Адамдын Асыл ойлору - читать онлайн бесплатно, автор Кадыр Абакиров, ЛитПортал
bannerbanner
На страницу:
12 из 22
Настройки чтения
Размер шрифта
Высота строк
Поля

* * *


Таң атпай жаман сөз менен оозанба! Ал жаман жөрөлгөнүн башталган жышаанасы болот.


* * *


Бир адамды бактылуу кылганың – бул жакшы нерсе, көп адамды бактылуу кылганың – ал түбөлүктүү унутулбаган бакыт.


* * *


Ушундай деген ой туулат: Адам улуубу же тагдыр улуубу? Албетте адам тагдырды жаратат. Аны жакшынакай кылып жаратуу адамдын негизги милдети. Лемек адам улуу. Ал ачуу, таттуудан турат. Бир гана өтүп кеткен ачуу тагдырды кайра оңдоого болбойт. Ал эми таттуу тагдыр ал -кубаныч.


* * *


Жакшы адамдын жакшылыгы башкаларды нурдантып турат. Кеп ошол нурда, ал нур биз үчүн күн нурунан кем калбайт.


* * *


Күн бардык адамдарга нур чачат. Адамдарга нур чачуу жакшылыгы күндөн башталган дешет.


* * *


Жылдыз ыраакпы же ажырашып кеткен туугандар ыраакпы? Ыраакы жылдыздардын жарыгын көзүм көрөт. Ал эми ажырашып кеткен туугандардын жарыгын кантип көзүм көрөт?


* * *


Жайдын күнү жолдо баратам. Кулагыма чымын минтип ызылдайт: «Жай айланып келе берет. Мен тынымсыз ызылдай берем. Өмүрүм тынымсыз өтө берет».


* * *


Балам:


– «Ата, көл кантип куралат?»


– «Көл жаандын ар бир тамчысынан куралат». Ал таң калып:


– «Ар бир тамчыны чогулганча көп жылдар өтөт го», – дейт.


* * *


Ак карлуу тоону карап телмирем. Тоолор мени карап телмирет. Бири-бирибизди телмире караткан кандай сезим болду экен?


* * *


Ушул суроону көп адамдар кайта-кайта сурашат:

– «Адамдын ою узунбу же дарыя узунбу?»


– «Ой узун анткени, ал дарыянын баш аягын бат эле карыштап чыгып коёт», – дедим.


* * *


« Мен эми тынч жатып көшүлүп уктайын. Анткени бүгүн кээ бир адамдарга жакшылык жасадым»– деди аябай чарчап кеоген уста.


* * *


«Адамдар айткылачы, бакытка барчу жол кайда? Ошону издеп чарчадым. Байлыктабы? Даңктабы? Ачкачылыктабы? Же жакырлыктабы? Же жаңырыктабы?» Бул суроого ким жооп бере алат.


* * *


Атанын балага калтырган осуяты улуу мурас. Ал осуятты аткаруу баланын абийири.


* * *


Ооздон чыккан жалындуу ысык жакшы сөз көңүл менен жүрөккө сиңет. Ал эми жаман сөз каякка сиңет?


* * *


Кудай караңгылык менен жарыкты ажыраткан экен. А эмне үчүн адамдар чындык менен жалганды ажырата албай жаңылышат?


* * *


Кеч кирип, таң атат. Анан күн обого көтөрүлүп, кайра кеч кирип, түн өтүп, таң атат. Баары эле кайта-кайта кайталанат. Биздин өмүрүбүз эмне үчүн кайталанбайт?


* * *


Армандуу адам өзүнө кайгыны чакырды. Бактылуу адам бакытты чакырды. Демек адамдар деле кайгы менен бакытты өзүнө чакыра алат экен.


* * *


Балалыгыңдын жылдызы түбөлүктүү болбосо, сенин эсиңде жылдыз болуп жанбайт эле го?


* * *


Акылман адам бийикте туруп жерге көз салат. Жерде жаманчылык, ыпластык болбосо деп акмалап жол көрсөтөт. Анын иши ошол. Ыплас адам бийликте туруп элдин байлыгына көз артат. Анын иши ошол.


* * *


Улуу эмгек адегенде кыялдан жаралып, көркөм өнөр болуп, канат байлап асманга учат. Асманга учкан учкул кушту адам кармап алат.


* * *


Көп адамдардын жасап кеткен эмгеги көзү өткөндөн кийин бааланат. Тирүүсүндө бааланбаган эмгек ээсин издеп баары бир табат


* * *


Коркунуч, коркунучту ээрчитип келсе, баатырдык

баатырдыкты ээрчитип келген. Коркунучту ошол баатырдык жеңип, элге кубаныч алып келген.


* * *


Баардык жерге жакшы үрөн себилсе, түшүм жакшы болот. Баардык жерде тарбия жакшы болсо, таалайлуу балдар көп болуп. эл бейпил жашайт.


* * *


Жашоо күндөн уланса, өмүр күлкүдөн уланаарын биле жүрөлүк. Күлкү – бул өмүр менен ден соолуктун булагы экенин да унутпай эстей жүрөлүк.


* * *


Жалгандык болгон жерде чындык жашоодон алыстайт. Андай жашоо болгон жерде адамдар чындыктан алыстайт.


* * *


Кыйкырынып сөгүнүп жүргөн адамдар алсыз болот.

Алсыздыгын ошол сапаты далилдеп жатпайбы.


* * *


Сен жаккан оттун табы өзүңдү эмес, башкаларды да жылытса, ошол бактылуулуктун үлгүсү. Бакыттан мурун адамкерчиликтин үлгүсү.


* * *


Менин эсимде эмне калды: Мага жасаган адамдардын жакшылыгы менен жамандыгы. Жаманчылык бат эле унутулду. Жакшылыгы унутулбай эсимде келатат. Адамдар ошол жакшылыгы менен заманыбызды байытып келатат.

* * *


Дос-доско, жакшылык-жакшылыкка жакындады. Эми ишибизге оңолоор учур жакындады.


* * *


Кайрат, эрдик, кубаныч адамга азык болот. Ал тамак-аш азыгына караганда миң эсе кымбат. Алар кымбаттын кымбаты.


* * *


Адамдар катуу нерсени талкалап жок кылгысы келет, бирок аны катуулугу сактап турат. Адамдар жумшак нерсени жок кылгысы келет, бирок аны назиктиги сактап турат.


* * *


Адамдардын арасынан илгери бир кузгунду көргөм ал азыр деле кузгун бойдон экен. Илгери бир ак кууну көргөм, ал азыр деле

ак куулук сапатын жоготпой сактап калган экен. Кузгун-митаамдык, ак ккуу- кооздук. Демек элибизде митаамдык менен кооздук илгертеден бери эле жашап келаткан экен.


* * *


Тарбия – нук, бала – суу, нук кайда бурулса, суу да ошол жакка карай бурулат.


* * *


Улуу адам чындыктан тайып, бийликке шыйпактаса, ал боор ооруй турган көрүнүш.


* * *


Адам наадандыктан эмне үчүн качат? Адам эмне үчүн акылмандуулукка жакындайт. Жооп берчи?


* * *


Ичиңдеги сырды сактап тутуп ал, сырдуу сандыктын ичиндеги сыр асыл буюмга барабар.


* * *


Сөздү көп сүйлөй бербе, анын башталышы жана аягы болот. Тамакты көп жей бербе, курсактын да топугу, тойгон жери болот.

* * *


Баланын күлкүсү сулуу. кыздын күлкүсү, булбулдун же куштардын сайрашы булардын баары назиктик, же жашоодогу сонун нерсенин баардыгы назиктиктен куралган.


* * *


Атанын уулу болуу – абийириңдин башталган жери.


* * *


Атанын сөзүн ук, эненин сөзүн ук, жакшы адамдардын сөзүн ук. Баарынан мурун, кудайдын сөзүн ук.


* * *


Өзүңүн тарыхыңы аныктап бил, андан кийин башка элдин тарыхын таанып бил. Жети атаңын баянын жата калып үйрөнүп бил!


* * *


Көп жол басканың да эсеп, ошол жолдо кандай эмгек жаратканың ошонуң андан бетер эсеп.


* * *


Көз көрөт, кулак угат, ооз сүйлөйт. Эгер ушулардын бирөө эле туура эмес жумуш аткарса, анда иш бузулат.


* * *


Сапар тартып кетип баратам. Артыман балалыгым кол булгаласа, астыман карылыгым мага кел дейт. Артка бурулууга убакыт жок. Астыга карай жол кетип баратам.


* * *


Хандын ордосунан элге карай жаман иштер иштелип жатат. Ошол тараптан элге сасык жыт тарап жатат. Эл ханга каршы бир нерсени даярдап жатат.


* * *


Агала чач болгон адам кара чалгы менен чөп чаап жатат. Агала чач жомоктогу карылык экен. Чалгысы ажал болгон экен. Ажал бизди кайсы күнү чалгы менен чабаар экен?


* * *


Поэзия бул асылдык. Ал адамды ар кандай жаман нерседен сактап турат. Ал ошонусу менен улуу, назик жана кол жеткис, көркөм.


* * *


Адамда эки окуя болот: Кайтып келүүчү жана кайтып келбөөчү. Пендеге келүүчү окуя арман жана кубаныч.

Кайтып келүүчү нерсени кубанып тосуп алалы, келбөөчү окуяны да коштошуп узаталы.


* * *


Кудай сени көңүлүңө жаман нерсе уяласын деп жараткан эмес. Бирөө сенин көңүлүңө жаман окуяны таштап кетүүгө акылуу эмес, андан калса, көңүл байкуш арамзалыкты алып жүрүш үчүн жаралган эмес.


* * *


Жакшы окуя түштөн башталат, анын баалуулугу ошондо.


* * *


Кемчилик кетирген адам ойлонот. Өмүрү сая кеткен адам ойлонот. Бир нерсеге талпынып ага жетпей калган адам дагы ойлонот.


* * *


«Эмне өтсө ошонун баары жакшы», – дедим. «Өкүнгөнүң менен аларды кайра калыбына келтире албайсың», – дедим.

* * *


Жаштар айтты:


– «Өмүрүбүз жаңы бүр ачып келечегибиз алдыда».

Орто курактагылар айтты:


– «Өмүрүбүздүн жарымын жашап бүттүк, келечектен жакшылыкты күтөбүз!»


Карылар айтты:


– «Жашаарыбызды жашап бүттүк, аз өмүрүбүз калды. Биз дагы адамдардан жакшылыкты күтөбүз».


* * *


Гүлдесте түркүн гүлдөрдөн туруп, кооздукка нурланат. Адамдын өмүрү да ар түрдүү, изденүү эмгектен куралып, жана жашоосу маанилүү бай болуп, гүлдесте сыяктуу кооздукка нурланат.


* * *


Эсте калчу, эсте калбоочу нерселер болот. Кээ бир адамдардын жакшылыгы менин эсимде калыптыр. Алардын жакшылыгын жакшылык менен кайтараармын. А менин жакшылыгым кимдин эсинде калды болду экен?


* * *


Журт үчүн иштеген жетекчи өлгөндө:


– «Эми мындай адамды таппайбыз, жаткан жери жайлуу болсун», – деп муңканышат.

Кара башы үчүн иштеген жетекчи өлгөндө:


– «Эми мындан бир жолу кутулдук», – деп кубанышат.


* * *


Илимдеги эң сонун ачылыштар турмуштун өлбөстүгүн жана өмүрдүн мындан ары уланып, жашообуздун жеңил болоорун кабарлайт.


* * *


Ата-Журттун кенендигин ата менен эненин мээриминен сезилген. Ата журтта да ата менен эненин мээрими жатат.


* * *


Устаттын сага үйрөткөн өнөрү дарыянын башындагы булакка барабар. Дарыя булактан башталат.


Чоң өнөр кичине нерседен башталганга барабар.


* * *

Жоомарттыктын башында бир жакшы нерсе жатат.

Ошондо сонундукту үйрөнөлү.


* * *


Ар бир адам калкы менен катар бараткан. Ошол калкты улуу кеменгер жетекчи баштап бараткан.


* * *


Жакшылык менен башталган нерсе жакшылык менен кубанычтуу аяктасын.


* * *


Ата-эненин жакшы осуятын аткара албай калган бала асыл нерсесин жоготкон бала.


* * *


Адамды көргө койгону баратабыз, анын жакшы жактарын эстеп, кубанып баратабыз. Начар жактарын ойлоп кайгырып баратабыз. Аны менен сапарда акыркы жолу баратабыз.


* * *


Жаңылыштык кетирген өлкө башчысын сот соттойт. Сот да анын тарабында болсо, аны эл соттойт, элди күч менен басса, анда аны калыстык менен тарых соттойт.


* * *


Адамдын эки энеси бар. Биринчиси өз энеси. Экинчиси айланасындагы табият энеси. Көп адамдар экинчи энеси жөнүндө кабары жок болуп, өтүп кетет. Ошонусу чоң жаңылыштык.


* * *


Өзүмчүл кара ниет адамдын өлкөнүн башына келиши калың элге кырсыктуу окуянын башталышы.


* * *


Учкул акыл жана чечкиндүүлүк бириккен жерде ойго сонун нерселер келип-кетип турат. Баарынан мурун адамдарга жаңы жаңылык жаралып турат.


* * *


Карышкыр менен коён бирге жашаган эмес. Анткени коён андан коркот. Коркуу болгон жерде өмүр, өлүмдөн коркот.


* * *


Ар бир адам улуу нерсени жаратканга умтулат. Андай жерде дүйнөгө майрам жаралып, өмүр алдыга умтулат.


* * *


Бир ойду беш сөз менен түшүндүрсөң ал эң жакшы. Он сөз менен түшүндүрсөң ал да дурус, жакшы. Ал эми андан көп сөздөр менен түшүндүрсөң, сүйлөгөн сөздүн мааниси кетет. Андан көрө түшүндүрбөй койгон жакшы. Анткени сенин сүйлөгөн сөздөрүң көркөм жана жакшы болсун.


* * *


Бардык адамдар байлыктын үйүн ачып алып, дүйнө мүлккө жетсем дешет. Бирок анын ачкычы кайда?


* * *


Оорундуу тамаша болгон жерде оорундуу сөз, орундуу жүрүм-турум болот. Ошондо адамдардын жашоосу оорундуу болот.


* * *


Арак ичип мас болуп жүрө берсең, акыры соолугасың, ал эми турмушта жаштыгыңа мас болуп жүрө берсең, качан соолугасың?


* * *


Ниет менен көз караш жакшылыкка умтулса, ал адамдын жан дүйнөсү дагы жакшылыкка умтулат.


* * *


Олуттуу көз карашта тереңдик жатат. Тереңдиктен ары сыймыктануу, толгонуу, токтолуу жатат.


* * *


Бактылуулук жалпы элге келсе, журтта кубанычтуу жылыштар жылып келет.


* * *


Жогорку бийликке көп адамдар жетсек деп жанталашат. Мындай абал бардык жерде болгон жана боло берет. Алар бийликке барсын, Бирок өзү менен кошо элге жоопкерчиликти, жакшылыкты ала барсын.


* * *


Акыйкат алыстан даана көрүнөт. Аны ар бир адам айырмалай алат жана тааный алат.


* * *


Карганын каркылдагы силер менен кошо биз да жашап жатам деген жышаан болчу.


* * *


Ата-энесинин көзүнчө арак ичкен уул-кызга азап, аны карап турган ата-энеге азап, өтүп жаткан ошол заманга азап, кыскасы баарына эле азап.


* * *


Баарыбыз окшош нерсени жаратпай, ар кандай жакшы нерсени жараталы, ошондо жашообузда ар түркүн ийгиликтерге жолуга беребиз.


* * *


Шашып бараткан жолочу болот. Шашпай эле акырын бараткан жолочу болот. Шашпай бараткан жолочу шашып бараткан жолочудан ашып кеткен күнү болот.


* * *


Карысын сыйлай албаган жаштарга азап, кордук көрүп жашын төккөн карыга азап, ушул кордукту көрүп турган элге, эл башчысына азап.


* * *


Үзөңгү-Куушту сатып ийген адамга азап, жерим сатылып кетти деп ыйлаган Аксылыктарга азап, өз жерин жоготкон кыргыздарга азап, кыскасы баарына эле азап.


* * *


Булактын суусу жумшак, убайымдуу карынын сөзү жумшак, акылмандын айткан ар бир кеби жумшак.


* * *


Жаз жаратылыштын көркү, өнөр таланттын көркү, баатырдык баарынын көркү.


* * *


Малчылар көчүп кеткенден кийин жайлоо ээн калат.


Жакшы досуң узап кетсе, жан дүйнөң ээн калат.

* * *

Бир адам айтты:

– Адам үч жеринен жаман көрүнүп аксайт,-деди.

– Айтыңызчы кайсы жеринен?– мен ага кызыга кайрылдым.

– Ылаң сөз сүйлөп жиберип оозунан аксайт. Ошол жаман.

– Дагы касй жеринен?

– Курсагын тойгузам деп элдин ырыскысын жеп жиберип,жаман курсагынан аксайт.

– Дагы бирөө калды ал кайсы?

–Аны айтпай эле койсом болот эле. Уятту болсо дагы айтып берейин ал алаасындагы балакеттүү жерин туура эмес башкара албагандыгынан аксайт. Мунун баары эле баягы аксаңдаганы оордунда эмесс пендечилик.

Мен ал адамга:

– Ырахмат карыя, бул айткандарыңыз адамдарга сонун сабак экен,-деп алкышымды айтып туруп басып кеттим.


* * *

Ата өтсө үйдүн бир капшыты ээнсирейт.

Эне өтсө үй бүтүндөй ээнсирейт.


Акылман падыша өтсө, өлкө ээнсирейт.


* * *


Бир кашык суудан чака бөксөрүп калбайт, бир чымчым ундан кап кемип калбайт, бир адам кайтыш болсо, андан аалам кемип калбайт, бирок ошол пендени жоктоп үйдө кайгы калат.


* * *


Үй салып жатабыз деп, усталар айтышат, китеп жазып жатабыз деп, акындар айтышат, мүрзө казып жатабыз деп, көрүстөндөгүлөр айтышат. Кыскасы баары эле тынбай түркүн иштерди иштеп жатабыз деп айтышат.


* * *


Тамактын бышаары чукулдап келатат, жакшы үмүттүн аткарылаары дагы чукулдап келатат, Кеч жакындап түндүн келеер маалы жакындап келатат.


* * *


Көл эрте кечи толкуп жатат, жаан төгүп, шамал болуп жатат. Өмүрүн улап жолочу жолго аттанган жатат, демек заман токтобой агып жатат.


* * *


Мен жок болсом аалам жалгызсырабайт, жакшы жолдош турганда жолоочу жалгызсырабайт, жакшы уулу турганда ата-энеси жалгызсырабайт.


* * *


Максатына жетпей калган өмүр армандуу, аты өлүп жолдо калган жолочу армандуу, теңтушу жок жалгыз калган кары армандуу, улгайганда байбичеси жок абышка армандуу.



* * *


Сага эң сонун өткөн бир түндүн көркөмү миң түндүн көркөмүнө эч убак татыбайт, жүз коркоктун карааны бир баатырдын каоаанына татыбайт.


* * *


Жалгыз болуп калбасын деп балага ата-эне кайрымдуу,жакшы жашасын деп тууган-тууганга кайрымдуу, элим жакшы жашасын деген хан журтка кайрымдуу,баарысы жакшы жашасын деген кудайым бизге кайрымдуу.


* * *


Жалпы журтка айыл атасы калыс, андан калса айыл энеси калыс, андан калса кудайымын өзү бизге калыс.


* * *


Балалык өтсө, жакшы күндөр өттү деп аны таппайбыз, жакшы сүйүү өтсө, кайра келбей калды деп муну да таппайбыз, жашоодо эмне жакшы окуя өтсө,ошонун баарын таппайбыз.


* * *


Адамдар турмушту чындык менен калптан жараткысы келет. Калп унутулуп, чындык турмушка ашкан күндөр келет.


* * *


Атасынын тилин албаган уул адашкан.


Ата-Журтуна чыккынчылык жасаган адам адашкан.


* * *


Күзүндө талаада өскөн боз чөп көрүнөт, улгайып калган адамдын башынан ак чач көрүнөт, атанын жалгыз туягынан жалгыз из көрүнөт.


* * *


Начар уулдун жүрүмүнөн ата-бабанын тарбиясы кыйгач кетет. Жаман сүйлөнгөн сөз, жакшы сөзгө жетпей кыйгач кетет. Ичкиликке аралаган өмүр кыйгач кетет.


* * *


Мен өзүмүн карылыгымы күзгүдөн көргөм.


Ал эми жылкы айдаган жылаажындуу жаштыгымы түшүмдөн көргөм.


* * *


Айтылган сырдын тереңин түшүндүм. Айтылбай калган сырдын жашыруун экенине түшүндүм. Ал катылып жаткан сыр сандыкта жатканын дагы түшүндүм.


* * *


Өткөн өмүр кайта келбейт. Көргөн түшүң кайра келбейт.


Өмүрү бүтүп узап кеткен киши кайра келбейт.


* * *


Жакын эле жерде бактардын ары жагында көлмөгө балдар ойноп, сууга түшүп жатты. Мен эч нерсени көрбөдүм. Болгону балалыгымдын күнүн анын жаңырыгын уктум. Бирок көрбөдүм.


* * *


Арамзалар жерди өз огунан чыгарып ийиши мүмкүн эмес. Акылмандар бар, алар жерди өз огунан чыгартпайт. Ошондуктан жер шарын акылмандар кармап турат окшойт.


* * *


Чөмүч жоголсо, суу толбой, табак адашат. Табак адашса, чара адашат, чара адашса, тамак бышпай казан адашат. Ошентип, баары бу дүйнө чакчелекей будуң-чаң түшөт. Үй-бүлөдөн ата кетсе, адам эне адашат, эне адашса, бала адашат. Ошентип үй-бүлөнүн баары адашып чакчелекей түшөт.


* * *


Күздүн муңайымдуу көрүнүшү адамдын жүрөгүн уялап алган. А өтүп жаткан мезгилдин элеси кайда уялап алган?


* * *


Мен киммин? Сен кимсиң? Аны элге сиңирген эмгегибиз айтып берет. Элге эмгегибиз сиңбесе, анда ким айтып берет?


* * *


Бүткүл айыл той үстүндө туруп бир жакшылыкты күтүп жатат. Мунун өзү айыл үчүн бактылуулук. Эгер ошол жакшылык аткарылса, бир киши эмес, бүткүл айыл кубанат.


* * *


Адамдар бир акындын китебин өмүр бою окуп келе жатат. Демек, китеп да бактылуу, китепти жараткан акын да бактылуу. Аны окуган баардык эл бактылуу.


* * *


Көркөмдүк менен сулуулук бир өзөнгө куят. Же экөө бир тууган жана бири-бирине жөдөк


* * *


– Кайсы учурда үйүбүздө тартип болот? – деп сурады эне.


– Ата-атадай, уул-уулдай, кыз-кыздай, келин-келиндей болгондо бул үйгө ырыскы уялайт, – деп жооп берди ата.


* * *


Талант өзүн-өзү даңктап келет, анын даңазасы ошондо.


* * *


Ителгинин учкаяктыгы, каармандыгы, кайраткерлиги, эч нерседен коркпостугу анын даңазасын мактайт. Ал даңаза эрдикти аныктайт.


* * *


Үкү айтты:


– «Мен караңгы түндүн кожоюнумун». Бакыт айтты:


– «Мен жакшы адамдардын жүрөгүнө келген кожоюнмун». Кайгы айтты:


– «Мен капалуу адамдардын жүрөгүнө жашаган кожоюнмун».


* * *


Жакшы адамдар караңгынын арасынан жарык нур таап, жашоосуна жалын жаратат.


* * *


Бир адам көп окуяны кобурады.. Бирок өзү жөнүндө эч нерсе айтпады. Бирок ал баяндын баары эле өзү жөнүндө экенин кыраакы адамдар байкап койду.


* * *


Адам өзүнүн иштеген ишинде кубаныч ырахат албаса, ал начар иш. Начар иште эптеп убакыттын жылышы керек.


* * *


Эмгегиң артыңда калган – өмүрүң, кеп ошол эмгегиңдин маани-мазмунунда жатат.


* * *


Китеп даанышманды жаратканбы же даанышман китепти жаратканбы?


Даанышман китепти жаратып, аны адамдар окуп даа-нышмандыкты ошол китептен таап алды десек болот.


* * *


Жүрөктүн үнүн угуп, ага жакшы жооп берген адам – жакшы адам. Үнүн угуп, жооп бербесе – ал башка адам.


* * *


Табияттагы жым-жырттык адамга асыл ойлорду түзөт.


Асыл ой пенденин ойлонуу жөндөмүн арттырып, ички жан дүйнөсүн түзөт.


* * *


Улгайган адамдардын саны бара-бара суюлуп баратат. Бара-бара биз дагы суюулгандардынкатарына кошулабыз. Ошентип өмүрдөн арман көрүнөт.


* * *


Ар бир адамдын жан дүйнөсүн изилдеп үйрөнүү, көп китепти окуп жыйынтык чыгарганга барабар.


* * *


Катуу ооруну айыктырганга караганда астын ала дарылаган жеңил, Баланы жаш чагында тарбиялаган жеңил, Элдин ысык-суугуна көнбөгөн эл башчысын эртерээк эле алып салган жеңил.


* * *


Карызгага баткан адам – береселүү адам. Элине көп эмгек сиңирген адам – журту ыраазы болгон адам. Өлгөн адам журту менен бир жолу коштошуп кеткен адам.


* * *


Балдардын келечеги жакшы тарбия менен бекемделет. Тарбияда ата-эне менен мугалим урагыс чеп соксо, ал түбөлүктүүлүк менен бекемделет.


* * *


Жаз – жаратылыштын көркү, өнөр – таланттын көркү, баатырдык – эр жигиттин көркү.


* * *


Бир адамдын кубанычы миң адамды кубантса, ал жакшы төрөлүш болгон.


* * *


Ыр жазгандын баарысы эле акын эмес,


Эл бийлегендин баарысы жетекчи эмес,

Өткөн окуялардын баарысы тарых эмес.

***

Балдарды начар тарбияга

ата-энелер да үйрөтүшү мүмкүн, анткени балдар алардын сөзүн ылдам кабыл алат. Ошондуктан тарбия өтө татаал нерсе десе болот.



* * *


Адамдын үмүтү күн сайын жаңырса, жаңы жаңырыкты жаратат. Антпесе жашоонун жаңырыгы жаңырбай калат.


* * *


Мен эзелки досумду эстеп жатам. Анткени анын мага жасаган жакшылыгын унутпай эскерип эстеп жатам.


* * *


Адамга тынчтык жана жымжырттык бергиле! Ал ойлонуп эртеңки жашоосуна жаңылык жаратсын!


* * *


Дөбө-тоого таянат, тууган-тууганга таянат, эр-элге таянат.


* * *


Абийир жүрүм-турумдун жакшы бөлүгү, жакшы жүрүм-турум тийген күндүн бир бөлүгү, күн нуру ак жашоонун өлбөстүктүн түбөлүктүү бөлүгү.


* * *


Жалкоолукка караганда эмгек бейиш, эмгектүү күндүн келечеги бейиш, келечеги бар адамдын өмүрү бейиш.


* * *


Жалгыз туяк атадан калган аманат.


Акын болгону бир ыр китеп жаратты, ал акындан айлына калган аманаты.

На страницу:
12 из 22

Другие электронные книги автора Кадыр Абакиров