
Бабалардын баяны 2
Кайберенден келген кыз көзү ачык пенде болуп, ал адамдын келечегин жана алды да боло турган иштерин акыл сезими менен туюп турчу. Ошондой эле адамдын оюн илгерлетпей сезген сезимтал пенде эле. Береги жакшы сапатынан анын айыл арасында төбөсү көрүнүп келаткан. Алсейит менен эненин ортосунда бири-бирин сыйлоо сезими жаралып, алар үйлөнгөндөн кийин бир түнү жылдыздуу маалда сонун ойлорго бактылуу келечекти ойлоп жатышты. Алсейит эң сонун жарлуу болгонуна кубанып, анын бактысынан дагы бир жылдыз чачырагандай болду. Бейшембиден жумага өткөн түнүндө ата кайберен эне жаткан төшөктү караса, анын көкүрөгүндө шоолалуу нур ойноп,төгүлүп жаткан экен. Шооланы таң калып карап калды. Шооланын өңү кызыл келип, бир чети жашылга өтүп кетип турду. Алсейит нурду кармалады эле колуна кут конгондой жүрөгү опколжуп кетти. Балкм бул шоола боз үйдүн тешигинен келбесин деп ойлоду. Бирок үйдүн түндүк жабуусунда, туурдуктун бир жеринде да жыртык жок эле. Ал эми эшикте жымыңдап жылдыздар даана көрүнүп, ай улуу тоого эчак эле отуруп, караңгы болуп, тарап көзгө сайса көрүнгүс. Бирок мүйүздүү энени көкүрөгүнөн кызгылтым жашыл шоола төгүлүп жатпайбы. Ата жанып турган нур бекер эместигин түшүндү. Алсейит нурду кармалап көрдү. Энеден жакшылыктын элеси жанып нурдан жылуулук менен бакыттын илеби төгүлгөндөй. Терең уйкуда жаткан мүйүздүү эне атанын деминен ойгонуп кетти да, көзүн ушалап атага саналуу кайрылды:
– Эмнеге уктабай турасың? Менин сага айтаар үч өтүнүчүм бар эле.
– Ал эмне өтүнүч?
– Үч өтүнүчүм бар аны аткарсаң айтам, аткарбасаң кереги жок.
– Деги колдон келе турган нерсеби?
– Колдон келбей турган нерсени эмнеге айтмак элем.
– Анда аткарайын сеникин аткарбаганда кимдикин орундатам.
– Байым аны ошентип атоочу сага ички сырымды айтайын, денеми жууп жатканда үйдөн чыгып кеткениң жакшы. Жылаңач тулкумду кароого болбойт. Экинчи өтүнүчүм мен киммин? Кайдан келдим? Аны такыр сурабагын, иши кылып улуу тоонун кудай жараткан пендесимин. Анан айта турган үчүнчү талабым турмуш миң кырдуу, көп сырдуу келет эмеспи, эрди катын болгондон кийин урушпай койбойбуз. Ошол кезде мени башка чаппа, пенденин башы ыйык касиеттүү болот. Башка чаап кор кылба! Биздин касиет башкага ооп кетет. Мүйүздүү эне менен Алсейит ошентип үйлөнүп күндөр билинбей өтүп жатты. Экөө бири-бирине мүнөзү дал келишип, мамилеси суу кечип кеткени жакшы болду. Алсейиттин жашы да эр ортонуна жакындап калган эле. Эркекти эркек кылган зайып заты эмеспи. Алсейиттинн эл арасында салмагы арта баштады.
Ошондон кийин бир топ мезгил ала салып өттү. Далай суулар жээк кемирип акты. Ушул кезде жайдын сонун күндөрүнүн бири эле. Мүйүздүү эне боз үйдө денесин жууп жаткан маалы болчу. Алсейит ата сыртта жүрүп эркектик кумары кармап кеттиби берген убадасын унутуп боз үйдүн тешигинен ич жакты карап жатты. Аял кадимкидей эле жуунуп жаткан экен. Анын сырткы кебетеси бир эсе мүйүздүү кайберенге бир эсе аялга окшоп кетип турду. Мурун даана байкабаган эле эми аныгын билди. Ургаачынын башында эки мүйүздүн оорду бар экен. Муну башын жууганда келиндери да көрүп калган эле. Ошондон кийин кайыптан бүткөн мүйүздүү эне болуп аталып кетти. Аял жуунуп бүтүп эшикке чыкты. Эне Алсейит атага жакындап өзүнүн таарынычын айтты:
– Бекер кылдың байым, мени байкаган жок дейсиңби, менин көзүмө боз үйдүн ичинен сырт даана алаканга салгандай көрүнүп турду.Тукумубуз саал азыраак болуп, эл журттун керегине жараган таанымал болчу балдарыбыз арбын болбойт беле. Арман күн ай, менин тулку боюм жашыруун сыр боюнча кала берсе болбойт беле. Жаратканда канча жашыруун сыр бар, деги алардын аягына качан билип чыгууга болот. Бирок жаратканым колдоп, тукумубуз арбый берет. Күн эгем, жер энемдин мейкининде учугубуз бөксөрбөйт,-деди сүйүнө ыраазыланып.
Ыйык эне менен адамдардын ортосунда жалгашкын кайберен эненин биз билбеген касиеттүү жактары арбын эмес беле. Ошондо Алсейит ата бул сөзгө анчейин маани берген эмес. Өмүрүнүн акырына чейин ошол жаңылыштыгын көп эстеп далай арманданчу, балким энеге сук артпаса алардын тукуму мындан дагы арбын болуп, акылман уул кыздары көп чыгып, эл башкарып, калың журттун эгеси болчу аалымдары да арбын болот беле ким билет? Кыргыздардын бири-бирине көрө албастыгы тээ алмустактан бери келаткан илеешчек дарт эмеспи. Эки мерген таап келген кайып кыз Алсейитке турмушка чыгып ошону менен анын зоболосу көтөрүлүп кеткен экен. Эки аңчы дайыма ошого көрө албастык, ач көздүк кылып келген. Алсейит ата бул абалды билип турса да, айкөлдүк кылып аларга эч жамандык кылган эмес.
Мезгил өтө кыш артта калып, күн жылымыктап улуу тоолордун кары кетип, жаадыраган жаз жылмайды. Тоонун жылуулугу менен текеден чыккан Теңир Тоонун эчкилери улактап, жан-жаныбарлар кыштан аман-эсен чыгып, жазгы жашоого кам ура башташты. Ал мезгилде деле Асанмырза менен Арыкмырза баягы аңчылык өнөрүн улантып жатышты. Текелерин атса бир жөн эле курсагындагы улагы бар эчкилерди атып жатышты. Алардын көтөрүм болгон этин майга аралаштырып куурдак кылып жеп жатышты.
Кайыптан бүткөн эне мергенчилерди карап:
– Абалар, эчкилер улактаар мезгилде байкуштарды атпагыла, силерге да, аларга да убал болот,-деди сылыктык менен.
–Бизге буйрук бергендей сен ким элең, тентип таштардын арасында жүргөн кезиңде адам кылалы ,– деп сени быякка алып келбедик беле,– деп акырая карады. Кыяр мергенчилерди эне сыйлоочу байкап көрсө, алардын ичинде жүргөн кастыгы бар экен. «Түшүнбөгөн кем акылдарга кайдан да айттым эле»– деп ойлоду. Бирок эркин тоонун кайберендерин күнөөсүз өлтүрүп жатпайбы. Ургаачы бул сөздү угуп денесин калтырак басты:
– Мейлиңер өзүңөр билгиле силерди урматтоочу элек бирок мага акараат келтирбегиле. Анын өзү жаман болот,– деп эскертүү иретинде айтты.
Эки бир тууган энени карап сен ким элең дегендей мазактап күлүштү. Бул күлкү эненин жүрөгүн аралап замансы куурулуп турду.
***
Тоонун адамдары өз турмушун өтөп жатты. Алар бийик тоодон түзөңдөп, шамал тийбеген ыктоо жерге кыштамай болушту. Баягыдай эле эки мерген жапайы кайберендерди ылгабай ата берди. Аңчылар көп кол салып ийгендиктен Теңир Тоонун эркин малы башка жактарга ооп кетип жатышты. Мүйүздүү эне күндө чыккан мылтык үнүн угуп айыпсыз атылган кайберендердин тукумун аяды. Кээде жаш төгүп ыйлап да алчу эле. Жаратылыш эне менен адам эненин жаралган жери бир эмеспи.
Эки бир тууган мүйүздүү энеге атаандаштыбы, аңчылыкты такыр токтоткон жок. Ала-шала кайберенди атып келе беришти. Алардын жоругу башка адамдардын иренжите баштады. Бирок аңчыларга «Бул жаман иштерди токтоткула, кайберендердин каргыш-илкиши болот жана кудайы колдоочусу бар» деп, эч ким айта албады. Анткени эки мерген тең кырс улуу-кичүүгө карабай адам задисинин көңүлүн калтырып койчу. Бир күнү мүйүздүү эне Карамырза менен Асанмырза отурган өргөөгө баратса боз үйдүн бери түшө калышында, аркар-кулжа кийиктердин баштары, мүйүздөрү аркайып-каркайып жаткан экен. Алар от жаккан күл менен аралашып калыптыр. Ошондо мүйүздүү эне катуу иренжип каргаган
экен. Бул каргыш Карамырза менен Асанмырзага карай айтылыптыр дешет. «Тукумуң жүзгө жетпесин, жүзгө жетсе, күзгө жетпесин» деген экен. Эненин оозунан айтылган сөз жаза кетпейт эмеспи, санжырада бул эки бир туугандын беркилерге караганда тукуму аз болуп калган дешет.
Тоого көп чыгып, ден соолгунун бузулганынанбы кийинки учурда Карамырзанын башы айланып мурдунан кан көп кетчү болду. Ал эмес суук тийип, Асанмырзанын буту оорулуу болуп калды.
***
Бийик аскасы бар Нарын тоолору. Тоо башындагы карлар эрип өзөн-сайлар ташкындап кирип жаткан учурлары эле. Катуу кирген суудан ээрдей болгон кара таштар ала-сала агып кетип жатты.
Ушул күндөрдүн биринде тээ Көтур Төрдүн түшө калышындагы конгон айылдардан алты мерген аңга чыкмай болушту.
Мерген башчысы Карамырза айтып калды:
– Буюрса тоонун аркар-кулжа, кийиктери кара эти толуп майы алып калышты, атып келип, куурдак кууруп жей берели.
Анын сөзүн берки мергендер жиреп кетишти:
– Анда эмесе ошондой кылалы, ансыз деле бекер отуруп, кымызды иче берип зеригип кеттик.
– Баса чын эле үй кайтаргандай биз бала белек, эртең эле аңчылыкка чыгабыз.
– Карамырза агабыз бизди баштап чыкса эле жолубуз болот.
– Ал биздин атактуу мергенибиз, ал эмнелерди гана атпады.
–Абабыз кийиктин оттогун жакшы билет. Ар бир мезгилде кийиктердин кайда кеткенин жаңылбай айтып берет.
– Анын алдынан эч бир кийик аман качып кутулган эмес.
– Ал бир атканда жыйырмага жакын кийикти аткан күндөрү болгон.
– Карамырза агабыз ылгабай эле ата берет. Бир жолу жаш он улакты атып келиптир.
– Атса эмне экен улактын эти жумшак болот, куурдак кууруп, артынан кымыз ичип алсаң жыргап эле калбайсыңбы.
Анын сөзүнө баардык мергендер жыргап күлүп калышты.
Ошонун эртеси эле түзөңдөгү адамдар ок дары мылтыгын белендеп, аңчылыкка даярдана башташты. Аңчылыкты Карамырза мерген баштап чыкмай болду.
Анчылыкка чыгаар түнү мерген бир жаман түш көрдү. Ошол түштү аялына айтты эле:
– Аңчылыкты таштасаңчы, тоого баса албай карып деле калдың,-деди.
Бирок мерген аялынын айткан сөзүнө мойнобой койду. Аны бийик тоонун семиз аркар, кулжалары чакырып туруп алды. Алардан мурун кайберендердин куурдагын жеп, артынан кымыз ичкиси келип туруп алган эле…
***
Ошол ак кар баскан улуу тоодо кайберендердин тобу бар эле. Бул топту Аксак кулжа башкарып жүрчү. Баардык кайберендер ошого баш ийчү. Аксак кулжа өтө сак болуп, кароолду абдан мыктап коёр эле. Антпесе болбойт ар бир кайберен өз алдынча кете берсе ит-кушка же адамдарга жем болгон жатпайбы. Аксак бул жердеги мергендердин баардыгын билчү. Ал үчүн өтө коркунучтуу аңчылардан болуп, ушул Кара мерген аталган. Кайберен «Кара мерген»– деп Карамырзаны атап жатат. Анан дагы «Бүкүр» мерген деген бар ал ар дайым бүкүрөйүп басат. Ошондуктан аны ошондой атап алган. Ал ар дайыма аңчылыкка беш-алты киши жана айдооч тайгандары ээрчитип чыгат. Андан кутулуу оңой эмес. Ал «Бүкүр» далай кайберендин башын жайлаган. Аксак кулжа үчүн ушул мезгил өтө кооптуу, мергенчилер бул убакытта биринин артынан бири келип, тоонун кайберендерин атып кете беришет. Ошол үчүн өтө сак болуш керек. Аксак кулжа алар келатса, кайберендердин тобун ээрчитип, адамдар жетпеген аскаларга чыгып кете берет. Ал көп жолу ошондой кылып, үйүрдү аман сактап калган. Бирок аңчылар да акылдуу алар өтө жашыруун жол менен келип кайберендерге кол салып жүрөт. Аксак кулжа ар дайыма эки чебич, же эки улактан кароол дайындайт. Аларга ишенбей ар дайыма өзү көз салып турат. Кайберендерде ар бир топ өзүнчө жүрөт. Антпей баары чогуу жүрсө ит-кушка оңой жем болмок. Аксак кулжанын тобу башкаларга кошулбай өзүнчө бөлөк жайылат.
Мына сонун жайдын убагы жердин чөбү жакшы жетилип, күчүнө келген чагы. Ар бир жандык «Жашаң чөптөн жеп эт алып алайын»– дейт.
Ушул кезде Котур Төрдүн башындагы тайпаң бетте Аксак кулжанын тобу жашаң чөптө оттоп жатты. Эки чебич бийик таштын үстүнө чыгып кароолдо турат. Эч нерсе көрүнбөйт. Алар өтө сак. Караан болсо эле коркунучтуу маарап кабар берет. Белгини уккан кайберендер качып жоголот.
Чөпкө тойгон аттарды минип, мылтыктарын асынып, Карамырза мергендин тобу келатты. Ал Котур Төрдө кайберендердин оттоп жатканын билип, аларды үркүтпөй үч топко бөлүнүп, туш-туштан курчап мылтыктарын атмай болушту. Кексе мерген өмүр боюу аңга чыгып, кийиктердин сырын жатка билип алган эле.
Кароолдо эки улак турган эле алар сүзүшө кетип, алаксып ойноп жатып алды. Ушул кезде мергенчилер чукул өңүп, кайберендерге жакындап келди. Эки жигит тайгандарын жетелеп, жыт алдырбай, чыгыш жагынан чыгып, кийиктерди үркүтмөк. Үрккөн кайберендер жардын алдындагы чубамадан өтүп, бийик аскага карай чыга качмак. Ушул кезде тайгандар кийиктерди кууп калды, алар түндүккө карай тараша карай бой урду. Ал жерде жашынып жаткан мергендер келе жаткан кийиктерди атып кирип, бир топ жаныбар өлүмгө учурады. Кайберендер ал жерден качып, чыгыштагы аскаларга чыгып кетүүгө аракет кылып, чубамага жакындап анан аскага карай жармашып, андан ары кутулуп кетмек. Чубамада бир бала мерген менен Карамырза турган. Кайберендер жакындап келгенде экөө атып киришти. Баланын мылтыгы от албай койду. Карамырза атып жатып, бир топ кийикти кулатты. Акыры огу түгөнүп калды окшойт, ата албай калды. Бирок бир огу бар экен жакындап калган Аксак кулжаны көрүп, аны атууга камынды. Мерген бир ок менен жаныбарды атты. Жаныбар Карамырзаны тике карап кыймылдабай туруп берди. Ок анын оң капталынан терисин каарып өттү. Кайберен мергендин огу түгөнүп калганын сезди окшойт, тике эле адамга карай каршы барып, анын жанынан өтүп аскага карай чу коймок. Ушул кезде Карамырза мүйүздүү кулжанын түз эле өзүн карай келатканына таң калып, бир эсе сестенип, бир эсе таң калып, мылтык менен кайберенди башка чаап жарадар кылмак болду. Кулжа каркайган мүйүздөрү менен мергенди качырып барып сүзүп калды. Мергендин көзүнөн от чагылышып, жаны оозуна келе түштү.
Ал ыргып барып жерге жатып калып, көзүнөн өт чагыла, бели бир нерсе болгондой сезилди. Мерген көптө барып эс алып, эмне болгонун байкабай калды. Өз ичинен таң кала «Ушундай да болобу»-деди. Арыда өзү аткан кайберендерди карады. Бир эки кийик чала жан болуп, анда санда кыймылдап коёт. Ал кайберендерди аяды. «Же тирүү эмес, же өлүү эмес жаткан экен. Бул кудайга жакпайт. Мерген турайын»,-деди тура албады. Белин бирөө сындырып кеткендей болду. «Белими ким сындырды?» тура албады. Ал эмгектеп барып, чөнтөгүнөн курч бычагын алып, бир кийикти мууздап кирди. Мерген аны араң дегенде мууздады. Курч бычак жүлүнгө тийгенде жаныбар бутун тыбыратып, жан талаша башы менен мергенди бир канча жолу түрттү. Аңчынын алы кетип, шайы ооп барып, араң дегенде жандыкты мууздады. Ал өзүнө таң калды «Эмне үчүн жаныбарга бата кылган жокмун, мен буларды көп атып каргышына калдым беле ия?»-деди. «Ошондой болду беле? Ошондой болгонго, канча жылдан бери аңчылык кылып келе жатам?. Балалык курактан бери жаныбарларды атып келе жатам. Канча жаныбарды өлтүрдүм, санаган эмесмин. А канчасын капкан, кылтак менен кармадым. Ошол жаныбарлардын убалы мени уктатпай жатабы? Колума курал тийсе эле жаныбарларды өлтүрүүгө киришем ушул жакшыбы? Эмне үчүн аксак кулжа мени сүздү, анын менде өчү бар беле ия? Мен канча кийикти аксак кылдым, көп эле жаныбарды аксак кылбадым беле? Бул канчанчысы?» Мергендин башына сан ойлор келип-кетип турду. Анын оюу кээде чар жайыт болуп жатты. Турайын деди тура албады. Кулжа мергенди катуу сүзгөн экен. Ошол үчүн тура албады. Бирок ыйынып-ышкынып атып араң турду. Ары-бери басты такыр алы жок. «Ушундай да болобу, жаратканым мага эмне жазаны буйруп жатат». Анын колу, чепкени баары кан болуптур. Ал кан болгон кебетесин көрүп, өзү коркуп кетти. Кимдир бирөө менен бычакташкан сыяктуу болуп калыптыр. «Мен ким менен бычакташтым, адам мененби, жок кайберендер менен. Кайберендер ыйык канын мага сыйпап кеткен тура. Бул эмне? Биздин канга забын болдуң дегениби ия? Же канга кан деп жатабы? Ошондой болуптур. Белге сүзүп, омурткамы да оордунан козголткон окшойт. Белим күч бербесе баса албай адам болбой жетелетип калам го?» Ал кан болгон денесин жууганга сууну карай араң кадам шилтеп баратты. Аркар сүзгөн жери ачышып ооруп, жаны көзгө көрүнүп жатты. Дагы бир жыйырма кадам басса эле, сууга жетип кан болгон жерин жууп, суу ичип тыңып калмак. Бирок андай болгон жок. Ал илең-салаң басып баратып, анан чоң эки таштын ортосунда шиберлүү жерди көрүп, ошол жерге эс алыш үчүн отура кетти. Отура кетти да, эс алыш үчүн жантая жата кетти. Шиберлүү жерден ары аюу казган ийинди көрүп, мерген сойлоп отуруп ошого кирип кетти. Эс алыш үчүн көзүн жуумп, ошол бойдон кыйналган неме терең уйкуга кетти. Берки мергендер үн салып, Карамырзаны издеп жүрүштү бирок эмнегендир аны эч жерден таба алган жок. Анын аткан кийиктерин жана мууздалган жаныбарды баарын жада калса минген атын да тапты, бирок өзүн таба алган жок. Такыр таба албай койгондо «Карамырза аба кайдасың?» -деп кыйкырып, айлананы жаңыртып издеп жүрүштү. Эч бир дабыш жок кайда житип кеткени билинбейт. Айланадагы таш, коргулдардын баарын тинтип карап чыгышты. Бирок таба алышпады. Эмне болгону белгисиз. Бийик тоону иңир аралап түн кирип келатты. Мергенчилер кийик эмес, бир тууган абасын таба албай айлалары кете баштады. « Балким жөө айылга кетип калдыбы?» деген божомолдо болушту. Бир адамды айылга чаптырып, өздөрү айланадан издей башташты. Бирок табылган жок. Айлалары кеткенде чоң таштын түбүнө отуруп эс алууга өтүштү. «Эки жактан Карамырза келип калабы»-деп шыбырт күтүштү, бирок эч шыбыш болбоду. Айылга кеткен адам баардыгына айтып чыкты. Бирок түн кирди, караңгы түндө алар эмне кылмак эле. Ошол түнү Карамырза мергендин үй- бүлөсү такыр тынсызданып чыгышты. Мерген кабарсыз эмне болду? Ызгаардуу күз түнүндө катуу суукка учурап калбаса экен? Айыл эртеңки таңдын атышын күттү. Каардуу кыш кирип келаткан күз убагы болчу. Тарапка небак суук түшүп, жер тоңо баштап, суунун үстүнө катмар-катмар муз каптап калган.
Эртеси жерге жарык төгүлүп, таң куланөөк атты. Эркектер атчан, жөөлү мергенди издөөгө чыгышты. Ошондо Карамырзанын бой жетип калган баласына Мүйүздүү эне келип айтып турду.
– Абабыз эки жарык таштын ортосундагы аюунун үңкүрүндө жатат, аны ошол жерден таап аласыңар,-деген божомолду кобурады.
Адамдар ашыгыша жөнөп кетти. Алар жолдон дагы мергенди издеп кетип баратышты. Атчандар Котур Төргө бат эле жетип аңчыны издеп киришти. Ыйык эне айткандай аңчы чоң жарык таштын ортосундагы аюунун үңкүрүнөн табылды. Карамырзанын денеси өтө коркунучтуу болуп калган эле. Алды жагы бүт кан. Көргөн адамдар ойлонушту: «Бир жандык менен кармашкан окшойт»-деп. Денесин чечип көрүшсө баары аман эч жеринде шек жок. Анан эмне үчүн кан? Мууздалган кийикти көрүп, ошонун каны чачыраганын билишти. Мерген такыр тил оозсуз эле. Аны атка өңөрүп айылга алып келишип, чечиндирин башы -колу жууп ысык төшөккө жаткырышты. Эмчи-домчулар мергендин тамырын кармап көрүп, «Алы кетип калыптыр, көзүн ачсын»-дешти. Мерген эки күндөн кийин араң көзүн ачып, үл-бүлдөгөн жарык дүйнөнү көрүп, бирок тил-оозсуз жатты. Мерген көзүн ачканда Эмчи эне айтты:
– Кагылайын Карамыза бизди коркутпай көзүңү ачсаң, эмне апаатка кабылдың баарын айтып берсең боло!
Мерген кубанычтуу эки жакты карап, анан кайра көзүн жуумп уйкуга кетип жатты. Адамдар «Жакшы эс алсын анан деле эмне болгонун айтып берет»– дешти. Уктап жатып эки жолу: «Аксак кулжа келатат, сүзөт»-деп кыйкырып жиберди. Жанындагы адамдар таң калды. Алар окуя аксак кулжа менен байланыштуу экенин сезишти. Аялдар ыйык Мүйүздүү энеге кайрылышты. Ал айтты: «Жаратканым ата-бабанын арбагы колдоптур же болбосо, зыян болуп калмак экен. Ал мергендин белин сыйпалап кармап көрүп: Кайберен белге сүзүптүр, омурткаларга зак кетиптир, жакшылап эс алсын анан дары сыйпап айыктырабыз»,-деди. Көзү ачык эне окуянын эмне болгонун бат эле билип койду.
Карамырза эки күндөн кийин эсине толук келип, уйку-соонун ортосунда өткөн бир элести эстеп, эмне окуя болгонун баарын сыдыргыга салып жатты.
Анда эң сонун жайдын күнү болчу. Жээрде атын минип, мылтыгын асынып, Котур Төргө аңчылыкка чыккан. Сорок Таштын түбүнө жашынып, кайберендерди аңдып жатты. Кайберендер эчтекеден капары жок Сорок Ташка жакындап жайыла баштады. Ошондо мерген удама-удаа мылтык атып эки аркарды кулатты. Үчүнчүсү мүйүздүү чоң кулжаны атты эле, ага ок бутуна тийип, жарадар болуп аксаңдап кетти. Мерген эми эсине толук салып, ошондогу чолок кайберен ушул кулжа экенин эстей койду. « Жарыктык эстүү кекчил жаныбар мени унутпай эстеп калган экен, канча кылса да менден өчүн алайын дептир. Алды окшойт»– ооруган жерин эстеп онтоп жиберди.
Ал жанындагыларга эмне окуя болгонун баарын аныктап айтып берди. Аны бугу эне белине кыйтайдын кырма дарысын, түркүн чөптөрдү жана жаныбарлардын майын сыйпап жатып араң адам кылды. Мерген жарым ай болот дегенде оордунан туруп басып калды. Аркар сүзгөндө белине катуу зак кетиптир, омурткалары жылышып кеткенби ким билет. Андан кийин ал чоң аңчылыкка чыга албай калды. Эки жакка көп баспай үйүн эле айланып калды. Ошол оорунун залдарыбы ооруп жүрүп, төрт-беш жылдан кийин бул жашоону таштап тиги дүйнөгө узап кете берди.
***
Күндөр тынымсыз өтүп жатты. Кайберен эненин боюна бүтүп талгак боло баштады. Болгондо да кайберендин сүтүнө. Ал башка жандыктардын сүтүн ичип көрдү бирок талгагы жазылбады. Ошол өтүнүчүн Алсейит бийге кобурады. Бий ары бир ойлонуп, бери бир ойлонуп, «Канча кылса да, кайберендин тукуму эмес беле, ошондуктан жердигин тартып, өз энесинин сүтүн самап жатса керек» деген тыянакка келди.
Бир күнү Арыкмырзага байбичеси кайрылды:
Байым биздин мүйүздүү келинибиз кайберендин сүтүнө талгак болгон шекилдүү. Ургаачы кийик атсаң, терисин сыйырбай төшү менен алып келип бере көр. Сүтүн эмсин байкуштун бир сообуна жара,-дептир.
Арыкмырза кезинде көзгө атаар мерген болгон экен. Бирок инилери менен мылтык талашып сороктоп жарышпайын,-деп куралды таштап койгон. Ал бекем жерге катып койгон мылтыгын алып, басыгы жеңил Тору атын минип, кичинекей кол чанач кымызды канжыгага байлап, эки жигит менен күлүк тайганды ээрчитип улуу тоого жөнөп калды. Убакыт көп өткөн жок, салаңдаган карды жарык асканын оң жагындагы кара корумда топ кийик жуушап жаткан экен. Мергендер шамалы жок тарап менен эч шыбыш бидирбей, кайберендерге өңүп жакындайт. Айдоочу болуп тайганды ээрчитип эки жигит кеткен эле. Алар кийиктерге улам жакындап үркүтө шыбыш берди. Адамдын шыбыртын алган кайберендер дыр коюп Асанмырза тарапка үркүй качты. Мерген эчак эле мылтыгын белендеп кайберендерди атканга даярданып турган. Эч нерседен капары жок жаныбарлар мойноктон чубуруп өтө баштады. Аңчы аңдып отуруп улагы чоңоюп калган кийикти атты. Ок жаныбардын төшүнө тийген окшойт оңко-чоңкосунан барып кулап жыгылды. Улагы жыгылган энесин карап бир-эки жолу маарап алды да, качкан кийиктердин артынан узай жөнөдү. Арыкмырза кайберендин тулкусун атка артып жөнөп, аны бүтүндөй Алсейиттин үйүнө түшүргөн экен.
Эне чын көңүлүнөн ыраазы болуп:
–Тукумуңар көбөйүп, конушуңар көктөсүн ылайым жамандыкты көрбөсүн,-деп жакшы батасын берген экен.
Мүйүздүү эне кийиктин төшүн боз үйдөгү ала баканга илип, эшикти бекитип алды. Мүйүздүү эненин бир арамзаа келини бар эле, үйдүн тешигинен «Эмне кылаар экен» деп ошол энени аңдып карап турду. Эне төштү илип коюп эмчекти эмүүгө киришти. Эмчек ийип, сүт кадимкидей чыгып жатты. Келин бул жөрөлгөнү жакшылыкка жоруп, «Биздин түбүбүз кайберенден жалгашкан турбайбы»– деди. Анткени эмчектен кадимкидей сүт чыгып жатпайбы. Эне сүттү ээмп болду. Кебетеси анан талгагы канды окшойт. Ошондо энени аңдып турган келин боз үйгө жакын жердеги токойдон бугунун ичке үнү чыкканын кадикидей уккан экен. Бул үндү Алсейит атанын уккан жөнү да бар дешет. Анда-санда ошол токойдон кайберендин жылаажындуу назик үнү адамдарга угулуп турчу экен. Ата тукуму кайберендин тукумунан жалгашканбы. Анын эсине ошондой укмуш кыял элестер келип-кетип турду. Андан бери биз жашап өмүр сүргөн тоонун койнунда далай жаз келип, далай кыш чапкан аттай узап кетти.
Уламада ошол тээ байыркы заманда «Кыргыздар алсыз болуп, калмактар үстөмдүк жүргүзүп турган убак экен»– деп баяндалат. Андан бери далай кылым учуп өтүп кетпедиби.
Бир жолу калмак тайшысы менен Алсейит бий жолугуп калды. Ошондо калмак башкаруучу:
–Силер бизге алык-салык төлөп тургула анан дагы айткандарды аткаргыла эки эл болуп ирегелеш коңшу амандыкта жашайлы,-деди.
Тайшы Бадман ары митаам, ары жоокер чалыш адам эмеспи, кыргыздар менен касташып турууну туура көргөн жок. Алардын деле тынчын алган душмандары көп эмеспи. Түштүгүндө карай курттай быжылдап кара кытайлар тубайбы. Андан бериде аттарын удургутуп уйгурлар жүрүшөт. Эмне болсо да кыргыздар менен ынтымакта турууну каалады. Бирок калмак тайшысы кыргыздардын чыңдалып эл болуп кетишин да каалабайт. Ким эле душманын кайраттанып кетишин кааласын.
«Элди согуш балээден аман сактап коңшулар менен жакшы мамиледе турайын»– деп Алсейит бий калмактын тайшысы Бадмин менен алыш-бериш кылып жакшы катышта болду. Күндөрдүн биринде тайшы Алсейит бийди аялы менен чакыртты. Анткени алык-салык жакшы келип, Алсейит бийге анча-мынча сый көрсөткүсү келген эле. Андан башка Бадмин мүйүздүү эненин адамдан башка сапаттарын угуп, ыйык адамдын сапаттарын байкап көргүсү келген. Бий тайшыга ар кандай тартуу менен барат. Бадмин адмдын сырын байкап, көптү көргөн кексе адам эле. Ал мүйүздүү энеге көзү түшүп, шылтоо менен «Күйөөсүн жок кылып ушул ургаачыга үйлөнсөмбү»– деп кыялданат. Бирок көзү ачык мүйүздүү эне тайшынын ичиндеги удургуган арампөөш ойлорун айттырбай билип алды. Эне тымызын баардык ишти бүткөрүп бул коркунучтан чыгып кетүүнүн жолдорун ойлоп жатты. Тайшынын чакыруусун Алсейит аргасыздан кабыл алды. Антпесе болбойт эле кыргыздар ар жылына эки жолу калмак төбөлдөрүнө салык төлөп турган, Алсейит бий чукулда бир жаман нерсе боло турганын астын ала сезди. Ата чакан өргөөсүн жоош аттарына жүктөп камбыл күчтүү төрт-беш жигити менен белек камдап калмактарга жөнөп калган. Бийдин келишин мартабалуу калмак тайшысы жакшы кабыл алган болду. Ак жалдуу күлүк аргымагын минип алардын алдынан тосуп, үйүнөн арыда шамалдан ыктоо дөңдүн түбүнөн конуш берип жүктү түшүрүп кондурган. Меймандардын урматына деп семиз жылкы союлду. Тайшынын үйүндө конок үчүн камылга көрүлүп жатты. Ары-бери чапкылаган жигиттер сууга чуркап үйдүн тегерегиндеги адамдар ар кандай жумуштарды иштеп жатты. Бир тобу тайшынын үйүнө мейманга жөнөп калды. Алар бир топ күн жакшы конок болушту. Кантсе да кетеерге убакыт жетип калгандай. Сый үстүнө жакшы кептер айтылып отургандар эки журттун санжырасынан баян козголуп, аңгеме токтобой жүрүп жатты. Бадмин кыргысча сүйлөбөсө да, эң жакшы түшүнчү. Ал эми Алсейит бий калмакча, кыргызча аралаштырып корулдаган үнү менен маек курганга жараган. Анын кул-кутандары калмак болчу ошондон улам башка тил ага өөн болбой калган. Бадмин коңтаажы бийдин сөзүн берилүү менен угуп жатты. Акыры Алсейит бий калмак тайшыга ыраазылык билдирип, «Кел демек бар, кет демек жок» деп туулган жерге кайтуу жөнүндө ойун билдирди. Калмак бийлөөчүсү анча жактыра бербегендей кыязда: