
Бабалардын баяны 2
«Төрөлгөн пенде өлөт да,
Тагдыр жолун көрөт да,
Журту ыйлап чуркурап,
Жууп-тазалап көмөт да.
Жаралган пенде кайтат да,
Жазуу жазса барат да.
Калкы ыйлап чуркурап,
Карайлап туруп көмөт да.
Келген пенде кетет да,
Өмүр закым элес да
Баардыгы тең кайгырып,
Улуп-уңшуп ыйлашып,
Уул куздары көмөт да.
Кош калгыла уландар,
Кош калгыла туугандар,
Жеңелер кайыр кошкула!
Жергеме атак тааныткан
Апалар кайыр кошкула!
Алыс жашка жол тарткан.
Абалар аман болгула!
Ар дайыма бел туткан,
Аталар аман болгула!
«Бугу энебиз өткөн,-деп,
Буйрук жазуу көргөн,-деп,
Кары –жашы чуркурап,
Калк кайгырып көмгөн,-деп,
Санат ыр түзүп жоготпой,
Санжыра айта баргыла!
Бир-бириңди жоо кылбай,
Биримдик болсо анан да,
Сунган колуң узараар.
Баарысына жеткен жол.
Бакытка узап кете алаар.
Келген киши кетет да,
Ага убакыт жетет да,
Баян айтып жашоого,
Баарыңар кош калгыла!»
Эненин сөөгүн боз үйгө,
Этият коюп жаткырышып.
Түн боюу алыс кетпестен,
Түгөл турду кайтарышып.
Ала-салып токтобой,
Адамга үйгөн түйшүктүү
Акырын жылып түн өттү.
Алыс-жакын жерлерге,
Абдан тааныш элдерге,
Чабаганды чаптырды,
Чарчабай баарын алдырды.
Түпөйүлдүү түн жылды,
Жерге жарык төгүлдү,
Жергем кайра көрүндү.
Сөөктү сууга алганга,
Көрүлүп жатты камылга.
Эртеси туруп караса,
Мына кызык тамаша.
Бугу эненин сөөгү жок,
Баардыгы таң калышты,
Шектүү нерсе байкалбай,
Шекшимал болуп жатышты.
Же болбосо, эне сөөгү,
Асманга учуп кеттиби,
Кайып болуп байкалбай,
Кара Тоого бездиби.
Баш катырат балдары,
Башкача жооп айта албай.
Тунжурашат адамдар,
Туура жоопту чыгарбай.
Убайга батып термелет,
Ушундай укмуш болорбу.
Өкүнтүп ушул тарапта,
Өкүнүч иштер болгонбу.
Ошол түнү тарапка,
Агала жамгыр шыбыргак.
Акырын жааган шыбырап,
Айлананын баары кар.
Бир кезекте ойлонуп,
Кыраакы чукак карыялар,
Кыламык жерди караса,
Бир эчкинин изи кеткен,
Ала Мышык тоосуна,
Эчкинин изи кетиптир.
Ал кездеги адамдар,
Из тарыхын чечиптир.
Канчасы калп экенин,
Канчасы чын экенин.
Эч ким деле билбептир,
Баяндаган бул кепти
Албан жашты жашаган,
Куйма кулак бир кары,
Жобурап айтып бериптир.
Жазмачы сөрөй кагазга,
Жазаар кези келиптир.
Ошондогу адамдар,
Из тарыхын чечиптир.
Санжыра деген санжыра,
Салмагын ким билиптир.
Кайберен эне кайберендин,
Изи менен кетиптир.
Уламалап байыркынын,
Уламасын эстейли.
Бир кездеги өткөнгө,
Биз кайрылып келели.
Бугу эненин жайына,
Койгон экен эчкини.
Дал ушундай болдубу,
Даана жагын ким билди?
Ушул эле убакта,
Жылдыздардын алдында.
Миң булактын башында,
Карааны чоң калдайган,
Караңгы түндө байкалган,
Кара Үңкүрдүн өзү бар,
Өткөн жанды каранткан
Өзү эмес кара көзү бар.
Сыр жашырган үңкүрдү,
Сырлуу ошол өткөндү,
Карыялар кеп кылаар,
Ал үңкүрдүн адамга,
Айтып бүткүс ыры бар,
Ыры эмес оң сыры бар.
Сырынан да чыры бар.
Ээ…ээй…
Бейшембинин күнүндө,
Жумага өткөн түнүндө.
Ал үңкүрдөн от күйөт,
Шоола жанып бүлбүлдөйт.
Сырлары жанып тарапка,
Сырдуу дүнө бөлүнөт.
Сызылып чыккан ал күндөр,
Сыйкырдуу жомок өңдөнөт.
Өлөңү чыгып тарапка,
Өзүнчө баян төгүлөт.
Күйүп жанган ошол от,
Айтчы эмнени көргөзөт?
Алоолонгон ал отту,
Бугу энебиз жаккандыр.
Сыйкырдуу жашоо уланып,
Сыры ачылбай жаткандыр.
Ала Мышык тоолору,
Айдыңдуудай көрүнгөн.
Байыркынын тарыхынын,
Баяны учуп бөлүнгөн.
Сыйкырдуу өт көрүнсө,
Сыры чыгып бөлүнсө,
Сырдуу өттун учкуну,
Басып өткөн кыядагы,
Жашап жаткан кыялдагы,
Байыркы ата-бабанын,
Даңазалап улуу даңкын,
Жаккан жалын өчө элек,
Жылуулук табы бүтө элек.
Эчаакы бизге жагып кеткен,
Энелердин ыйык отубу,
Айдыңдуу шаңын тараткан,
Аталардын ыйык отубу.
Байыркыдан алоо жанган,
Бабалардын ошол отубу.
Байыркылар жаккан от,
Ата баба жаккан от,
Эң байыркы тарыхта,
Энелерибиз жаккан от,
Бугу энебиз жаккан от
Жүрөктөрдөн өчө элек,
Ысык табы кете элек.
Бабалар жаккан ошол от,
Жылытып бизди келатат,
Жүрөктөрдөн калкып чыгып,
Жалыны бизди жылытат,
Өзүбүзгө кайрат берип,
Өчпөс ырга айланат.
Жаш гүлдөй өсүп келаткан,
Жаштар аны ыр кылат.
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжырада айтышат.
Эстеп жаттым ошону,
Элесиме тарых келет.
Бугу эненин отунан,
Буйгатка жарык эленет.
Энекемин жаккан оту,
Эселки чакты эстетет.
Эненин жаккан отун,
Эске сала жүрөлүк.
Ырларда ырда өтөлүк,
Сап-сапка тизип сүйлөмдү,
Санжыра кылып түзөлүк.
Ээээй…
Жол улаган торпогум,
Чарчап калды өңдөнөт.
Адыр түздү көп басты,
Алдыда аппак жол жатты.
Жыбыраша үндөшө,
Жылдыздар толду асманга,
Жолдо айтып баянды,
Жомокчу чал чарчады.
Баятан айткан жомогу,
Маашырлантып чалдарды,
Магдыратты балдарды
Ээээй…
БУГУ ЭНЕНИН ДАГЫ БИР ЖОМОГУ
Жомок болсо аябай тез жылат,
Адамдар алыс жолго чыгат.
Акырын турмушубуз жай жылат,
Анда эмесе кагылайын туугандар,
Акылман бугу эне жөнүндө,
Азыр эми башкача жомок башталат.
Шамалдуу сайды аралап
Шашып-бушуп келатам.
Ыйык эне тарыхын
Ырга айлантып келатам.
Топ-топ болгон ырлардын,
Тобун айдап келатам.
Эл кайгырса кайгыргам,
Эл кубанса кубангам.
Атаңын көрү дүйнө күн,
Андан башка не кылам.
Жайлманын баш жагы,
Айлыбыздын ар жагы.
Сөзүбүздүн бер жагы.
Бир китептен окугам,
Билим кенин чокугам.
Ал ыйык саптарды,
Окуп жатып тамшангам.
Алып салып калптарын,
Ырга айлантып таштагам.
Баш жагынан тууралап,
Баян кылып курагам.
Сөзмөр жандар окуйбу,
Сөздү-сөзгө улагам.
Бугу эненин жомогу,
Байыркыдан башталат..
Эчен кылым аралап,
Бизге карай келатат.
Андан бери жоголду,
Арбын-арбын көп заман.
Мезгил ылдам өттү деп,
Ушунчалык таңданам.
Андан бери санасам,
Алмашыпыр далай муун.
Жар кыяда жаралып,
Жазган ырым ушунум.
Санжыра алга баратат,
Тагайдан Кылжыр таралат.
Болбойтко аны айтпасам,
Дайынсыз артта калыптыр,
Далай, далай аткан таң.
Муундан-муун куралган,
Кылжырдан тукум уланган.
Аталар атын сүрөлү,
Аныктап айта жүрөлү.
Орозбакты атадан,
Беш улан тараган.
Беш жолочу сапарлаган,
Беш күлүк ат алкынган.
Асан, Арык, Карамырза,
Мырзакул жана Токочмырза,
Бешөө болду баардыгы
Ооз комузда үн чыгабы.
Бул окуя артта калган,
Эчак болуп кап-качан.
Аскалардын боорунда,
Ала Мышык тоосунда.
Ушу баян болуптур,
Эчаакы бир окуяны,
Баштайынчы ыр менен
Барктап асыл сөз менен.
Чечекейди жара аткан
Далай атак жараткан.
Асанмырза, Карамырза,
Арттагы ал заманда,
Көзгө атаарлар болуптур,
Меелесе куш кулаган,
Эки мерген эки туган.
Жаңы чыгып коктудан,
Бай өзөндү өрдөшөт,
Сапар алып салбырынга,
Сайды кечип жөнөшөт.
Ак кар баскан тоолорду,
Аралап бийик жондорду,
Адырдан адыр кыдырат,
Айдыңдан айдың сыдырат.
Мергендер сапар келатса,
Бир бугу чыгып алдынан,
Аппак бугу шаңкайган.
Мүйүздөрү далдайган.
Адамдар карап таңданган.
Ак бугуну карап туруп,
Акырын гана унчугуп,
Асанмырза кеп козгоду,
Кептин келип оролу:
– Ак бугуну атчу эмес,
Ак бугуну атып салып,
Айың кепке калчу эмес.
Калжайган маралды,
Карайлатып койчу эмес,
Каргышка калчу эмес.
Асанмырза айтканы,
Карамырза кулак какпады.
Ак милтеге дары салды,
Ак бугуга туштады.
Ок тийгенде жаныбар,
Оңко-чоңко сулады.
Арман күтүп турганбы,
Азап ишпи бу дагы.
Кайберен кулап калганда,
Чоң азапка батканда.
Секелек кара кыз,
Сестене кайгырган.
Ыйлап чыкты арыдан,
Чоң асканын алдынан.
Жаны чыгып сөз баштады:
– Жаныбарды атканча,
Азапка аны салганча,
Өз башыңы атсаңчы,
Чоң мүшкүлгө калсаңчы.
Өз башыма үйүлүп,
Өзөккө түштү арманым.
Жаным батты кайгыга,
Ак бугусуз калганым.
Ыйлап жаткан ал кызды,
Мергендер кармап алышып,
Арт жагына учкаштырып,
Атты улам камчылашып.
Кум каптаган кайкыда,
Келатышты сапарда.
Камчы уруп сары атына,
Мергендер жакын калганда,
Мырзакулмырза тосуп чыгып,
Пенделерди сынаган,
Чоң тыянак чыгарган
Адам эле кыраакы.
Ал кызды байкады,
Өз ичинен жактырды.
Чекесинен шам жанат,
Болочокту баалаган,
Адам болоор акылман
Көңүл буруп караса,
Көзү ачыктай башкача.
Мергендерди карап туруп
Мындай деген кеп айтты,
Кеп айтканда деп айтты:
– Ай, мергендер, мергендер,
Ак карлуу тоону аралап,
Аң уулап келгендер.
Даңкы чыккан ой тоого,
Жайлып жаткан жайлоомдо,
Ак желгемин үйрү бар,
Кабалаңдан коркпогон,
Карышкырды жолотпогон.
Дал ушундай айгырды,
Үйрү менен берейин.
Марттыкка мен келейин,
Кызды мага бериңдер,
Ушул ойго келиңдер.
Караан кылаар тукум бар,
Алсейит деген иниңер бар.
Алып берип ошого,
Келин кылып алайын.
Батасына бээ чалып,
Баабединди жасайын.
Тополоңдоп эл чакырып,
Тойду берип таштайын.
Ак желгени үйрү менен
Карамырза алыптыр.
Жылгага айдап салыптыр,
Жылкыга марып калыптыр.
«Ак бугуну атып салып,
Азапка башын батырып,
Айыкпас ишти кылды»,-деп,
Карамырза атаны,
Бугу эне каргады.
Каргышы такыр качпады.
«Тукумуң жүзгө жетпесин,
Жүзгө жетип кетсе да,
Алтын күзгө жетпесин».
Аз болуп калды тукуму,
Карамырза атанын.
Ким билиптир чынында,
Санжыранын ар жагын.
Кыз тоого кандай барды,
Белгисиз бизге ал жагы.
Ар кандай жоромолдор,
Айттылбастан ал калды.
Кырда турган кыргызды,
Далай жоолор каптады.
Арманы күчөп тоолук эл,
Алайган көзүн жаштады.
Айланаңда калың жоо
Азап болуп ошондо.
Туурадан үйүп азапты,
Тушунан кол салышты.
Бир тараптан уйгурлар,
Бир тараптан калмактар.
Бир атанын баласы элек,
Бир жактан казактар.
Билгизбей туруп көз артат,
Бир жактан кытайлар.
Армандуу кыргыз не кылат,
Алласы тайып башынан.
Азаптуу күнгө чырмалган.
Алакандай кыргызга,
Кимдер көзүн артпаган.
Алай-дүлөй башталган,
Арманы күчөп ташыган.
Этек-жеңин жоо алды,
Эмне болот айла-амал.
Кыз тоого кандай барды,
Суроонун бүтпөйт аягы.
Балким ошол мезгилде,
Кыйынчылык кезинде.
Бир үй-бүлө качтыбы,
Асканын түп жагына.
Акырын жылып келдиби,
Колго үйрөтүп бугуну
Буюрган сүтүн ичтиби,
Элдеги жоого көрүнбөй,
Эптеп жашай бердиби.
Буюугуп жатып алдыбы,
Балким кыздын атасы,
Салбырынга чыктыбы,
Болбосо катуу чочунуп,
Мергендерден корктубу,
Баарын эле көрүп туруп,
Такыр чыкпай койдубу.
Болуп өткөн бул баян,
Небак өтүп кеткендир.
Анын жайы ың-жыңсыз,
Аскаларга житкенби.
Эчаакы өткөн баянды,
Ырында акын эстеди.
Чынында эмне болсо да,
Бир Кылжырдын баласыбыз.
Тунжураган атанын,
Туусун жайып келатабыз.
Ыйык бугу энебиз,
Ырыстуу кыргыз элденбиз.
Аз болсо да силерге
Айтып бердим бир баянды.
Аңгеме козгоп салдым
Абалкы өткөн окуяны.
Дастанчынын сөзү бүттү,
Акырындап түн түштү.
Тынчтанып калышты,
Жан-жаныбар баардыгы.
Санжырага кунт койгон
Балдар дагы чарчады,
Сөздүн бүтүп аягы
Жыбырап көккө толушту,
Жылдыздар жанып баягы.
Жомокчунун баяны,
Жолдо келген аяны
Дал ушинтип аяктады,
Эээ…ээ…эй…
АЛСЕЙИТ АТА ЖАНА БУГУ ЭНЕ «Мүйүздұұ эненин арбагы колдосун» Бугу уруусунун ыйык сөзү
Алыскы Теңир Тоонун аймагында,
Ак карлуу тиги Нарын жактарда.
Ошол жакта Ала Мышык тоосу болгон,
Баш жагына жылтылдап мөңгү конгон.
Аркар, кулжа ал жакты мекендеген,
Тоонун чөбү назик желге эркелеген.
Ал жакта кайберендин тилин билген,
Бир кишинин өткөндүгүн мен билем.
Бир кызы, бир баласы болгон экен,
Алар дагы ушул жерден кетпеген.
Тагдыр бекен ал пенденин дал өзү,
Суук тийип каза болгон бир күнү.
Ал экөө такыр эле жетим калды,
Ата-эне жок алардын эле азабы.
Ал экөө кайберен менен сүйлөшкөн
Макулуктун тилин билип үндөшкөн.
Аркарлар келип ал үңкүргө түнөгөн,
Түнкүсүн сапар алып жел жүгүргөн.
Басса, турса аркарлар менен аралашып,
Айран ишчү кайберендин туягына.
Кийиктер менен бирге өмүр сүрүп,
Эс алуучу бийик тоонун тулаңына.
Толкун чачып мезгил өтүп жатканда,
Толуп ташкан сонун майдын чагында.
Бир уруудан көзгө атаар атанган,
Ушул бийик тоолордо жашаган.
Асанмырза, Карамырза мерген чыкты,
Апай беттеп улуу тоого баратышты.
Алар келди Кара Үңкүрдүн жанына,
Ашыгышып көңүл бурду айланага.
Үңкүргө кирип чыгат кайберен,
Мергенчилер аларга көз жиберген.
Карамырза тууганына кайрылды:
– Булардын бир-экөөсүн аталыбы?
Асанмырза:– Аны өзүң бил,-деди.
Аныгын ал кургур да билбеди.
Карамызрза басып калды машааны,
Кара тоодон «баң» этип үн жаңырды.
Жайык төрдө азаптуу үн угулду,
Жарыялай айтты шектүү туюмду.
Куудуратып куу терини кийип алган,
Курган бала кийик болуп байкалбаган.
Кыздын үнү жаңырды аба жарып,
Өз агасын жоктоду кайгыланып.
«Кагылайын бел туткан карааным,
Карааныман кол жууп айрылгамын.
Асманда куркулдаган кузгун жок,
Кузгундай учуп кетсем не болмок.
Анда көрбөй калмакмын кайгыны,
Азап тозок жеер бекен башымы.
Арка болоор кара тоом бар эле,
Азыр эле өз жанымда турду эле.
Тоом урады айланамда шагыл таш,
Томолонот кара көздөн ысык жаш.
Кайранымды кара башым унутпас,
Кара ташты эзмелеген аккан жаш.
Тоодой кайгы көтөрдү го алтын баш,
Томолонот тып-тып этип ысык жаш.
Эки көздөн азаптуу жаш агылды,
Айткылачы ким атты экен агамды?
Карамырза,-Мен,-деп өзүн көрсөттү,
Каар учуруп кайгыланып муң өттү.
Кыз отуруп күбүрөнүп жиберди,
Мергенчиге тескери бата берди.
Кыз байкуш кайра-кайра ыйлады,
Кымбат чагын эстегенсип жатабы:
«Көп сырдуу кагылайын Кара Тоом,
Көп мезгил сызды экен ойлонсом.
Өзүңдө өттү маралдай жаш чагым,
Өкүнүчүм, толкуп ташкан арманым.
Каралдыман жабыркап айрылдым,
Кара Тоом көрүп турат кайгымы.
Кара кузгун өз башымда кайгымбы,
Көп беле бу дүйнөдө жаңылганым,
Көз жашым көлдөй болгон арманым.
Мергенчилер кыз байкушту сооротту,
«Алып кетели жүрү эми» сөз козгошту.
Кош болгунуң Кара Үңкүрүм кагылайын,
Сенде калды аз болсо да бала чагым.
Мезгил өтөөр акыры бир күндө,
Сапар тартып кайра келем өзүңө».
Экөө эркелете ал кызды сооротту
Аз болсо да кеңеш берген болушту.
Мергендер корумдай салып денени,
Кызды алып айыл жакка илгерледи.
Бөлүнөөрдө кыз катуу ыйлады,
Ажырашуу кара жанын кыйнады.
Арыкмырза өтө токтоо жан эле
Ала барман бир калыс неме эле.
Кеп билги Мырзалардын энеси,
Ошондуктан аны угуп келишти.
Акылдуу эне бир күнү кеп салды,
Акыл менен кеп учугун чыгарды.
Эне кургур өкүм эле баарынан,
Эмне десе ошонусу аткарылган.
Айыл болсо анын сөзүн угуучу,
Ал зайыпты арка-жөлөк тутуучу.
Жөн чыгып Алсейиттин аялы,
Ал кургурду абдан эле аяды.
«Бул кызды ага нике байлайлы,
Ырым-жырым жөрөлгөнү жасайлы»
Сөз бүтүп баардыгы тең камдалды.
Саруу бийи Коңкайты болгон экен,
Анын кызы Токтобек эрке экен.
Эмне ойлосо оюн такыр бербеген,
Жаш чагында эрке өсүп менсинген.
Ит багып күчүктөрү ээрчиген,
Аларга малды союп эт берген.
Күйө менен баланы кетти карабай,
Алсейит ата кайгыланды бир далай.
Таалайлуу кыз Алсейитке жар болду,
Тамыр тааныш баары келип тойлоду.
Бугу эне Алсейитке кайрылды:
«Үч ишти жазаба дап тапшырды.
Жуунсам үйдөн чыгып кеткиниң,
Көрөйүн деп кайрылып келбегин.
Турмуш жолу көп кырдуу миң сырдуу,
Жакшылык менен адам пенде ыймандуу.
Каардансаң башка мени чаппасың,
Касиетим алыстап такыр качпасын.
Сурабагын менин ата тегимди,
Ким болом, жана кайдан келгенди.
Анын сага такыр тийбес кереги».
Күндөр өттү экөө жакшы жашады,
Жашоо болсо алды жакка сапарлады.
Бир күнү эне жууна баштады,
Ата болсо айтканын аткарбады
Байкады билинбеген сырларын
Эненин эмне кылып жатканын.
Мүйүздүү эне баарын байкады,
Өз ичинен жини келе баштады:
«Бекер болду аңдыганың ай байым,
Аныңы сезип ушунчалык аядым.
Тукумубуз аз кемип калбадыбы,
Айтканым аткарылбай калбадыбы».
Эне болсо пенде эле акылман,
Ишинен сонун нерсе чыгарган.
Аял заты эркектин ачат таалайын,
Көтөрөт анын, чөккөн паанайын.
Алсеит атанын иши улам оңолду,
Акырындап кайгы-капа жоголду.
Аз өтпөдү Алсейит бий болду
Анын ташы өйдөгө тоголонду.
Ал кезде калмактардын доору сүргөн.
Кыргыз калкы аларга салык төлөгөн.
«Кыңк»-дебей башкарып калмактар,
Ал учурда өткөн далай армандар.
Жайкы күн нурун төгүп жаадыраган,
Калмак жактан чаап келип беш атчан.
Ал бешөө бир жаңылык кабарлаган.
Ак эшикке Алсейит бийди чакырган.
Бий калмактар менен аралашып,
Эки жылдай ал тарапта жашамак.
Алык-салык баардыгын тактамак.
Калмак ханы анын ишин аткармак.
Эмне кылат калмактын сөзү күчтүү,
Аргасыздан ал жакка көчүп жөнөдү.
Калмактар баардык жерди бийлеген
Калдалаңдап каапырар буйрук берген
Алсейит бий бүлөсү менен ал жакка,
Жүгүн жүктөп аларга көчүп барды
Баары чоочун жашоо дагы башкача.
Мунун өзү бу турмушта тагдыр да.
Жамангул,Папа ал кезекте тестиер,
Көпөлөк кууп ата-энеге эркелеер.
Калмак ханы эчак эле билип алган,
Асыл энени көзү ачык баамдаган.
Бугу эненин ыйык жагын байкады
«Токолдукка алат го» деп ойлоду,
Арамзалык ашып турат башынан
Арам пенде кырсыкпы анын жолу.
Мунун тукуму бизге оошот билинбей,
Алсейит бийди жок кылам билдирбей.
Бул аялдан далай балдар төрөлөт,
Баатыр болот төрт тарабы төгөрөк.
Анан дагы өтүп жатты мезгилдер,
Жаз, жайды жамынып мейкиндер.
Калмактан Чежемен деген кыз болгон,
Акылы жетик келечекти көп ойлонгон.
Эне менен жакын болуп кыз бала,
Ээн жайкын кеңешчү эле сырдана.
Тилин билип түшүнчү кыргыздын,
Ички сырын билип турчу адамдын.
Дал ошол Чежемен деген кыз бала,
Энеге келип бир жаңылык айтууда:
«Баштаган турат атакем кордукту,
Силерге салабы дейм зордукту».
Атакем акырын бийди жок кылат,
Анан барып жаман жорук жасалат.
Токолдукка анан сизди алабы,
Башыңызга азап ишти салабы.
Мүйүздүү эне ийкеди өз башын,
Айттырбай билип алган баарысын.
Ал жөнүндө сыр көрдүм үч жолу,
Төлгө салдым такыр эле окшошподу.
Мүйүздүү эне Алсейитке кеп салды
Жаман иш белгилүүболчу баардыгы.
«Калмак ханы жамандык кылбайбы
Кабалаңдап кара башты жалмайбы.
Көчүбүздү ат үстүнөн чечет го,
Кордукту башка салып кетет го.
Түндө жатып түш көрдүм байым,
Түшүм түш эмес азабымбы байым.
Керүүдөн ат качырдым байым,
Атым карматпай кетпесин байым,
Атымы кармабасам азабым байым.
Мурдаа күнү куш качырдым байым,
Кушум учту артынан куудум байым.
Кушуму кууп жүрүп кармайын байым!»
Кыргыздар ал жерде жөн жатпады,
Качууга жасап жатты камылганы.
Калмактар да бир нерсени ойлонду,
«Аңдыгын»– деп эки жигит койдурду.
Алсейит бий жигиттерди чакырган,
Дасторконду кенениреек жайдырган.
Жай баракат этти жеп жатышты,
Экөөсү тең улуу сыйга батышты.
Жигиттер айтты эми кымыз ичели,
Андан кийин эс алууга тарап кетели.
Кымыздан кийин ичип жатты аракты
Мас болуп баш көтөрбөй калышты.
Тымызын журт тынчыган мезгилде,
Кыргыздар көчүп жөнөйт бу кезде.
Чежемен кызды ала кетип баратты.
Куугун жокпу арт жагын карашты.
Из жазгырып башка жолго салышты,
Калмактар такыр таппай калышты.
Алар кеткен кугунга карматпай,
Калмактан такыр качып алыстай.
Качкындар өз жерине келишти,
«Бий келди»– чоң тойду беришти..
Бу кезекте кыргыздар небак жетилген,
Кармашууга өткөн алар калмак менен
Жигиттерди жоо четине коюшту,
Калмактар келчү жолду тосушту.
Калмактардын качып калган кайраты,
Баягы күчтүү кези такыр кайра тартты.
Анан өттү акырындап мезгилдер,
Тынчтык акырындап берилеер.
Алсейит калмактар менен дос болду.
Уруш-чатак барып-барып жоголду.
Кирген суудай уланышып мезгилдер,
Тоонун суусу жээк тарапты жемиреер.
Мүйүздүү эне сууга дайым киринген,
Чежеменди «барып төгүп кел» деген.
Ошол сууга бети-колун жуучу экен,
Эне сырын ошол гана билчү экен.
Касиетин алайын деп бугу эненин,
Ал кыз шегин билчү бирдеменин.
Калы бар сүйлөгөндө тилинде.
Кайтпоочу ал бирдеме дегенде.
Эне Чежемен кызды байкады.
Ургаачынын узуго деп баамдады.
Жакшы балдар жатынынан жаралат,
Улук жашоо улуу тоону аралайт.
Мүйүздүү эне көп нерсени ойлонду,
Бир амалын табайын деп болжоду.
Түндө жатып бир кызык түш көрдү,
Бул аярды ушуну менен үч көрдү.
Казак баатыр Телгозу аттанды,
Келе жатат Чежеменди алганы.
Чежеменди Алсейитке нике кыйды,
Казакк бул кызды карматпайлы.
Алсейит айтты уят го токол алганым,
Абийир керек журтту кантип караймын.
Мүйүздүү эненин жини келип териккен,
Күш –быш этип жөтөл менен демиккен.
«Көрүнгөндү алгының деп суранбайм,
Өзүм дагы алды-артымды абайлайм.
Жоо жакадан алып турган чагында,
Жакшы тукум керек экен кыргызга.
Тукубубуз бүт майдалана кетиптир,
Журтубузга акылман жан керектир.
Тоолук элге керек экен баатырлар,
Өз журтуна тартынбай башты саяр..
Жана керек баарын билген аярлар,
Керек окшойт үн безеген акындар».
Жомок кылып бабалардын баянын,
Кеп кылайын аталардын аянын.
Алсейит бий макул болду анан да,
Мүйүздүү эне эмне десе баарына.
Эне айтты: – Өз тукумум улансын.
Улуу тоого желбирете туу сайсын.
Алсейит бий ал кызга үйлөндү,
Өрүш алып жаңы өргөө көтөрдү.
Тогузду айдап эртеси келди Телгозу,
–Кечиктиң,-деп эл айтты: -Болбоспу.
Телгозу баатыр бир кызды алыптыр,
Кайра үйүнө сапарлап кайтыптыр.
Телгозу Алсейит менен дос болгон,
Бул санжыра калган экен ошондон.
Чежемен энеден Туумакашка төрөлдү.
Аккозу жана Каракозу көз көрдү.
Ошол калмак кызы Чежемен энеден,
Чыккан экен далай-далай көп берен.
Ал энеден далай уулдар жаралды,
Төгөрөктүн төрт бурчун аралады.
Суулар акты өз нугунда токтобой,