
Бабалардын баяны 2
Жай албас мезгил сыры ошондой.
Мезгил өттү акылман эне көз жумду,
Канткен менен мезгилдин жолу улуу.
Бапа ата бүт зыйнатты жасады,
Алыстан чоң молдону алдырды.
Эне сөөгүн эртең коймок болушту,
Баары бүтгү ушул жерге чогулушту.
Бул кезекте мезгил күзгө таянган,
Тоону бүтүн сары сойгок каптаган.
Кечинде тараптарга кар жааган,
Айлана бүт ак өңгө капталган.
Жылдыз батып таң агара баштады,
Сөөк кайтарып кетпеди баардыгы.
Молдо кирсе боз үйдүн ичине,
Сөөк жок тамашабы бул эмне?
Жылаң аяк аял чыккан боз үйдөн,
Бийик тоого сапар алып жөнөгөн.
Белгисиз экен ал издин аягы,
Баарысы изди карап таң калды.
Кара Үңкүргө бир из кеткен окшоду,
Аяр эне бул бир сыйкыр окшобойбу.
Мүйүздүү эне ырымда аны эскердим,
Колдосун деп бир кудайдан тиледим.
Мүйүздүү эне касиеттү жан эле,
Ал жөнүндө баян айтам дагы эле.
Мүйүздүү эне жаратылыш жайнаган,
Бакыт жолун бизге келген кайрадан.
Асман дагы, токой дагы энебиз,
Аба дагы, көлдөр дагы энебиз.
Тоолор дагы бугулар да энебиз,
Биз аларды ыйык тута беребиз.
Мүйүздүү эне түбөлүккө аман бол!
Жаратылыш жоголбогун өзүң бар бол!
Баарыбызды мүйүздүү эне колдосун!
Жолго чыктык анда эмесе жол болсун!
Бир кудайым биздин ишти оңдосун!
ЖАМАНГУЛ АТА
Эээ…й…
Эзелкинин баяны,
Элеси көп ар кандай.
Укмуш, укмуш ырлардын,
Учугун чубап чыгармай.
Ай, курдашым, курдашым,
Ачка болдум дейсиңби,
Ачка болсоң кел бери!
Сүткө талкан булгайлы,
Сугунуп аны бурдайлы.
Мезгилди бошко кетирбей,
Кайра маек куралы.
Байыркы ата бабанын,
Баянынан улайлы.
Бай тарыхын эстейли,
Башкаларды каратып,
Баян айта кетели.
Ай, шум дүйнө, шум дүйнө,
Жогмоктору көп дүйнө.
Жоругу жолдо айтылган,
Жомоктору көп дүйнө.
Бажырайып чачылган,
Бар дүйнө да жок дүйнө.
Шарактап алып токтобой,
Шамалы учкан бу дүйнө.
Кубулжутуп үн берген
Кубанычы көп дүйнө.
Ай туугандар, туугандар,
Окуя сырын куугандар.
Алсейит жубайы,
Болгон эле бугу эне.
Айткан элек биз аны,
Белгилүү журтка баяны.
Сай-сайда калып жоголгон,
Санжыра айтам ошондон.
Мунун баарын баяндаган,
Куйма кулак карыдан,
Кубанып улам сурагам.
Карыянын жомогун,
Ыр кылууну ойлондум.
Эчаакы өтүп кеткенди,
Эстегенге кез келди.
Аңгемени угуп отуруп,
Аян кылып курадым.
Байыркынын уламышын,
Баштап кайра уладым.
***
Ошол, ошол заманда,
Алаамат болуп ааламда,
Жер талашып, көп жолу
Кыргыздар менен калмактар,
Кыйры кеткен алыска,
Кытайлар менен кармашкан,
Алакандай кыргыз эл,
Ар намызын талашкан.
Калмактар кылып кордукту,
Кыргыздар ага чыдабай,
Караңгы түндө жол жүрүп,
Каршылашкан бир далай.
Кээ бир кезде кармашуу,
Намыз бербей чабышуу,
Бир жолу ошол жоо,
Катуу кылып каршылыкты.
Боз үйлөрүн кыйратып,
Келин кызын ыйлатып,
Катуу кылды каршылыкты.
Бугу эли буга чыдабай,
Жапырт баары аттанышты.
Кыйратууга чыгышты,
Кыл тиштеп келген калмакты.
Далай жолу болду го
Басылбаган кыргындар.
Кармашып жоо менен
Катуу турду кыргыздар.
Көтөрүлдү бугулар,
Калмактар менен каршылашып,
Катуу намыз талашып,
Карагай черди аралап,
Жамангул, Итбок, Боокелер,
Жат жоого алар баратты.
Карыш жер такыр көрүнбөй,
Кабалаңдуу түн жатты.
Жылкыны айдар душмандар,
Жыбыт менен качышкан.
Айгай салып калмактар,
Алыстап улам бараткан.
Кооптуу сана аралайт,
Көк Теңирим колдой көр,
Жемишин берип чоңойткон,
Жер энебиз коргой көр.
Түбү түктүү жер жатат,
Кармаш күчөп келатат.
Каардуу калмак келатат.
Көп жылкыны такыр бербей,
Калмактар жүрөт кармашып.
Кыргыздын жоокерлери,
Алар менен алышып.
Айбалта менен чабышып,
Аябай намыз талашып.
Башталды кыргын сүрөөн,
Азап тозок күчөгөн.
Жоонун саны көптүк кылып,
Кыргыздар артка сүрүлдү.
Алар артка качышты,
Аралады айсыз түндү.
Калмактардын көптүгү,
Калтаарытып үрөйдү.
Айбалтасын колго алып,
Жоо жарагын кошо алып,
Аңыраңдап чабышып,
Ашып-шаша камынып,
Жаачаны сороктоп,
Кажы-кужу сүйлөшүп,
Калмактар келет короктоп.
Баатырларга тйишип,
Баркылдашып ит боктоп.
Мөндү-мөндү мөндүлөп,
Мөндүлөп душман келатат.
Жабуу-жабуу жабуу,-деп
Жабалактап келатат.
Аттарына камчы уруп,
Аңыраңдай келатат.
Баардык журтка белгилүү,
Батмөңкө деген мерген бар.
Айдыңы чыгып калмактан,
Атпай журтка таанылып,
Очогор мылтык асынып,
Ошол да кууп алыптыр.
Алдындагы Жаа тору
Аты арыш алыптыр.
Итбок менен Боокеге,
Ошондо ок жаңылат.
Денесине терең кирбептир,
Жаратканым аман сактайт.
Азап күн ошондо,
Көп азамат окко учту.
Өлүм деген шор экен,
Кыргызды бүт коркутту.
Багышан, Каабай бар эле,
Айдыңы элге шаң эле,
Ошол эрлер окко учту,
Кандай азап коркунучтуу.
Бир жери толук болсо да,
Бир жери кем дүйнөнүн.
Баарына толук жете албай,
Кандайсың дүйнө күн.
Акырындап аласың го,
Адамдын сен өмүрүн.
Калмактар көптүк кылып,
Кыргыздар азыр кайгылуу.
Артта турат жоо колу,
Жамангул баатыр жаралуу.
Өмүрдү өлүм аралаган,
Көздөн учуп чымын жан.
Азап мелт-калт чайпалган.
Болоор иш эми болду да,
Баатырлардын шору да,
Жылкыларды жыйра айдап,
Жоонун көрдүк кеткенин.
Жортуп келген буруттун,
«Бирдик» -дешти эсебин.
Багышан менен Каабайдын,
Сөөгүн жүктөп жылкыга,
Өрүш менен келишти,
Өкүрүк таштап айылга.
Өксүк үндөр таралды,
Пайда кылып кайгыны.
Эмне арман болуу да,
Элейише таңданды.
– Кагылайын эл журтум,
Кайгуулда турган калмакка,
Кайдан барып кабылдык.
Калмактардан жаза алып,
Эки бирдей шумкардын,
Элесинен айрылдык.
Ээсине берип таштадык.
Эки бирдей шумкарды,
Эми бизге ким берет.
Таандай калмак каптаса,
Тагдырыбыз эмне дейт,
Таалайлуулар жок болду,
Айланайын эл журтум!
Шумдуктуу ишти ким билди,
Шумкарлар учуп жол кетти.
Кайгуулдагы баатырлардын,
Кара жанын ок жеди.
– Оо, кокуй ай, боорлорум,
Калмактар берди эсепти,
Катуу азапка кабылдык,
Катаалданган тагдыр бар,
Карчыга куштан айрылдык.
Кайран эрлер жол кетти,
Каргалар учкан кыядан.
Боз таркылдак куш да бар,
Боорго салган уясына,
Боздотпой келип кайрылган.
Боз ала болуп биз байкуш,
Боор тарткан эрден айрылдык
Боз атчан өткөн кыядан.
Кача албадык тап-такыр,
Катаалданган тагдырдан.
Караандарын көрсөтпөй,
Кара кайгы каңгыган.
Кайрандардан айрылдык,
Кара атчан өткөн кыядан.
Кагылайын боорлорум!
Жамангул баатыр жаралуу,
Кара башы кайгылуу.
Анын да жаны учабы,
Алыстап бизден сызабы.
Ок жаңылган адамга,
Паана болуп кудайым,
Мурдатан келген иш эле,
Ургаачы аттайт дечү эле.
Жан дүйнөсү ак болсо,
Жаңылыштык болбосо,
Кайрылып кайра жакшылык,
Кан менен чыкмак ок атып.
Өмүрдө төшөк булгабай,
Абийрин ак сактаган.
Ургаачыны издөө башталган.
Касиеттүү Олуяттын,
Караандуу атын аташты.
Күңгөйдө турган келинге,
Күлүк берип узатты.
Жашын төгүп энелер,
Жаратканга жалынат.
Сактасын деп кудайым,
Улам-улам табынат.
Эки баатыр окко учту,
Эгемден көрүп буйрукту,
Жакшылык болуп өмүргө,
Жамангул баатыр аман кал!
Асыл ойду тилеймин,
Алла Таала кудайдан.
Адамдын жанын соо койгой,
Асылдын башы бар болгой.
Ок жаңылган баатырды,
Олуят келип аттады.
Бир аттады чыкпады,
Эки аттады чыкпады,
Ушундай иш болобу,
Ургаачы көзүн жаштады.
–Тагдырым мени бозортуп,
Тамашалап жатабы.
Үчүнчү жолу аттайын,
Тагдырымды байкайын.
Тайып такыр тагдырдан,
Жаңылыштык жасабадым.
Жаман ишке барбадым.
Да бир жолу аттады,
Оюктай дене ачылды.
Кан аралаш ириң агып,
Ооруган дене басылып.
Ок чыкты сыртка агылып.
Эки жагын улам каранды
Жан кирип ата тынчтанды,
Байсалдуу кылып жаратканым,
Батасы тийип жараткандын.
Дарт чыгып сырт жагына,
Омоктуу өткөн атанын,
Өмүрү торго илинбейт,
Өлүм менен ажалдын.
Жамангул ата Олуят энеге,
Чоң бакытты арнаптыр.
Олуят эне ал батадан
Тогуз уулду тааптыр.
Төрт тарабы келишкен,
Тогузу тең эр экен.
Тогуз уулу эл коргоп,
Аман-эсен бар экен.
Оролмо Тоонун чоң жолу,
Оролмо тоодо айтылган,
Ошол элдин жомогу.
Буйгат тоодо айтылган,
Бугу элдин жомогу,
Байыркы элдин жомогун,
Баштай берсек болорбу.
Кара тоодо жаралган,
Кагылайын жомогум.
Оо, мунун калп менен иши жок.
Жанында болгон киши жок.
Оо, мунун жалган менен иши жок.
Төрүндө жаткан киши жок,
Оо, мунун төгүн менен иши жок.
Жогору жактан ит үрөт,
Жогору жактан ит үрсө,
Жомокчу чал келдиби,
Жобурата кеп таштай,
Жомогун айтып бердиби.
Жомокчу чал жомок айтса,
Баарысын тең жазайын.
Бул баянды оку деп,
Балдарга суна салайын.
Аркы суунун өйүзүнөн,
Ажылдап ажаан ит үрсө,
Аңгемечи келдиби
Ар түркүн сөз таштап,
Аңгеме айтып бердиби.
Аңгемечи чал келсе,
Аңгемесин угайын.
«Аңгеме баян оку»– деп,
Агайын журтка сунайын.
Узун жолдо келаткан,
Учунда бирөө көрүнсө.
Уламачы киши келдиби,
Улууларды сүйүнтүп,
Улама айтып бердиби.
Уламачы чал келсе,
Уламасын тыңшайын,
Ар бир сөзү калтырбайын,
Ак баракка жазайын.
Сайлуу өзөндү аралай,
Сак-сактап келип ит үрсө,
Сакадай чал келдиби,
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжыра баштап бердиби.
Сары алтындан куралган,
Сакадай чалдын жомогу.
Бапырап келип кеп салса,
Байркынын оролу.
Баарын угуп алгамын,
Эсиме бекем туткамын.
Түн кирип жылдыз чыкты,
Түш көрүп эми уктайын.
ТӨРӨКОЧКОР АТА БАЯНЫ
Убакыт кээде жай жылат,
Учуру келсе тез жылат.
Жолунан калбай ашыгып,
Жомок ылдам айтылат
Бир гана чоң арман
Өткөнүбүз кайрылбайт.
Жолдо калбай закымдап,
Жомок жорто баратат.
Өргө карай бараткан,
Өмүрүбүз канча ким билет.
Кутту тилек каалган,
Кудайым билсе бир билет.
Курап жазган ырымды,
Кудуреттеп сыйладым.
Учуп күйгөн ырыман
Угулабы жаңырыгым.
Сырларым жан сырларым.
Байркынын дабышы,
Унут боло баштаган.
Кабар күтүп жатабыз,
Санжыра айткан карыдан.
Төрөкокор атанын,
Баштайлы эми баянын.
Жаңылыштык эгер кетсе,
Кечиргиле ал жагын.
Алынып алган жалпыга
Төрөкөчкор башынан.
Сөздү-сөзгө тизмелеп,
Сөзмөр болчу жашынан.
Түштүктөн келген молдодон,
Арип таанып оку окуган.
Куранды кээде жатка айтып,
Жакшы адам эле окумал.
Адамдын жакшы, жаманын
Алдыртадан эле билип алган.
Абдан чебер ишмердүү,
Адамдын сырын байкаган.
Касиеттү бугу уруусунун,
Караны тоодой адамы,
« Ишбилги жана чечен» -деп
Ишенчү эле баардыгы.
Бугу уруусун жөнгө салганы,
Хан сарайга аттанган.
Жөнүн чечип алык салыктын,
Хан менен катар жашаган.
Кайрат күчкө толгондо,
Күнөстүү шаар Кокондо.
Ханга кызмат кылган дейт,
Качанкы өткөн тарыхты,
Сөзмөр жандар чечмелейт.
Сөздү сүйлөп эзмелейт.
Ханга кызмат аткарып,
Калып калат Кокондо,
Жылдар жылып аңгыча,
Ала салат айлар да.
Армандуу бир чоң кайгы…
Ай айланып жылганда…
Алтын башта бир кайгы,
Азгыруу аны бастыбы,
Жармашыптыр баатырга.
Жалалуу көрө албастык.
Жазмыштагы тагдырга.
Ал болбосо баатырдын,
Алганы сулуу бекенби,
Сулуулукка шектенүү,
Суктанта жүрөк эзгенби.
Акыры эмне болсо да,
Арман барбы жазмышта,
Алдуу жандан айрылдык.
Алыста жүргөн чагында,
Душмандын ичи тарыды.
Жан-айласы жалында,
Уу беришип жалмады.
Өкүнүч басып жаш жанды,
Хан сарайда иштеген,
Хамиракун деген бир адам,
Токтоо энеге көз салган,
Тымызын жүрүп аңдыган.
Көрө албастык ашынган,
Уу берип ошол баатырга
Жаман ишти жасады,
Башына үйүп арманды.
Аркалаган айдыңдуу,
Ала Тоо жок жанында.
Ак калпакчан шоңшойгон,
Адамдар жок кашында.
Азап тооруп баатырды,
Керез сөзүн калтырды,
Кеби жалаң кайгыбы,
Жалгыз башта бир арман
Жабыгуу кайдан жаралган.
Ууланып жашында,
Улам батты арманга.
Төрөкочкор атабыз,
Керез сөзүн калтырды,
Кеби жалаң арманбы,
Кайгысы жан чыдагыс,
Жапага толуп көз жашы,
Жабыгып турду жаш башы.
АТАНЫН АМАНАТЫ
«Кара тоодон көч келет,
Кара тоодон көч келсе,
Кара көзүм тигилет.
Кара көчтү карасам,
Кара көзгө жаш келет.
Кара тоого бараткан,
Ошол көч мага келеби?
Кара көчтү карасам,
Карматпай кетти караанын.
Кара көч мага кайрылбайт,
Кара көздөн жаш агат.
Көч көчүп алыстайт,
Кыйкырсам үнүм жетпеди.
Эл алыстап кетеби.
Толкуп, толкуп тим жатпайт,
Ысык-Көл улам чайпалат.
Көл үстүндө толкундар,
Кайгым болуп ашынат.
Карап алып кайгырдым,
Алыста калды айылым.
Боордо кетип бараткан,
Белек, Кыдык, Боокелер,
Алыстап улам калабы,
Асылым ушул берендер,
Аларга жетпей каламбы.
Жарыгын чачпай шоодур ай,
Арманым менин ушундай.
Кара жолдо бараткан,
Кара көч мага кайрылбайт.
Кармалбас жаным ууланып,
Кара башты не кыйнайт.
Кара суу агып шаркырайт,
Кара каз ага жакындайт.
Кара суу менин кайгымбы,
Кара каз өз башымбы.
Кара суу агып шаркырап,
Кара башты жалмайбы.
Кубалашып өскөн жаш жарым
Курбалдаш өскөн Токтоайым,
Курсакта балам калабы,
Куржалак мени калтырбай,
Кут конуп кудай аркалай,
Курсакта балам бар болсо,
Куттуу тилек соолбосо,
Атын Сейит коюңдар,
Теңир Тоодо жашаган,
Тебишип ойноп бир баскан,
Байтак жолдо өтүшүп,
Байтал минип жарышкан,
Сиркедейде бирге өскөн,
Сейит аттуу досум бар.
Себебин айтаар чагым бар.
Аркалап тууган аймакты,
Акыры таап алыңдар.
Атадан калган жалгызым,
Агарып өскөн жалбызым.
Кумда өскөн жалбызым,
Кумсарып өскөн жалгызым.
Карааны болсун жалгыздын,
Кайгырып өзү калбасын,
Жабыктырбай жашоодо,
Жалгызды кудай сактасын.
Жабыркап ушул өмүрдө,
Жапа тартып калбасын.
Кор болбой жашоодо,
Колдогону бар болсун!
Жолдошу болуп жашоодо,
Жолдо кудай колдосун!
Тең өскөн жарым Токтоайым,
Теңир Тоого барабы ай,
Каадалуу балам Сейитим,
Кара Тоого кайтабы ай,
Курсакта бала кыз болсо,
Куруп калаар анда айлам.
Атадан туяк калбаса,
Анда арманым не кылам?
Андан башка нени айтам.
Учтуу тоодон оболоп,
Учуп жүрөт кара куш.
Карааны тоодо көрүнгөн,
Кара кушта айып жок.
Айланы такыр кетирген,
Атаңдын көрү дүйнө шок.
Кара куш учуп кетти,-деп,
Туугандарга кабар бергиле!
Тек жайдын баарын билдирип,
Тегиз айтып бергиле!
Кара куштан үн салган,
Калаар бекен балапан.
Эл ичинде береним,
Эркек болсо эрмегим.
Айтканым менин чын чыгаар,
Ата Журтка жол алса,
Айдыңым бир жаңыраар.
Өксүгүм толуп турмушта,
Өчкөн отум жалындаар.
Жөлөгүм Токтоайым,
Жөлөп турган башымды.
Табылгыс ушул дүйнөдө,
Таба аламбы бактымды?
Кеңешке келчи асыл жар,
Кебимди айтаар жайым бар.
Бу жер сага жер болбойт,
Бу эл сени колдобойт.
Азап тартып калганда,
Арка болуп коргобойт.
Ардактуу айым Токто ай,
Алыска кабар айттыргын.
Чарчатып алыс жолдордо,
Чабаганды чаптыргын.
Алайлык жакын туугадар,
Ошолорго таянгын.
Ага-инидей бир келдик,
Алар сени кыя албайт.
Аябайт такыр жардамын,
Баарынын көр пайдасын.
Алымбек менен Керимбай,
Акыл салгын аларга.
Алар келет жардамга.
Алайлык жана Таластык
Кайрылып көр баарына.
Армандуу үндү угабы,
Атанын жалгыз туягы.
Аркалап алып жалгызды,
Шамалда өскөн жалбызды,
Шамал жулуп кетпесин.
Шамшаңдаган куу ажал,
Шамшарын сунуп келбесин.
Бекем сактап намысты,
Атадан калган туякты,
Аркалап тууган элине,
Аман-эсен кезинде,
Ата-журтка жеткиргин.
Тирек болоор элине,
Тирүү кезде тапшыргын,
Ак кар баскан баштарын,
Ала Тоолук элине.
Учтуу тоодон кол булгап,
Учуп кетеер чагымда,
Ушул сага айтканым.
Урматту менин каралдым.
Кара байыр казанат,
Дулдул ат эрге жарашат.
Асыл керез баланы,
Айдыңдуу жерге алпаргын.
Айтаарым ушул аманат.
Айлам кетип турганда,
Айтканымы ким туят.
Арманымы мен айттым,
Ата журтка кошо айттым.
Уламадан кеп калат,
Ушул сөзүм аманат!
Айдыңдуу жандын сөздөрүн,
Аткарбасаң сага уят.
Кагылайын Токтоайым,
Арт жагымда калаарым.
Учуп кетеер чагымда,
Ушул сага айтаарым.
Катаал чоочун тарапта,
Кашка ат минген эр келет.
Берен кайтыш болдубу,
Эгемдин ошол жолубу.
Адашып чоочун жылгада,
Ат жаныбар кишенейт.
Кайгысы ашып жатабы,
Карангүн аны ким билет.
Кашка ат эстүү жаныбар,
Кайранын эстеп жаткандыр.
Кайра-кайра жер чапчышы,
Кайтыш болгон тагдырдыр.
Кайра-кайра окуранып,
Кагып жатат туягын.
Эгем тагдыр эмне дейт,
Ээси экинчи жол келбейт.
Олбуй-солбуй камчы уруп,
Оң тетири теминбейт.
Кара жолдо таскактата,
Кашка атын желдирбейт.
Өкүнүч менен армандуу,
Өмүрдөн өтүп кеткен дейт.
Кайтыш болду эр азамат,
Сөөгү жерге коюулат.
Токтоайым тартты арманды,
Өлбөй гана тирүү калды.
Эмне кылат кайраттанды,
Андан башка айла барбы.
Анан өттү убакыт.
Үстү-үстүнө куралып.
Жылмайып келди кубаныч.
Токтоайым аман төрөдү.
Кыз болбой эркек экен
Чочогу бар бала экен.
Төрө атадан тукум калды,
Куруп калган энеке,
Кубаныч каптап жылмайды.
«Төрөкочкор өлбөптүр,
Кайра жаңы төрөлүптүр.
Анын жашап жатканын,
Армандуу көз көрүптүр.
Тугандар менен Алайлык,
Өз ырымын жасады.
Ата айткандай баланын
Атын Сейит атады.
Үстү-үстүн куралып,
Өзү эле келди кубаныч.
А баягы Хамиракун
Токтоайымга келиптир.
Үйлөнөлү жакында,
Өз кеңешин бериптир.
Токтоайым эне сыздады,
Жашын төгүп ыйлады:
Кичине бала эт алсын,
Арадан жыл айлансын.
Аңтаралы дүйнөнү,
Андан кийин көрөлү.
Андан ары не болду,
Кагылайын дастанчым.
Кайрылбай кеткен аяндын,
Кабарын айтчы баянчым.
Ошол кезде Токтоайым,
Көпкө ойлонуп отурду.
Кабарсыз жаткан Теңир Тоого,
Кат жазууну болжоду.
Төп ааламга таанылган,
Төрө атабыз бу болду.
Бугуа кабар салайын,
Буйгат тоодо жашаган,
Булардан кабар алайын.
Андан башка не кылат,
Ажырым ой эзмелейт.
Жерине туулган конушка,
Жетсем деген бир тилек.
Жетеби же, жетпейби,
Жетик тагдыр чечмелейт.
ЭНЕНИН КАТЫ
Убакыт кээде жай жылат
Учур келсе тез жылат.
Жолунан калбай ашыгып,
Жомок ылдам айтылат.
Бир гана чоң арман
Өткөнүбүз кайрылбайт.
Жолдо калбай сапарлай,
Жомок жортуп баратат.
Жазмачыны шаштырды
Ак кагазды алдырды.
Токтоайым кат жаздырды:
«Алыс жакта жайкалган,
Ала Тоом аман бар бекен,
Ала тоону жайлаган,
Аралап бээни байлаган,
Ак калпак кыргыз бар бекен.
Алыс жакта зарлаган,
Жерине жетпей талпынган
Күйөөсүнөн айрылган,
Кошок кошуп жашыган,
Токтоайым кабар айттырат.
Токтолбой көзүн жаш чаят.
Акмалай тоолор тарабын,
Алайган көздөн жаш тамат.
Асманга учуп талпынган,
Асылыңар жол кетти .
Көккө учуп талпынган,
Көк шумкар учуп жол кетти.
Көп санаа келди башыма,
Көк шумкардан айрылып,
Көгөйдүү кайгы бир келди .
Көк кыядан өтөөрдө,
Көгөргөн көзгө жаш келип,
Көгөй беле бул дүйнө.
Ак кыяга келгенде,
Алайган көзгө жаш келип,
Арманымбы бул эмне?
Урумдун тоосу ат жетпес,
Узаган менен бат жетпес.
Аскар белим айдыңым,
Урматтап сйүп сыйлаган,
Уулуңардан айрылдым.
Кашкалдак деген кайран куш,
Какшасам да карматпай,
Какшаал тоодо таштады ай,
Кашкалдык куш өз башым,
Карарып агат көз жашым.
Төрөкочкор өлбөдү,
А дүйнөнү көрбөдү,
Арбагы анын таалайлуу,
Болду эркек балалуу.
Анын өзү айткандай
Атын Сейит койгомун,
Ардагымы улам карап,
Мен бактылуу болгомун.
Сапар тартып келиңдер,
Артында калган тукумду,
Аман-эсен алып кетиңдер.
Уяда жаткан балапан
Учкул куш болоор маалында.
Туусун жайып асманга,
Тукуму калаар артында.
Төп келдиби кең дүнүйө,
Төрө уулуңар өлгөн жок,
Ашынса да арманы,
А дүйнөнү көргөн жок.
«Асыл атам кайда»– деп,
Айтып жатат баласы.
Тутанган жарык өмүрдө,
Тукум өлбөйт карачы.
Бөкөнө деген жаныбар,
Бөөдө өлүп карайлаар.
Аңыр деген кайран куш,
Ал жайын такыр карабай,
Алыс жакка таштабай,
Өлө электе асыл баш,
Өзүмдү алып кетиңдер.
Күчүңөрдү көрсөтүп,
Күлүк минип келиңдер.
Күкүгүм үн береби,
Күттүрбөй учуп келеби.
Күтүп жатам силерди,
Күйүткө салбай келбейби.
Кара куш кабар береби,
Кайрандар качан келет,– деп,
Карап жатам силерди.
Убайым көрүп жаш агызган,
Ушул катты жаздырган,
Тоолуу элге жете албаган,
Тозокту көрүп кыйналган,
Токтоайым,-деп билиңдер,
Күлүк минип сапар келип,
Күттүрбөй алып кетиңдер».
Хан сарайда иштеген,
Урмат менен кеп билген.
Алайлык кыргыз туугандан
Алып жатты жардамды.
Акылман жакшы эл экен,
Абийир менен кеп билген.
Аркалык,-деп Токтоайымды,
Аябай эле сыйлады,
Берип жатты жардамын.
Эл деген эл экен,
Элейип жалгыз калбадым.
Эне катты жаздырды,
Чабаганды чаптырды.
Бирок ички сырларын,
Башкаларга айтпады.
Адамда такыр урагыс,
Талкаласа жоо алгыс,
Үмүт деген дагы бар,
Үмүт менен жашады.
Белин бекем байлады.
Жараткан Алла Тааладан,
Алып жатты жардамды.
«Оңолобу ишим»-деп,
Алыскы бугу элинен,
«Келеер бекен киши,-деп,
Жашоо жолун эңсеген
Жакшынакай ой менен
Жаңылык күтүп жашады.
Төлгөчүнү чакырды,
Алдына төшөк салдырды.
Тамак-аш коюп сый менен
Төлгөсүн жайып тарттырды.
Төлгөсүн тартып жатканда,
Төлгөсү төп түштү,
Буту колу жок түштү.
Төлгөчү муну айтканда,
Токтоайым күлү жылмайа,
Ак батасын суранды.
Армандуу эне кубанды,
Алыскы бугу элинен
«Кабар келип калат»,-деп
Курган эне сүйүндү,
Кара жолду көп карап,
Кабарчыны күтүндү.
***
Ал катты алган чабаган,
Чаап баратып чарчаган.
Дайындуу эчен тоо ашты,
Даңкайган эчен бел басты.
Ак боз атын желдирип,
Арык бойлой баратты.
Даңазасы алкынган,
Дайындуу эчен суу кечти.
Тапырата жол кетти.
Таштак жолдо желдирди,
Үстү-үстүнө камчылап,
Үзөнгүнү теминди.
Күн эмес жума санап,