Ар бир ырым тапты бекен ачылыш-
Ак жашоого келген жокпу жа?ылыш…?
***
Майда толкун ?н чыгара чабылып,
Суу учкуну жээктерге кабылып.
Тоголоно ээ-жаа бербей алкынып,
Тоо дайрасы ачып жатат жа?ылык.
Тоо дайрасы шарак ачат ойдолоп,
?з?н?н тарыхынан к?? козгоп.
Айды?дуу ?м?р, ?з?нч? эле санжыра,
Айланага а?геме баштап озондоп.
***
Жазып чыккан ырларым,
Жан д?йн?мд?н жаралган.
Эсил ырым мен ?лг?нд?,
Ээрчибей калаар артыман.
Жокчулук менен жакырчылык,
Мени ээрчип берилейт.
Кайрымсыз ушул эки дос,
Ээрчибей калчу к?н келет.
Жарды ?лк?б?з ??олсо,
Жаркыраар ке? келечек.
2005- жыл.
***
Жазганымын баардыгы эле ыр эмес,
Жалгаштырып салгамын саптарын.
Ыр кылып жаратуу ?ч?н эселеп,
Ыроолодум ж?р?г?мд?н жалынын.
Жалгыз эле жалын деген жетишпейт,
Кошуум керек ага эмгек, акыйкатты.
Таба алмакпыз ачылышты, талантты.
Таалайга жакындатып, айдап барсак
***
Келеси? дайым эсимде
Курбу деген ыйык тура.
Кайрылбай алыс кеткенге
Канча жыл болду туп-туура.
?тк?нд? такыр эстебей,
Мейли эми баарын унуткун.
Алты жыл курбу болду элек,
Ал кезди кантип унутту?…
***
Бабалар жаткан м?рз?л?рд?
Бай ойлуу карап баратам.
Сапарлай келип жолду улай
Бир кезде мен да кошулам
М?рз?мд? карап балдарым,
Мени эстеп, ойго ч?м?л??р.
Шамалдай ?тк?н к?нд?рд?н,
Ша?гырап жылдыз т?г?л??р…