
Адамдын Асыл ойлору
* * *
Эки жүздүү адамдын өңүнөн караңгылыктын көлөкөсү түшүп жатат. Ал кандайдыр бир жүрөксүнүү, коркунучту жаратып жатат.
* * *
Адамдын алдында тамеки жана бир шише арак турат.
Тамеки айтты:
– Адамым мени каалашыңча тарта бер.
Арак айтты:
– Адамым мени каалашыңча иче бер.
Мен алардан айыкпас арманга баткан оорунун залдарын көрүп турам.
* * *
Кеч күз эле. Каркыралар асманда учуп баратты. Улгайып калган карыялар асмандагы куштарды карап:
– Каркыралар кош болгула! Кайра аман-эсен кайтып келгиле! Биз дагы карып калдык. Бүгүн көргөн эртең жок. Силер келгенче ким бар, ким жок.
Каркыралар:
– Жок карыяларым андай айтпагыла! Кайратыңарды бекем кармагыла! Биз кайтып келебиз. Силер жок болсоңор, биз жалгыз-сырап калабыз. Бараар жолубуз өтө узак, кош болгула, карыялар!
Карыялар:
– Силер да узак жолдо баратасыңар. Биз да узак жолду бастык. Аман-эсен келгиле каркыралар!»
* * *
Көл жээгинде балыкчы көп. Ошондой эле көлдө балыктар көп, ар бир балык үчүн өмүр бирөө жана дагы өлүм– бирөө.
* * *
Адамды көлөкө ээрчип жүргөн сыяктуу аны өмүр менен өлүм ээрчип жүрөт.
Өлүмдөн кийин эч нерсе ээрчибей калат. Бирок анын өмүрү аз болсо да жашаганы тирүүлөрдүн эсинде калат.
* * *
Чындык адамдын жүрөгүнөн жаралып, жүрөктөн жүрөккө өтөт. Ошонун өзү өлбқстүккө жол.
* * *
Карышкыр болгон жерде койлор тынчыбайт, эзүү болгон жерде – эл тынчыбайт.
* * *
Эки дос эки жакка бөлүнө албай жатты. Баарысынан ошол аянычтуу, анткени алардын бири-биринин жүрөгүндөгү өчпөс мээрими бөлүнө албай жатты.
* * *
Жакшы тарбия болгон жерде макмал чөптөр гүлдөп бакыттын өмүрү өнөт.
* * *
Акылман улуу ойлор адамдын жан дүйнөсүн жаркытат, жүрөккө шоола толгондо, ал өмүрдү жаркытат.
* * *
Адамдар чогулуп ат минип уйгу-туйгу чапкылап жүрүшөт. Ал жерде бир кырсык болгон шекилденет. Эмне болду? Адамдар сабырдуу болгула!
* * *
Короздор кыйкырып, таң да атты. Чыгыш жак алоо жанып, адамдар үчүн бүгүн бир жакшы жаңылык жаралып, кубанычтар пайда болду. Ошондой болсун.
* * *
Улуу китеп талбас улуу эмгек менен табылган. Ал адамдардын жүрөгүнө өчпөс от жагыш үчүн жаралган.
* * *
Тарбиянын башаты – ата, куйма суусу – эне, экөө таалайлуу балдарды тарбиялап болочокко аттантат.
* * *
Тияктан да, бияктан да, иттер үрүп, боз үйлөрдөн адамдар чыгып, бир жерге топтолуп жатышты. Кебетеси бир нерсе болгон окшойт. Деги жакшылык эле болгой эле.
* * *
Адамдар айтты:
– Чындык каякта?
Жооп:
– Чындык силердин жүрөгүңөрдө, жүрөгүңөр булганса чындык качат, андан башка жол жок, – деген үн чыкты.
* * *
Жоктон бар өйдө, бирөөнөн экөө өйдө, жамандан жакшы өйдө.
* * *
Талаадагы дарак жалгыз, асмандагы күн жалгыз, ар бир пендеге анын ден соолугу жалгыз.
* * *
Адам узак өмүр сүрсөм дейт, бирок анын сырдуу түйүнү өзүндө.
* * *
Адам сергек болууга тийиш, ошону менен бирге таза жана тунук да болууга тийиш.
* * *
Басса, турса, сөгүнүп жүргөн адамдардан түңүлдүк, анын оозунан чыккан жаман сөздү угуудан да түңүлдүк.
* * *
Жакшы адам, жакшы төрөлүп, жакшы өлөт. Ошонусу баардык адамдарга үлгү.
* * *
Тынчтыгы жок үй-бүлөнүн атасы жетим, энеси жетим, жада калса балдары да жетим.
* * *
Ачка калуу жаман эмес, баарынан көңүл чөгүү жаман.
* * *
Шайыр адамдын жаныңда жүргөнүң кубаныч, ал күлкүнү тартуулайт. Күлкү чыныгы өмүр.
* * *
Адамдын көңүлүнүн көтөрүлүшү кубаныч. Ал ден-оолукка арка бел болоору дагы кубаныч.
* * *
Адамга сулуулук берилген, аны сактоо ар бир адамдын милдети. Адамдын сулуулугу тышкы кооздук ал жаштыгы менен кошо жаралган.
* * *
Музыка – бул өмүр, анын ичинде биз билбеген асыл кереметтер жашынып жатат. Жашынып жаткан нерсени биздин көңүлүбүз түщүнүп, жан дүйнөбүз кабыл алып жатат.
* * *
Арак, аракеч кишиден көп өч алат. Ал азыр да алып жатат.
* * *
Акылдуу адам арак ичкенден кийин тез эле акылсыз адамга айланып калышы кейиштүү кубулуш.
* * *
Арак бирөө аны ичкендер көп, ичкиликтин айынан акылынан адашкандар андан бетер көп.
* * *
Ажалды тосуунун бир улуу жолу бар ал – эмгек жана дене тарбия.
* * *
Балит турмуш башын салып турат, бирок аны сулуулук жана талыбаган эмгек тазалап турат.
* * *
Эне баласын төрөдү, ал баласын суктанып карап турат.
Ал жөн эле карабай мындан аркы улануучу өмүрүн карап турат.
* * *
Гүл бул кооздук, ал кооздукта биз суктанган бир сыр жашынып жатат.
* * *
Мурунку көзү өткөн сонун адамдарды кайра эскерсек алар тирилип турат.
* * *
Талант бул суктанаарлык нерсе, канчалык суктансак да анын аягына чыга албайбыз, ошонусу менен ыйык.
* * *
Күлкү бул сонун жаратылыш, андан четтеп кетпегиле өмүрүңөр супсак жана жагымсыз тартат.
* * *
Адамды билгизбей коркунучтуу дартка жетелеп бараткан душман бул: тамеки менен арак.
* * *
Сүйүү бул карыганда деле жаралат. Ошол көрүнүштөн өмүргө кооздук жаралат.
* * *
Ар бир адам дүйнөгө жалгыз келип жалгыз кетет.Ошол үчүн жашоо армандуу, Сен өлгөндө сени менен бирөө кошо өлбөйт, ошол үчүн баарыбызга жашоо армандуу.
* * *
Нукура чындыкты сен башка жактан издебе. Ал сенин жүрөгүңдө жаралган, анткени сен чыныгы адамсың.
* * *
Мен өмүрүмдүн бүтөөрүнө ишенем, бирок такыр жашоонун бүтөөрүнө ишенбейм, анткени менин өмүрүмдөн кийин бүтүндөй аалам тирүү жашап жатпайбы.
* * *
Эмгектенип өткөн адам өлүмдөн коркпойт, анткени эмгек баардык кубулуштан тирүү жана улук.
* * *
Чыныгы поэзия бул көркөм нерсе, анткени аны жараткан акын адамдарга окшобогон пенде.
* * *
Поэзиянын ичинде бир сонун нерсе бар, биз андан ачыла элек нерсени ачып жатабыз. Ал ошонусу менен сүйкүм жана көркөм.
* * *
Акын жер айдаган дыйкан, а дыйкандын жан дүйнөсүндө көркөмдүк жана сулуулук жашап жатат.
* * *
Жалкоолук айла кеткен нерсе, айла кеткенден мурун жок нерсе.
* * *
Иштебеген адам тиштебейт деген макал бар. Бирок, тиштеп эле келе жатат, Ал элдин эмгегин оозундагы тиштери менен кырча тиштеп келе жаткан бийликтегилер жана аларды жактаган журт башчысы болуп жатат.
* * *
Дары адамды айыктырат, Дары айыктырбаган ооруну музыка дарылайт. Анын керемети дарыдан миң эсе күчтүүлүк жолу айыктырат.
* * *
Жалкоолукту жеңүүгө болот, ал жеңилбей турган нерсе эмес. Аны жеңип көптөгөн адамдар бакытка жеткен.
* * *
Эс албай эмгектенгендик бакыт. Ошол бакыттын ичинде өлбөстүктүн данеги жашынып жатат.
* * *
Сөз менен айтып бүткүс нерсени биз музыкадан жана китепти окуп түшүндүк.
* * *
Музыка кармалбаган керемет. Аны баардык жүрөк кармай албайт. Ага берилген сезимдүү жүрөк кармаганы гана керемет.
* * *
Атын билбей туруп, ооруну дарылаба. Анын кесепетинен башка оору пайда болот.
* * *
Кайсы адам боорукер жана токтоо болсо, ошол адам күчтүү.
* * *
Алыс жолдо начар адам менен дос болбо. Дос болсоң, ар дайыма сактана жүр.
* * *
Көлдө толкун болуп турбаса, анын жашоосу жакыр, адам эмгек менен жашарбаса, анын келечеги да жакыр.
* * *
Унчукпай коюу дагы жакшы нерсе, бирок аны учурунда таразалап көрүү керек.
* * *
Адамдын жүрүм-турумунан, сүйлөгөн сөзүнөн, анын кандай жан экенин баамдоого болот.
* * *
Дайыма ичкилик ичкен үй-бүлөдө төрөлгөн баланын кандай болоорун ойлогондон коркомун.
* * *
Кимдин жүрөгүндө сүйүү болсо, ал жүрөгүнө жакшылыкты жоготпой сактап жүргөн адам.
* * *
Таттуу уйку – таалайлуу ден-соолук.
* * *
Дени таза эмгекчил адамдын уйкусу да жакшы болот же баары оордунда болот.
* * *
Узак жашоо – кереметтүү сыр. Ошол сырдын түйүнүн узак жашагандар гана билет.
* * *
Уйку – жымжырттык. Эмгек – күрөш. Тирүү адамга экөө тең керек.
* * *
Тубаса маданияттуу адамдардан биз көптөгөн жакшы башталмаларды күтө беребиз.
* * *
Жаныңда акылдуу адам турганда сен өзүңдү, күчтүү адам катары сезе бер.
* * *
Абийир баарынан улуу, ал улуулукту алып жүргөн адам андан бетер улуу.
* * *
Коркунуч болгон жерде тең салмактуулук жоголот. Тең салмактуулук жоголсо жашооңун салмагы жоголот.
* * *
Жүрөк таза болсо, адам таза болот. Андай жерде жашоо жакшы жана коркунучсуз болот.
* * *
Адам жүрөгүн аяш керек. Анткени ага келүүчү коркунуч, кубаныч ошол жүрөк аркылуу келет.
* * *
Адамдын сымбаттуулугу, ички дүйнөсүнөн башталып, анын жалпы байлыгынан түзүлүп турат.
***
Бала курсакта жатканда эле баарын угуп, билип, көрүп турат дейт. Аталар ошону эстен чыгарбагыла, ошол үчүн энелерди сыйлап жакшы күтө көргүлө!.
* * *
Мергенчиге мылтык керек.
Балыкчыга кайырмак керек.
Жазуучуга кагаз жана калем керек.
Баарынан мурун бул үчөөнө: ден-соолук керек.
* * *
Ташкындап турган кайрат – бул ден-соолуктун булагы.
* * *
Адамдын ойлогон оюу ишке ашкандан кийин, ал дагы келечекте жакшы жолго аттанат.
* * *
Кечөөгүнкү күн башка, а бүгүнкү күн кечөөгүнкүдөй эмес, а эртеңки күн ал экөөнөн сөзсүз айырмасы болот..
* * *
Базарчылар базарда экен, койчулар кой кайтарып тоодо экен. Балыкчылар балык кармап көлдө экен. Кыскасы бул жерде бош адамдар жок экен.
* * *
Баардык ойлонуу адамдын нерви аркылуу өтөт. Каар, кубанч, толкундоо нерв аркылуу өтөт. Аны өмүрдү сактагандай сакташ керек.
* * *
Көө кара, жашайм дегендер каралыкка эмес, актыкка умтулуш керек. Арамдык менен жашасаң кара өң сени булгап салат.
* * *
Ичи тардык, көрө албастыкты алып келет. Көрө албастык
жан дүйнөнүн тардыгын аныктайт.
* * *
Ушакты жаратуучулар болот. Аны ташыгычтар болот.
Баары биригип жаңжал чатакты түзүүчүлөр.
* * *
Жоголуп кеткен өмүрдү эстеген пайдасыз.
Карабай кеткен тууганды эстеген пайдасыз.
Колдонулбай калган байлыкты ойлогон пайдасыз.
Сатып алып, окулбай жаткан китептер да пайдасыз.
* * *
Кабак бүркөгөн каар жаман, чырлуу чатак да жаман, Каар менен чатакты алып жүргөн адам андан бетер жаман.
* * *
Каар менен куралданып жүргөн адам, башка адамдын соккусуна кабылуучу адам.
* * *
Ата-эненин асыл кеңешин укпаган бала, башка бир наадандын жандын соккусуна кабылат
* * *
Көпкөндүк наадандыктын дал өзү. А наадандык тарбиясы жок текебердик мүнөз..
* * *
Акылы бөксөлөрдү да түшүнсө болот. Алардын негизги куралы;ачуулануу менен каар.
* * *
Акылга-акыл кошулганда биз көрө элек сырдуу ажайып дүйнө жаңырып ачыла келет.
* * *
Токтоолук акыл менен айкалышса, ал адам жеңишке оңой жетет.
* * *
Ар дайыма капаланып жүрүү бул – дарт. Көңүл чөгүү адамды сөзсүз сары ооруга кабылтат.
* * *
Жатаарда жакшы келме келтирип, жаратканга, сыйынып жаткыла! Уйкуңар тынч болуп, жакшы түштөрдү көрүп ойгоносуңар!
* * *
Эмгек гана өлүмдүн жолун тосот. Эмгектен бакыт тапкан адамдды эли кайра-кайра эскерип, унутпай турат.
* * *
Туулган жерим кичинекей айылым, чоочун адамдарга белгисиз жер. Бирок менин жүрөгүмдө калкып жаткан чоң материк.
* * *
Адамга келишимдүү көрк бере турган нерсе, эмгек менен акылдын айкалышы.
* * *
Эмгек адамга байлыкты түзөт. Байлык адамга бакубат жашоону түзөт. Эмгек менен бакубат жашоо жанаша жашап, адамдын унутулгус өмүрүн түзөт.
Ажал коркунучтуу кубулуш, бирок ал талбас эмгек, таланттан сөзсүз жеңилип келе жатат.
* * *
Дүйнөдө жыргал уйку да бар, тынч жашоо да бар. Экөөнүн жанында жакшы ден соолук бар.
* * *
Адам үчүн эң эле табылгыс дары – күлкү. Бирок ал эч жерде сатылбайт. Күлкүнүн дарысын куудул,жайдары, жашоону сүйгөн көңүлүндө кири жок адамдар жаратат.
* * *
Ар бир адам бактылуу болууга тийиш, ал ошол үчүн төрөлгөн. Бирок бактысыз адамдар кайдан чыгып жатат?
* * *
Ар дайыма адамдын көңүлүн оорутуп жүргөн адамдар шектүү пенделер. Же алар билинбеген оорулуу адамдар. Ал ошол жаман мүнөзү менен адамдардын көңүлүн оорутуп, оору тараткан адамдар.
* * *
Өмүр бою убайым тартып жүргөндөрдөн кубаныч качат.
* * *
Жүрөгүң ооруп турганы балакет анткени, денеңин бүткүл бөлүгүн ошого баш ийип, ошол байкап ошол кам көрүп турат.
* * *
Адамга айтылган каар денеңе көңүл чөгүүнү жаратат, ал эми күлкү бүткүл денени аралап кубанычты жаратат..
* * *
Ушак денеге уурданып келет, күлкү ачык шайыр нур жаркытып келет.
* * *
Денеңдеги каарды кубалап чыкса болот, ал эми күлкүнү эч ким кубалабайт, анткени ал күлгүн өмүргө керек.
* * *
Суу кармалбайт, анткени суюк, адам жараткан күлкү көңүлдө кармалат. Ошол үчүн ал узак жашоону камсыз кылат.
* * *
Табияты суз адамдар күлкүгө караганда каарга жакын болот. Ошол үчүн алар тез улгайып, чачын ак чалат.
* * *
Жайдары, тамашаны сүйгөн адамдарды узак жашоону «Бергелгин» деп чакырып турат.
* * *
Адамда кайгынын чеги болот, ал эми кубаныч менен күлкүнүн чеги жок. Ошол үчүн жашоо күлкүгө жана ырахатка бөлөнгөн.
* * *
Жайдарылык жана эмгек менен жашаган адамдар дайыма өзүнө күлкүлүү өмүрдү чакырып турат.
* * *
Коркунуч – бул дарт. Ар дайыма коркунучту жараткан пенде баарыбыздын душманыбыз. Ал дарт шайыр жашоонун душманы.
* * *
Коркуп жүргөн адамга айлана-чөйрө баары башкача болуп көрүнүп турат. Анткени анын жүрөгүндө коркунуч кетпей турат.
* * *
Дарыгер үчүн эң башкы нерсе оорунун накта атын табуу, андан кийинки нерсе ошол ооруну кууп чыгуу. Кээ бир жарыгерлер оорунун атын таппай эле дарылай берет. Ал ден соолукка баш аламан иш кылгандык. Баш аламандык адамды байкатпастан өлүмгө кабылтат.
* * *
Жол бирөө ошол жолдо алмай-телмей каттаган жолоочулар өтө көп.
* * *
Миң кой бир карышкырды коркута албайт. Бир карышкыр миң койдун үрөйүн учуруп, коркута алат. Анткени койлор үчүн ал карышкыр жана жырткыч.
* * *
Бейкуттук жана жымжырттык адамдарга өтө керек, анткени ал адамдардын самаган нерсеси. Жымжырттык адамга келген чарчоону кууп чыгат.
* * *
Тамакты тер агызып иштеп табыш кымбат Аны аймап-жаймап жеп салыш баарынан оңой.
* * *
Адам уктаганда жалгыз эле эс албай кайра жаңырат.
* * *
Денеси чың, кайраттуу, акыл-эс жагынан толкуп ташкан адамдар, биздин коомубузга өтө керек.
* * *
Жаштык бул-ден соолук, а ден-соолуктун өзүнөн деле жаштык көрүнүп турат.
* * *
Дене тарбия адам үчүн өтө керек нерсе, бирок ал көп адамдардын көңүлүнөн сырткары калат. Андай адамдарга оору бат эле келет
* * *
Бир берилген өмүрдү туура эмес пайдалануу жашоонун
чачкындыгына алып келет.
* * *
Өмүр бул адамга берилген чоң ырыскы.ал ырыскынын кубанычын ошол адам өзү көрөт.
** *
Маркумдар күкүктүн үнүн такыр укпайт, бирок тирүүлөр күкүктүн үнүн угуп, өлгөндөрдү эскеришет. Анткени өлгөндөр бул жашоого күкүк сыяктуу үн салып кетишкен.
* *
Таразанын ташы салмактуу, кайгыдан кубаныч салмактуу, оор басырыктуу кишинин сүйлөгөнү салмактуу.
* * *
Адамдардын тирүүсүндө баркына жеткиле! Өлгөндөн кийин «Сыйлай албай калдым» деп, арманга батпагыла!.
* * *
Адамдын сүйлөгөнү, укканы, кыймылы, көрүүсү -жашоо.Согуп турган жүрөгү- өмүр. Демек ошол адам жашоосун, өтүп жаткан өмүрүн өз көзү менен көрүп турган.
* * *
Эмгекчил адам бир күндүк ийгилигинен шык жаралса, анысы бир айлык кубанычка тете.
* * *
Жылдын баардык убагында гүлдөп турган гүлдү көрбөдүм, бирок чыныгы акындын ырларынын баардык кезде гүлдөп турганын көргөм.
* * *
Өлгөндөрдүн жакшы сапаты, тирүүлөр үчүн үлгү. Алар үлгү болуш үчүн жашап, өтүп кеткен.
* * *
Байыркы-байыркы заманда элибизге каршы Көзкаман, Көкчөкөз
Алты арам деген элдин душманы чыккан. Азыр деле ошондой душмандар бар. Адамдар баардык кезде ошолордон сак боло жүргүлө!
* * *
Өлүм – ачуу, өмүр – таттуу, демек жашоо өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш.
* * *
Чыгат деген күлүк чыкпай калды, эмне кылабыз? Эл башкарган уулубуз эл ишеничин актай албай калды, эмне кылабыз? Күткөн үмүт аткарылбай калды, эмне кылабыз?
* * *
Ар бир эл сырткы жана ички душмандан коргонот. Сырткы душмандан жалпы эл коргонот. Баарынан ички душман жаман, арабызды жүрүп ичти иритет. Демек сырткы душманга караганда ички душмандан өтө коркунучтуу элес келип турат.
* * *
Эмгекти баалап эле жөн койбой, андан биз жакшы өнөрдү үйрөнүшүбүз керек. Биз үйрөнсөк өзүбүз байыйбыз. Биз эле эмес элибиз байыйт.
* * *
Талант – бул кандай нерсе дейм, ал эмгек жана сүйүүнүн ортосунан жаралган бакыт болуп жүрбөсүн. Талант бул бизге эле эмес бизден кийигки муундарга да керек болуп жүрбөсүн.
* * *
Жашоонун өңү кызыл, ал күрөштүн өңү, ал бизге дайыма керек. Күрөш токтоп калган жерде ийгиликке жетиш өтө кыйын.
* * *
Өлкөнү талап тоношту ким талап тоноду? Элдин башына эрки, кайраты жок киши келди. Ошол талап тонотту.Баары эле биригип элдин шору болду.
* * *
Турмуш бул агып жаткан улуу дайра, анын үнүн угуп туруу биз үчүн чоң кубаныч.
* * *
Бизде биримдик, сыйлоо, эмгекчилдик, урматтоо, сүйүү, достук бар. Анда бизде баары бар. Биз өтө байбыз.
* * *
Дайранын оң жээгинде актык, тазалык, эмгекчил эл турат. Ал эми сол жээкте коррупция, жеп ичкендик, эл душмандары турат. Биз кайсы жээкти тандап алалы? Албетте бизге оң жээкте жашоо улук, Бирок сол жээктегилер биздин тынчыбызды алып жатат. Биз эми эмне кылабыз? Жалпы элге коркунуч жаралып жатат.
* * *
Ар бир адамга өзүнүн өмүрү өзүнчө повесть ал чыгарма анын өмүрү бткөндө жазылып бүтөт.
* * *
Санжыра эмне үчүн жаралат? Ар бир адамдын ата-теги ким экенин билиш үчүн аны унутпай айтып жүрүш үчүн же анын
баарыбыз үчүн сырдуу баяны бар. .
* * *
Балаңы өзүңө каршы тарбиялаба, ал өзүңө элдешкис душман болот.
* * *
Жаманчылыкты адамдарга көп жасаба, акыры анын аягы өзүңө кайтып келиши ыктымал..
* * *
Өлүм мага келбейт деп ойлобо, улгайган сайын ал сага жакындай берет. Бирок аны кайраттуу түрдө тосуп алганга даярдан.
* * *
Он досуң кечире албаган бурганактуу суудан бир эле досуң кечирип коюушу мүмкүн.
* * *
Адамдар бирөөгө жаманчылык кылганын улгайганда сезет, эмне үчүн аны учурунда байкаган эместигин дагы сезет.
* * *
Кудай деген адам биринчи өзүнүн анан жанындагы адамдарды сыйласын, анын сыйын көргөн пенделер жакшылыкты кайра сый менен кайтарат..
* * *
Ушунчалык бай болуп жаныңдагы жарды адамдарга кайрымың тийбесе сен деле жарды адамсың.
* * *
Баласын жакшы тарбиялаган ата акылман, кызын жакшы тарбиялаган эне насаатчы, демек акылман менен насаатчынын ортосунан жакшы уул, жакшы кыз жаралат.
* * *
Бир улуу учкул сөздүн куну он жылкыга барабар. Он жылкы мезгили келгенде жок болот. Ал эми учкул сөз кылымдарга унутулбай кала берет.
* * *
Баласы акылдуу жаралса ал дагы кубаныч, кызы акылман болсо бул андан бетер кубаныч демек бул жашоого жакшы жаштардын жаралышы аябай чоң кубаныч.
* * *
Сен ар бир айда бир жакшы нерсени жаратсаң ал дагы кубаныч ал эми ар бир күндө жакшылыкты жарата берсең ал чыныгы өлбөстүк.
* * *
Каалаганына жетпей калган сүйүү арман. Анын тагы жүрөктө сакталып калганы андан бетер арман.
* * *
Мен боз үйдөн жогору жакты карап, көктү көрөм. Асманга тийип турган түндүктү көрөм. Жана боз үйүн жүктөп, көч көчүрүп келаткан, Теңир-Тоолук кыргыз элин көрөм. Ата-бабаларымын караанын көрөм.
* * *
Эчаккы түшкөн сүрөтүбүз бизге эстелик. Ал келечекте өткөн курагыбыздын жылган закымын эстеткен элес – таберик жана эстелик.
* * *
Адамдын көзү – жашоо, жүрөгү – өмүр, демек адам өтүп жаткан өмүрүн көрүп турган экен.
* * *
Эмгекчил адамдын бир күндүк өмүрү бир кылымга тете дешет. Демек ал адам бир күндө эле бир кылымдык жаңылыкты ачып кеткен.
* * *
Мезгилдин баардык кезинде гүлдөп турган өсүмдүктү көрбөдүм, бирок чыныгы акындын ырларынын баардык кезде гүл ачып гүлдөп турган гүлдү көргөм.
* * *
Өлгөндөрдүн жакшы сапаты тирүүлөр үчүн үлгү, алар ошол үчүн жашаган.
* * *
Өлүм – ачуу, өмүр – таттуу, демек жашоо өлүм менен өмүрдүн ортосундагы күрөш.
* * *
Өлгөндөр күкүктүн үнүн такыр укпайт, бирок тирүүлөр күкүктүн үнүн угуп, өлгөндөрдү эскеришет.
* * *
Эмгекчилдикти баалап эле койбой андан биз үйрөнүүчү нерсе өтө көп экенин билелик. Биз билбеген башкы сыр ошондо жатат.