аралай,
Акүчү келет сапарлай.
Шарданы күч Желжетпес,
Шамал менен жарышат.
Шашып учуп ашыгат.
Кара тоонун артында,
Кара жолдун башында.
Эл уйкуга батканда,
Ээн жаткан тайпаңда,
Атын улам камчылап,
Акүчү баатыр сапарда.
Төрөкочкор киши колдуу,
Жазмыш экен жок болду.
Кетти келбес жагына,
Кейиткен бир тагдыр да.
Акүчү баатыр ошондо,
Жеңесине келип жолугат.
«Арманга эмне туш болдук»
Жашын төгүп отурат.
Акүчү баатыр кеп салды,
Кеп салганда деп салды:
– Ыйлаган менен пайда жок,
Кеткен эми кайрылбайт.
Баягы учур өтүп кетти,
Баадыгы эми табылбайт.
Андан көрө жеңеке,
Душмандын да күчү бар,
Чеңгелине кабылбай.
Ар бир баскан кадамды,
Жүрөлү эми абайлай.
Жеңеси менен жолугуп,
Качуунун жолун ойлонуп.
Бир күндү болжошуп,
Желжетпес күлүк атты,
Даярдап турду байлашып.
Бөтөн көз арам ойлорго,
Көргөзбөй жабуу жабышып.
Алыскы аймак кооптубу,
Адайлаш керек ошону.
Алдырып ийсең кокустан,
Таппайсың такыр оң жолду.
Душмандык улам күчөдү,
Токтооайымды күчтөдү.
Хамирахунга башын байламак,
Зорлоп аны кууратмак.
Шек билинсе өлмөксүң,
А дүйнөнү көрсөксүң.
Анда ажырап калмаксың,
Күлүктөн да баарынан.
Денеңи салып беришмек,
Кабанак итке ашынган.
Жолго бүттү камылга,
Жомоктой түн жатканда,
Атаар таңдын алдында,
Сейитти салып куржунга,
«Артынмак тең болсун»– деп,
Аш салып бир жагына.
Энени атка мингизип,
Муңдуу чөптүн үстү менен
Булуттуу көктүн асты менен
Желжетпес күлүк озуптур.
Мындан башка болбоптур.
Ал кезде болгон окуяны,
Аныгын ким угуптур.
Куржунга салып Сейитти,
Арылдап улам чуркаган,
Көз ачып жумганча,
Алыс жакка узаган.
Алдыда күлүк Желжетпес,
Курбудан чыккан куугунга,
Кууган менен жеткирбес.
Желип чуркап алыптыр,
Желпинип учуп Желжетпес,
Желпиништин тоосунан,
Жекшемби күнү чыгыптыр.
Эти кызып алыптыр,
Элире чуркап жаныбар,
Эринбей чуркаар чагы бар,
Желпинип чуркап отурса,
Жолдор калат созулуп,
Жолго жол кошулуп.
Булуттуу көктүн асты менен
Муңдуу чөптүн үстү менен.
Жалгыз ата туягы,
Жаратканым аны туябы.
Төрөкочкор атадан,
Төрөлүп тукум улаары.
Куржунда келген туягы,
Кудай аны туябы.
Атанын жалгыз кулуну,
Артында калган кургуру.
Бугу эненин тукуму,
Кагылайын жердештер.
Кандаш болгон берендер.
Куржунда келген баланын,
Купуя сыры ушулбу.
Улап айттым ушуну,
Улама кеп угулду.
Желпинип учуп Желжетпес,
Желпиништин тоосунан.
Жел сызгандын зоосунан,
Далай чөлдү аралап,
Даңкан чачып сабалап,
Жаратканга кылып салабат.
Агыш тоону аралап,
Артына далай жол таштап,
Жол таштаса, мол таштап,
Басаар жолу бүт таштак,
Байтак жолду аралап,
Желжетпес учуп келатат.
Агыны күчтүү суу кечип,
Алкынып учуп жер безип,
Келген дешет качкындар,
Качып кудай ургандар.
Төрөлгөн жери көзүнөн,
Төрт айланып учканбы.
Бабалардын тарыхынын
Башталмасы буларбы.
Көктө булут учунда,
Көөнөрбөс айыл бугуга.
«Көк менен учуп келди»– дейт,
Кайрат күчтөн тая элек,
Кайраттуу күлүк Желжетпес.
Суктанткан айыл бугуга,
Сууларды кечип келди дейт.
Ата менен эненин,
Артында калган туягы.
Жаратканым жашын төгүп,
Жабыгып турса туябы.
Жакшылыкты кудай берди дейт,
Жерди жердеер эр келди.
Куржунга салып ташылган,
Куурчактай бала сак келди.
«Жараткандан жакшылык,
Жалгыз туяк аман»– деп,
Карыялар чуркурап,
Калың журт ыйлап буркурап.
Улуу тоонун адамдары,
Урматтап тосту буларды.
Куржунга салып ташылган,
Куржун деген атты алган.
Улама ушул калган дейт,
Уланып кеп кеткен дейт.
Укпай койсоң өзүң бил.
Ишенбесең не деймин.
Жол колот менен берилейм,
Жоргому чаап желдирем.
Жондотуп айтып тарыхты,
Жомокчу болуп мен келем.
Сайды кечип берилейм,
Сары атымы желдирем.
Сабалата тарыхты,
Санжыра айтып мен келем.
Төрөкочкордон айрылып,
Токто эне жаш калды.
Кайгы тартып зарланып,
Кара көзүн жаштады.
Кыдык ата ошондо,
Он жетиде чагы экен.
Боконо сөөгү болкулдап,
Болуп калган чагы экен.
Токтоо энени ошого,
Бата берип, баш байлайт.
Турмуш болсо токтобой,
Туурунан учуп айланат.
Булуттар көчүп салпылдап,
Андан ары өтүптүр,
Арбын-арбын замана.
Ат көтөргүс бүт алтын,
Айтып жаткан уламам.
Ата-баба тарыхын,
Таап алдыңбы ушундан.
Аталуудай өңдөнүп,
Ата-текти айта жүр!
Энелүүдөй көрүнүп,
Эл-жериңи эстей жүр!
«Куу турмуш эми ушул»– деп,
Курбу менен курдашка,
Кужулдаган кургурга,
Куржундан кабар айта жүр!
Эл дегенде элди сүй,
Жер дегенде жерди сүй!
Алдыңда жатат жаркын жол
Айланайын аман бол!
Улама кеп улама,
Укмуштарды уланткан.
Өзүнчө бир чубама,
Атадан өтүп балага,
Айтылса экен кез келип,
Айтып жаткан уламам,
Ат көтөргүс эстелик.
Эээ…ээй…
ТОРГОЙ АТА БАЯНЫ
Жолдо такыр тынч албай,
Жорголой бер торпогум.
Улама кепти улаган,
Улана бер жомогум.
Катуу чуркайт энтеңдеп,
Кара кашка торпогум.
Бабалар жолун баяндап,
Баштала бер жомогум.
Боор түзөңдү аралап,
Бороон согуп турду эле.
Ак боз атчан көрүнбөс,
Ай караңгы түн эле.
Шар аккан сууну аралап,
Шамал согуп турду эле.
Жолочулар көрүнбөс,
Жоболоңдуу түн эле.
Куржун ата таң заарында,
Боз үйүндө жатканда.
Тамылжып келип жаңыдан,
Таң супасы башталган.
Кара чаар кабылан,
Элес чачып жаңыдан.
Эшиктен кирип чамынган.
Жолборс кирди боз үйгө
Жоболоң учуп дүйнөгө.
Эне карайт таң кала,
Көз жиберип далайга.
Баяндарда аты калган,
Ысмы ырдалып ырларда,
Торгой ата бешиктеги,
Топудай болгон жаш бала.
Каардуу жолборс жөн турбай,
Коломтодон от чапчыйт.
Үйдүн ичи алай-дүлөй
Үстү-үстүнө чаң ызгыйт.
Ыркыраса кабылан,
Ыш болуп от чачырайт.
Бешиктеги баланын
Бетин жалын аймалайт.
Улуу отто калгандай,
Үйдүн ичи өрт жалын.
Аяк жагы күйүп жатат,
Арыда жаш баланын.
Бирок бала үн чыгарбай,
Таң калтырды баардыгын.
Үйдөгүлөр шекшинет,
Курган бала не болду.
Же дареги билинбейт
Жеп салдыбы болжолу.
Көздү азгырып жазгырган
Көрүнүш шектүү окшоду.
Жолборс кетти артына,
Үйдөгүлөқр таңданды.
Мемиреп тынчтык мемирейт,
Мезгилдер сызып арыга.
Бешиктеги балага,
Үйдөгүлөр таңданган.
Бетин ачып караса,
А баягы бала аман.
Айтып бүтткүс тамаша.
Жолборс неге келди экен,
Жолдошубу баланын.
Кор кылбай башкаларга,
Коргоочусу бабанын.
Байгамбарлар берди бекен,
Байыркы бир батасын.
Бетин сылап баланын
Бейгам кезде келдиби.
Арыбас кылып бабага,
Ак батасын бердиби.
Ыйык тагдыр аян берди,
Теңиримден белги келди.
Жоболоң чакта таштабайт,
Жоодон аны кайтарат.
Атактуу Торгой атанын,
Айдыңы кеткен далайга.
Карааны тоодой бел тутуп,
Кадырман болчу калкына.
Калмактар аны баалаган,
Караан тутуп кадырлашкан.
Аман сактап өз журтун,
Алыш-бериш катташкан.
Кылкүрөң деген ат минип,
Кылторко деген тон кийип.
Кырдагы өскөн элине,
Кымбат баалап намысты,
Калмакка элин кор кылбай,
Каадасы улук бир далай,
Кыйлага кетип атагы,
Кытайдан жибек шайы алды.
Кербендер келип айланып,
Кебез тоого жол салып,
Тепчип өтүп келүүчү,
Теңир Тоого байыр алып,
Сөөлөт күтүп токтоо эле,
Сөзгө чечен бай эле.
***
Карыядан укканымы,
Баарын ырга салайын.
Сабалата сөз курап,
Санжыралап таштайын.
Байыркыны улам эстеп,
Торгой ата баянын.
Топ-тобу менен тизмелеп,
Толкунун айта баштайын.
Торгой ата бир жылдары,
Үч жигитти жанына алды,
Алыр менен сапарлап,
Алыскы Чүйгө аттанды.
Атабаек деген бай бар эле,
Алыстабай куда болуп,
Алыш -бериш катыш эле.
Чүйдө болуп он беш күндөй,
Солто элин бүт кыдырды.
Адыр ашып түздү басып,
Аймакты бүтүн сыдырды.
Жыйырмадай күн өткөндө,
Ата Атабекти карады,
«Сый бүттү эми кайталы,
Кел демек бар, кет демек жок,
Туулган жерге сапарлайлы.
Убадага турбаса,
Дос деген айрылат.
Сөөк деген айрылбайт,
Таттуу сыйга чоң урмат
Өзүңү күтүп алууга,
Бизде дагы чоң күч бар.
Эртең эле жаз келет,
Эмдиги жылы сапар бар».
Күзүндө мал нык семиргенде аны айдап барып түштүккө соода кылып келчү. Анын бир келини Торгой атага жакын туугандарынын кызы эле. Ошол үчүн аны менен катышып келатпайбы.
Ошол кезде солтолор душманга каршы катуу айбат көрсөтүп, аябай чыңалып алган эле. Торгой баатыр да алардын жоокердик өнөрүн өз көзү менен көрүп,үйрөнгүсү келди. Анткени бугу уруусу калмак, жакын турган жылкы чабаар казактарга таланып турган эле. Күч жыйнап аларга каршы күрөшмөй болду. Солтолордон көп өнөрдү үйрөнүп, келген жоодон өз уруусун коргомой болду.
Атабектин байлыгы сан жеткис эле. Миңге жакын жылкысы, короо-короро койлору, жайнап жаткан тоодогу топоздручу. Созулуп жаткан жеринде дыйкандар иштеп алардан кампа-кампа түшүмдү жыйып алчу.
Атабек баатыр:
– Торгой куда кыргызда дос айрылат, сөөк кайрылат деген жакшы сөз бар. Сыйыбыздын кемчилдиги болсо, кечирип кой. Бобу эки күлүк жоргону жетелеп кет,-деп жакшы маанайда узатып турду.
Ошондо жүдөө али даакысы түшө элек чаар кулун, үйүрдөн чыгып, Торгой баатырдын артынан ээрчип алган экен. Торгойдун жигиттери кулунду кайра артына айдаса да болбой аны артынан сандалып болбой жүрүп отурду.
Атабек байдын жигиттери:
– Убара болбой тим койгула, даакысы түшө элек, котур кулун бая күнү үйүр менен кошо талаадан келген. Кимдир бирөөнүн жоготкон жандыгы окшойт. Өзү чарчаганда кайра эле келет. Келбесе талаада өлүп, карга-кузгун жеп кете берсин,ушул канча мал болмок эле, бул эмес калган малды бага албай шайыбыс ооп отурат -деген экен.
Бирок чаар кулун Торгой баатырдын артынан калбай ээрчип алды.
Үч жолочу аттанышты сапарга,
Алардын бараар жери алыс жак.
Кокту, адыр алкынган суу кечип,
Коркпой эле алды жакка баратат.
Кеч кирип кээде түнөп калышат,
Түн ичинде алоолонтуп от жагат.
Тулга асып мискейге чай кайнатып,
Ээри жаздык көрпөчөсүн жамынып,
«Өхүлөшүп, жол жүрүп чарчадык»,
Өтүп жаткан окуядан кеп айтышып.
Эртеси алар кайра жолду улантат,
Жолочулар дагы алга сапарлайт.
Буурул кулун дагы калбай келатат,
Жол узак далайлары артта калды.
Торгой баатыр кулунду карап кеп салды:
– Кулунду кантип биз коштоп жүрөбүз,
Калса калсын ага көңүл бурбайлы.
Жол ыраак ылдам гана жүрөлүк,
Жолдо калбай конушка жете баралы.
Сургулт булут асман жактан түнөрөт,
Суу болуп жамгырда азап тартабыз.
Мейли эми эмне болсо, ошо болсун
Чаар кулунду карабай таштайбыз.
Жонок жерде аттарын камчылай,
Жолочулар сапар улай баратышат.
Жолдон бирөө мындай кеп салды:
– Атабек бизге шылдың ишти жасады.
Котур болгон кулун менен алышып,
Чоң түйшүктү такыр үйүп таштады.
Жолу жок кулунду такыр албайлы.
Дагы бирөө мындай кепти сүйлөдү:
– Мейли эми аны жесин карышкыр.
Таштайлычы бурулуп аны карабайлы,
Такыр эле бизден ыраак калыптыр.
Жолочулар катуу жүрүп баратса да,
Бирок дагы кулун артта калбады.
Арып-ачып котур болуп турса да,
Арт жактан жоголбоду карааны.
Кулун кээде окуранып кабар таратып,
Ал жаныбар бир нерсени айткансыйт.
Берки аттар артты карап дабыш таштайт,
«Ылдам бас жете кел»– деп жаткансыйт.
Алардын уланып келет сапары,
Жүдөө кулун арт тарапан калбады.
Адамдар аны кайра-кайра карады,
Баарысы бул сыйкырга таңданды.
Оңой эмес бул кулундун жүрүшү,
Жүдөө неме аттар менен тең келет.
Закым болуп бизге карай берилейт,
Жылаажын үн кээде назик шыңгырап.
Бул шыйкырбы же укмушпу ким билет?
Жол жүрүп анан алар конушат,
Кулун дагы ошол жерди байырлайт.
Эс алып бүтүп алар дагы аттанат,
Кулун калбай алар менен кошо чыгат.
Сапар басып эчен-эчен өр жерди,
Түпкө жолочулар жете келди.
Алар менен бирге келген кулун бар,
Чарчабаган асыл ыйык жаныбар.
Акыры алар айылга жетип келген
Жорголорду көрүп алып баардык эл,
Солтолордун берген сыйын жактырышты.
«Жеңил барып, оор келгенин айтышты.
Касиеттүү ошол Торгой атанын
Эң мыкты саяпкери бар эле.
Баатыр аны ар дайыма баалаган,
Кезинде далай күлүк таптаган.
Ата аларды жарыштарга чыгарган.
Саяпкердин аты Бакал деп аталган,
Дайындуу далай күлүк кармаган.
Котур болгон кулунду ошол көрүп,
Улам-улам көз салып көңүл бөлүп.
«Бул жандыктын энеси кайып экен,
Балким тууп талаага таштап кеткен.
Же жаратканым бирөөгө энчилеген.
Бул жаныбар карышкырга жедирбейт,
Көрүнбөгөн коргоочусу бар экен.
Муну жылкы пири дайым колдогон,
Жаныбардын ар дайыма жолу болгон
Ата кайып саяпкери дагы бар,
Котур кулун өз мезгили келгенде,
Жер үстүнө ийгиликти жаратаар.
Же болбосо улуу Торгой атанын,
Атагын ай-ааламга кабарлаар.
Айкөл Манас төрөлгөндө жле,
Жаратканым Аккуланы ыйгарган.
Алп баатыр энчисиз калмак беле,
Ал күлүк кайыбынан кабылган.
Коңурбай шер бу дүйнөгө келгенде,
Жаратканым энчилеген Алгарыны.
Жолой баатыр бу заманга келгенде,
Энчилеген Алла Таалам Ачбууданды.
Төштүк баатыр бул ааламга келгенде
Теңирим ага берди Чалкуйрукту,
Мунун өзү тагдырбы же буйрукпу.
Торгой атага ыйык энчи бергенди,
Эмнегендир жаратканым унуттубу.
Унутпады отуздардан өткөндө,
Ыроолоду жүдөп калган кулунду.
Энчиси ага кечигип сапар келген,
Кеч болсо да Теңиримен белек тийген.
Саяпкер кулунду кармап кубанды,
Эртеси эле эски жүнүн жулуп салды.
Котуруна кымбат дары сыйпады,
Ал жаныбар ылдам эле тыңып калды.
Бара-бара боюу чыгып келишкен,
Жаныбарым бир асылга айланды.
Бакал «Чаар кулунга көз тиет»-деп,
Эл көрбөс бир үңкүргө таптады.
Эки жыл өттү закым салып арадан,
Убакыт ушунчалык бат жылган.
Чаар кулун жал куйругу келишкен
Тоодой болгон жаныбарга айланган.
Көп жолу ал түштү алыс жарышка,
Адамдай эстүү акылдуу жаныбар
Ар дайыма жарап берген намыска,
Чекесинде күйүп турган шамы бар.
Чаар бууданга бүт калайык көз салган,
Баатыр жанга кайыбынан кабылган.
Эл чаар атка « Закым» деген ат койду.
Ошол бойдон «Закым» болуп аталды.
Закым күлүк кайып болгон жаныбар,
Анын эки капталында канат бар,
Канат жайса ак булутту аралар.
Каалаган жерге закымдап тез бараар.
Анын даңкы бүт ааламды аралаар.
Закым деген чындыгында закымбы,
Түптөн чыкса Көтмалдыга тез бараар.
Боом жерин ылдам өтүп аралап,
Керек болсо Чүй аймагын аралаар.
Алыс жерге чарчабаган жаныбар.
Атына окшош арыбаган даңкы бар.
Бакал ат сырын билген саяпкер,
Жаш чагынан жылкы затын караган.
Атасы да чоң саяпкер аталган,
Өлбөс өнөр ошентип жаралган.
Ал адамдын даңазасы таралган.
Закым деген закым болуп турганда,
Казак ханы, калмак тайшы келген,– дейт
Алар мага «бергиниң»– деп айткан дейт
Атты аларга такыр эле бербеди,
Ардактууну көрүнгөнгө бере береби.
Казактар күч көрсөтө камынды,
Торгой баатыр ал дагы тапты амалды,
Жигит топтоп үч жүз баатыр курады,
Кыргыз кошуун улам-улам чыңалды.
Темирди казып алып кайкыдан
Усталар кылыч, калкан жасаган.
Куралдарын чогултушуп шайма-шай,
Кыргыз журту курала берди кайрадан.
Жигиттери үйрөнүп жаа атканды,
Башка элден мылтык сатып алышты.
Жоокерлер даярдык көрүп баарына,
Найза сайып жана кылыч чабышты.
«Калмактар каптамакка кыргызды,
Кутунай дөө өз кошуунун камдаган.
Мурун эле жоого каршы даярдык,
Кем эмес эле кыргыз кошуун алардан.
Эки эл казганактап жолуккан,
Каркыранын дал баш жагынан.
Эмне болот бул согушта ким жеңет,
Эси кетип ойлонушуп айла амал
Калмактын кошууну көп көрүндү,
Карааны караганда кандай сүрдүү.
Кыргыздар чынында оңой эл эмес,
Кылым боюу эрдикти берген эмес.
Чыкмак болду бир-бирине бетме-бет,
Кутунай баатыр ага ким тең келет.
Өзүнчө эле тоо болуп зоңкоёт,
«Бет келгенди жоготом»– деп койкоёт.
Каршылаша бул баатырга ким чыгат,
Карааны чоң кимдер гана кармашат.
А Кутунай ат үстүндө тоо болот,
Аны карап кырыгз тарап ойлонот.
А калмактар эс албай кыйкырат,
«Жабуу, жабуу, жабуу»-деп үн салат.
Алп Кутунай өзү аман турганда,
Ага каршы кандай баатыр чыга алат.
Шыгай, баатыр чуркап келди Торгойго
– Бул калмакка мен гана чыгайын.
– Чыкпагыла Кутунай оңой эр эмес,
Канткен менен силерге намыз бербес.
Торгой баатыр бир азга ойлонот,
«Эмне кылам» ойго батып толгонот
Кутунай өзүнчө эле тоо турбайбы,
Кутурган кул кетиреби айланы.
Зоот киймин акырындап кийген соң,
Колго алды кылыч, найза калканын.